يسٓ١
Хакимов
Йаа, Сиин.[1]
[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.
Курандын кыскача түшүндүрмөсү
Йаа-сиин. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген.

[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.
[1] Аларга Курайш мушриктерине) көп жылдардан бери пайгамбар келбегендиктен, ата-бабалары да, өздөрү да наадандыктын эң төмөн даражасында болчу. Дин-ибадаттары эч бир Ыйык Китепке негизделбей, ойдон чыккан жоромолдорго негизделген. Пикирлери да ошондой. Ошондуктан алардын көпчүлүгү өздөрүнө пайгамбар жана Ыйык Китеп келгенде «Ата-бабалардын жол-жоругуна, үрп-адатына каршы экен» деп, дароо душмандык позициясына өтүштү.
[1] «Анык Китеп» - Лавхул Махфуз. Анда кыяматка чейинки боло турган нерселер, окуялар эң майда-чүйдөсүнө чейин жазып коюлган.
[1] Бул шаар жөнүндө Куранда жана Сүннөттө анык маалымат жок. Кээ бир тафсирчилер ал шаар Антокия болгон. Эли каапыр болгон. Ал эми аларга жиберилген элчилер Иса пайгамбардын шакирттеринен экөө болгон дешет. Анык далил болбогон соң бул шаардын дайынын айтуудан пайда жок. Садий). «Тафсиру Хилалдын» автору Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф дагы ушул пикирди колдойт.
[1] Аллах каапыр коомдон өч алуу үчүн сандаган асман периштелерин жибербей, бир гана үнү катуу периште жиберди. Ал периште каапыр коомдун үстүнө келип катуу чыңырды эле..., бардыгынын жүрөгү жарылып, күйүп бүткөн отундун күлү сыяктуу кыйрап тынышты.
[1] Күн менен Ай, түн менен күндүз тээ Кыяматка чейин бири-бирин кубалаганы-кубалаган. Мезгилдердин алмашканы ошондон, түн менен күндүн алмашканы ошондон.
[1] Бул аят дагы Аллах тааланын моожизасы, келечектен кабар бергени. Анткени, араб мушриктери Нухтун кемесинен башкача кеме болушун билген эмес. Жаңы типтеги буу кемелерин, атом энергиясы менен жүрө тургандарын, аба мейкиндигинде сүзө тургандарын Аллах кийинки замандарда жаратып берди.
[1] Бул сөздөрү менен алар момундарды «Ырыскы Аллахтан» деген ишенимин шылдыңдашууда.
[1] Аларга насаат пайда бербеди. Эми, азап берүүчү периште келип катуу ач айкырык менен өлтүрүп кетиши же болбосо, Исрафил периштенин ач айкырык сыяктуу үн чыгара турган кернейин биринчи ирет тартканда баардык адамдардын катарында өлүүлөрү гана калды.
[1] Картайганда Адам баласынын бардык түзүлүшү дене-түзүлүшү, акыл-эси, ой тутуму, бардыгы начарлайт. Эгер жаштык, курчтук мезгилде акылдарын иштетип, туура жолду таап албаса, картайганда Акыйкатка кайтуу оор болот.
[1] Акындар көбүнчө туруксуз, апыртма, сөздүн кооздугу үчүн жалгандарды сүйлөгөн кишилер болот. Ырлардын көбү жалгандан куралат. Акыйкатка дал келбейт. Ал эми, Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам өмүрүндө жалган сүйлөп көргөн эмес. Аны акын, Куранды ыр дегендер жаңылышат.
[1] Алар турмак өздөрүнө да жардам бере албайт! Башына куштар, чымындар «отуруп» койсо, ошолорду айдаганга жарабаган «кудай» кантип буларга жардам берсин.