Сүрө 38

Сад

C

Сад

88 аят |МеккеМекке
Сүрө 38 • Аят 1 / 88 • Пара 235⁄8 • Бет 453
Сад
ﻉ391Бет 453391ﻉ
2
1
صٓ ​ۚ وَٱلْقُرْءَانِ ذِى ٱلذِّكْرِ‮١‬‬‬
Хакимов
Сод.[1] Даңазалуу Куранга[2] ант:

[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.
[2] Курани Карим даңазалуу, туура жолго, Акыйкатка, Адилетке баштаган Китеп. Ким аны ээрчисе эки дүйнөдө бактылуу, даңазалуу болот.
2
بَلِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ فِى عِزَّةٍ وَشِقَاقٍ‮٢‬‬‬
Хакимов
Бирок, каапырлар (Куранга каршы) текеберликте жана душманчылыкта.
3
كَمْ أَهْلَكْنَا مِن قَبْلِهِم مِّن قَرْنٍ فَنَادَواْ وَّلَاتَ حِينَ مَنَاصٍ‮٣‬‬‬
Хакимов
Биз алардан мурун (Ыйык Китепке каршы болгон) муундардын арасынан көпчүлүгүн кыйратканбыз. Анан (баштарына азап келип калганда өкүрүп-бакырып) жалбарышкан. Бирок, эми кутулуунун убактысы эмес болчу.
4
وَعَجِبُوٓاْ أَن جَآءَهُم مُّنذِرٌ مِّنْهُمْ ​ۖ وَقَالَ ٱلْكَٰفِرُونَ هَٰذَا سَٰحِرٌ كَذَّابٌ‮٤‬‬‬
Хакимов
Өздөрүнүн ичинен аларга эскертүүчү-пайгамбар келгенине (ишенбөөчүлүк менен) таңыркап, каапыр болгон адамдар: «Бул (Мухаммад) сыйкырчы-жалганчы!
5
أَجَعَلَ ٱلْـَٔالِهَةَ إِلَٰهًا وَٰحِدًا ​ۖ إِنَّ هَٰذَا لَشَىْءٌ عُجَابٌ‮٥‬‬‬
Хакимов
Ал (биздин) көп кудайларды бир эле Кудай кылат бекен?! Бул өтө таң калычтуу нерсе!» – дешти.[1]

[1] Анан каапырлардын чоңдору чогулуп, Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын алдына барышып «Эмне кааласаң берели, «жалгыз кудайга сыйынуу керек» дебечи деп келишим түзмөкчү болушканда пайгамбар саллаллоху алайхи ва саллам андай келишимден баш тартат.
6
وَٱنطَلَقَ ٱلْمَلَأُ مِنْهُمْ أَنِ ٱمْشُواْ وَٱصْبِرُواْ عَلَىٰٓ ءَالِهَتِكُمْ ​ۖ إِنَّ هَٰذَا لَشَىْءٌ يُرَادُ‮٦‬‬‬
Хакимов
Алардын чоңдору чыгып: «Жүргүлө (кеттик) өзүңөрдүн кудайыңарга сабыр менен (бекем) тургула! Бул (жоругу менен анын бийликке жетүүсү) максат кылынган.
7
مَا سَمِعْنَا بِهَٰذَا فِى ٱلْمِلَّةِ ٱلْـَٔاخِرَةِ إِنْ هَٰذَآ إِلَّا ٱخْتِلَٰقٌ‮٧‬‬‬
Хакимов
Биз мындайды акыркы элдерден (ата-бабаларыбыздан) уккан эмеспиз. Бул ойлоп табылган жорук.
8
أَءُنزِلَ عَلَيْهِ ٱلذِّكْرُ مِن​ۢ بَيْنِنَا ​ۚ بَلْ هُمْ فِى شَكٍّ مِّن ذِكْرِى ​ۖ بَل لَّمَّا يَذُوقُواْ عَذَابِ‮٨‬‬‬
Хакимов
Биздин арабыздан (адам калбагансып) Зикир-Куран ушуга түшүрүлүптүрбү?!» – (дешти). Жок! Алар Менин Зикир-Куранымдан шектенишүүдө. Балким, алар азапты татып көрбөгөн(дөн улам ушинтип жатышкандыр).
9
أَمْ عِندَهُمْ خَزَآئِنُ رَحْمَةِ رَبِّكَ ٱلْعَزِيزِ ٱلْوَهَّابِ‮٩‬‬‬
Хакимов
Же кудуреттүү, Берешен Раббиңдин Ырайым казыналары алардын ыктыярындабы?!
10
أَمْ لَهُم مُّلْكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا ​ۖ فَلْيَرْتَقُواْ فِى ٱلْأَسْبَٰبِ‮١٠‬‬‬
Хакимов
Же асмандар менен жердин жана экөөсүнүн арасындагы нерселердин падышалыгы алардын колундабы?! Анда, себептерин таап (асманга) көтөрүлүшсүн (жана, эгер колдорунан келсе Мухаммадга түшүрүлүп жаткан Аллахтын Ырайымын кыркып салышсын!)
11
جُندٌ مَّا هُنَالِكَ مَهْزُومٌ مِّنَ ٱلْأَحْزَابِ‮١١‬‬‬
Хакимов
Алар ал жер, бул жердеги (уюгушкан) топтордон турган жеңилген аскерлер.
12
كَذَّبَتْ قَبْلَهُمْ قَوْمُ نُوحٍ وَعَادٌ وَفِرْعَوْنُ ذُو ٱلْأَوْتَادِ‮١٢‬‬‬
Хакимов
Алардан мурун да Нухтун (каапыр) коому (Нухту), Аад элдери (Худ пайгамбарды), казыктардын кожоюну Фараон (Мусаны),
13
وَثَمُودُ وَقَوْمُ لُوطٍ وَأَصْحَٰبُ لْـَٔيْكَةِ ​ۚ أُوْلَٰٓئِكَ ٱلْأَحْزَابُ‮١٣‬‬‬
Хакимов
Самуд коому (Салихти), Лут коому (Лутту), бак-бостон элдери (Шуайбды) жалганчы кылышкан. Ошолор дагы уюшкан топтор эле.
14
إِن كُلٌّ إِلَّا كَذَّبَ ٱلرُّسُلَ فَحَقَّ عِقَابِ‮١٤‬‬‬
Хакимов
Бардыгы пайгамбарларды «жалганчы» дешкен убакта Менин азабым (аларга) хакк (ылайык) болду.
15
وَمَا يَنظُرُ هَٰٓؤُلَآءِ إِلَّا صَيْحَةً وَٰحِدَةً مَّا لَهَا مِن فَوَاقٍ‮١٥‬‬‬
Хакимов
Булар (Мекке каапырлары) эч кайтарып болбой турган бир гана ач айкырыкты[1] гана күтүп жатышат.

