Сүрө 26
Шуара
n
Акындар
227 аят |
Мекке
Сүрө 26 • Аят 1 / 227 • Пара 193⁄8 • Бет 367
Шуара
2
1
۞ طسٓمٓ١
Хакимов
Та. Сиим. Миим.[1]
[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.
2
تِلْكَ ءَايَٰتُ ٱلْكِتَٰبِ ٱلْمُبِينِ٢
Хакимов
Булар анык китептин (Курандын) аяттары.
3
لَعَلَّكَ بَٰخِعٌ نَّفْسَكَ أَلَّا يَكُونُواْ مُؤْمِنِينَ٣
Хакимов
(Оо, Мухаммад! Мекке мушриктери) ыйманга келбегени үчүн сен (катуу кайгырып, кыжаалат болуп) жаныңды жок кыла жаздадың![1]
[1] Көп кыйналба. Хидаят Туура жол) Аллахтын колунда. Сенин милдетиң жеткирүүдөн гана турат.
4
إِن نَّشَأْ نُنَزِّلْ عَلَيْهِم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ ءَايَةً فَظَلَّتْ أَعْنَٰقُهُمْ لَهَا خَٰضِعِينَ٤
Хакимов
Эгер Биз кааласак, аларга (мушриктерге өздөрү сурагандай) асмандан белги-керемет түшүрүп, аларды ага (мажбур) моюн сунуучулардан кылмакпыз.[1]
[1] Бирок, мындай мажбурлап ыйманга келтирүүдөн пайда жок. Чыныгы ыйман көрбөй туруп, кайыптагы нерселерге ишенүү. Анан калса, ошол моожиза келсе жана мурдагы каапырлар сыяктуу ыйман келтирбей коюшса, анда аларга азап хак ылайык) болуп калмак.
5
وَمَا يَأْتِيهِم مِّن ذِكْرٍ مِّنَ ٱلرَّحْمَٰنِ مُحْدَثٍ إِلَّا كَانُواْ عَنْهُ مُعْرِضِينَ٥
Хакимов
Аларга (мушриктерге) Ырайымдуу (Аллах) тарабынан жаңы эскертүүчү (аяттар) келсе, дароо андан жүз буруучу (ишенбөөчү) болушту.
6
فَقَدْ كَذَّبُواْ فَسَيَأْتِيهِمْ أَنۢبَٰٓؤُاْ مَا كَانُواْ بِهِۦ يَسْتَهْزِءُونَ٦
Хакимов
Алар (Курандагы тозок-бейишти) жалганга чыгарышты (жана аны окуп берген Мухаммадды мазакташты) эми жакында аларга мазактаган нерселеринин анык кабарлары келип калат.
7
أَوَلَمْ يَرَوْاْ إِلَى ٱلْأَرْضِ كَمْ أَنۢبَتْنَا فِيهَا مِن كُلِّ زَوْجٍ كَرِيمٍ٧
Хакимов
Алар жерге карашпайбы: Биз анда канча сонун (пайдалуу) өсүмдүк түрлөрүн өндүрүп чыгардык.
8
إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةً ۖ وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُم مُّؤْمِنِينَ٨
Хакимов
Мында (Аллахтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келтиришпеди.
9
وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ٩
Хакимов
Чынында сенин Раббиң Кудуреттүү (жана) Ырайымдуу.[1]
[1] Ал кааласа зордоп ыйманга келтирип, моюндарын ийип коюууга Кудуреттүү. Бирок, Анын мээрими, каардуулугунан жогору. Пендесине мөөнөт берет, мүмкүнчүлүк берет, Өзүнө өз ыктыяры менен кайтуусун күтөт.
10
وَإِذْ نَادَىٰ رَبُّكَ مُوسَىٰٓ أَنِ ٱئْتِ ٱلْقَوْمَ ٱلظَّٰلِمِينَ١٠
Хакимов
Жана (эстегин оо, Мухаммад) бир кезде Раббиң Мусага (мындай) деди: «Залым коомдорго:
11
قَوْمَ فِرْعَوْنَ ۚ أَلَا يَتَّقُونَ١١
Хакимов
Фараондун коомуна баргын жана аларга: «(Аллахтан) коркпойсуңарбы?» дегин».
