Сүрө 15
Хиджр
S
Хиджр
99 аят |
Мекке
Сүрө 15 • Аят 1 / 99 • Пара 141⁄8 • Бет 262
Хиджр
2
1
الٓر ۚ تِلْكَ ءَايَٰتُ ٱلْكِتَٰبِ وَقُرْءَانٍ مُّبِينٍ١
Хакимов
Алиф, Лам, Раа.[1] Булар Китептин - Анык Курандын аяттары.
[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.
2
رُّبَمَا يَوَدُّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَوْ كَانُواْ مُسْلِمِينَ٢
Хакимов
(Ошол кезде) Каапырлар мусулман болууну эңсеп калаары бышык.[1]
[1] Мушрик-каапырлар Кыямат коогалаңы башталганда же болбосо, Кыяматта кайра тирилип, өздөрү жалганга чыгарган нерсенин чындык экенин көргөндө каапыр болгонуна кайгырышат жана эгер кайра өмүр берилчү болсо, сөзсүз мусулман болобуз дешет.
3
ذَرْهُمْ يَأْكُلُواْ وَيَتَمَتَّعُواْ وَيُلْهِهِمُ ٱلْأَمَلُ ۖ فَسَوْفَ يَعْلَمُونَ٣
Хакимов
(О, Мухаммад!) Аларды жөн кой, жеп-ичип, пайдаланып, («биз дүйнөдө түбөлүк калабыз» деген жалган) кыялдарына алданып жүрө беришсин. Кийин тез эле билип алышат.
4
وَمَآ أَهْلَكْنَا مِن قَرْيَةٍ إِلَّا وَلَهَا كِتَابٌ مَّعْلُومٌ٤
Хакимов
Биз эч бир айыл(-шаардын элин) өзүнө белгиленген (тагдырдагы) жазмыш(ы) келмейинче өлтүрбөдүк.
5
مَّا تَسْبِقُ مِنْ أُمَّةٍ أَجَلَهَا وَمَا يَسْتَـٔۡخِرُونَ٥
Хакимов
Эч бир эл (өзүнө жазылган) мөөнөтүнөн озуп да кетпейт, артта да калбайт.
6
وَقَالُواْ يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِى نُزِّلَ عَلَيْهِ ٱلذِّكْرُ إِنَّكَ لَمَجْنُونٌ٦
Хакимов
(Мушриктер Мухаммадга): “О, Зикир (Куран) түшүрүлгөн адам, сен – жиндисиң.
7
لَّوْ مَا تَأْتِينَا بِٱلْمَلَٰٓئِكَةِ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّٰدِقِينَ٧
Хакимов
Эгер чынчыл болсоң, бизге (сөзүндү тастыктаган) периштелерди таап келчи?!» дешти.[1]
[1] Мушриктер залым, наадан болгону себептүү ушул сөздөрдү айткан. Анык далилдерди көрүп туруп, каршылык кылганы залымдыгы болсо, “периште келсин” деген талаптары наадандыктын белгиси. Анткени, Аллахтын периштелери келсе жөн келмек беле, аларга жаза-азап алып келет! Ал убакытта алардын азапка салынышы адилет-акыйкат болот.
8
مَا نُنَزِّلُ ٱلْمَلَٰٓئِكَةَ إِلَّا بِٱلْحَقِّ وَمَا كَانُوٓاْ إِذًا مُّنظَرِينَ٨
Хакимов
Биз (азаптоочу) периштелерди Акыйкат менен гана түшүрөбүз. Ал убакытта аларга мөөнөт берилбейт!
9
إِنَّا نَحْنُ نَزَّلْنَا ٱلذِّكْرَ وَإِنَّا لَهُۥ لَحَٰفِظُونَ٩
Хакимов
«Биз Зикирди (Куранды) Өзүбүз түшүрдүк жана аны Өзүбүз сактайбыз».[1]
[1] Куранды “Зикир” эскерүү) деп атагандын себеби, анын ичинде турмуш-тиричиликтеги бардык адал-арамдар, Шарият эрежелери, кайып кабарлары... кыскасы бардык нерселердин эскерме - баяны бар. Аллах бул УЛУК МЫЙЗАМДЫ түшүрүп, аны Өз пайгамбарынын жүрөгүндө сактады. Абалкы момундар сахабалар) аны пайгамбардын оозунан жазып алуу менен бирге жаттап, жүрөктөрүнө сактап, өздөрүнөн кийинки муундарга өткөрдү. Мына ушинтип, Куран Кыяматка чейин момундардын жүрөгүндө жана жазуу китеп) түрүндө эч бир мааниси, эч бир сөз-тамгасы өзгөртүүгө учурабастан сакталып турат. Бул - Аллахтын убадасы! Бул - Аллахтын сактоосу!
