Сүрө 69
Хакка
C
Чындык
52 аят |
Мекке
Сүрө 69 • Аят 1 / 52 • Пара 293⁄8 • Бет 566
Хакка
2
1
۞ ٱلْحَآقَّةُ١
Хакимов
Ал – Хаакка!
2
مَا ٱلْحَآقَّةُ٢
Хакимов
«Ал – Хаакка» дегени эмне?!
3
وَمَآ أَدْرَىٰكَ مَا ٱلْحَآقَّةُ٣
Хакимов
(Оо, Мухаммад!) «Ал – Хаакка» эмне экенин сен кайдан билмек элең?[1]
[1] «Аль-Хаакка» Акыйкатта болуучу) Кыяматтын бир нече атактуу ысымдарынын бири. Кыямат кайымдын мындан башка да «Аль-Кариьа” Катуу согуучу), “Аль-Ваакеьа” Окуя), “Ат-Тоомма” Чоң апаат), “Ас-Соохха” Катуу добуш), Ас-Сааьа” Саат) ж.б.у.с. аталыштары дагы бар.
4
كَذَّبَتْ ثَمُودُ وَعَادُۢ بِٱلْقَارِعَةِ٤
Хакимов
«Самуд» менен «Аад» (коому) Кыяматты жалганга чыгарышкан эле.[1]
[1] “Самуд” – бул Хижр деген жерде Азыркы Саудияга караштуу аймак) жашаган илгерки бир уруунун аты. Аллах таала аларга Салих пайгамбарды жиберип, Аллахка, кыяматка ишенүүгө жана Өзүнүн пайгамбары көргөзгөндөй жашоого буюрган. Ал эми, “Аад” болсо Хазрамаут деген жерде жашаган илгерки уруунун аты. Аллах таала аларга Худ пайгамбарды жиберген.
5
فَأَمَّا ثَمُودُ فَأُهْلِكُواْ بِٱلطَّاغِيَةِ٥
Хакимов
Анан… Самуд (эли жүрөк жарган) ач айкырык менен кыйратылды.
6
وَأَمَّا عَادٌ فَأُهْلِكُواْ بِرِيحٍ صَرْصَرٍ عَاتِيَةٍ٦
Хакимов
Ал эми, Аад болсо, кутурган бороон шамал менен өлтүрүлдү.
7
سَخَّرَهَا عَلَيْهِمْ سَبْعَ لَيَالٍ وَثَمَٰنِيَةَ أَيَّامٍ حُسُومًا فَتَرَى ٱلْقَوْمَ فِيهَا صَرْعَىٰ كَأَنَّهُمْ أَعْجَازُ نَخْلٍ خَاوِيَةٍ٧
Хакимов
(Аллах) ал шамалды алардын үстүнө жети түн, сегиз күн токтоосуз «кызмат кылдырып» койду. Анан сен (оо, көрүүчү) ал жердеги адамдарды оонап, айкалышып жаткан курма дарагынын денелери сыяктуу кароосуз өлүп жаткандарын көрөсүң!
8
فَهَلْ تَرَىٰ لَهُم مِّنۢ بَاقِيَةٍ٨
Хакимов
Эми, карачы (алардан бирөө-жарымынын) өлбөй калганын көрөөр бекенсиң?!
9
وَجَآءَ فِرْعَوْنُ وَمَن قَبْلَهُۥ وَٱلْمُؤْتَفِكَٰتُ بِٱلْخَاطِئَةِ٩
Хакимов
Анан Фараон, андан мурунку (каапыр) адамдар жана көңтөрүлгөн шаар (элдери – Лут коому) каапырчылык (иштерди) жасашып,
10
فَعَصَوْاْ رَسُولَ رَبِّهِمْ فَأَخَذَهُمْ أَخْذَةً رَّابِيَةً١٠
Хакимов
Раббисинин пайгамбарына каршы чыгышты эле, (Рабби) аларды өтө катуу азап менен кыйратты!
11
إِنَّا لَمَّا طَغَا ٱلْمَآءُ حَمَلْنَٰكُمْ فِى ٱلْجَارِيَةِ١١
Хакимов
(Нух доорундагы топон) суу ташкан убакытта, Биз (каапырларды кыйратып) силерди кемеде көтөрүп койгон элек.
