Аль-Витр (Жалгыз, Жалгыз Өзү) — Өзүнүн затында, өкүмдүгүндө, кудайлыгында жана кемел сыпаттарга ээ болушунда Жалгыз, заты теңдешсиз жана бөлүнбөгөн Жалгыз. Бул ысым Аллах башка бирөө сыпатталышы мүмкүн болгон сапат менен сыпатталса, Ага карата анын өзгөчө, башкача мааниси болорун билдирет.