10
وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا مِن قَبْلِكَ فِى شِيَعِ ٱلْأَوَّلِينَ١٠
Хакимов
Чынында, Биз сенден мурда, абалкы жамааттарга да (сага окшогон) пайгамбарларды жибергенбиз.
11
وَمَا يَأْتِيهِم مِّن رَّسُولٍ إِلَّا كَانُواْ بِهِۦ يَسْتَهْزِءُونَ١١
Хакимов
Алардан кимисине бир пайгамбар келчү болсо, аны мыскылдап күлүшкөн.
12
كَذَٰلِكَ نَسْلُكُهُۥ فِى قُلُوبِ ٱلْمُجْرِمِينَ١٢
Хакимов
Биз аны (мазактоону) кылмышкерлердин жүрөктөрүнө ушинтип салып койобуз.
13
لَا يُؤْمِنُونَ بِهِۦ ۖ وَقَدْ خَلَتْ سُنَّةُ ٱلْأَوَّلِينَ١٣
Хакимов
(Ошондуктан,) ага ыйман келтиришпейт. Мурункулардын (үлгүлүү) жолу өттү го!
14
وَلَوْ فَتَحْنَا عَلَيْهِم بَابًا مِّنَ ٱلسَّمَآءِ فَظَلُّواْ فِيهِ يَعْرُجُونَ١٤
Хакимов
Эгер Биз аларга асмандан эшик ачып, алар андан көтөрүлө баштаса да, (ишенбей):
15
لَقَالُوٓاْ إِنَّمَا سُكِّرَتْ أَبْصَٰرُنَا بَلْ نَحْنُ قَوْمٌ مَّسْحُورُونَ١٥
Хакимов
«Көзүбүздү бойоп коюлду! Биз сыйкырланып калдык!» дешет.[1]
[1] Демек, аларга эч кандай моожиза пайда бербейт. Ошондой даражада “сокур” болуп калган адамдарды жазалоо үчүн Аллах азап-өлүм жиберет.
16
وَلَقَدْ جَعَلْنَا فِى ٱلسَّمَآءِ بُرُوجًا وَزَيَّنَّٰهَا لِلنَّٰظِرِينَ١٦
Хакимов
Чынында, Биз асманда топ жылдыздарды жаратып, аларды көрүүчүлөр үчүн зыйнат кылып койдук.
17
وَحَفِظْنَٰهَا مِن كُلِّ شَيْطَٰنٍ رَّجِيمٍ١٧
Хакимов
Жана асманды бардык каргыш тийген жин-шайтандардан сактадык. (Асманда Аллахтын кайып кабарлары бар. Жин-шайтандар ошол кабарларга жакын жолой албайт. Мунун себеби кийинки аятта.)
18
إِلَّا مَنِ ٱسْتَرَقَ ٱلسَّمْعَ فَأَتْبَعَهُۥ شِهَابٌ مُّبِينٌ١٨
Хакимов
Ал эми, (жин-шайтандардан) кимиси асман кабарларын уурдаганга аракет кылса, аны бир нурдуу жылдыз кууп жетет (жана өлтүрөт).
19
وَٱلْأَرْضَ مَدَدْنَٰهَا وَأَلْقَيْنَا فِيهَا رَوَٰسِىَ وَأَنۢبَتْنَا فِيهَا مِن كُلِّ شَىْءٍ مَّوْزُونٍ١٩
Хакимов
Биз жерди(н үстүн) жайык кылып, анда тоолорду орноттук жана ар түрдүү пайдалуу нерселерди өстүрдүк.
20
وَجَعَلْنَا لَكُمْ فِيهَا مَعَٰيِشَ وَمَن لَّسْتُمْ لَهُۥ بِرَٰزِقِينَ٢٠
Хакимов
Жана жер үстүндө, силер үчүн жана силер ырыскы бере албай турган (кол астыңардагы) калк-макулуктар үчүн тиричилик (шарттарын) жараттык.[1]
[1] Аллах пенделерине ырыскы берүү үчүн аларга илхам берип, дыйканчылык, чарбачылык, өнөр-кесипчилик сыяктуу тиричилик шарттарын үйрөттү. Ал эми, адамдын кол астындагы кызматчыларына жана мал-жандыктарына да өзгөчө жашоо шарттарын Өзү жаратып берди. Адам кол астындагыларды “мен багып жатамын” деп текеберленбесин. Эгер Аллах себепчи кылбаса, ал өз ыктыяры менен бирөөгө эмес, өз курсагына да ырыскы таап бөре албайт.
21
وَإِن مِّن شَىْءٍ إِلَّا عِندَنَا خَزَآئِنُهُۥ وَمَا نُنَزِّلُهُۥٓ إِلَّا بِقَدَرٍ مَّعْلُومٍ٢١
Хакимов
Бардык нерселердин казынасы Биздин алдыбызда. Биз андан эмнени (пендебизге) түшүрсөк, (мурдатан) белгиленген өлчөм (тагдыр) менен түшүрөбүз.
