Аллахтын эң сонун ысымдары

Аль-Ахир

Акыркы

الآخِرُ

Аль-Ахир (Акыркы) — бар болушунун аягы жок жана Андан кийин эч нерсе боло албаган Зат. Аль-Аввал деген сонун ысым бүт бар нерсенин Аллах тарабынан ойлонуп, жаратылганын билдирсе, Аль-Ахир ысымы баарынын Ага кайтаарын жана Анын эркине көз каранды экенин эскертет. Бул тууралуу Куранда айтылгандай: «Көңүл бургула! Бардык иштер Аллахка кайтат!» (Сүрө 42 «Шура», Аят 53).