Сүрө 79

Назиат

W

Тартып алуучулар

46 аят |МеккеМекке
Сүрө 79 • Аят 1 / 46 • Пара 301⁄8 • Бет 583
Назиат
2
1
وَٱلنَّٰزِعَٰتِ غَرْقًا‮١‬‬‬
Хакимов
(Каапырлардын жанын) тереңинен (оорутуп) сууруп алуучу периштелер менен ант ичип,
2
وَٱلنَّٰشِطَٰتِ نَشْطًا‮٢‬‬‬
Хакимов
(ыймандуулардын жанын оорутпай) “чечип алуучу” периштелер менен ант ичип,
3
وَٱلسَّٰبِحَٰتِ سَبْحًا‮٣‬‬‬
Хакимов
(Асман мейкиндигинде өйдө-ылдый) сүзүп жүрүүчү периштелер менен ант ичип,
4
فَٱلسَّٰبِقَٰتِ سَبْقًا‮٤‬‬‬
Хакимов
(Аллахтын буйругун аткарууда) бири-бири менен жарышуучу периштелер менен ант ичип,
5
فَٱلْمُدَبِّرَٰتِ أَمْرًا‮٥‬‬‬
Хакимов
(Аллах табыштаган ааламдык) иштерди башкаруучу периштелер менен ант ичип (айтамын):
6
يَوْمَ تَرْجُفُ ٱلرَّاجِفَةُ‮٦‬‬‬
Хакимов
Ал Күнү (Сур кернейдин биринчи деминен улам) титирөөчү (жер) титирейт.
7
تَتْبَعُهَا ٱلرَّادِفَةُ‮٧‬‬‬
Хакимов
Анын артынан кийинки Сур тартылат.
8
قُلُوبٌ يَوْمَئِذٍ وَاجِفَةٌ‮٨‬‬‬
Хакимов
Ошол күнү (каапыр) жүрөктөр катуу коркуп,
9
أَبْصَٰرُهَا خَٰشِعَةٌ‮٩‬‬‬
Хакимов
Көздөрү жалдырап калат.
10
يَقُولُونَ أَءِنَّا لَمَرْدُودُونَ فِى ٱلْحَافِرَةِ‮١٠‬‬‬
Хакимов
(Каапырларга кыяматтагы кайра тирилүү жөнүндө айтылчу болсо, адамды мыскылдап, какшыктап, мындай) дешет: «Эмне, биз мурдакы (тирүү) абалыбызга кайтарылабызбы,
11
أَءِذَا كُنَّا عِظَٰمًا نَّخِرَةً‮١١‬‬‬
Хакимов
чириген сөөк болуп калсак деле?!»
12
قَالُواْ تِلْكَ إِذًا كَرَّةٌ خَاسِرَةٌ‮١٢‬‬‬
Хакимов
(Дагы мындай) дешти: «Анда бул биз үчүн зыяндуу кайтыш болоор!»
13
فَإِنَّمَا هِىَ زَجْرَةٌ وَٰحِدَةٌ‮١٣‬‬‬
Хакимов
Ал болгону (Исрафил периште тарткан чоордун) бир гана (катуу) добушу.
14
فَإِذَا هُم بِٱلسَّاهِرَةِ‮١٤‬‬‬
Хакимов
Анан капыстан... (тирилип, мүрзөлөрүнөн) жер бетине чыгып калышат!
15
هَلْ أَتَىٰكَ حَدِيثُ مُوسَىٰٓ‮١٥‬‬‬
Хакимов
Сага Мусанын кабары келди беле?
16
إِذْ نَادَىٰهُ رَبُّهُۥ بِٱلْوَادِ ٱلْمُقَدَّسِ طُوًى‮١٦‬‬‬
Хакимов
Бир кезде Раббиси ага ыйык Тува өрөөнүндө (мындай деп) сүйлөдү:
17
ٱذْهَبْ إِلَىٰ فِرْعَوْنَ إِنَّهُۥ طَغَىٰ‮١٧‬‬‬
Хакимов
«Фараонго баргын! Ал чектен чыгып кетти».
18
فَقُلْ هَل لَّكَ إِلَىٰٓ أَن تَزَكَّىٰ‮١٨‬‬‬
Хакимов
Жана ага (мындай) дегин: «Өзүңдү (ширк күнөөсүнөн) тазалоону
19
وَأَهْدِيَكَ إِلَىٰ رَبِّكَ فَتَخْشَىٰ‮١٩‬‬‬
Хакимов
жана мен сени (жалгыз, шериксиз) Раббиңе баштоомду каалайсыңбы? Анан сен (Аллахка ширк келтирүүдөн) коркуп калаар элең»
20
فَأَرَىٰهُ ٱلْـَٔايَةَ ٱلْكُبْرَىٰ‮٢٠‬‬‬
Хакимов
(Муса) ага (Фараонго) чоң моожизаны (жыланга айланган таякты) көргөздү.
21
فَكَذَّبَ وَعَصَىٰ‮٢١‬‬‬
Хакимов
Бирок ал «жалган!» деп, каршы чыкты.
22
ثُمَّ أَدْبَرَ يَسْعَىٰ‮٢٢‬‬‬
Хакимов
Кийин тескери басып, (душмандашууга) аракет кылды.
23
فَحَشَرَ فَنَادَىٰ‮٢٣‬‬‬
Хакимов
жана (адамдарын) чогултуп, бийик добуш менен:
24
فَقَالَ أَنَا۠ رَبُّكُمُ ٱلْأَعْلَىٰ‮٢٤‬‬‬
Хакимов
«Мен силердин эң жогорку Раббиңер боломун» деди.
25
فَأَخَذَهُ ٱللَّهُ نَكَالَ ٱلْـَٔاخِرَةِ وَٱلْأُولَىٰٓ‮٢٥‬‬‬
Хакимов
Анан... Аллах аны дүйнөлүк (жаза) жана Акыреттик азап менен жазалады.
26
إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَعِبْرَةً لِّمَن يَخْشَىٰٓ‮٢٦‬‬‬
Хакимов
Албетте, мында (Раббисинен) корккон пенделер үчүн (чоң) сабак бар.
27
ءَأَنتُمْ أَشَدُّ خَلْقًا أَمِ ٱلسَّمَآءُ ​ۚ بَنَىٰهَا‮٢٧‬‬‬
Хакимов
(Эй, каапырлар!) силердин жаратылууңар татаалыраакпы же асмандынбы?! Аны (Аллах) жаратты!
28
رَفَعَ سَمْكَهَا فَسَوَّىٰهَا‮٢٨‬‬‬
Хакимов
Шыбын көтөрүп, бекем-кынтыксиз кылды.
29
وَأَغْطَشَ لَيْلَهَا وَأَخْرَجَ ضُحَىٰهَا‮٢٩‬‬‬
Хакимов
Түнүн караңгы кылды жана (таң аттырып) жарыгын чыгарды.
30
وَٱلْأَرْضَ بَعْدَ ذَٰلِكَ دَحَىٰهَآ‮٣٠‬‬‬
Хакимов
Андан кийин жерди жайып (кооздоп) койду.
31
أَخْرَجَ مِنْهَا مَآءَهَا وَمَرْعَىٰهَا‮٣١‬‬‬
Хакимов
Андан сууларын, жайлоолорун чыгарды.
32
وَٱلْجِبَالَ أَرْسَىٰهَا‮٣٢‬‬‬
Хакимов
Тоолорду (бекем) орнотту.
33
مَتَٰعًا لَّكُمْ وَلِأَنْعَٰمِكُمْ‮٣٣‬‬‬
Хакимов
Силер үчүн жана силердин айбандарыңар үчүн пайдалануу (ырыскы) болсун деп.
34
فَإِذَا جَآءَتِ ٱلطَّآمَّةُ ٱلْكُبْرَىٰ‮٣٤‬‬‬
Хакимов
Качан чоң Кыямат келсе,
35
يَوْمَ يَتَذَكَّرُ ٱلْإِنسَٰنُ مَا سَعَىٰ‮٣٥‬‬‬
Хакимов
Ал күндө инсан (дүйнөдөгү) иш-аракеттерин эстейт.
36
وَبُرِّزَتِ ٱلْجَحِيمُ لِمَن يَرَىٰ‮٣٦‬‬‬
Хакимов
Караган адамдарга тозок (анык) көргөзүлөт.
37
فَأَمَّا مَن طَغَىٰ‮٣٧‬‬‬
Хакимов
Кимде-ким чектен чыккан болсо
38
وَءَاثَرَ ٱلْحَيَوٰةَ ٱلدُّنْيَا‮٣٨‬‬‬
Хакимов
жана дүйнө жашоосун (Акыреттен) артык көргөн болсо,
39
فَإِنَّ ٱلْجَحِيمَ هِىَ ٱلْمَأْوَىٰ‮٣٩‬‬‬
Хакимов
анын орду албетте, тозокто!
40
وَأَمَّا مَنْ خَافَ مَقَامَ رَبِّهِۦ وَنَهَى ٱلنَّفْسَ عَنِ ٱلْهَوَىٰ‮٤٠‬‬‬
Хакимов
Ал эми, ким Раббисинин алдында (сурак берип) туруудан коркуп, өзүн (арам) каалоо-кумарлардан тыйса,
41
فَإِنَّ ٱلْجَنَّةَ هِىَ ٱلْمَأْوَىٰ‮٤١‬‬‬
Хакимов
анын орду албетте, бейиште!
42
يَسْـَٔلُونَكَ عَنِ ٱلسَّاعَةِ أَيَّانَ مُرْسَىٰهَا‮٤٢‬‬‬
Хакимов
(Кайра тирилүүдөн шектенген адамдар) сенден Кыяматтын качан болушун сурашат.
43
فِيمَ أَنتَ مِن ذِكْرَىٰهَآ‮٤٣‬‬‬
Хакимов
Аны(н убактысын) билүүдөн сен алыссың?!
44
إِلَىٰ رَبِّكَ مُنتَهَىٰهَآ‮٤٤‬‬‬
Хакимов
Анын (качан болоору жөнүндөгү илимдин башы жана) аягы Раббиңе гана тиешелүү.
45
إِنَّمَآ أَنتَ مُنذِرُ مَن يَخْشَىٰهَا‮٤٥‬‬‬
Хакимов
Сен болгону андан (кыяматтан) корко турган кишилерди эскертүүчүсүң.
46
كَأَنَّهُمْ يَوْمَ يَرَوْنَهَا لَمْ يَلْبَثُوٓاْ إِلَّا عَشِيَّةً أَوْ ضُحَىٰهَا‮٤٦‬‬‬
Хакимов
Алар (кыяматты «жалган» дегендер) аны (өз көздөрү менен) көргөн күндө, (бул дүйнөдө) бир күн кечке чейин же түшкө чейин гана турган сыяктуу болуп калышат.