Сүрө 81
Таквир
a
Орогуу
29 аят |
Мекке
Сүрө 81 • Аят 1 / 29 • Пара 302⁄8 • Бет 586
Таквир
2
1
إِذَا ٱلشَّمْسُ كُوِّرَتْ١
Хакимов
Күн оролуп (нуру жоголуп),
2
وَإِذَا ٱلنُّجُومُ ٱنكَدَرَتْ٢
Хакимов
жылдыздар (кыйрап) төгүлүп,
3
وَإِذَا ٱلْجِبَالُ سُيِّرَتْ٣
Хакимов
Тоолор (тытылган жүн сыяктуу) учурулуп,
4
وَإِذَا ٱلْعِشَارُ عُطِّلَتْ٤
Хакимов
курсагында он айлык баласы бар (кымбат баалуу) төөлөр дагы көңүл сыртында калып,[1]
[1] Кыямат кыйроосу башталганда адамдардын көзүнө өз жанынан бөлөк эч нерсенин кызыгы калбайт Арабдардын назарында эң баалуу деп эсептелип, аздектелген жана «Ишаар» курсагында он айлык баласы бар) деп аталган төөлөр менен дагы эч кимдин иши болбой, кароосуз калат.
5
وَإِذَا ٱلْوُحُوشُ حُشِرَتْ٥
Хакимов
жапайы айбандар (үркүп, бир жерге) чогулуп,[1]
[1] Жаралгандан бери бири-бирине кас болуп келген коён-карышкыр, кабылан-кийик сыяктуу жапайы айбандар ошол күндүн коркунучунан катуу үркүп, бир жерге чогулуп калышат.
6
وَإِذَا ٱلْبِحَارُ سُجِّرَتْ٦
Хакимов
деңиздер жанып – от болуп,
7
وَإِذَا ٱلنُّفُوسُ زُوِّجَتْ٧
Хакимов
жандар бири-бирине коштолуп…[1]
[1] Ал эми «жандардын кошулуусун» кээ бир тафсирчилер жандын денелерге кошулуп кайра тирилүүсү деп түшүндүрүшөт.
8
وَإِذَا ٱلْمَوْءُۥدَةُ سُئِلَتْ٨
Хакимов
Тирүүлөй көмүп жиберилген бөбөк кыздар суралганда -
9
بِأَىِّ ذَنۢبٍ قُتِلَتْ٩
Хакимов
Кайсы күнөө(ңөр) үчүн өлтүрүлдү(ңөр деп)...[1]
[1] Исламга чейинки доордо арабдар эгер кыз перзент көрсө аны тирүү бойдон көмүп салышчу. Ислам келип, бул жапайы жорукту токтоткон.
10
وَإِذَا ٱلصُّحُفُ نُشِرَتْ١٠
Хакимов
Жана (бардык адамдарга) амал баракчалары таратылып,
11
وَإِذَا ٱلسَّمَآءُ كُشِطَتْ١١
Хакимов
асман сыйрылып алынганда...
12
وَإِذَا ٱلْجَحِيمُ سُعِّرَتْ١٢
Хакимов
Тозок (катуу) кызытылып,
13
وَإِذَا ٱلْجَنَّةُ أُزْلِفَتْ١٣
Хакимов
Бейиш (ыймандуу адамдарга) жакын алып келингенде…
14
عَلِمَتْ نَفْسٌ مَّآ أَحْضَرَتْ١٤
Хакимов
(Ошол күнү бардык) жан (Акырет үчүн) эмне алып келгенин билет.
15
فَلَآ أُقْسِمُ بِٱلْخُنَّسِ١٥
Хакимов
Жок. Артта кала турган жылдыздарга ант ичип,
16
ٱلْجَوَارِ ٱلْكُنَّسِ١٦
Хакимов
(аларга) жолдош, көрүнбөгөн жылдыздарга ант ичип,
17
وَٱلَّيْلِ إِذَا عَسْعَسَ١٧
Хакимов
(караңгысы менен) келген түнгө ант ичип,
18
وَٱلصُّبْحِ إِذَا تَنَفَّسَ١٨
Хакимов
агарган таңга ант ичип (айтамын):
19
إِنَّهُۥ لَقَوْلُ رَسُولٍ كَرِيمٍ١٩
Хакимов
Чынында, ал (Куран) Улуу Элчинин Сөзү![1]
[1] Бул аяттагы улуу элчи Жебирейил периште. Ал вахий кабарларын Аллахтан кабыл алып, Мухаммадга жеткирген.
20
ذِى قُوَّةٍ عِندَ ذِى ٱلْعَرْشِ مَكِينٍ٢٠
Хакимов
Арш Ээсинин[1] алдында (Жебирейилдин) туруктуу урматы бар (жана ал) өтө күч-кубаттуу.
[1] Аллахтын
21
مُّطَاعٍ ثَمَّ أَمِينٍ٢١
Хакимов
Ал жерде (жогорку жамаат арасында) сөзү өтүмдүү (жана) ишенимдүү.
22
وَمَا صَاحِبُكُم بِمَجْنُونٍ٢٢
Хакимов
(Эй, мушриктер!) Силердин дайым бирге жүргөн шеригиңер (Мухаммад) жинди эмес.
23
وَلَقَدْ رَءَاهُ بِٱلْأُفُقِ ٱلْمُبِينِ٢٣
Хакимов
Ал чынында аны (Жебирейилди) айкын мейкиндикте көргөн.
24
وَمَا هُوَ عَلَى ٱلْغَيْبِ بِضَنِينٍ٢٤
Хакимов
Жана ал кайыпты (силерден) кызгануучу эмес.[1]
[1] Аллах ага кандай гана кайып кабарын билдирсе, бардыгын адамдарга жеткирген. Ошондой эле, кайыптагы Аллахтан келген Дин-Шарияттын бирин калтырбай элдерге жеткирген.
25
وَمَا هُوَ بِقَوْلِ شَيْطَٰنٍ رَّجِيمٍ٢٥
Хакимов
Жана ал[1] каргышка жолуккан Шайтандын сөзү да эмес![2]
[1] Куран.
[2] Мушриктер «Мухаммадка эч ким сүйлөй албаган сөздөрдү жин-шайтандар үйрөтөт» дешчү.
26
فَأَيْنَ تَذْهَبُونَ٢٦
Хакимов
Эми, (чындыктан жүз буруп) кайда бара жатасыңар?!
27
إِنْ هُوَ إِلَّا ذِكْرٌ لِّلْعَٰلَمِينَ٢٧
Хакимов
Ал (Куран) албетте, ааламдар үчүн эскертүү!
28
لِمَن شَآءَ مِنكُمْ أَن يَسْتَقِيمَ٢٨
Хакимов
Силердин араңардан оңолууну каалгандар үчүн (эскертүү!)
29
وَمَا تَشَآءُونَ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُ رَبُّ ٱلْعَٰلَمِينَ٢٩
Хакимов
Жана силер (оо, пенделер) ааламдардын Раббиси каалагандан башканы каалай албайсыңар!