Сүрө 83
Мутаффифин
e
Өлчөмдү азайтуучулар
36 аят |
Мекке
Сүрө 83 • Аят 1 / 36 • Пара 303⁄8 • Бет 587
Мутаффифин
2
1
وَيْلٌ لِّلْمُطَفِّفِينَ١
Хакимов
Таразадан алдагандарга чоң азап болсун!
2
ٱلَّذِينَ إِذَا ٱكْتَالُواْ عَلَى ٱلنَّاسِ يَسْتَوْفُونَ٢
Хакимов
Алар адамдардан (бир нерсени) өлчөтүп (же тарттырып) алган кезде толтуруп алышат дагы,
3
وَإِذَا كَالُوهُمْ أَو وَّزَنُوهُمْ يُخْسِرُونَ٣
Хакимов
Бирөөлөргө өлчөп же тартып бергенде кемитип беришет.
4
أَلَا يَظُنُّ أُوْلَٰٓئِكَ أَنَّهُم مَّبْعُوثُونَ٤
Хакимов
Алар кайра тирилүүлөрүн ойлонушпайт бекен?
5
لِيَوْمٍ عَظِيمٍ٥
Хакимов
Улуу Күн – Кыяматта!
6
يَوْمَ يَقُومُ ٱلنَّاسُ لِرَبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ٦
Хакимов
Ал күнү (бардык) адамдар ааламдардын Раббисинин алдында (сурак берүү үчүн) тикесинен туруп калышат!
7
كَلَّآ إِنَّ كِتَٰبَ ٱلْفُجَّارِ لَفِى سِجِّينٍ٧
Хакимов
Жок! Бузукулардын амал китептери «Сижжинде» экени анык!
8
وَمَآ أَدْرَىٰكَ مَا سِجِّينٌ٨
Хакимов
(Оо, Мухаммад!) сен «Сижжин» эмне экенин билбейсиң![1]
[1] “Сижжин” – бул жети кабат жердин түбүндөгү өтө тар, кысылган, караңгы орун. Таразадан кымтып калган кыянатчылардын рухтары жана амал китептери ошол жерде сакталат.
9
كِتَٰبٌ مَّرْقُومٌ٩
Хакимов
Ал – жазылган китеп.
10
وَيْلٌ يَوْمَئِذٍ لِّلْمُكَذِّبِينَ١٠
Хакимов
Ал (Кыямат) күндө (аны) жалган дегендерге чоң азап берилет!
11
ٱلَّذِينَ يُكَذِّبُونَ بِيَوْمِ ٱلدِّينِ١١
Хакимов
Алар сурак күндү жалган дегендер.
12
وَمَا يُكَذِّبُ بِهِۦٓ إِلَّا كُلُّ مُعْتَدٍ أَثِيمٍ١٢
Хакимов
Ал күндү ар бир чектен чыккан, күнөөгө баткан (каапыр) пенделер «жалган» дешет.
13
إِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِ ءَايَٰتُنَا قَالَ أَسَٰطِيرُ ٱلْأَوَّلِينَ١٣
Хакимов
А(лар)га Биздин аяттарыбыз окуп берилген кезде «(бул) байыркылардын жөө жомогу» дешет.
14
كَلَّا ۖ بَلْ ۜ رَانَ عَلَىٰ قُلُوبِهِم مَّا كَانُواْ يَكْسِبُونَ١٤
Хакимов
Жок, тескерисинче, жасаган (күнөө) иштери жүрөктөрүн ороп алган.[1]
[1] Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам айткан “Эгер пенде бир күнөө иш жасаса, жүрөгүнө чекиттей кара так орноп калат. Ошондо, эгер Аллах тааладан кечирим сурап, тообо кылса жүрөгү тазаланат. Эгерде күнөө ишин улантчу болсо, ал кара так чоңоюп-чоңоюп олтуруп, бүт жүрөгүн ороп калат”. Куртубий)
15
كَلَّآ إِنَّهُمْ عَن رَّبِّهِمْ يَوْمَئِذٍ لَّمَحْجُوبُونَ١٥
Хакимов
Чынында, ошол (Кыямат) күнү алар Раббилеринен тосулган болушат.[1]
[1] Кыяматта үч түрлүү азап бар биринчиси от-тозок азабы, экинчиси жемелеп, сөгүш берүү азабы, үчүнчүсү Аллахтын жүзүн көрүүдөн бей насип калуу азабы.
16
ثُمَّ إِنَّهُمْ لَصَالُواْ ٱلْجَحِيمِ١٦
Хакимов
Андан соң, алар тозокко ташталышат.
17
ثُمَّ يُقَالُ هَٰذَا ٱلَّذِى كُنتُم بِهِۦ تُكَذِّبُونَ١٧
Хакимов
Кийин аларга: «Силер аны «жалган» деген нерсе (тозок) ушул!» – деп айтылат.
