Ыхлас, Фалак жана Нас сүрөлөрү (112–114): тексти, котормолору жана тафсири

Хакимов · Курандын кыскача түшүндүрмөсү · Тафсир ас-Саади

Сүрө 112. Ихлас (Ыхлас)

2
112:1
قُلْ هُوَ ٱللَّهُ أَحَدٌ‮١‬‬‬
Хакимов
Айт (оо, Мухаммад:) Ал – Аллах жалгыз!
Курандын кыскача түшүндүрмөсү
Оо, пайгамбар! Айткын: «Ал – Аллах жалгыз сыйынууга татыктуу, Андан башка кудай жок.
112:2
ٱللَّهُ ٱلصَّمَدُ‮٢‬‬‬
Хакимов
Аллах – Сомад (Беймуктаж)
Курандын кыскача түшүндүрмөсү
Ал – кемчиликсиз жана көркөм сыпаттардагы башкаруу Ага таандык болгон, макулуктар Ага гана бет алган Башчы.
112:3
لَمْ يَلِدْ وَلَمْ يُولَدْ‮٣‬‬‬
Хакимов
Ал туубаган жана да туулбаган!
Курандын кыскача түшүндүрмөсү
Ал эч кимди төрөбөгөн жана эч кимден төрөлбөгөн. Аллах тааланын баласы да, атасы да жок.
112:4
وَلَمْ يَكُن لَّهُۥ كُفُوًا أَحَدُ​ۢ‮٤‬‬‬
Хакимов
Жана эч ким Ага тең эмес!
Курандын кыскача түшүндүрмөсү
Жараткандарынын эч бири Ага окшош эмес.
Тафсир ас-Саади, 112:1–4
Всевышний повелел говорить эти слова с твердой уверенностью и абсолютной убежденностью в истинности этих слов. Для этого человек должен быть осведомлен об их подлинном смысле. Аллах - Единственный Бог. Его прекрасные имена и качества совершенны, Его деяния святы и лишены изъянов, и нет никого похожего на Него или подобного Ему. Он самодостаточен, и все обитатели небес и земли в высшей степени нуждаются в Нем и молят Его о помощи, потому что все Его качества совершенны. Он всеведущ, и Его знание безгранично. Он терпелив, и Его терпение бесконечно. Он милосерден, и Его милость объемлет всякую вещь. То же самое относится ко всем божественным качествам. Совершенство Аллаха проявляется и в том, что Он не рождает и не был рожден, и поэтому ни в ком и ни в чем не нуждается. Его имена, качества и деяния превосходят имена, качества и деяния творений. Он - Великий и Всеблагой! Таким образом, эта сура целиком проповедует доктрину о том, что только Аллах обладает божественными именами и качествами.

Сүрө 113. Фалак (Таң)

2
113:1
قُلْ أَعُوذُ بِرَبِّ ٱلْفَلَقِ‮١‬‬‬
Хакимов
Айт (оо, Мухаммад): «Таң Раббисинен коргоо тилеймин:[1]

[1] Ушул жана мындан кийинки - “Ан-Нас” сүрөлөрүнүн түшүүсүнө төмөнкү окуя себеп болгон Лабид деген бир жөөт сыйкырчысы көралбастыктын айынан он бир даана түйүнчөккө дем салып, пайгамбарыбызды сыйкырлап койот. Мунун натыйжасында пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам бир аз унутчаак болуп калганда, Аллах таала “Фалак” жана “Ан-Нас” сүрөлөрүн түшүрүп, алар менен өзүнө дем салууга буюрат. Пайгамбарыбыз ар бир аятты окуган сайын бирден түйүн чечилип, сыйкырдан кутулат. Бул эки сүрөнү пайгамбарыбыз ар кандай жамандыктардан сактанууга жана ооруганда шыпаа болуу үчүн окуганы белгилүү.
Курандын кыскача түшүндүрмөсү
Оо, пайгамбар! Айткын: «Таңдын Раббиси менен коргоном жана Ага баш калкалайм.
113:2
مِن شَرِّ مَا خَلَقَ‮٢‬‬‬
Хакимов
(Өзү) жараткан (зыяндуу) нерселердин жамандыгынан...,
Курандын кыскача түшүндүрмөсү
Зыяндуу макулуктардын жамандыгынан.
113:3
وَمِن شَرِّ غَاسِقٍ إِذَا وَقَبَ‮٣‬‬‬
Хакимов
Каптап кирген учурдагы (караңгы) түндүн жамандыгынан...,[1]

[1] Караңгы кирээри менен жин-шайтандар жайылып, ар кандай жамандыктар көбөйөт.
Курандын кыскача түшүндүрмөсү
Түн ичинде пайда болгон айбандар жана уурулар сыяктуу жамандыктардан Аллахтан коргоо сураймын.
113:4
وَمِن شَرِّ ٱلنَّفَّٰثَٰتِ فِى ٱلْعُقَدِ‮٤‬‬‬
Хакимов
Түйүндөргө дем салган сайкырчылардын жамандыгынан...,
Курандын кыскача түшүндүрмөсү
Түйүндөрдү дубалап үйлөгөн сыйкырчылардын жамандыгынан коргоо сураймын.
113:5
وَمِن شَرِّ حَاسِدٍ إِذَا حَسَدَ‮٥‬‬‬
Хакимов
Сугун арткан учурда, көрө албаган кишинин жамандыгынан.[1]