[1] Кыяматтагы Исрафил периште тарткан кернейдин үнүн.
16
وَقَالُواْ رَبَّنَا عَجِّل لَّنَا قِطَّنَا قَبْلَ يَوْمِ ٱلْحِسَابِ‮١٦‬‬‬
Хакимов
Жана алар «Оо, Рабби бизге өзүбүздүн (азаптан турган) тиешебизди Эсеп Күндөн мурун эле тездетип бере бер» - дешти.[1]

[1] Пайгамбар саллаллоху алайхи ва саллам аларга эсеп күнүндөгү жазаны эскертсе «Кудайың азыр эле бере бербейби» дешип мыскылдашты.
17
ٱصْبِرْ عَلَىٰ مَا يَقُولُونَ وَٱذْكُرْ عَبْدَنَا دَاوُۥدَ ذَا ٱلْأَيْدِ ​ۖ إِنَّهُۥٓ أَوَّابٌ‮١٧‬‬‬
Хакимов
Алардын сөздөрүнө сабыр кыл жана күч-кубаттуу пендебиз Даудду эсте. Ал (Аллахка) өтө берилген пенде болчу.
18
إِنَّا سَخَّرْنَا ٱلْجِبَالَ مَعَهُۥ يُسَبِّحْنَ بِٱلْعَشِىِّ وَٱلْإِشْرَاقِ‮١٨‬‬‬
Хакимов
Биз ага, аны менен бирге эртели-кеч тасбих айта турган тоолорду моюн сундурдук.
19
وَٱلطَّيْرَ مَحْشُورَةً ​ۖ كُلٌّ لَّهُۥٓ أَوَّابٌ‮١٩‬‬‬
Хакимов
Жана топ-топ куштарды да (моюн сундурдук. Бардыгы (тоо-таш жана куштар) ага моюн сунган эле.[1]