12
قَالَ رَبِّ إِنِّىٓ أَخَافُ أَن يُكَذِّبُونِ١٢
Хакимов
«Оо, Раббим, – деди (Муса), – алар мени жалганчыга чыгаруусунан коркомун.
13
وَيَضِيقُ صَدْرِى وَلَا يَنطَلِقُ لِسَانِى فَأَرْسِلْ إِلَىٰ هَٰرُونَ١٣
Хакимов
(Натыйжада) жүрөгүм сыгылып, тилим эркин айланбай калуусу мүмкүн.[1] (Ошондуктан бир тууганым) Харунду да (мага кошуп пайгамбар кылып) жибер.
[1] «Тилим эркин айланбай калуусунан коркомун» дегенинин себеби, ал бир аз кекечтенип сүйлөчү.
14
وَلَهُمْ عَلَىَّ ذَنۢبٌ فَأَخَافُ أَن يَقْتُلُونِ١٤
Хакимов
Алардын (оюнда) менин күнөөм бар.[1] Мени өлтүрүп коюуларынан да коркомун».
[1] Мусанын мындай дешинин себеби, ал Мисирде Фараондун сарайында жүргөндө бир египеттик кишини байкоосуздан уруп өлтүрүп алат жана ушул себептүү качып кетет.
15
قَالَ كَلَّا ۖ فَٱذْهَبَا بِـَٔايَٰتِنَآ ۖ إِنَّا مَعَكُم مُّسْتَمِعُونَ١٥
Хакимов
(Аллах) айтты: «Жок, (өлтүрө алышпайт) экөөң Биздин кереметтерди алып бара бергиле. Биз силер менен бирге угуп (кабардар болуп) туруучубуз.
16
فَأْتِيَا فِرْعَوْنَ فَقُولَآ إِنَّا رَسُولُ رَبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ١٦
Хакимов
Баргыла да минтип айткыла: «Биз ааламдардын Раббисинин элчилери болобуз.
17
أَنْ أَرْسِلْ مَعَنَا بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ١٧
Хакимов
Исраил урпактарын (азат кыл жана) биз менен кошуп (ата-журттарына) жибер» дегиле. (Аллахтын элчилери Фараонго барып, буюрулган сөздөрдү айтышты эле...,)
18
قَالَ أَلَمْ نُرَبِّكَ فِينَا وَلِيدًا وَلَبِثْتَ فِينَا مِنْ عُمُرِكَ سِنِينَ١٨
Хакимов
(Фараон мындай) деди: «Балалыгыңда өзүбүздүн арабызда биз тарбия кылбадык беле сени (эй, Муса?) Өмүрүңдөн бир нече жылдарды биздин арабызда өткөрдүң эле го!
19
وَفَعَلْتَ فَعْلَتَكَ ٱلَّتِى فَعَلْتَ وَأَنتَ مِنَ ٱلْكَٰفِرِينَ١٩
Хакимов
Андан кийин кылгылыкты кылып коюп, (Египеттик букарабызды өлтүрүп) шүгүрсүз адамдардан болгонсуң!».
20
قَالَ فَعَلْتُهَآ إِذًا وَأَنَاْ مِنَ ٱلضَّآلِّينَ٢٠
Хакимов
(Муса) айтты: «Кылган болсом, мен аны байкабагандыктан улам жасагам. (Атайлап өлтүргөн эмесмин).
21
فَفَرَرْتُ مِنكُمْ لَمَّا خِفْتُكُمْ فَوَهَبَ لِى رَبِّى حُكْمًا وَجَعَلَنِى مِنَ ٱلْمُرْسَلِينَ٢١
Хакимов
Анан, (мени да өлтүрөсүңөр деп) коркконумда силерден качып (Мадянга) кетип калдым. Анан Аллах мага өкүм берди жана пайгамбарлардан кылды.