12
لِنَجْعَلَهَا لَكُمْ تَذْكِرَةً وَتَعِيَهَآ أُذُنٌ وَٰعِيَةٌ١٢
Хакимов
Аны (кемени) силерге үлгү-сабак кылуу үчүн жана акылдуу адамдар (сабак катары) билип жүрүү үчүн.
13
فَإِذَا نُفِخَ فِى ٱلصُّورِ نَفْخَةٌ وَٰحِدَةٌ١٣
Хакимов
Эми, качан «Сур» (деп аталган чоор) бир ирет тартылганда,[1]
[1] Кыямат кайым башталганынын бир белгиси Исрафил периштенин “Сур” деген кернейди тартуусу. Ошол замат топуракта чирип жаткан денелер жамгырдан кийин жайнап чыккан өсүмдүктөр сыяктуу өнүп чыга баштайт. Кийин аларга рухтары учуп келип, биригет.
14
وَحُمِلَتِ ٱلْأَرْضُ وَٱلْجِبَالُ فَدُكَّتَا دَكَّةً وَٰحِدَةً١٤
Хакимов
жер менен тоолор көтөрүлүп, бир ирет кагыштырылып (тоолор упадай урап, жер менен тегиз болуп калганда,)
15
فَيَوْمَئِذٍ وَقَعَتِ ٱلْوَاقِعَةُ١٥
Хакимов
Дал ошол күндө Ваакеьа (кыямат) болот.
16
وَٱنشَقَّتِ ٱلسَّمَآءُ فَهِىَ يَوْمَئِذٍ وَاهِيَةٌ١٦
Хакимов
Жана ал күндө үлпүлдөк (алсыз) болуп калган асман жарылганда,
17
وَٱلْمَلَكُ عَلَىٰٓ أَرْجَآئِهَا ۚ وَيَحْمِلُ عَرْشَ رَبِّكَ فَوْقَهُمْ يَوْمَئِذٍ ثَمَٰنِيَةٌ١٧
Хакимов
жана асмандын ар тарабында периштелер (Аллахтын кызматына даяр туруп), алардын үстүндө сегиз (күч - кубаттуу периште) Раббиңдин Аршын көтөргөндө,[1]
[1] Аллах тааланын “Арш” деп аталган Улук Тактысын көтөрүү вазыйпасы жүктөлгөн периштелердин күчү жана келбет-көлөмү жөнүндө Абу Дауддун “Сунан” китебинде келген бир хадисте пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам мындай дегени баяндалат “... Аршты көтөргөн периштелерден биринин кулагынын жумшагынан желкесине чейин жети жүз жылдык жол” Ибн Касир).
18
يَوْمَئِذٍ تُعْرَضُونَ لَا تَخْفَىٰ مِنكُمْ خَافِيَةٌ١٨
Хакимов
дал ошол күндө силер (Раббиңерге) жолуктуруласыңар. Силердин эч бир сыр(ыңар) жашыруун калбайт.[1]
[1] Анан Аллах таала жеке Өзү сот-сурагын жүргүзө баштайт. Элдерге бул дүйнөдөгү жасаган иштеринин тизмеси – амал баракчалары китептери) таратылат. Ал китептерди ар бир адам баласынын эки желкесинде олтурган эки периште бардык жашыруун иштерине чейин жазып алышкан болчу. Ошондо жакшылардын китептери оң тарабынан, жамандардын китеби сол тарабынан берилет.
19
فَأَمَّا مَنْ أُوتِىَ كِتَٰبَهُۥ بِيَمِينِهِۦ فَيَقُولُ هَآؤُمُ ٱقْرَءُواْ كِتَٰبِيَهْ١٩
Хакимов
Кимге китеби оң тарабынан берилсе, ал (сүйүнгөн бойдон мындай) дейт: «Эй,! Мына, менин китебимди окуп көргүлө!
20
إِنِّى ظَنَنتُ أَنِّى مُلَٰقٍ حِسَابِيَهْ٢٠
Хакимов
Мен бул эсеп-китебиме жолугууга анык ишенген болчумун!»
21
فَهُوَ فِى عِيشَةٍ رَّاضِيَةٍ٢١
Хакимов
Анан ал өзү ыраазы болгон жашоодо -
22
فِى جَنَّةٍ عَالِيَةٍ٢٢
Хакимов
– эң жогорку бейиште болот.