[1] Дауддун добушу өтө жагымдуу, мейин, угумдуу болгондуктан ал Забур аяттарын мукамдуу созолонтуп киргенде, тоо-таштар, куштар берилип, аны менен кошулуп Аллахка тасбих айтышкан.
20
وَشَدَدْنَا مُلْكَهُۥ وَءَاتَيْنَٰهُ ٱلْحِكْمَةَ وَفَصْلَ ٱلْخِطَابِ‮٢٠‬‬‬
Хакимов
Жана Биз анын мүлк-бийлигин бекем кылдык, Хикмат (даанышмандык) жана өтүмдүү (өкүмдүү) Сөз бердик.
21
۞۞ وَهَلْ أَتَىٰكَ نَبَؤُاْ ٱلْخَصْمِ إِذْ تَسَوَّرُواْ ٱلْمِحْرَابَ‮٢١‬‬‬
Хакимов
Сага (оо, Мухаммад), талашкан адамдардын кабары келди беле? Ошондо, алар (эки маселе талашкан адам ибадатканадагы) мээрапка дубал ашып,
22
إِذْ دَخَلُواْ عَلَىٰ دَاوُۥدَ فَفَزِعَ مِنْهُمْ ​ۖ قَالُواْ لَا تَخَفْ ​ۖ خَصْمَانِ بَغَىٰ بَعْضُنَا عَلَىٰ بَعْضٍ فَٱحْكُم بَيْنَنَا بِٱلْحَقِّ وَلَا تُشْطِطْ وَٱهْدِنَآ إِلَىٰ سَوَآءِ ٱلصِّرَٰطِ‮٢٢‬‬‬
Хакимов
капыстан Даудга кирип келгенде, алардан коркуп кетти. «Коркпогун – дешти алар-биз бири экинчисине зулумдук кылган талашуучулар болобуз. Биздин ортобузда акыйкат менен өкүм кыл. Зулумдук кылба! Жана бизди туура жолго башта!»
23
إِنَّ هَٰذَآ أَخِى لَهُۥ تِسْعٌ وَتِسْعُونَ نَعْجَةً وَلِىَ نَعْجَةٌ وَٰحِدَةٌ فَقَالَ أَكْفِلْنِيهَا وَعَزَّنِى فِى ٱلْخِطَابِ‮٢٣‬‬‬
Хакимов
«Бул менин өз бурадарым (деди бирөөсү), анын токсон тогуз соолук коюу бар. Менин коюм бирөө гана. Анан бул: «Муну да мага бер» – деп (алып койду) жана сөздө мени жеңип алды».
24
قَالَ لَقَدْ ظَلَمَكَ بِسُؤَالِ نَعْجَتِكَ إِلَىٰ نِعَاجِهِۦ ​ۖ وَإِنَّ كَثِيرًا مِّنَ ٱلْخُلَطَآءِ لَيَبْغِى بَعْضُهُمْ عَلَىٰ بَعْضٍ إِلَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ وَقَلِيلٌ مَّا هُمْ ​ۗ وَظَنَّ دَاوُۥدُ أَنَّمَا فَتَنَّٰهُ فَٱسْتَغْفَرَ رَبَّهُۥ وَخَرَّ رَاكِعًا وَأَنَابَ ۩۩‮٢٤‬‬‬
Хакимов
(Дауд муну угар замат шашылып): «Сенин (бир) коюңду сурап (өзүнүн койлоруна кошуп) алуу менен сага зулум кылыптыр! Нечендеген достор бири-бирине зулум кылышат. Бир гана ыйман келтирип, жакшы иштерди кылгандар (андай эмес). Алар өтө сейрек» деди. (Ошондо) Дауд Биз аны сынап жатканыбызды билип калды дагы Раббисинен кечирим сурап,[1] рукуу, тообо кылган абалда (сажда кылып) боюн жерге таштады.

[1] Аллах таала Куранда Дауддун кайсы күнөөсүн билдирип коюуу үчүн бул сыноону уюштурганын айткан эмес. Бул жерде үлгү алчу анын нерсе дароо кечирим сурап, тообо кылганы.Пайгамбарлар дин ишин жеткирүүдө күнөөлөрдөн корголгон маъсуум). Ал эми, унутчаактык, кээ бирде бир нерсеге берилип калуу сыяктуу адамдык табигый касиеттер аларга жат эмес болчу.
25
فَغَفَرْنَا لَهُۥ ذَٰلِكَ ​ۖ وَإِنَّ لَهُۥ عِندَنَا لَزُلْفَىٰ وَحُسْنَ مَـَٔابٍ‮٢٥‬‬‬
Хакимов
Биз ал үчүн бул (күнөө) ишти кечирдик. Чынында, Бизди алдыбызга ага ынактык-жакындык жана жакшы акыбет бар.
26
يَٰدَاوُۥدُ إِنَّا جَعَلْنَٰكَ خَلِيفَةً فِى ٱلْأَرْضِ فَٱحْكُم بَيْنَ ٱلنَّاسِ بِٱلْحَقِّ وَلَا تَتَّبِعِ ٱلْهَوَىٰ فَيُضِلَّكَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ ​ۚ إِنَّ ٱلَّذِينَ يَضِلُّونَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ لَهُمْ عَذَابٌ شَدِيدُ​ۢ بِمَا نَسُواْ يَوْمَ ٱلْحِسَابِ‮٢٦‬‬‬
Хакимов
О, Дауд! Биз сени жер бетинде (Өзүбүздөн) халифа-орунбасар кылдык. Эми, адамдар арасында акыйкаттык менен өкүм жүргүз. Жана напсиңдин каалоолоруна ээрчибе – Аллахтын жолунан адаштырып жиберет. Ал эми, Аллахтын жолунан адашкандарга унуткандары себептүү Эсеп Күнүндө катуу азап бар.
ﻉ393Бет 455393ﻉ
27
وَمَا خَلَقْنَا ٱلسَّمَآءَ وَٱلْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَا بَٰطِلًا ​ۚ ذَٰلِكَ ظَنُّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ ​ۚ فَوَيْلٌ لِّلَّذِينَ كَفَرُواْ مِنَ ٱلنَّارِ‮٢٧‬‬‬
Хакимов
Биз асман менен жерди жана экөөсүнүн арасындагы нерселерди эрмек үчүн (беймаксат) жаратпадык. Бул – каапырлардын ойлогону. Каапырларга тозоктогу «увайл» азабы болсун!
28
أَمْ نَجْعَلُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ كَٱلْمُفْسِدِينَ فِى ٱلْأَرْضِ أَمْ نَجْعَلُ ٱلْمُتَّقِينَ كَٱلْفُجَّارِ‮٢٨‬‬‬
Хакимов
Же биз ыйман келтирип, салих амал кылгандарды жер бетинде бузукулук кылуучулар менен тең кылат бекенбиз?! Же болбосо такыба кишилерди ыпыластар менен тең кылат бекенбиз?!
29
كِتَٰبٌ أَنزَلْنَٰهُ إِلَيْكَ مُبَٰرَكٌ لِّيَدَّبَّرُوٓاْ ءَايَٰتِهِۦ وَلِيَتَذَكَّرَ أُوْلُواْ ٱلْأَلْبَٰبِ‮٢٩‬‬‬
Хакимов
Биз сага бул берекеттүү (Куран) Китепти анын аяттарын акылдуу адамдар түшүнүп окушу жана (андан) акыл-насаат алышы үчүн түшүрдүк.[1]