22
وَتِلْكَ نِعْمَةٌ تَمُنُّهَا عَلَىَّ أَنْ عَبَّدتَّ بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ٢٢
Хакимов
Ал эми сенин мага милдет кылган жакшылыгың болсо, Исраил урпактарын кул кылып алагыңдын алдында эч нерсе эмес.[1]
[1] Мусанын жообу «Эгер сен менин уруумду жана анын уул перзенттерин тукум курут кылууга буйрук бербегениңде апам мени себетке салып дарыяга агызбайт эле. Сен мени дарыядан кармап алып, бакма бала кылып албайт элең. Бир элдин баарын азапта, кулчулукта кармап, бир гана перзентин ата-энесинен ажыратып «камкордук» көргөзгөнүң жакшылык деп атоого арзыйбы?» деген маанилерди билдирет.
23
قَالَ فِرْعَوْنُ وَمَا رَبُّ ٱلْعَٰلَمِينَ٢٣
Хакимов
Фараон айтты: «Ааламдардын Раббиси» дегениң эмне, ыя?».
24
قَالَ رَبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَآ ۖ إِن كُنتُم مُّوقِنِينَ٢٤
Хакимов
«Ал - асмандардын, жердин жана ал экөөсүнүн арасындагы (бардык) нерселердин Раббиси, эгер билсеңер» - деди (Муса).
25
قَالَ لِمَنْ حَوْلَهُۥٓ أَلَا تَسْتَمِعُونَ٢٥
Хакимов
(Фараон) өзүнүн айланасындагыларга: «Анын сөзүн угуп жатасыңарбы?» - деди (Мусаны шылдыңдап).
26
قَالَ رَبُّكُمْ وَرَبُّ ءَابَآئِكُمُ ٱلْأَوَّلِينَ٢٦
Хакимов
(Муса): «Аллах силердин жана абалкы ата-бабаңардын Раббиси» деди.
27
قَالَ إِنَّ رَسُولَكُمُ ٱلَّذِىٓ أُرْسِلَ إِلَيْكُمْ لَمَجْنُونٌ٢٧
Хакимов
(Анда Фараон адамдарга) айтты: «Силерге «жиберилген «пайгамбарыңар» анык жинди болуптур!».
28
قَالَ رَبُّ ٱلْمَشْرِقِ وَٱلْمَغْرِبِ وَمَا بَيْنَهُمَآ ۖ إِن كُنتُمْ تَعْقِلُونَ٢٨
Хакимов
(Муса сөзүн улап, мындай) деди: «Ал чыгыш менен батыштын жана ал экөөсүнүн арасындагылардын Раббиси, эгер акылыңарды иштетсеңер».[1]
[1] Инсаният тарыхындагы бардык залим падышалар акыйкатты сүйлөгөн кишилер менен оболу асмандан келип сүйлөшүшөт. Бирок, илим менен зулум «сүйлөшө» албайт. Зулум сөз таба албай калганда күчүн көргөзөт. Фараон да ошол ыкмага өттү.
29
قَالَ لَئِنِ ٱتَّخَذْتَ إِلَٰهًا غَيْرِى لَأَجْعَلَنَّكَ مِنَ ٱلْمَسْجُونِينَ٢٩
Хакимов
«(Оо, Муса!) Эгер менден башканы кудай кылып алчу болсоң, сөзсүз зындандагылардын катарына кошомун!» - деди.
30
قَالَ أَوَلَوْ جِئْتُكَ بِشَىْءٍ مُّبِينٍ٣٠
Хакимов
«Эгер сага (далил боло турган) анык бир нерсе көргөзсөмчү?» - деди (Муса).
31
قَالَ فَأْتِ بِهِۦٓ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّٰدِقِينَ٣١
Хакимов
«Көргөз, эгер сөзүң чын болсо» - деди.
