Аль-Аввал (Биринчи) — Өзүнөн башка эч нерсе жок кезде бар болгон Зат. Бул маанини Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын салаваты жана саламы болсун) Йеменден келген адамдар андан ааламдын башталышы жөнүндө сураганда көрсөткөн. Ал мындай деген: «Адегенде Аллах бар болгон жана Андан башка эч нерсе болгон эмес, Анын Арышы суунун үстүндө эле, Ал Китепке баарын жазды жана асмандар менен жерди жаратты» [Бухари 3191].