[1] Демек, кимде-ким Куранды түшүнүп, акыл жүгүртүп, андан бир пайдалуу насаат үйрөнөйүн, жашоомо колдоноюн деп окуса, андан көп жакшылыктар, терең илим, туура жол, шыпаа, нур, адилет өкүм жана башка ушул сыяктуу көп берекелерди табат.
30
وَوَهَبْنَا لِدَاوُۥدَ سُلَيْمَٰنَ ​ۚ نِعْمَ ٱلْعَبْدُ ​ۖ إِنَّهُۥٓ أَوَّابٌ‮٣٠‬‬‬
Хакимов
Жана Биз Даудга Сулайманды белек кылдык. Ал (Сулайман) абдан жакшы пенде! Ал (Раббисине) өтө берилген!
31
إِذْ عُرِضَ عَلَيْهِ بِٱلْعَشِىِّ ٱلصَّٰفِنَٰتُ ٱلْجِيَادُ‮٣١‬‬‬
Хакимов
Бир кезде, кечке маал ага ойноктогон тулпарлар көргөзүлдү.
32
فَقَالَ إِنِّىٓ أَحْبَبْتُ حُبَّ ٱلْخَيْرِ عَن ذِكْرِ رَبِّى حَتَّىٰ تَوَارَتْ بِٱلْحِجَابِ‮٣٢‬‬‬
Хакимов
(Ошондо ал): "Мен кооздукту сүйүүнү Раббимди эскерүүдөн абзел көрүп каган турбаймынбы! (Күн) бетине парда тартып алыптыр" – деди.[1]

[1] Сулайман пайгамбар тулпарларга суктанып, асыр намазынын убактысы өтүп кеткенин билбей калыптыр.
33
رُدُّوهَا عَلَىَّ ​ۖ فَطَفِقَ مَسْحً​ۢا بِٱلسُّوقِ وَٱلْأَعْنَاقِ‮٣٣‬‬‬
Хакимов
Ошол (мени алагды кылган) тулпарларды алып келгиле!» Анан (тулпарлардын) моюндары менен буттарын (кылычы менен) «сылай» баштады.[1]

[1] Бардыгын Аллахтын ыразычылыгы үчүн курман чалып таштады.
34
وَلَقَدْ فَتَنَّا سُلَيْمَٰنَ وَأَلْقَيْنَا عَلَىٰ كُرْسِيِّهِۦ جَسَدًا ثُمَّ أَنَابَ‮٣٤‬‬‬
Хакимов
Биз Сулайманга сыноо түшүрдүк жана тактысына бир денени таштап койдук. Кийин ал тообо кылды.[1]