32
فَأَلْقَىٰ عَصَاهُ فَإِذَا هِىَ ثُعْبَانٌ مُّبِينٌ٣٢
Хакимов
Анан (Муса) таягын (жерге) таштады эле…, ошол замат (кадимкидей) жыланга айланып калды!
33
وَنَزَعَ يَدَهُۥ فَإِذَا هِىَ بَيْضَآءُ لِلنَّٰظِرِينَ٣٣
Хакимов
Жана колун (чөнтөгүнөн) чыгарды эле..., ошол замат көрүүчүлөргө аппак (нурдуу) болуп калды!
34
قَالَ لِلْمَلَإِ حَوْلَهُۥٓ إِنَّ هَٰذَا لَسَٰحِرٌ عَلِيمٌ٣٤
Хакимов
«(Оо,) бул эң илимдүү сыйкырчы болуп калган турбайбы!» - деди (Фараон) тегерегиндеги төбөлдөргө.[1]
[1] Жана эле «акылсыз», «жинди» деп турган адам эми «илимдүү сыйкырчы» дегенге өттү. Мушриктердин бардыгы ушундай туруксуз болушат.
35
يُرِيدُ أَن يُخْرِجَكُم مِّنْ أَرْضِكُم بِسِحْرِهِۦ فَمَاذَا تَأْمُرُونَ٣٥
Хакимов
«Бул өзүнүн сыйкыры менен силерди жериңерден чыгарып жиберүүнү каалайт! Кана, эмне дейсиңер?».
36
قَالُوٓاْ أَرْجِهْ وَأَخَاهُ وَٱبْعَثْ فِى ٱلْمَدَآئِنِ حَٰشِرِينَ٣٦
Хакимов
(Сарай эли) айтышты: «Аны менен бир тууганын (камап) койо тур жана шаарларга (сыйкырчыларды) чогултуп келчү (чабармандарды) жибер.
37
يَأْتُوكَ بِكُلِّ سَحَّارٍ عَلِيمٍ٣٧
Хакимов
Алар (чабармандар) сага бардык илимдүү сыйкырчыларды алып келишсин».[1]
[1] Муса менен сыйкырчылар мелдеш өткөрмөк болушуп, убактысын, жайын келишип алышты. Муса Аллахтын моожиза-кереметин бардык эл көрсүн деп майрам күндү белгиледи.
38
فَجُمِعَ ٱلسَّحَرَةُ لِمِيقَٰتِ يَوْمٍ مَّعْلُومٍ٣٨
Хакимов
Белгиленген күндө убадалашкан жерге (мамлекеттин чар тарабынан алып келинген эң күчтүү) сыйкырчылар чогулушту.
39
وَقِيلَ لِلنَّاسِ هَلْ أَنتُم مُّجْتَمِعُونَ٣٩
Хакимов
Анан адамдарга айтылды: «Чогулуп болдуңарбы?
40
لَعَلَّنَا نَتَّبِعُ ٱلسَّحَرَةَ إِن كَانُواْ هُمُ ٱلْغَٰلِبِينَ٤٠
Хакимов
Эгер (биздин) сыйкырчылар жеңип чыкса, ошолорду ээрчисек деген үмүттөбүз!».
41
فَلَمَّا جَآءَ ٱلسَّحَرَةُ قَالُواْ لِفِرْعَوْنَ أَئِنَّ لَنَا لَأَجْرًا إِن كُنَّا نَحْنُ ٱلْغَٰلِبِينَ٤١
Хакимов
Сыйкырчылар келип бүткөндө Фараонго: «Эгер жеңип чыксак, бизге сыйлык болобу?» дешти.
42
قَالَ نَعَمْ وَإِنَّكُمْ إِذًا لَّمِنَ ٱلْمُقَرَّبِينَ٤٢
Хакимов
«Ооба – деди (Фараон) – анда менин эң жакын адамдарыман болосуңар».
