Аль-Вахид (Жалгыз) — Өзүнөн башка эч ким жок кезде бар болгон, Өзүнө тең да, окшош да эч кимиси жок, кемелдиктин бардык сапаттарына жалгыз Өзү ээ жана аларды эч ким менен бөлүшпөгөн, ибадатка жана сыйынууга жалгыз Өзү татыктуу Зат. Аллах Таала мындай деди: «Силердин кудайыңар – жалгыз Кудай. Эч бир (сыйынууга татыктуу) кудай жок, жалгыз Ал – Ырайымдуу жана Мээримдүү (болгон Аллах) гана бар!» (Сүрө 2 «Бакара», Аят 163). Чыныгы Кудай бирөө гана болушу мүмкүн жана Анын теңи да, окшошу да болбойт.