[1] Ал – ара төрөлгөн баланын денеси. Бир күнү Сулайман «Мен бүгүн бардык аялдарыма жакындык кыламын. Алар мага эр-азамат перзенттерди төрөп берет жана мен алар менен жортуул-жихад кыламын!» дептир. Айтканындай бардык аялдарына киргени менен бирөөнүнн гана боюна бүтүп, ал дагы ара төрөлгөн экен. Сулайман ошондо гана «Аллах кааласа» деп айтпаганын эстеп тообо кылыптыр.
35
قَالَ رَبِّ ٱغْفِرْ لِى وَهَبْ لِى مُلْكًا لَّا يَن​ۢبَغِى لِأَحَدٍ مِّن​ۢ بَعْدِىٓ ​ۖ إِنَّكَ أَنتَ ٱلْوَهَّابُ‮٣٥‬‬‬
Хакимов
(Жана) айтты: «Оо, Раббим! Мени кечир! Мага менден кийин (Кыяматка чейин) эч кимге берилбей турган бийлик бер! Албетте, сен Берешен Затсың!
36
فَسَخَّرْنَا لَهُ ٱلرِّيحَ تَجْرِى بِأَمْرِهِۦ رُخَآءً حَيْثُ أَصَابَ‮٣٦‬‬‬
Хакимов
(Дубасын кабыл кылгандан) кийин Биз ага, анын буйругу менен каалаган тарабына шуулдап жүрө турган шамалды,
37
وَٱلشَّيَٰطِينَ كُلَّ بَنَّآءٍ وَغَوَّاصٍ‮٣٧‬‬‬
Хакимов
Бардык куруучу, деңизге чумкуучу жин-шайтандарды,
38
وَءَاخَرِينَ مُقَرَّنِينَ فِى ٱلْأَصْفَادِ‮٣٨‬‬‬
Хакимов
Жана алардан башка (азоо) жиндерди да кишенделген абалда моюн сундуруп (кызматчы кылып) бердик.
39
هَٰذَا عَطَآؤُنَا فَٱمْنُنْ أَوْ أَمْسِكْ بِغَيْرِ حِسَابٍ‮٣٩‬‬‬
Хакимов
(Жана айттык:) «Биздин берешендигибиз - ушул (кааласаң) сен дагы (башкаларга) бер, (каалабасаң) бербе. (Бул боюнча) сага эсеп-кысап жок!
40
وَإِنَّ لَهُۥ عِندَنَا لَزُلْفَىٰ وَحُسْنَ مَـَٔابٍ‮٤٠‬‬‬
Хакимов
Чынында Биздин алдыбызда ал үчүн ынактык жана жакшы акыбет бар!
41
وَٱذْكُرْ عَبْدَنَآ أَيُّوبَ إِذْ نَادَىٰ رَبَّهُۥٓ أَنِّى مَسَّنِىَ ٱلشَّيْطَٰنُ بِنُصْبٍ وَعَذَابٍ‮٤١‬‬‬
Хакимов
(Оо, Мухаммад, сен ушул Китепте) Биздин пендебиз Аюбду да эстегин. Бир кезде ал Раббисине: «Мага шайтан азап-машакат жеткирди!» деп жалбарды.[1]

[1] Эмнеден улам экенин жалгыз Аллах билет, бирок, шайтан анын денесине үйлөп, натыйжада жараат каптап кеткен. Дагы үй-бүлөсүнөн, мал-мүлкүнөн ажырап калуусуна да шайтан себепчи болгон.
42
ٱرْكُضْ بِرِجْلِكَ ​ۖ هَٰذَا مُغْتَسَلُ​ۢ بَارِدٌ وَشَرَابٌ‮٤٢‬‬‬
Хакимов
«Бутуң менен жерди тепкиниң. Бул (сен үчүн) жууна турган жана иче турган муздак суу» (деди Аллах).[1]

[1] Аюб тепкен жеринен чыккан булак суусуна жуунганда жараатынан айыгып калды.
43
وَوَهَبْنَا لَهُۥٓ أَهْلَهُۥ وَمِثْلَهُم مَّعَهُمْ رَحْمَةً مِّنَّا وَذِكْرَىٰ لِأُوْلِى ٱلْأَلْبَٰبِ‮٤٣‬‬‬
Хакимов
Биз ага Өзүбүз тараптан мээрим иретинде жана (тээ Кыяматка чейинки) акылдууларга сабак болсун деп үй-бүлөсүн дагы ошончо кошумчасы менен кайтарып бердик.
44
وَخُذْ بِيَدِكَ ضِغْثًا فَٱضْرِب بِّهِۦ وَلَا تَحْنَثْ ​ۗ إِنَّا وَجَدْنَٰهُ صَابِرًا ​ۚ نِّعْمَ ٱلْعَبْدُ ​ۖ إِنَّهُۥٓ أَوَّابٌ‮٤٤‬‬‬
Хакимов
(Оо, Аюб!) Колуңа бир боо (чыбык) ал дагы (аялыңды) ошону менен саба! Антыңды бузба![1] Чынында, Биз анын сабырдуулугун көрдүк. Ал (Аюб) эң мыкты пенде! Ал (Раббисине) өтө берилген!