43
قَالَ لَهُم مُّوسَىٰٓ أَلْقُواْ مَآ أَنتُم مُّلْقُونَ٤٣
Хакимов
Муса аларга айтты: «Таштай турган нерсеңерди таштагыла».
44
فَأَلْقَوْاْ حِبَالَهُمْ وَعِصِيَّهُمْ وَقَالُواْ بِعِزَّةِ فِرْعَوْنَ إِنَّا لَنَحْنُ ٱلْغَٰلِبُونَ٤٤
Хакимов
Алар жиптерин жана таяктарын таштап: «Фараондун кудурети менен биз жеңип чыгабыз!» - дешти.[1]
[1] Алар таштаган нерселер майда-чүйдө жыландардай көрүнүп турду элдин көзүнө. Бул кадимки эле көз бойогон сыйкырчылык эле.
45
فَأَلْقَىٰ مُوسَىٰ عَصَاهُ فَإِذَا هِىَ تَلْقَفُ مَا يَأْفِكُونَ٤٥
Хакимов
Анан Муса дагы таягын таштады эле… капыстан (кадимки эле чоң жыланга айланып) сыйкырчылардын жасалма жыландарын жута баштады!
46
فَأُلْقِىَ ٱلسَّحَرَةُ سَٰجِدِينَ٤٦
Хакимов
(Бул Кудуреттүү Аллахтын гана колунан келерин дароо түшүнгөн) сыйкырчылар (Аллахка) сажда кылган абалда бойлорун жерге таштап (мындай)
47
قَالُوٓاْ ءَامَنَّا بِرَبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ٤٧
Хакимов
дешти: «Ааламдардын Раббисине, ыйман келтирдик!
48
رَبِّ مُوسَىٰ وَهَٰرُونَ٤٨
Хакимов
Муса жана Харундун Раббисине (ыйман келтирдик!)”
49
قَالَ ءَامَنتُمْ لَهُۥ قَبْلَ أَنْ ءَاذَنَ لَكُمْ ۖ إِنَّهُۥ لَكَبِيرُكُمُ ٱلَّذِى عَلَّمَكُمُ ٱلسِّحْرَ فَلَسَوْفَ تَعْلَمُونَ ۚ لَأُقَطِّعَنَّ أَيْدِيَكُمْ وَأَرْجُلَكُم مِّنْ خِلَٰفٍ وَلَأُصَلِّبَنَّكُمْ أَجْمَعِينَ٤٩
Хакимов
(Фараон ачууланып, мындай) деди: «Мен силерге уруксат бербей туруп ага ыйман келтирдиңерби?! Демек ал силерге сыйкырды үйрөткөн чоңуңар турбайбы! Азыр билип аласыңар (менин ким экенимди!). Колу-бутуңарды каршы-терши чаап, баардыгыңды асып саламын![1]
[1] Залымга даба жок турбайбы. Болбосо, сыйкырчылар менен Муса анын көз алдында биринчи жолу жолугушуп турган болсо, алар мамлекеттин ар тарабынан чогултулуп келинген болсо, дагы кантип Муса алардын устаты болуп калсын?! Акыйкатты кабыл албай, жүрөгү карарып залым өкүмдарлар ушундай болбогур нерселерди шылтоо кылып Акыйкатка каршы чыга беришет.
50
قَالُواْ لَا ضَيْرَ ۖ إِنَّآ إِلَىٰ رَبِّنَا مُنقَلِبُونَ٥٠
Хакимов
«(Мунун) зыяны жок – дешти сыйкырчылар – биз (анда) Раббибизге кайтып барабыз.