23
قُطُوفُهَا دَانِيَةٌ٢٣
Хакимов
Анын мөмөлөрү (отурган жерден кол сунсаң эле жеткидей аралыкта) ийилип турут.
24
كُلُواْ وَٱشْرَبُواْ هَنِيٓـًٔۢا بِمَآ أَسْلَفْتُمْ فِى ٱلْأَيَّامِ ٱلْخَالِيَةِ٢٤
Хакимов
(Анан аларга айтылат) «Өткөн (дүйнө жашоосунда) жасаган (сооптуу) ишиңер себептүү жегиле, ичкиле – аш болсун!»
25
وَأَمَّا مَنْ أُوتِىَ كِتَٰبَهُۥ بِشِمَالِهِۦ فَيَقُولُ يَٰلَيْتَنِى لَمْ أُوتَ كِتَٰبِيَهْ٢٥
Хакимов
Ал эми, (амал) китеби сол тарабынан берилген (бактысыз адамдар кайгырып мындай) дешет: «Атаганат! Менин китебим берилбей эле койсо экен
26
وَلَمْ أَدْرِ مَا حِسَابِيَهْ٢٦
Хакимов
жана эсебим кандай экенин билбей эле калсам экен...,
27
يَٰلَيْتَهَا كَانَتِ ٱلْقَاضِيَةَ٢٧
Хакимов
Кана эми, ал (менин өлүмүм) чечүүчү болсо! (кайра тирилүү деген болбосо!)
28
مَآ أَغْنَىٰ عَنِّى مَالِيَهْ ۜ٢٨
Хакимов
Мал-дүйнөм мага пайда бербей калды!
29
هَلَكَ عَنِّى سُلْطَٰنِيَهْ٢٩
Хакимов
Менин күч-кубатым (салтанат-бийлигим) жок болуп кетти!»[1]
[1] Мына ушинтип муң-арманын айтып бүтүп-бүтөлекте эле, анын үстүнөн Аллах тааланын каардуу бирок, адилет өкүмү жарыяланат.
30
خُذُوهُ فَغُلُّوهُ٣٠
Хакимов
(Оо, периштелер!) Аны кармап, кишендегиле!
31
ثُمَّ ٱلْجَحِيمَ صَلُّوهُ٣١
Хакимов
Кийин тозокко таштагыла!
32
ثُمَّ فِى سِلْسِلَةٍ ذَرْعُهَا سَبْعُونَ ذِرَاعًا فَٱسْلُكُوهُ٣٢
Хакимов
Андан соң узундугу жетимиш чыканак келген чынжырга өткөргүлө!»[1]
[1] Аяттын арабча текстинде «услукууху» деп келген сөздү кээ бир котормочулар «байлагыла», «таңгыла» деп которушат. Бирок, мунун сөздүктөгү мааниси «жүргүзүү», «өткөрүү». Демек, күнөөкөр, тозоку пенде узундугу жетимиш чыканак болгон чынжырга, шыкка өткөрүлгөн шишкебек сыяктуу өткөрүлөт. Узун чынжыр кылмышкердин арка жагынан киргизилип, оозунан чыгарылат. Мындай азаптан Аллахтын Өзү сактасын! Садий).
33
إِنَّهُۥ كَانَ لَا يُؤْمِنُ بِٱللَّهِ ٱلْعَظِيمِ٣٣
Хакимов
(Себеби), Ал Улук Аллахка ыйман келтирбеди.
34
وَلَا يَحُضُّ عَلَىٰ طَعَامِ ٱلْمِسْكِينِ٣٤
Хакимов
жана бей-бечараларды тамактандырууга (эч кимди) кызыктырбады.
35
فَلَيْسَ لَهُ ٱلْيَوْمَ هَٰهُنَا حَمِيمٌ٣٥
Хакимов
Ал (азаптуу) күндө ал жерде ага (эч бир) дос-жардамчы болбойт.
36
وَلَا طَعَامٌ إِلَّا مِنْ غِسْلِينٍ٣٦
Хакимов
Тамак-аш да болбойт. Бир гана «гислийн» (деген «тамак»)[1] болот.
[1]«Гислийн» - бул тозокто күйгөн кылмышкерлердин денесинен агып чыккан ириңден даярдалган «тамак». Ал өтө кайнак, эң ачуу жана адам чыдагыс сасык болот.
37
لَّا يَأْكُلُهُۥٓ إِلَّا ٱلْخَٰطِـُٔونَ٣٧
Хакимов
Аны күнөөлүү адамдар гана жейт.