22
وَأَرْسَلْنَا ٱلرِّيَٰحَ لَوَٰقِحَ فَأَنزَلْنَا مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءً فَأَسْقَيْنَٰكُمُوهُ وَمَآ أَنتُمْ لَهُۥ بِخَٰزِنِينَ٢٢
Хакимов
Жана Биз (булуттарды) боозутуучу шамалдарды[1] жибердик. Кийин асмандан суу түшүрдүк жана аны менен силерди (эгиниңерди жана айбанаттарыңарды) сугардык. (О,инсандар!) Өзүңөр аны сактай албайт элеңер.[2]
[1] Булуттар шамал менен «кошулгандан» кийин гана жаандар “туулушу” илим тарабынан тастыкталган.
[2] Аллах асмандан жаанды түшүрүп, аны жер бетинде ар түрдүү ыкмалар менен сактайт. Ошол ыкмалардан бири - тоолордогу мөңгүлөр.
23
وَإِنَّا لَنَحْنُ نُحْىِۦ وَنُمِيتُ وَنَحْنُ ٱلْوَٰرِثُونَ٢٣
Хакимов
Чынында, Биз гана тирилтип, Биз гана өлтүрөбүз. Жана Өзүбүз гана мурас алуучубуз.[1]
[1] Аллахтын “Мурас алуучу” болушу акыр-акыбетте ааламдын баары жоголуп, жалгыз Өзү гана калышы менен түшүндүрүлөт.
24
وَلَقَدْ عَلِمْنَا ٱلْمُسْتَقْدِمِينَ مِنكُمْ وَلَقَدْ عَلِمْنَا ٱلْمُسْتَـٔۡخِرِينَ٢٤
Хакимов
Албетте, Биз силерден байыркыларды да, кийинкилерди да билгенбиз.
25
وَإِنَّ رَبَّكَ هُوَ يَحْشُرُهُمْ ۚ إِنَّهُۥ حَكِيمٌ عَلِيمٌ٢٥
Хакимов
(О, Мухаммад) Раббиңдин Өзү гана аларды (Кыяматка сот-сурак үчүн) чогултат. Чынында Ал Даанышмаи (жана) Билерман.
26
وَلَقَدْ خَلَقْنَا ٱلْإِنسَٰنَ مِن صَلْصَٰلٍ مِّنْ حَمَإٍ مَّسْنُونٍ٢٦
Хакимов
Биз инсанды (Адам-Атаны) чалчык ылайдан (жана) кургап, зыңылдап калган чоподон жараттык.[1]
[1] Бул аяттагы "حَمَإٖ مَّسۡنُونٖ" жыты жана өңү өзгөрүп калган чалчык ылай. Ал эми, "صَلۡصَٰلٖ" болсо, ачытылып ийлегендеи кийин, жакшы кургап, зыңылдак добуш чыгарып калган чопо.
27
وَٱلْجَآنَّ خَلَقْنَٰهُ مِن قَبْلُ مِن نَّارِ ٱلسَّمُومِ٢٧
Хакимов
Андан мурда жиндерди(н атасы Иблисти) жалындуу оттон жаратканбыз.
28
وَإِذْ قَالَ رَبُّكَ لِلْمَلَٰٓئِكَةِ إِنِّى خَٰلِقُۢ بَشَرًا مِّن صَلْصَٰلٍ مِّنْ حَمَإٍ مَّسْنُونٍ٢٨
Хакимов
(О, Мухаммад, эстегин) бир кезде Раббиң периштелерге: «Албетте, Мен карарган ылайдан жасалган чоподон Адам жаратамын.
29
فَإِذَا سَوَّيْتُهُۥ وَنَفَخْتُ فِيهِ مِن رُّوحِى فَقَعُواْ لَهُۥ سَٰجِدِينَ٢٩
Хакимов
Качан аны(н дене түзүлүшүн) жасап, ага Өзүмдүн Рухумдан үйлөгөндө (жан киргизгенде) ага (урмат көргөзүп) сажда кылып жыгылгыла» - деди.
30
فَسَجَدَ ٱلْمَلَٰٓئِكَةُ كُلُّهُمْ أَجْمَعُونَ٣٠
Хакимов
Бардык периштелер сажда кылышты.
31
إِلَّآ إِبْلِيسَ أَبَىٰٓ أَن يَكُونَ مَعَ ٱلسَّٰجِدِينَ٣١
Хакимов
Бир гана Иблис сажда кылуучулар менен (бирге) сажда кылуудан баш тартты.
