Сүрө 98
Баййина
8
Ачык далил
8 аят |
Мадина
Сүрө 98 • Аят 1 / 8 • Пара 307⁄8 • Бет 598
Баййина
2
1
لَمْ يَكُنِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِنْ أَهْلِ ٱلْكِتَٰبِ وَٱلْمُشْرِكِينَ مُنفَكِّينَ حَتَّىٰ تَأْتِيَهُمُ ٱلْبَيِّنَةُ١
Хакимов
Китеп ээлеринен (яхудилер жана христиандардан) жана мушриктерден болгон каапырлар аларга Анык Чындык келмейинче (адашуучулугунан) ажырай алышпады.[1]
[1] Мединада түшкөн. Сегиз аяттан турат. “Баййинанын” мааниси “Анык Чындык”.
2
رَسُولٌ مِّنَ ٱللَّهِ يَتْلُواْ صُحُفًا مُّطَهَّرَةً٢
Хакимов
(Анык Чындык – ал) таза барактарды (Куранды) окуп берген Аллахтын элчиси.
3
فِيهَا كُتُبٌ قَيِّمَةٌ٣
Хакимов
Ал барактарда акыйкатты баяндаган жазуулар бар.
4
وَمَا تَفَرَّقَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلْكِتَٰبَ إِلَّا مِنۢ بَعْدِ مَا جَآءَتْهُمُ ٱلْبَيِّنَةُ٤
Хакимов
Китеп берилген элдер (яхудилер менен христиандар) аларга “Анык Чындык” келгенден кийин гана бөлүнүп кетишти.[1]
[1] Кээ бирлери Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдан өздөрүнүн ыйык китептеринде алдын ала айтылган пайгамбардын сыпаттарын таап, ага ыйман келтиришти. Көпчүлүгү “Пайгамбар сөзсүз бизден – яхудилерден чыгыш керек эле” деген көралбастыктан улам каапыр болушту.
5
وَمَآ أُمِرُوٓاْ إِلَّا لِيَعْبُدُواْ ٱللَّهَ مُخْلِصِينَ لَهُ ٱلدِّينَ حُنَفَآءَ وَيُقِيمُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَيُؤْتُواْ ٱلزَّكَوٰةَ ۚ وَذَٰلِكَ دِينُ ٱلْقَيِّمَةِ٥
Хакимов
Алар бардык ибадаттарды калыс Аллах үчүн гана кылууга, андан (жеке кудайга сыйынуудан) башка динден жүз бурууга, намаз окууга, зекет берүүгө буюрулушкан эле жана дал ушул гана Туура Дин!
6
إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِنْ أَهْلِ ٱلْكِتَٰبِ وَٱلْمُشْرِكِينَ فِى نَارِ جَهَنَّمَ خَٰلِدِينَ فِيهَآ ۚ أُوْلَٰٓئِكَ هُمْ شَرُّ ٱلْبَرِيَّةِ٦
Хакимов
Китеп элдери жана мушриктерден болгон каапырлар тозок отунун ичинде! Ал жерде түбөлүк калышат! Алар (чындыкты билип туруп жүз бурганы себептүү) жаратылгандардын эң жаманы!
7
إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ أُوْلَٰٓئِكَ هُمْ خَيْرُ ٱلْبَرِيَّةِ٧
Хакимов
Ал эми ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган адамдар... алар – жаратылгандардын эң жакшысы.
8
جَزَآؤُهُمْ عِندَ رَبِّهِمْ جَنَّٰتُ عَدْنٍ تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَآ أَبَدًا ۖ رَّضِىَ ٱللَّهُ عَنْهُمْ وَرَضُواْ عَنْهُ ۚ ذَٰلِكَ لِمَنْ خَشِىَ رَبَّهُۥ٨
Хакимов
Раббисинин алдында алардын сыйлыктары – анда дайым жашоочу бейиштер! Алардын түбүнөн дарыялар агып турат жана алар анда түбөлүк калышат. (Мунун себеби) алардан Аллах ыраазы болду, алар Аллахтан ыраазы болушту. Бул (сыйлыктар) Раббисинен корккон адамдар үчүн!