51
إِنَّا نَطْمَعُ أَن يَغْفِرَ لَنَا رَبُّنَا خَطَٰيَٰنَآ أَن كُنَّآ أَوَّلَ ٱلْمُؤْمِنِينَ٥١
Хакимов
Биз (Мусага) эң абалкылардан болуп ыйман келтиргенибиз себептүү, Раббибиз биздин каталарыбызды кечиришин үмүт кылабыз».[1]
[1] Сыйкырчылардын окуясы ушинтип аяктады. Бирок Фараон менен адамдары, жалпы эл өз каапырчылыгында калды. Аларга Муса дагы көп Аллахтын моожизаларын көргөздү аларга суу балээси, чебиртке, кан, бака, бит сыяктуу апаат-балээлер көргөзүлдү. Ар биринде Мусага «Раббиңе дуба кыл, балээни алсын, ыйман келтирели дешип, балээ көтөрүлгөн соң, дагы кайрадан каапырчылыгын улантып жатышты. Аллах таала аларга мөөнөт берүүсүн токтотуп, кырып жоюуга себеп болуучу окуяларды тездетти.
52
۞۞ وَأَوْحَيْنَآ إِلَىٰ مُوسَىٰٓ أَنْ أَسْرِ بِعِبَادِىٓ إِنَّكُم مُّتَّبَعُونَ٥٢
Хакимов
Жана Биз Мусага «Менин пенделерим менен түн ичинде (Мисирден) чык. Силердин изиңерден куугунчулар түшөт» - деп вахий кылдык.
53
فَأَرْسَلَ فِرْعَوْنُ فِى ٱلْمَدَآئِنِ حَٰشِرِينَ٥٣
Хакимов
(Муса Исраил урпактарын түнү менен чыгарып кеткенден кийин) Фараон шаарларга (аскер) чогултуучуларды жиберди.
54
إِنَّ هَٰٓؤُلَآءِ لَشِرْذِمَةٌ قَلِيلُونَ٥٤
Хакимов
(Жана чогулган куугунчуларды шердентиш үчүн): «Алар бир ууч гана селсаяктар.
55
وَإِنَّهُمْ لَنَا لَغَآئِظُونَ٥٥
Хакимов
Алар биздин ачуубузду чыгарды.
56
وَإِنَّا لَجَمِيعٌ حَٰذِرُونَ٥٦
Хакимов
Биз бардыгыбыз (душмандан) сак болгон адамдарбыз (Аларды сөзсүз кармап келебиз)!» - деди.
57
فَأَخْرَجْنَٰهُم مِّن جَنَّٰتٍ وَعُيُونٍ٥٧
Хакимов
(Түшүмдүү) бакчаларынан, (суусу мол) булактарынан Биз аларды (ушинтип) чыгардык.
58
وَكُنُوزٍ وَمَقَامٍ كَرِيمٍ٥٨
Хакимов
(чогулткан) казыналарынан жана кооз-сонун үй-жайларынан.
59
كَذَٰلِكَ وَأَوْرَثْنَٰهَا بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ٥٩
Хакимов
Ошондой (болду). Биз (кийинчерээк) аларды Исраил урпактарына мурас кылып бердик.
60
فَأَتْبَعُوهُم مُّشْرِقِينَ٦٠
Хакимов
(Куугунчулар) аларды күн чыккан мезгилде кууп жетишти.
61
فَلَمَّا تَرَٰٓءَا ٱلْجَمْعَانِ قَالَ أَصْحَٰبُ مُوسَىٰٓ إِنَّا لَمُدْرَكُونَ٦١
Хакимов
Эки жамаат бири-бирине көрүнүп калганда, Мусанын шериктери «Биз колго түштүк!» – дешти.
62
قَالَ كَلَّآ ۖ إِنَّ مَعِىَ رَبِّى سَيَهْدِينِ٦٢
Хакимов
«Жок! – деди (Муса), – албетте, Раббим мени менен! Ал мага жол көргөзөт!».
63
فَأَوْحَيْنَآ إِلَىٰ مُوسَىٰٓ أَنِ ٱضْرِب بِّعَصَاكَ ٱلْبَحْرَ ۖ فَٱنفَلَقَ فَكَانَ كُلُّ فِرْقٍ كَٱلطَّوْدِ ٱلْعَظِيمِ٦٣
Хакимов
Анан Биз Мусага: «Таягың менен деңизди чап!» - деп вахий кылдык. (Буйрукту аткарганда) деңиз (он эки жол болуп) жарылды жана ар бир бөлүгү чоң тоо сыяктуу болуп калды.[1]
[1] Муса менен анын он эки уруу эли өз жолдоруна түшүп, наркы жээкке жол алышты.