32
قَالَ يَٰٓإِبْلِيسُ مَا لَكَ أَلَّا تَكُونَ مَعَ ٱلسَّٰجِدِينَ٣٢
Хакимов
о, Иблис! Эмне үчүн сен сажда кылуучулардан болбодуң?!» - деди.
33
قَالَ لَمْ أَكُن لِّأَسْجُدَ لِبَشَرٍ خَلَقْتَهُۥ مِن صَلْصَٰلٍ مِّنْ حَمَإٍ مَّسْنُونٍ٣٣
Хакимов
«Мен (эч качан) адамга сажда кылбаймын! (Себеби,) Сен аны чалчык ылай - чоподон жараттың. (А, мен оттон жаралганмын)» - деди.
34
قَالَ فَٱخْرُجْ مِنْهَا فَإِنَّكَ رَجِيمٌ٣٤
Хакимов
(Аллах) Айтты: «Анда, Бейиштен жогол! Сен айдалдың!
35
وَإِنَّ عَلَيْكَ ٱللَّعْنَةَ إِلَىٰ يَوْمِ ٱلدِّينِ٣٥
Хакимов
Сага Кыяматка чейин каргыш болсун!»
36
قَالَ رَبِّ فَأَنظِرْنِىٓ إِلَىٰ يَوْمِ يُبْعَثُونَ٣٦
Хакимов
(Иблис) Айтты: «О, Раббим! Анда мага, алар кайра тирилүүчү күнгө (Кыяматка) чейин (өлбөй жашаганга) мөөнөт бер!»
37
قَالَ فَإِنَّكَ مِنَ ٱلْمُنظَرِينَ٣٧
Хакимов
(Аллах) айтты: «Албетте, сен мөөнөт берилгендерден болдуң
38
إِلَىٰ يَوْمِ ٱلْوَقْتِ ٱلْمَعْلُومِ٣٨
Хакимов
белгилүү убакытка чейин».
39
قَالَ رَبِّ بِمَآ أَغْوَيْتَنِى لَأُزَيِّنَنَّ لَهُمْ فِى ٱلْأَرْضِ وَلَأُغْوِيَنَّهُمْ أَجْمَعِينَ٣٩
Хакимов
(Иблис) айтты: «О, Раббим! Мени адаштырганың үчүн мен аларга жердеги(күнөө нерсе)лерди кооз көргөзүп, бардыгын азгырамын!
40
إِلَّا عِبَادَكَ مِنْهُمُ ٱلْمُخْلَصِينَ٤٠
Хакимов
Алардын арасынан ыкластуу пенделериңден башкасын.[1]
[1] Демек, ким ыкластуу ыйманы жалаң Аллах үчүн) болсо, аларга шайтандын азгырыгы таасир этпейт.
41
قَالَ هَٰذَا صِرَٰطٌ عَلَىَّ مُسْتَقِيمٌ٤١
Хакимов
(Аллах) айтты: «Бул - Мага (алып келүүчү) туура жол.
42
إِنَّ عِبَادِى لَيْسَ لَكَ عَلَيْهِمْ سُلْطَٰنٌ إِلَّا مَنِ ٱتَّبَعَكَ مِنَ ٱلْغَاوِينَ٤٢
Хакимов
Албетте, Менин (ыкластуу) пенделеримдин үстүндө бийлигиң жок! Бир гана адашкандардан болуп, сага ээрчигендерге (өкүмүң өтөт).
43
وَإِنَّ جَهَنَّمَ لَمَوْعِدُهُمْ أَجْمَعِينَ٤٣
Хакимов
Сени ээрчигендердин бардыгына убада жайы, албетте, тозок!
44
لَهَا سَبْعَةُ أَبْوَٰبٍ لِّكُلِّ بَابٍ مِّنْهُمْ جُزْءٌ مَّقْسُومٌ٤٤
Хакимов
Анын (биринен бири төмөн жайгашкан) жети дарбазасы бар. Ар бир дарбазадан алардын бөлүк-бөлүк топтору (күнөөлөрүнүн даражаларына жараша азап чегип киришет).
45
إِنَّ ٱلْمُتَّقِينَ فِى جَنَّٰتٍ وَعُيُونٍ٤٥
Хакимов
Чынында, (күнөөдөн) сактанган адамдар булактарда, бейиштерде.
46
ٱدْخُلُوهَا بِسَلَٰمٍ ءَامِنِينَ٤٦
Хакимов
(Биз аларга:) «Тынчтык, саламаттык менен бейишке киргиле» (дедик).
47
وَنَزَعْنَا مَا فِى صُدُورِهِم مِّنْ غِلٍّ إِخْوَٰنًا عَلَىٰ سُرُرٍ مُّتَقَٰبِلِينَ٤٧
Хакимов
Биз алардын көкүрөктөрүндө болгон (кек-көралбастык) сыяктуу нерселерди сууруп алганбыз. Алар бири-бирине бет-маңдай, дос-бурадар болушуп, сөрүлөрдө (отурушат).