[1] Аюб ооруп жатканда, бир жолу аялынан ачууланып «Эгер шыпаа тапсам сага жүз таяк урамын» - деп, Аллахтын атына ант ичкен. Ал эми, шыпаа тапканда, Ырайымдуу Аллах анын ыймандуу аялына ырайым көргөзүп «Антыңды бузба. Бирок, аялыңа да зулум кылба. Жүз чыбыкты бир байлам кылып, ошону менен бир ирет чаап кой дагы антыңды аткар» - деп чечим чыгарып берди.
45
وَٱذْكُرْ عِبَٰدَنَآ إِبْرَٰهِيمَ وَإِسْحَٰقَ وَيَعْقُوبَ أُوْلِى ٱلْأَيْدِى وَٱلْأَبْصَٰرِ‮٤٥‬‬‬
Хакимов
Сен (оо, Мухаммад!) Биздин пенделерибиз, (дин ишинде) кайраттуу жана акылы зирек болгон Ибрахим, Исхак жана Яькубдарды да эстегин.
46
إِنَّآ أَخْلَصْنَٰهُم بِخَالِصَةٍ ذِكْرَى ٱلدَّارِ‮٤٦‬‬‬
Хакимов
Биз аларды (өзгөчө бир) касиет – Акыретти эстөө менен ыкластуу кылдык.
47
وَإِنَّهُمْ عِندَنَا لَمِنَ ٱلْمُصْطَفَيْنَ ٱلْأَخْيَارِ‮٤٧‬‬‬
Хакимов
Ырасында, алар Биздин алдыбызда тандап алынган жакшы адамдардан.
48
وَٱذْكُرْ إِسْمَٰعِيلَ وَٱلْيَسَعَ وَذَا ٱلْكِفْلِ ​ۖ وَكُلٌّ مِّنَ ٱلْأَخْيَارِ‮٤٨‬‬‬
Хакимов
Жана (бул китепте) Исмаилди, Аль-Ясаъны, жана Зулкифлдерди да эстегин. Бардыгы жакшы пенделер.
49
هَٰذَا ذِكْرٌ ​ۚ وَإِنَّ لِلْمُتَّقِينَ لَحُسْنَ مَـَٔابٍ‮٤٩‬‬‬
Хакимов
Ушул – (пайгамбарлардын) баяны. Ал эми, такыбалуу кишилерге жакшы акыбет бар.
50
جَنَّٰتِ عَدْنٍ مُّفَتَّحَةً لَّهُمُ ٱلْأَبْوَٰبُ‮٥٠‬‬‬
Хакимов
(жана) «адн» бейиштери дагы бар. Аларга (ысымы аталган пайгамбарларга) эшиктери (дайым) ачылуу.[1]

