Аллахтын эң сонун ысымдары

Аз-Захир

Эң Жогорку, Ачык

الظَاهِرُ

Аз-Захир (Эң Жогорку, Ачык) — башка баарынан жогору, дайыма үстөм чыккан жана эң асыл сапаттарга ээ, бар болушу жана кемелдиги ар бир акылдуу адамга ачык-айкын Зат. Аллах кемчиликсиз сапаттары жана акылман иштери менен бардык жаратылгандардан жогору. Биз алардын табиятын түшүнүүгө жөндөмсүзбүз, бирок алар ачык-айкын жана иш жүзүндө бардык нерседе көрүнөт.