38
فَلَآ أُقْسِمُ بِمَا تُبْصِرُونَ٣٨
Хакимов
Мен силер көргөн нерселер менен ант ичип...,
39
وَمَا لَا تُبْصِرُونَ٣٩
Хакимов
Жана силерге көрүнбөгөн (бардык) нерселер менен ант ичип (айтамын):
40
إِنَّهُۥ لَقَوْلُ رَسُولٍ كَرِيمٍ٤٠
Хакимов
«Ал (Куран) Улук пайгамбардын (Аллах үйрөткөн) Сөзү!
41
وَمَا هُوَ بِقَوْلِ شَاعِرٍ ۚ قَلِيلًا مَّا تُؤْمِنُونَ٤١
Хакимов
Ал акындын сөзү эмес! Өтө аз ыйман келтирип жатасыңар!
42
وَلَا بِقَوْلِ كَاهِنٍ ۚ قَلِيلًا مَّا تَذَكَّرُونَ٤٢
Хакимов
Ал бакшы-көзү ачыктын да сөзү эмес![1] (Аллахты) өтө аз эскерип жатасыңар!
[1] Кээ бир каапырлар “Мухаммад жиндер менен байланыш түзгөн бакшы. Ага кабарларды жиндер жеткирип турат” дешкен. Бул аят ошолорго жооп.
43
تَنزِيلٌ مِّن رَّبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ٤٣
Хакимов
Ал – ааламдардын Раббиси тарабынан түшүрүлгөн.
44
وَلَوْ تَقَوَّلَ عَلَيْنَا بَعْضَ ٱلْأَقَاوِيلِ٤٤
Хакимов
Эгер ал (Мухаммад) (Курандагы) кээ бир сөздөрдү (ойлоп чыгарган жана «ушул – Аллахтын сөзү» деп, аны) Бизге оодарган болсо,
45
لَأَخَذْنَا مِنْهُ بِٱلْيَمِينِ٤٥
Хакимов
Биз аны күч менен кармап, өч алмакпыз.
46
ثُمَّ لَقَطَعْنَا مِنْهُ ٱلْوَتِينَ٤٦
Хакимов
Кийин жүрөк тамырын үзүп жибермекпиз!
47
فَمَا مِنكُم مِّنْ أَحَدٍ عَنْهُ حَٰجِزِينَ٤٧
Хакимов
Анан силердин араңардан эч ким аны (Бизден) куткарып кала алмак эмес!
48
وَإِنَّهُۥ لَتَذْكِرَةٌ لِّلْمُتَّقِينَ٤٨
Хакимов
Ал (Куран) такыба кишилер үчүн эскерме-сабак.
49
وَإِنَّا لَنَعْلَمُ أَنَّ مِنكُم مُّكَذِّبِينَ٤٩
Хакимов
Силердин араңарда (Куранды) «жалган» дегендер бар экенин Биз эң жакшы билебиз!
50
وَإِنَّهُۥ لَحَسْرَةٌ عَلَى ٱلْكَٰفِرِينَ٥٠
Хакимов
Ал каапырларга кайгы![1]
[1] Курандын каапырларга кайгы болушунун себеби, акыретте алар «Эх! ушул Куранга ээрчигенибизде азапка жолукпайт болчубуз!» деп кайгы тартышат. Садий).
51
وَإِنَّهُۥ لَحَقُّ ٱلْيَقِينِ٥١
Хакимов
Ал – анык Чындык!
52
فَسَبِّحْ بِٱسْمِ رَبِّكَ ٱلْعَظِيمِ٥٢
Хакимов
Демек, Улук Раббиңдин ысымын (эстеп) аруулагын![1]
[1] Аллах таала бизге Өзүн – Өзү тааныткан. Демек, биз аны Өзү тааныткандай жогорку жана кемчилдиксиз сыпаттар менен гана таанып, сыпатташыбыз керек. Пенденин “Субханалла!” деп дуба кылып жүрүүсү “тасбих” деп аталат. “Субханаллахтын” мааниси “Мен Аллахты ар кандай Өзүнө ылайык эмес сыпаттардан аруулаймын жана Өзү үйрөткөн, Өзүнө ылайык болгон бийик, ыйык жана кемчилдиксиз сыпаттар менен сыпаттаймын” дегенди билдирет.