[1] Касиеттүү пенденин бир касиети – бардык адамдар аларга үйлөрүнүн жана көңүлдөрүнүн эшигин ачып коюшат.
51
مُتَّكِـِٔينَ فِيهَا يَدْعُونَ فِيهَا بِفَٰكِهَةٍ كَثِيرَةٍ وَشَرَابٍ‮٥١‬‬‬
Хакимов
Алар бейиште(ги сөрүлөрдө) жамбаштап жатышып, көп мөмө-жемиштерди ичимдик-суусундуктарды чакырышат.
52
۞۞ وَعِندَهُمْ قَٰصِرَٰتُ ٱلطَّرْفِ أَتْرَابٌ‮٥٢‬‬‬
Хакимов
Алардын алдында жалаң бир курактагы, (өз жубайынан башкага) көз артпаган селкилер (кызматта) болушат.
53
هَٰذَا مَا تُوعَدُونَ لِيَوْمِ ٱلْحِسَابِ‮٥٣‬‬‬
Хакимов
Силерге Эсеп Күнү үчүн убада кылынган нерселер – ушул.
54
إِنَّ هَٰذَا لَرِزْقُنَا مَا لَهُۥ مِن نَّفَادٍ‮٥٤‬‬‬
Хакимов
Бул – биздин түгөнгүс ырыскыларыбыз.
55
هَٰذَا ​ۚ وَإِنَّ لِلطَّٰغِينَ لَشَرَّ مَـَٔابٍ‮٥٥‬‬‬
Хакимов
Ушул (сыйлыктар такыба кишилерге арналган) Ал эми, күнөөкөрлөр үчүн жаман акыбет бар.
56
جَهَنَّمَ يَصْلَوْنَهَا فَبِئْسَ ٱلْمِهَادُ‮٥٦‬‬‬
Хакимов
Алар тозокко ташталат. Ал кандай жаман орун!
57
هَٰذَا فَلْيَذُوقُوهُ حَمِيمٌ وَغَسَّاقٌ‮٥٧‬‬‬
Хакимов
(Эй, тозоктогулар!) Мына бул кайнак суу жана ириң! Анын «даамын» таткыла!
58
وَءَاخَرُ مِن شَكْلِهِۦٓ أَزْوَٰجٌ‮٥٨‬‬‬
Хакимов
Жана башка ушул сыяктуу ар түркүн (азаптар) бар! (Кийинки аяттарда тозокко киргизилип жаткан тозокулар бири-бирин айыпташат. Эң оболу азгыруучу-башчылар кирет. Алар өздөрүнүн артынан топурап келе жаткан жана дүйнөдө өздөрү азгырган адамдардын тобун бири-бирине көргөзүп мындай дешет:)
59
هَٰذَا فَوْجٌ مُّقْتَحِمٌ مَّعَكُمْ ​ۖ لَا مَرْحَبً​ۢا بِهِمْ ​ۚ إِنَّهُمْ صَالُواْ ٱلنَّارِ‮٥٩‬‬‬
Хакимов
«Мына бул (топураган) топ дагы силер менен киргендер. Буларга амандык жок! Алар тозокко ташталат!»
60
قَالُواْ بَلْ أَنتُمْ لَا مَرْحَبً​ۢا بِكُمْ ​ۖ أَنتُمْ قَدَّمْتُمُوهُ لَنَا ​ۖ فَبِئْسَ ٱلْقَرَارُ‮٦٠‬‬‬
Хакимов
«Өзүңөргө амандык жок! – дешет (беркилер) – бизди бул жерге силер алып келдиңер! Бул эмне деген жаман орун!
61
قَالُواْ رَبَّنَا مَن قَدَّمَ لَنَا هَٰذَا فَزِدْهُ عَذَابًا ضِعْفًا فِى ٱلنَّارِ‮٦١‬‬‬
Хакимов
Оо, Раббибиз! Бизди бул жерге алып келгендерге тозок азабын эки эсе көбөйтүп бер!» (Алар бул дүйнөдө өздөрү жаман көргөн момундарды да тозокто көргүсү келгендиктен мындай дешет:)
62
وَقَالُواْ مَا لَنَا لَا نَرَىٰ رِجَالًا كُنَّا نَعُدُّهُم مِّنَ ٱلْأَشْرَارِ‮٦٢‬‬‬
Хакимов
«Эмне биз жаман көргөн кишилерди көрбөй жатабыз.
63
أَتَّخَذْنَٰهُمْ سِخْرِيًّا أَمْ زَاغَتْ عَنْهُمُ ٱلْأَبْصَٰرُ‮٦٣‬‬‬
Хакимов
Же аларды шылдыңдадыкпы? Же (алар тозоко түшкөн, бирок) көзүбүз аларды көрбөй жатабы?»
64
إِنَّ ذَٰلِكَ لَحَقٌّ تَخَاصُمُ أَهْلِ ٱلنَّارِ‮٦٤‬‬‬
Хакимов
Чынында, тозок элдеринин ушул жаңжалдашуусу (боло турган) акыйкат.
65
قُلْ إِنَّمَآ أَنَاْ مُنذِرٌ ​ۖ وَمَا مِنْ إِلَٰهٍ إِلَّا ٱللَّهُ ٱلْوَٰحِدُ ٱلْقَهَّارُ‮٦٥‬‬‬
Хакимов
(Оо, Мухаммад!) Айткын: «Аныгында, мен болгону бир эскертүүчүмүн. Эч бир кудай жок, бир гана Аллах бар. Ал жалгыз жана (күнөөлүүлөргө) Каардуу!
66
رَبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا ٱلْعَزِيزُ ٱلْغَفَّٰرُ‮٦٦‬‬‬
Хакимов
Ал асмандардын, жердин жана экөөнүн ортосундагы нерселердин Раббиси! Ал Кудуреттүү (жана) Кечиримдүү!
67
قُلْ هُوَ نَبَؤٌاْ عَظِيمٌ‮٦٧‬‬‬
Хакимов
(Мушриктерге) айт: «Бул (Куран) – Улук кабар.
68
أَنتُمْ عَنْهُ مُعْرِضُونَ‮٦٨‬‬‬
Хакимов
Силер болсо, андан жүз буруп жатасыңар.
69
مَا كَانَ لِىَ مِنْ عِلْمٍ بِٱلْمَلَإِ ٱلْأَعْلَىٰٓ إِذْ يَخْتَصِمُونَ‮٦٩‬‬‬
Хакимов
Жогорку асмандагы периштелердин (Адам атанын жаратылуу окуясы учурунда болгон) талашып-тартышуусу жөнүндө менде илим жок болчу.[1]