18
كَلَّآ إِنَّ كِتَٰبَ ٱلْأَبْرَارِ لَفِى عِلِّيِّينَ١٨
Хакимов
Чынында, жакшы пенделердин китептери[1] «Иллийюнда».
[1] Амал баракчалары
19
وَمَآ أَدْرَىٰكَ مَا عِلِّيُّونَ١٩
Хакимов
(Оо, Мухаммад!) Сен «Иллийюн» эмне экенин билбейсиң.[1]
[1] «Иллийюн» - бул Сижжиндин тескериси. Эгер Сижжин жети кабат жердин түбүндө болсо, Иллийюн жогорку бейиштердеги орун. Ал жерде бейиши болгон пенделердин амал китептери сакталат.
20
كِتَٰبٌ مَّرْقُومٌ٢٠
Хакимов
Ал – жазылган китеп.
21
يَشْهَدُهُ ٱلْمُقَرَّبُونَ٢١
Хакимов
Аны (Аллахка) жакындар (периштелер) көрүп турат.
22
إِنَّ ٱلْأَبْرَارَ لَفِى نَعِيمٍ٢٢
Хакимов
Жакшы (ыймандуу) пенделер «Наим» (деп аталган) бейиштерде.
23
عَلَى ٱلْأَرَآئِكِ يَنظُرُونَ٢٣
Хакимов
Сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап олтурушат.
24
تَعْرِفُ فِى وُجُوهِهِمْ نَضْرَةَ ٱلنَّعِيمِ٢٤
Хакимов
Сен алардын жүздөрүнөн «Наим» бейишинин кубаныч-таасирин көрөсүң.
25
يُسْقَوْنَ مِن رَّحِيقٍ مَّخْتُومٍ٢٥
Хакимов
Аларга (мас кылуу кесепетинен) сакталган таттуу шараптар ичирилет.
26
خِتَٰمُهُۥ مِسْكٌ ۚ وَفِى ذَٰلِكَ فَلْيَتَنَافَسِ ٱلْمُتَنَٰفِسُونَ٢٦
Хакимов
Ал шараптын сактагычы - «миск».[1] Эми, ушул нерсе үчүн жарышкандар жарышсын!
[1] «Миск» - бул жыпар жыты өтө күчтүү болгон нерсе. Ошол нерсени шарапка аралаштыруу менен анын жыты сакталып, мас кылуучу касиети жоготулат.
27
وَمِزَاجُهُۥ مِن تَسْنِيمٍ٢٧
Хакимов
Ал шараптын (дагы бир) аралашмасы «таснимден».
28
عَيْنًا يَشْرَبُ بِهَا ٱلْمُقَرَّبُونَ٢٨
Хакимов
(Тасним - бул) Аллахка эң жакын болгон пенделер гана иче ала турган булак.
29
إِنَّ ٱلَّذِينَ أَجْرَمُواْ كَانُواْ مِنَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ يَضْحَكُونَ٢٩
Хакимов
Ал эми, күнөөкөр адамдар (бул дүйнөдө) ыймандуу кишилердин үстүнөн күлгөн.
30
وَإِذَا مَرُّواْ بِهِمْ يَتَغَامَزُونَ٣٠
Хакимов
(Ыймандуулар) алардын жанынан өткөндө, (бири-бирине) ымдап көргөзүп, шылдыңдашкан.
31
وَإِذَا ٱنقَلَبُوٓاْ إِلَىٰٓ أَهْلِهِمُ ٱنقَلَبُواْ فَكِهِينَ٣١
Хакимов
Үй-бүлөсүнө кайтканда (мыскылдагандан ырахат алып) кубанычтуу кайтышкан.
32
وَإِذَا رَأَوْهُمْ قَالُوٓاْ إِنَّ هَٰٓؤُلَآءِ لَضَآلُّونَ٣٢
Хакимов
Эгер аларды көрүп калса, «Булар - адашкандар» деп айтышкан.
33
وَمَآ أُرْسِلُواْ عَلَيْهِمْ حَٰفِظِينَ٣٣
Хакимов
Алар (каапырлар) аларга (ыймандууларга) кароолчу кылып жиберилбеген го!
34
فَٱلْيَوْمَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مِنَ ٱلْكُفَّارِ يَضْحَكُونَ٣٤
Хакимов
Эми, ал (Кыямат) күндө болсо, ыйман келтиргендер каапырлардын үстүнөн күлүшөт.
35
عَلَى ٱلْأَرَآئِكِ يَنظُرُونَ٣٥
Хакимов
Сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап олтурушат.
36
هَلْ ثُوِّبَ ٱلْكُفَّارُ مَا كَانُواْ يَفْعَلُونَ٣٦
Хакимов
Каапырлар жасаган (күнөө) иштерине сооп алмак беле?!