64
وَأَزْلَفْنَا ثَمَّ ٱلْـَٔاخَرِينَ٦٤
Хакимов
Анан башкаларды (Фараон менен анын аскерлерин деңиз-жолдун ичине кириш үчүн) жакындаштырдык.
65
وَأَنجَيْنَا مُوسَىٰ وَمَن مَّعَهُۥٓ أَجْمَعِينَ٦٥
Хакимов
Мусаны жана аны менен бирге болгондордун бардыгын (өткөрүп,) куткардык.
66
ثُمَّ أَغْرَقْنَا ٱلْـَٔاخَرِينَ٦٦
Хакимов
Кийин башкаларды чөктүрүп жибердик!
67
إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةً ۖ وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُم مُّؤْمِنِينَ٦٧
Хакимов
Мында (Аллахтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келтирбей жатышат.
68
وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ٦٨
Хакимов
Чынында сенин Раббиң Кудуреттүү (жана) Мээримдүү.[1]
[1] Кудуреттүүлүгү менен Мисирдей чоң мамлекеттин чар тарабынан чогулган Фараондун күчтүү армиясын алеки заматта жок кылып, ырайымдуулугу менен азыр эле кул болуп турган миңдеген Исраил урпактарын алардан калган мүлккө мураскор кылып койду! Субханаллах!
69
وَٱتْلُ عَلَيْهِمْ نَبَأَ إِبْرَٰهِيمَ٦٩
Хакимов
(Оо, Мухаммад,) аларга (Курандан) Ибрахимдин кабарын окуп бер.
70
إِذْ قَالَ لِأَبِيهِ وَقَوْمِهِۦ مَا تَعْبُدُونَ٧٠
Хакимов
Бир кезде ал атасына жана коомуна «Эмнеге сыйынып жатасыңар?» - деди.[1]
[1] Ибрахимдин бул сөзү суроо эмес, четке кагуу маанисинде болчу.
71
قَالُواْ نَعْبُدُ أَصْنَامًا فَنَظَلُّ لَهَا عَٰكِفِينَ٧١
Хакимов
«Буттарыбызга сыйынып жатабыз жана аларга берилген бойдон калабыз» – дешти.
72
قَالَ هَلْ يَسْمَعُونَكُمْ إِذْ تَدْعُونَ٧٢
Хакимов
(Анда Ибрахим) айтты: «Аларга дуба кылсаңар силерди угабы?
73
أَوْ يَنفَعُونَكُمْ أَوْ يَضُرُّونَ٧٣
Хакимов
Же болбосо силерге пайда же зыян жеткире алабы?».
74
قَالُواْ بَلْ وَجَدْنَآ ءَابَآءَنَا كَذَٰلِكَ يَفْعَلُونَ٧٤
Хакимов
«Жок, (бирок) биз ата-бабаларыбыздын ушундайча сыйынып жатканын көргөнбүз» дешти.
75
قَالَ أَفَرَءَيْتُم مَّا كُنتُمْ تَعْبُدُونَ٧٥
Хакимов
(Ибрахим) айтты: «Эмнеге сыйынып жатканыңарды ойлоп көрдүңөрбү,
76
أَنتُمْ وَءَابَآؤُكُمُ ٱلْأَقْدَمُونَ٧٦
Хакимов
силер жана байыркы ата-бабаңар дагы (ойлоп көрүштү бекен?).
77
فَإِنَّهُمْ عَدُوٌّ لِّىٓ إِلَّا رَبَّ ٱلْعَٰلَمِينَ٧٧
Хакимов
Чынында булар (буттар) мага душман! Ал эми, (менин досум, жолбашчым) Ааламдардын Раббиси (Аллах!)
