Аллахтын эң сонун ысымдары

Аль-Бари

Жоктон Бар Кылуучу

البَارِئُ

Аль-Бари (Жоктон Бар Кылуучу) — ойлогонуна ылайык жоктон бар кылуучу Зат, бул жөндөм Аллах Таалага гана мүнөздүү. Аллахтан башка эч ким өз ниетин так ойлогондой ишке ашыра албайт, ал эми Ал бир нерсени жаратууну ойлосо, тажрыйбаларга жана сыноолорго муктаж эмес. Ал так Өзү ойлогон жана каалаган нерсени жаратат, Ал жараткандын баарынын мааниси жана максаты бар.