48
لَا يَمَسُّهُمْ فِيهَا نَصَبٌ وَمَا هُم مِّنْهَا بِمُخْرَجِينَ٤٨
Хакимов
Бейиште аларды кайгы-муң баспайт жана эч качан ал жерден чыгарылышпайт.
49
۞ نَبِّئْ عِبَادِىٓ أَنِّىٓ أَنَا ٱلْغَفُورُ ٱلرَّحِيمُ٤٩
Хакимов
(О, Мухаммад!) Пенделериме кабар бер: Мен гана (тообо кылгандарды) Кечирүүчү Ырайымдуумун!
50
۞وَأَنَّ عَذَابِى هُوَ ٱلْعَذَابُ ٱلْأَلِيمُ٥٠
Хакимов
Чынында менин азабым - жан ооруткан азап!
51
وَنَبِّئْهُمْ عَن ضَيْفِ إِبْرَٰهِيمَ٥١
Хакимов
(О, Мухаммад), аларга Ибрахимдин меймандары жөнүндөгү кабарды жеткир:[1]
[1] Ибрахимдин меймандары Лут пайгамбардын коомуна Аллахтын азабын алып келген, жаш жигит кейпиндеги периштелер.
52
إِذْ دَخَلُواْ عَلَيْهِ فَقَالُواْ سَلَٰمًا قَالَ إِنَّا مِنكُمْ وَجِلُونَ٥٢
Хакимов
Бир кезде алар анын алдына «салам» деп киришти. (Ибрахим) «Чынында, биз силерден коркуп жатабыз» - деди.
53
قَالُواْ لَا تَوْجَلْ إِنَّا نُبَشِّرُكَ بِغُلَٰمٍ عَلِيمٍ٥٣
Хакимов
«Коркпогун, дешти алар, - биз албетте, сага илимдүү бир перзенттин сүйүнчүсүн билдиребиз».[1]
[1] Периштелер кабарын берген бул “илимдүү бала” Исхак болчу.
54
قَالَ أَبَشَّرْتُمُونِى عَلَىٰٓ أَن مَّسَّنِىَ ٱلْكِبَرُ فَبِمَ تُبَشِّرُونَ٥٤
Хакимов
(Ибрахим) айтты: «Мага карылык келгенде сүйүнчүлөп жатасыңарбы? Эмне менен сүйүнчүлөйсүңөр?”
55
قَالُواْ بَشَّرْنَٰكَ بِٱلْحَقِّ فَلَا تَكُن مِّنَ ٱلْقَٰنِطِينَ٥٥
Хакимов
«Биз сага акыйкатты сүйүнчүлөдүк. Эми, сен үмүтү жоктордон болбогун» дешти.
56
قَالَ وَمَن يَقْنَطُ مِن رَّحْمَةِ رَبِّهِۦٓ إِلَّا ٱلضَّآلُّونَ٥٦
Хакимов
(Ибрахим) айтты: «Раббисинин ырайымынан залым адамдар гана үмүтсүз болушат.
57
قَالَ فَمَا خَطْبُكُمْ أَيُّهَا ٱلْمُرْسَلُونَ٥٧
Хакимов
(Дагы мындай) деди: «О, элчилер, эмне жумуш менен келдиңер?»
58
قَالُوٓاْ إِنَّآ أُرْسِلْنَآ إِلَىٰ قَوْمٍ مُّجْرِمِينَ٥٨
Хакимов
Айтышты: «Биз кылмышкер коомго (аларды жазалоо үчүн) жиберилгенбиз.
59
إِلَّآ ءَالَ لُوطٍ إِنَّا لَمُنَجُّوهُمْ أَجْمَعِينَ٥٩
Хакимов
Бирок, Луттун үй-бүлөсүнүн бардыгын куткарабыз.
60
إِلَّا ٱمْرَأَتَهُۥ قَدَّرْنَآ ۙ إِنَّهَا لَمِنَ ٱلْغَٰبِرِينَ٦٠
Хакимов
Аялынан башкасын. Биз, аны (Аллахтын буйругу менен, азапта) калуучулардан болот деп өкүм кылдык».
61
فَلَمَّا جَآءَ ءَالَ لُوطٍ ٱلْمُرْسَلُونَ٦١
Хакимов
Элчилер Луттун үй-бүлөсүнө келгенде,
62
قَالَ إِنَّكُمْ قَوْمٌ مُّنكَرُونَ٦٢
Хакимов
Ал: «Силер бейтааныш коомсуңар(бы)?» - деди.
