Сүрө 90

Балад

s

Шаар

20 аят |МеккеМекке
Сүрө 90 • Аят 1 / 20 • Пара 306⁄8 • Бет 594
Балад
ﻉ532Пара 30 6⁄8532ﻉ
2
1
۞ لَآ أُقْسِمُ بِهَٰذَا ٱلْبَلَدِ‮١‬‬‬
Хакимов
Ушул шаарга ант!
2
وَأَنتَ حِلُّ​ۢ بِهَٰذَا ٱلْبَلَدِ‮٢‬‬‬
Хакимов
Сен (оо, Мухаммад) ушул шаарда жашайсың.
3
وَوَالِدٍ وَمَا وَلَدَ‮٣‬‬‬
Хакимов
(Адам)-Атага жана урпактарга ант!
4
لَقَدْ خَلَقْنَا ٱلْإِنسَٰنَ فِى كَبَدٍ‮٤‬‬‬
Хакимов
Биз инсанды машакатка жараттык.[1]

[1] Адампенде каалайбы-каалабайбы, бул дүйнө турушу менен машакат. Аллах таала ушундай жараткандан соң, мындан башкача болбойт. Ал эми, кээ бир адамдар өздөрүнө ушул эле дүйнөдө бейиш куруп алгылары келет жана машакатсыз жашайбыз деп... машакат чегишет.
5
أَيَحْسَبُ أَن لَّن يَقْدِرَ عَلَيْهِ أَحَدٌ‮٥‬‬‬
Хакимов
(Каапыр) инсан өзүнө эч кимдин күчү жетпейт деп ойлойбу?
6
يَقُولُ أَهْلَكْتُ مَالًا لُّبَدًا‮٦‬‬‬
Хакимов
Ал “эсепсиз мал-дүйнө короттум” дейт.
7
أَيَحْسَبُ أَن لَّمْ يَرَهُۥٓ أَحَدٌ‮٧‬‬‬
Хакимов
Ал өзүн эч ким көрбөй турат деп ойлойбу?
8
أَلَمْ نَجْعَل لَّهُۥ عَيْنَيْنِ‮٨‬‬‬
Хакимов
Биз ага эки көз бербедикпи?
9
وَلِسَانًا وَشَفَتَيْنِ‮٩‬‬‬
Хакимов
Тил жана эки эрин бербедикпи?!
10
وَهَدَيْنَٰهُ ٱلنَّجْدَيْنِ‮١٠‬‬‬
Хакимов
Жана Биз аны эки жолго багыттадык.[1]

[1] Ар бир акылдуу инсандын алдында эки жол бар жакшы жана жаман. Ал өзүнүн ыйманына жараша экөөсүнүн бирин тандап алат. Албетте, напси-балээсине азгырылган инсан жеңилине, ылаззатына умтулуп жаман-арам жолго жүрөт. Ал эми, акылын иштеткен ыймандуу адамдар ар канча оор болсо да Акыретте пайда бере турган жакшылык жолуна жүрүшөт.
11
فَلَا ٱقْتَحَمَ ٱلْعَقَبَةَ‮١١‬‬‬
Хакимов
Ал (каапыр инсан) оор жолго жүрбөдү.
12
وَمَآ أَدْرَىٰكَ مَا ٱلْعَقَبَةُ‮١٢‬‬‬
Хакимов
(Оо, Мухаммад) сен оор жол эмне экенин билбейсиң.
13
فَكُّ رَقَبَةٍ‮١٣‬‬‬
Хакимов
(Оор жол – бул) кул азат кылуу
14
أَوْ إِطْعَٰمٌ فِى يَوْمٍ ذِى مَسْغَبَةٍ‮١٤‬‬‬
Хакимов
же болбосо каатчылык күндө тамак-аш берүү –
15
يَتِيمًا ذَا مَقْرَبَةٍ‮١٥‬‬‬
Хакимов
тууганчылыгы бар жетимге.
16
أَوْ مِسْكِينًا ذَا مَتْرَبَةٍ‮١٦‬‬‬
Хакимов
Же чаңга буланган кедейге
17
ثُمَّ كَانَ مِنَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَتَوَاصَوْاْ بِٱلصَّبْرِ وَتَوَاصَوْاْ بِٱلْمَرْحَمَةِ‮١٧‬‬‬
Хакимов
Кийин (бул кайрымдуулукту жасаган) адам ыймандуулардан жана бири-бирин сабырга, ырайымдуулукка чакыруучулардан болсо,
18
أُوْلَٰٓئِكَ أَصْحَٰبُ ٱلْمَيْمَنَةِ‮١٨‬‬‬
Хакимов
Ошолор гана оң тарап ээлери!
19
وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِـَٔايَٰتِنَا هُمْ أَصْحَٰبُ ٱلْمَشْـَٔمَةِ‮١٩‬‬‬
Хакимов
Ал эми, Биздин аяттарыбызга каапыр болгондор сол тарап ээлери.[1]

[1] Кыяматта алардын амал баракчалары сол тарабынан берилип, бактысыз кишилерден болот.
20
عَلَيْهِمْ نَارٌ مُّؤْصَدَةُ​ۢ‮٢٠‬‬‬
Хакимов
Аларды ар жактан от каптап алган.