Аллахтын эң сонун ысымдары

Аль-Халик

Жаратуучу

الخَالِقُ

Аль-Халик (Жаратуучу) — мурдатан бар нерседен айырмаланган, түп-тамырынан жаңыны жаратуучу Зат. Бул ысым жаратуунун алдында тагдыр белгилөө болорун билдирет, башкача айтканда, Аллах адегенде Өзүнүн кемел билимине жана акылмандыгына таянып, баарына өлчөм белгилейт, андан кийин гана Өзүнүн кемчиликсиз ниетин ишке ашырып, жаратат.