63
قَالُواْ بَلْ جِئْنَٰكَ بِمَا كَانُواْ فِيهِ يَمْتَرُونَ٦٣
Хакимов
(Элчилер) айтышты: «Жок, биз бузулган коомуң күмөн санаган нерсени (азапты) алып келдик.
64
وَأَتَيْنَٰكَ بِٱلْحَقِّ وَإِنَّا لَصَٰدِقُونَ٦٤
Хакимов
Биз сага чындыкты гана алып келдик. Биз чынчылбыз.
65
فَأَسْرِ بِأَهْلِكَ بِقِطْعٍ مِّنَ ٱلَّيْلِ وَٱتَّبِعْ أَدْبَٰرَهُمْ وَلَا يَلْتَفِتْ مِنكُمْ أَحَدٌ وَٱمْضُواْ حَيْثُ تُؤْمَرُونَ٦٥
Хакимов
Эми, түндүн бир бөлүгүндө (таңга маал) үй-бүлөңдү (айылдан) алып чык дагы, өзүң артынан түш. Силерден эч бир адам карбаластабасын (тез баскыла) жана буюрулган тарапка көте бергиле».
66
وَقَضَيْنَآ إِلَيْهِ ذَٰلِكَ ٱلْأَمْرَ أَنَّ دَابِرَ هَٰٓؤُلَآءِ مَقْطُوعٌ مُّصْبِحِينَ٦٦
Хакимов
Биз ага (Лутка) таңга маал ошол (бузук) коомдун «куйругу кыркылышы»[1] жөнүндөгү ушул буйрукту вахий кылдык.
[1] «Куйругу кыркылат» деген сөз алардан эч укум-тукум калбай, бардыгы кыйрайт деген мааниде.
67
وَجَآءَ أَهْلُ ٱلْمَدِينَةِ يَسْتَبْشِرُونَ٦٧
Хакимов
Анан, шаардын (бузук) элдери сүйүнгөн бойдон жетип келишти.[1]
[1] Себеби, алар бачабаз адамдар эле. Луттун үйүнө эки сулуу жигит келди деген кабарды Луттун ыймансыз аялынан укканда, ошол эки “сулуу жигиттин” ышкысында жарышып келип, көздөрү кызарып турушту.
68
قَالَ إِنَّ هَٰٓؤُلَآءِ ضَيْفِى فَلَا تَفْضَحُونِ٦٨
Хакимов
(Лут): «Булар менин мейманым. Мени шерменде кылбагыла!
69
وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَلَا تُخْزُونِ٦٩
Хакимов
Аллахтан корккула! Абийиримди төкпөгүлө!» – деди.
70
قَالُوٓاْ أَوَلَمْ نَنْهَكَ عَنِ ٱلْعَٰلَمِينَ٧٠
Хакимов
(Бузукулар) айтты: «Биз сени ааламдардан кайтарбадык беле?!»[1]
[1] “Ааламдын ар жагынан келген адамдарды үйүңө жашырбай жүр” дебедик беле”
71
قَالَ هَٰٓؤُلَآءِ بَنَاتِىٓ إِن كُنتُمْ فَٰعِلِينَ٧١
Хакимов
(Лут): «Эгер бул иштен кайра тартпасаңар, мына, менин кыздарым» деди.[1]
[1] Лут бул сөзү менен кыздарын аларга сунуш кылган жок. Анткени, пайгамбар – эл атасы. Коомдогу бардык аялдар, анын арасында бачабаздардын аялдары дагы Луттун кыздары болуп саналгандыктан, Луттун бул сөзүн "өз аялдарыңар менен эле кумарыңарды кандыра бергиле, бачабаздык кылбагыла" деген мааниде түшүнүлөт.
72
لَعَمْرُكَ إِنَّهُمْ لَفِى سَكْرَتِهِمْ يَعْمَهُونَ٧٢
Хакимов
(О, Мухаммад!) Өмүрүңө ант, алар (ышкы-кумардын) мастыгында көздөрүнө эч нерсе көрүнбөй калган эле![1]
[1] Ошондуктан, Луттун сөзү аларга таасир бербеди. Бирок, эки жигит-периште Лутка абалды түшүндүрүп, көздөн кайым болуп кетишти. Лут дагы үй-бүлөсүн чыгарып кетти. Аялы артта калып калган...
73
فَأَخَذَتْهُمُ ٱلصَّيْحَةُ مُشْرِقِينَ٧٣
Хакимов
Анан, Күн чыгаар мезгилде аларды (коркунучтуу) ач айкырык кармады.[1]
[1] Кайыптан келген бул айкырык азаптын башталышы болчу.
74
فَجَعَلْنَا عَٰلِيَهَا سَافِلَهَا وَأَمْطَرْنَا عَلَيْهِمْ حِجَارَةً مِّن سِجِّيلٍ٧٤
Хакимов
Анан Биз шаардын асты жагын үстүнө көңтөрүп, алардын үстүнө чопо-таштарды жамгырдай жаадырдык!
