Аллахтын эң сонун ысымдары

Аль-Афувв

Күнөөнү Өчүрүүчү, Кечирүүчү

العَفُوُّ

Аль-Афувв (Күнөөнү Өчүрүүчү, Кечирүүчү) — Өзүнүн алдында күнөөлүү болгондорду жазалоодон тартынган, күнөөлөрдү из-түзсүз өчүрүп, алардын оор кесепеттеринен бошоткон Зат. Аль-Газали жазат: «Аль-Афувв — жамандыктарды өчүрүп, күнөөлөрдү кечирген Зат. Бул ысым Аль-Гафур ысымына окшош, бирок мазмуну тереңирээк, анткени гуфран күнөөлөрдү жашырууну билдирет, ал эми афв күнөөлөрдүн өчүрүлөрүн билдирет. Күнөөнү өчүрүү — аны жашыруудан артык».