[1] Мен эч кимден, эч кандай китептен, периштелердин талашы жөнүндө окуган эмесмин. Ал окуяларды мага Аллах таала вахий кабар) кылат.
70
إِن يُوحَىٰٓ إِلَىَّ إِلَّآ أَنَّمَآ أَنَاْ نَذِيرٌ مُّبِينٌ‮٧٠‬‬‬
Хакимов
Мен силерге эскертүүчү-пайгамбар (жана Аллахтын шариятын анык) баяндоочу болгонум үчүн гана ал илимдер мага вахий кылынууда.
71
إِذْ قَالَ رَبُّكَ لِلْمَلَٰٓئِكَةِ إِنِّى خَٰلِقُ​ۢ بَشَرًا مِّن طِينٍ‮٧١‬‬‬
Хакимов
Эстегин, бир кезде Раббиң периштелерге: «Мен ылайдан адам жасаймын.
72
فَإِذَا سَوَّيْتُهُۥ وَنَفَخْتُ فِيهِ مِن رُّوحِى فَقَعُواْ لَهُۥ سَٰجِدِينَ‮٧٢‬‬‬
Хакимов
Ага келбет берип, ичине Өз Рухумдан үйлөп (жан) киргизгенде, ага сажда кылган абалда жыгылгыла» деди.
73
فَسَجَدَ ٱلْمَلَٰٓئِكَةُ كُلُّهُمْ أَجْمَعُونَ‮٧٣‬‬‬
Хакимов
Бардык периштелер сажда кылышты.
74
إِلَّآ إِبْلِيسَ ٱسْتَكْبَرَ وَكَانَ مِنَ ٱلْكَٰفِرِينَ‮٧٤‬‬‬
Хакимов
Бир гана Иблис текеберленип, (сажда кылбай) каапырлардан болду.
75
قَالَ يَٰٓإِبْلِيسُ مَا مَنَعَكَ أَن تَسْجُدَ لِمَا خَلَقْتُ بِيَدَىَّ ​ۖ أَسْتَكْبَرْتَ أَمْ كُنتَ مِنَ ٱلْعَالِينَ‮٧٥‬‬‬
Хакимов
(Аллах): «Оо, Иблис, Мен Өзүмдүн эки Колум менен жараткан нерсеге сажда кылуудан сени эмне тосту?! Текеберлендиңби, же жогорку даражалуу болуп калдыңбы?!» – деди.
76
قَالَ أَنَاْ خَيْرٌ مِّنْهُ ​ۖ خَلَقْتَنِى مِن نَّارٍ وَخَلَقْتَهُۥ مِن طِينٍ‮٧٦‬‬‬
Хакимов
«Мен андан жакшымын, мени оттон, аны болсо (кайдагы чалчык) ылайдан жараткансың» – деди (Иблис).
77
قَالَ فَٱخْرُجْ مِنْهَا فَإِنَّكَ رَجِيمٌ‮٧٧‬‬‬
Хакимов
(Аллах) айтты: «Эми сен андан (бейиштен) чык! Сен (Менин ырайымымдан) куулгансың!
78
وَإِنَّ عَلَيْكَ لَعْنَتِىٓ إِلَىٰ يَوْمِ ٱلدِّينِ‮٧٨‬‬‬
Хакимов
Сага Кыяматка чейин Менин наалатым болсун!»
79
قَالَ رَبِّ فَأَنظِرْنِىٓ إِلَىٰ يَوْمِ يُبْعَثُونَ‮٧٩‬‬‬
Хакимов
(Иблис) айтты: «Оо, Раббим! (Адамзат) кайра тирилген (Кыямат) күнүнө чейин мага (өлбөй, жашоого) мөөнөт бер?!»
80
قَالَ فَإِنَّكَ مِنَ ٱلْمُنظَرِينَ‮٨٠‬‬‬
Хакимов
(Аллах): «Сен мөөнөт берилгендерден болдуң.
81
إِلَىٰ يَوْمِ ٱلْوَقْتِ ٱلْمَعْلُومِ‮٨١‬‬‬
Хакимов
Белгилүү убакыттын күнүнө чейин» – деди.
82
قَالَ فَبِعِزَّتِكَ لَأُغْوِيَنَّهُمْ أَجْمَعِينَ‮٨٢‬‬‬
Хакимов
(Иблис) айтты: «Сенин Кудуретиңе ант, мен алардын бардыгын азгырамын.
83
إِلَّا عِبَادَكَ مِنْهُمُ ٱلْمُخْلَصِينَ‮٨٣‬‬‬
Хакимов
Алардын арасынан Сага ыклас менен ибадат кылгандарды гана азгырууга кудуретим жетпейт».
84
قَالَ فَٱلْحَقُّ وَٱلْحَقَّ أَقُولُ‮٨٤‬‬‬
Хакимов
(Аллах) айтты: «Чын-чынын айтамын:
85
لَأَمْلَأَنَّ جَهَنَّمَ مِنكَ وَمِمَّن تَبِعَكَ مِنْهُمْ أَجْمَعِينَ‮٨٥‬‬‬
Хакимов
Сен жана алардын (инсандардын) арасынан сага ээрчигендер менен тозокту толтурамын!»
86
قُلْ مَآ أَسْـَٔلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ وَمَآ أَنَاْ مِنَ ٱلْمُتَكَلِّفِينَ‮٨٦‬‬‬
Хакимов
Айт: «Мен анын (Куранды үйрөткөнүмдүн) ордуна силерден акы сурабаймын. Мен жасалма (пайгамбар) кишилерден да эмесмин.
87
إِنْ هُوَ إِلَّا ذِكْرٌ لِّلْعَٰلَمِينَ‮٨٧‬‬‬
Хакимов
Бул (Куран) ааламдар үчүн зикир-эскертүүдөн башка эмес.
88
وَلَتَعْلَمُنَّ نَبَأَهُۥ بَعْدَ حِينٍ‮٨٨‬‬‬
Хакимов
Анын кабарын(ын чындык экенин) бир аздан кийин (кыяматта) билип аласыңар!