75
إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَٰتٍ لِّلْمُتَوَسِّمِينَ٧٥
Хакимов
Албетте бул окуяда парасаттуу адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар.
76
وَإِنَّهَا لَبِسَبِيلٍ مُّقِيمٍ٧٦
Хакимов
Ал (ойрон болгон шаар) кан жолдун боюнда.[1]
[1] Ары-бери өткөндөр анын урандыларын көрүп, каапырлардын акыбети кандай болоорун билсин!
77
إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةً لِّلْمُؤْمِنِينَ٧٧
Хакимов
Албетте, мында момун адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар.
78
وَإِن كَانَ أَصْحَٰبُ ٱلْأَيْكَةِ لَظَٰلِمِينَ٧٨
Хакимов
Бак-бостон кожоюндары залым (каапыр) болушкан.[1]
[1] Булар Шуайб пайгамбардын кооз-сонун бак-бостондуу мекенде бай-бардар турмушта жашаган коому. Бирок, ушул нээматка шүгүр кылып, жалгыз Аллахка сыйынып жашоонун ордуна таш-таразадан кыянат кылуу адатын өнөкөт кылып алышкан. Шуайб аларды ак жолго кайтарууга ар канча аракет кылса да пайда бербей, кайра динге душманчылыктары күчөй бергенде Аллах аларга да ач айкырык жиберип, кыйратып салган.
79
فَٱنتَقَمْنَا مِنْهُمْ وَإِنَّهُمَا لَبِإِمَامٍ مُّبِينٍ٧٩
Хакимов
Биз алардан да өч алдык! Чынында, экөө (Лут коому менен Шуайб коому) тең кең жолдун боюнда.
80
وَلَقَدْ كَذَّبَ أَصْحَٰبُ ٱلْحِجْرِ ٱلْمُرْسَلِينَ٨٠
Хакимов
«Хижр» (өрөөнүнүн) жашоочулары да пайгамбарларды «жалганчы» дешти.[1]
[1] “Хижр” бул Хижаз жериндеги бир өрөөндүн аты. Ал жерде күч кубаттуу элдер Салих пайгамбардын коому жашаган. Алар Салихтин пайгамбарчылыгын жалганга чыгарып, Жалгыз Аллахка сыйынбай коюшат. Бардык пайгамбарлар бир Аллах тарабынан жөнөтүлүп, дааваттарынын мазмуну дагы бир болгондуктан, кимде-ким бир гана пайгамбарга ишенбесе, бардык пайгамбарларга ишенбеген болуп саналат. Ошондуктан аятта бир гана Салихти жалганчыга чыгарган коом жөнүндө “Пайгамбарларды жалганчыга чыгарды” деп айтылууда.
81
وَءَاتَيْنَٰهُمْ ءَايَٰتِنَا فَكَانُواْ عَنْهَا مُعْرِضِينَ٨١
Хакимов
Биз аларга аят-моожизаларыбызды (жи)бергенде, андан жүз бурушту.
82
وَكَانُواْ يَنْحِتُونَ مِنَ ٱلْجِبَالِ بُيُوتًا ءَامِنِينَ٨٢
Хакимов
Алар тоолордун боорун оюп-жонуп үйлөр куруп, тынч-аман жүрүшкөн.
83
فَأَخَذَتْهُمُ ٱلصَّيْحَةُ مُصْبِحِينَ٨٣
Хакимов
Анан, аларды да таң мезгилинде (капысынан) ач айкырык кармап, (кыйрап калышты).
84
فَمَآ أَغْنَىٰ عَنْهُم مَّا كَانُواْ يَكْسِبُونَ٨٤
Хакимов
Жасаган нерселери аларга пайда берген жок![1]
[1] Аллахтын азабы келгенде таштан жасалган үй болобу, санаксыз аскер болобу же ашып-ташкан мал-мүлкү болобу, эч бири пайда бербейт.
85
وَمَا خَلَقْنَا ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَآ إِلَّا بِٱلْحَقِّ ۗ وَإِنَّ ٱلسَّاعَةَ لَـَٔاتِيَةٌ ۖ فَٱصْفَحِ ٱلصَّفْحَ ٱلْجَمِيلَ٨٥
Хакимов
Биз асмандарды, Жерди жана экөөнүн арасындагы нерселерди Акыйкат менен жараттык. Саат (Кыямат) сөзсүз келүүчү. Сен (оо, Мухаммад, наадан адамдардан) сылык-сыпаа жүз үйүр.
86
إِنَّ رَبَّكَ هُوَ ٱلْخَلَّٰقُ ٱلْعَلِيمُ٨٦
Хакимов
Албетте, сенин Раббиң - Ал гана (бардык макулуктарды) Жаратуучу, Билүүчү!
