ءَامَنَ ٱلرَّسُولُ بِمَآ أُنزِلَ إِلَيْهِ مِن رَّبِّهِۦ وَٱلْمُؤْمِنُونَ ۚ كُلٌّ ءَامَنَ بِٱللَّهِ وَمَلَٰٓئِكَتِهِۦ وَكُتُبِهِۦ وَرُسُلِهِۦ لَا نُفَرِّقُ بَيْنَ أَحَدٍ مِّن رُّسُلِهِۦ ۚ وَقَالُواْ سَمِعْنَا وَأَطَعْنَا ۖ غُفْرَانَكَ رَبَّنَا وَإِلَيْكَ ٱلْمَصِيرُ٢٨٥
Хакимов
«Элчи өзүнө Раббиси тарабынан түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтирди жана ыймандуу адамдар дагы (ыйман келтиришти). Бардыгы Аллахка, анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына ыйман келтирди (жана) "Биз Аллахтын пайгамбарларынын арасынан эч кимисин ажыратып (ишенбей) койбойбуз. Оо, биздин Рабби! Биз (Сенин өкүмүңдү) уктук жана (аларга) моюн сундук! Бизди кечире көр! Жана сага гана кайтабыз" деп айтышты».
Курандын кыскача түшүндүрмөсү
Мухаммад пайгамбар Раббиси тарабынан түшүрүлгөн бардык нерселерге ыйман келтирди жана ыймандуулар да ыйман келтиришти. Алардын баарысы Аллахка ыйман келтиришти, ошондой эле бардык периштелерине, пайгамбарларга түшүргөн бардык китептерине жана аларга жиберген бардык элчилерине ыйман келтирип: «Биз Аллахтын элчилеринен эч кимисин бөлбөйбүз» – дешти. Жана алар айтышты: «Бизге буйруганыңды жана тыйганыңды уктук. Жана буйруганыңды аткарып, тыйганыңды таштоо менен Сага моюн сундук. Оо, Раббибиз! Бизди кечиришиңди суранабыз. Бардык иштерибизде бир гана Сага кайтабыз».
