Аллахтын эң сонун ысымдары

Ас-Ситтир

Жабуучу, Коргоочу

السِّتِّيرُ

Ас-Ситтир (Жабуучу, Коргоочу) — пенделеринин күнөөлөрүн жана кемчиликтерин жаап, аларды маскаралоодон уялган, пенделери өз күнөөлөрүн жашырып, бири-биринин кемчилигин издебегенин жакшы көргөн Зат. Аль-Байхаки жазат: «Ас-Ситтир Анын пенделеринин көп күнөөлөрүн жаап, аларды адамдардын алдында маскараламаарын, пенделери өз кемчиликтерин жашырып, аларды каралашы мүмкүн болгон нерседен алыс болгонун жакшы көрөрүн билдирет».