87
وَلَقَدْ ءَاتَيْنَٰكَ سَبْعًا مِّنَ ٱلْمَثَانِى وَٱلْقُرْءَانَ ٱلْعَظِيمَ٨٧
Хакимов
Биз сага кайталануучудан жетини жана Улук Куранды бердик.[1]
[1] Бул аяттагы “жети кайталаиуучу” алар «Бакара», «Аалы Имран», «Ниса», «Маида», «Аньам», «Аьраф», «Анфал» жана «Тауба» сүрөлөрүнөн турган жети узун сүрөлөр же болбосо, жети аяттан турган жана намаздын ар бир ирекетинде кайталана турган “Фатиха” сүрөсү.
88
لَا تَمُدَّنَّ عَيْنَيْكَ إِلَىٰ مَا مَتَّعْنَا بِهِۦٓ أَزْوَٰجًا مِّنْهُمْ وَلَا تَحْزَنْ عَلَيْهِمْ وَٱخْفِضْ جَنَاحَكَ لِلْمُؤْمِنِينَ٨٨
Хакимов
Алардын (каапырлардын) арасынан бир нече тайпаларга берген Биздин нээматтарыбызга карабай (көңүл бурбай) эле кой. (Ошондой эле, эгер баштарына Аллахтын бир азабы түшсө) аларга кайгырба! (Мээримдүүлүк) канатыңды ыймандууларга жайгын!
89
وَقُلْ إِنِّىٓ أَنَا ٱلنَّذِيرُ ٱلْمُبِينُ٨٩
Хакимов
Айт: «Мен (башыңарга келүүчү азап жөнүндө) анык эскертүүчүмүн!
90
كَمَآ أَنزَلْنَا عَلَى ٱلْمُقْتَسِمِينَ٩٠
Хакимов
Ошондой эле, Биз бөлүүчүлөргө (азап) түшүрдүк.
91
ٱلَّذِينَ جَعَلُواْ ٱلْقُرْءَانَ عِضِينَ٩١
Хакимов
Алар Куранды бөлүктөргө ажыратышты![1]
[1] Мекке мушриктеринин кээ бирлери Куранды "бул сыйкыр" десе, башкалары "жок, бул бакшылык" деп, ар кандай бөлүктөргө бөлүнүшкөн. Ошондой эле, яхудилер менен христиандар дагы Куран аяттарынын арасынан өз каалоолоруна дал келгенин гана "туура" деп тастыктап, калганына ишенбей коюу менен Куранды ажыратышкан. Алар өздөрүнө түшүрүлгөн Тоорат менен Инжил китептериндеги көп аяттардын маанисин да ушул сыяктуу бөлүп, бурмалашкан.
92
فَوَرَبِّكَ لَنَسْـَٔلَنَّهُمْ أَجْمَعِينَ٩٢
Хакимов
Раббиңе ант! Биз алардын бардыгын суракка тартабыз.
93
عَمَّا كَانُواْ يَعْمَلُونَ٩٣
Хакимов
жасаган иштерине жараша!
94
فَٱصْدَعْ بِمَا تُؤْمَرُ وَأَعْرِضْ عَنِ ٱلْمُشْرِكِينَ٩٤
Хакимов
(Сен аларга көңүл бурбай) буюрулган ишке умтул жана мушриктерден жүз бур!
95
إِنَّا كَفَيْنَٰكَ ٱلْمُسْتَهْزِءِينَ٩٥
Хакимов
Албетте, сени шылдыңдаган адамдарга Өзүбүз жетиштүүбүз.
96
ٱلَّذِينَ يَجْعَلُونَ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَ ۚ فَسَوْفَ يَعْلَمُونَ٩٦
Хакимов
Алар Аллахка дагы башка «кудайларды» кошуп (шерик кылып) алышкан. Жакында (иштеринин натыйжасын) билишет.
97
وَلَقَدْ نَعْلَمُ أَنَّكَ يَضِيقُ صَدْرُكَ بِمَا يَقُولُونَ٩٧
Хакимов
Билебиз, алардын айткандарынан көкүрөгүң кысылып турат.
98
فَسَبِّحْ بِحَمْدِ رَبِّكَ وَكُن مِّنَ ٱلسَّٰجِدِينَ٩٨
Хакимов
Эми сен (көкүрөгүң кайра кең болушу үчүн) Раббиңе (көп) тасбих (мактоо) айтып, (көбүрөөк) сажда кылуучулардан бол!
99
وَٱعْبُدْ رَبَّكَ حَتَّىٰ يَأْتِيَكَ ٱلْيَقِينُ٩٩
Хакимов
Жана сага өлүм келгенге чейин Раббиңе гана ибадат кыл!