[1] Эгер мусулман пенде кимдир бирөөнүн сук назарынан шектенсе, ушул сүрөнү окуйт. Анткени, кээ бир адамдардын сук назары адамга зыян кылышы мүмкүн. Муну эл арасында «көз тийди» деп коюшат. Бул аят көз тийиши акыйкат экенине далил. Пайгамбарыбыздын таалими боюнча, өзүн таң калтырган нерсени көргөн адам “ма шаа Аллаху, табаарак Аллаху” Аллахтын каалаганы болот, Аллах эң Ыйык) деген дубаны окушу керек. Ошондо анын назары өзүн кызыктырган нерсеге же адамга) зыян кылбайт.
Курандын кыскача түшүндүрмөсү
Көрө албастыкка түрткөн ишти кылган кезде көрө албастык кылган адамдын жамандыгынан коргоо сураймын.
Тафсир ас-Саади, 113:1–5
Арабский глагол «фалака» («раскалывать») подчеркивает то, что именно Всевышний Господь рассекает ночной мрак, когда наступает рассвет, а также рассекает семена, когда они прорастают. Только Он может защитить Своих рабов от зла людей, бесов, животных и всех остальных творений. Всевышний подчеркнул, что некоторые творения приносят много зла. Ночью людей обуревает дремота, а по земле бродят злые духи и вредные твари. Колдуньи дуют на узлы для того, чтобы навести на людей порчу. А завистники желают, чтобы люди лишились благ, и даже прикладывают для этого усилия. Защитить людей от зла нечестивцев и разрушить их козни может только Аллах, и поэтому каждый человек обязан прибегать к Его защите. К завистникам также относятся люди с дурным глазом, потому что сглазить может только завистливый человек со скверной натурой и порочной душой. Таким образом, эта сура учит мусульман искать у Аллаха убежища и спасения от зла в целом и некоторых его проявлений в частности. Она также служит доказательством того, что колдовство действительно имеет место и что его вреда следует опасаться, прибегая к защите Аллаха от козней колдуний и колдунов.

Сүрө 114. Нас (Адамдар)

2
114:1
قُلْ أَعُوذُ بِرَبِّ ٱلنَّاسِ‮١‬‬‬
Хакимов
Айткын (оо, Мухаммад): «Мен инсандардын Раббисинен
Курандын кыскача түшүндүрмөсү
Оо, пайгамбар! Айткын: «Адамдардын Раббиси менен коргоном жана Ага баш калкалайм.
114:2
مَلِكِ ٱلنَّاسِ‮٢‬‬‬
Хакимов
Инсандардын падышасынан;
Курандын кыскача түшүндүрмөсү
Адамдар үчүн Андан башка Падыша болбогон, аларды Өзү каалагандай башкарган алардын Падышасынан.
114:3
إِلَٰهِ ٱلنَّاسِ‮٣‬‬‬
Хакимов
инсандардын (сыйынууга татыктуу болгон) Кудайынан коргоо тилеймин –
Курандын кыскача түшүндүрмөсү
Ал – алардын чыныгы кудайы. Алар үчүн Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок.
114:4
مِن شَرِّ ٱلْوَسْوَاسِ ٱلْخَنَّاسِ‮٤‬‬‬
Хакимов
(Аллахтын ысымы айтылганда) жашынып калуучунун[1] жамандыгынан.

[1] Шайтандын.
Курандын кыскача түшүндүрмөсү
Адам Аллахты унутканда азгырык салган жана Аллахты эстеген кезде андан алыстаган шайтандын жамандыгынан.
114:5
ٱلَّذِى يُوَسْوِسُ فِى صُدُورِ ٱلنَّاسِ‮٥‬‬‬
Хакимов
Ал (шайтан) адамдардын көкүрөгүнө азгырык салат.
Курандын кыскача түшүндүрмөсү
Ал адамдардын жүрөктөрүнө азгырык салат.
114:6
مِنَ ٱلْجِنَّةِ وَٱلنَّاسِ‮٦‬‬‬
Хакимов
Алар (азгыруучу шайтандар) жиндерден жана адамдардан болот.[1]

[1] Аллах таала Куранда инсандарды ак жолдон азгырган адамдарды да «шайтан» деп атайт.
Курандын кыскача түшүндүрмөсү
Ал жиндерден болгон сыяктуу адамзаттан да болот».
Тафсир ас-Саади, 114:1–6
В этой суре мусульманам повелевается прибегать к защите Господа, Царя и Бога всех людей от сатаны, который является прародителем всего зла. Он искушает людей, приукрашивает в их глазах зло и порок и возбуждает в них желание совершить грех. Наряду с этим он мешает людям творить добро и представляет его в дурном свете. Сатана непрестанно искушает людей, но отступает и исчезает, когда раб Божий вспоминает своего Господа и молит Его о помощи в борьбе с этим врагом. Вот почему правоверные должны прибегать за помощью к Тому, кто властен над людьми и всеми другими творениями и ради поклонения кому они были сотворены. Люди не обретут счастья, пока не избавятся от своего врага, который жаждет отрезать их от всех благ и встать между ними, который стремится обратить их в своих клевретов и превратить в обитателей Ада. Но следует помнить, что искушению можно поддаться не только под влиянием сатаны, но и под воздействием людей. Хвала Аллаху, Господу миров, обращенная к Нему Одному прежде всякой вещи и в завершении всего!

Сүрөдөн окуу →