78
ٱلَّذِى خَلَقَنِى فَهُوَ يَهْدِينِ٧٨
Хакимов
Ал мени жаратты, анан туура жолго баштайт.
79
وَٱلَّذِى هُوَ يُطْعِمُنِى وَيَسْقِينِ٧٩
Хакимов
Жана Ал мени жедирет жана ичирет.
80
وَإِذَا مَرِضْتُ فَهُوَ يَشْفِينِ٨٠
Хакимов
Оорусам, Өзү мага шыпаа берет.
81
وَٱلَّذِى يُمِيتُنِى ثُمَّ يُحْيِينِ٨١
Хакимов
Жана Ал менин жанымды алып (кыяматта) мени кайра тирилтет.
82
وَٱلَّذِىٓ أَطْمَعُ أَن يَغْفِرَ لِى خَطِيٓـَٔتِى يَوْمَ ٱلدِّينِ٨٢
Хакимов
Жана кыяматта Ал менин күнөөлөрүмдү кечирүүсүн үмүт кыламын.
83
رَبِّ هَبْ لِى حُكْمًا وَأَلْحِقْنِى بِٱلصَّٰلِحِينَ٨٣
Хакимов
«Оо, Раббим! Мага өкүм(дөрдү билдире турган көп илим) бергин жана (өткөн) жакшы адамдарга (пайгамбарларга) кошкун!
84
وَٱجْعَل لِّى لِسَانَ صِدْقٍ فِى ٱلْـَٔاخِرِينَ٨٤
Хакимов
Жана мени(н ысымымды) акыркылардын чынчыл тилдеринде (дубаларында) кылгын!
85
وَٱجْعَلْنِى مِن وَرَثَةِ جَنَّةِ ٱلنَّعِيمِ٨٥
Хакимов
Жана мени жыргалчылыктуу бейиштин мураскорлорунан кылгын!
86
وَٱغْفِرْ لِأَبِىٓ إِنَّهُۥ كَانَ مِنَ ٱلضَّآلِّينَ٨٦
Хакимов
Жана менин атамды кечиргин! Ал адашуучулардан болуп калды![1]
[1] Ибрахим бул сөзүн атасынын ыйманга келүүсүнөн үмүтү бар мезгилде айткан. Ал эми, ыйманга келүүсүнөн үмүтү үзүлгөндө «мен силерден жана силер сыйынган кудайлардан кечтим!» деп атасынан кечкен.
87
وَلَا تُخْزِنِى يَوْمَ يُبْعَثُونَ٨٧
Хакимов
(Оо, Раббим! адамдарга) кайрадан тириле турган күндө мени(н кээ бир каталарымды ачып) шерменде кылбагын!».
88
يَوْمَ لَا يَنفَعُ مَالٌ وَلَا بَنُونَ٨٨
Хакимов
Ал күндө не мал-мүлк, не бала-чака пайда бербейт.
89
إِلَّا مَنْ أَتَى ٱللَّهَ بِقَلْبٍ سَلِيمٍ٨٩
Хакимов
Бир гана, Аллахка (ширктен) таза жүрөк менен келген адам(дын жакшылык иштери гана пайда берет).
90
وَأُزْلِفَتِ ٱلْجَنَّةُ لِلْمُتَّقِينَ٩٠
Хакимов
Такыбалуу кишилерге бейиш жакын келтирилди.
91
وَبُرِّزَتِ ٱلْجَحِيمُ لِلْغَاوِينَ٩١
Хакимов
Жолдон азгандарга болсо, тозок көргөзүлдү![1]
[1] Туура жолду тандоонун ордуна өз каалоолорун ээрчип, Аллахтын пайгамбарлары алып келген Акыйкатка каршы иштеген, Аллахтын арам кылган нерселерин адалга, адалдарын арамга чыгарган адамдарга тозок, ичиндеги бардык азаптары менен даярдап коюлду.
92
وَقِيلَ لَهُمْ أَيْنَ مَا كُنتُمْ تَعْبُدُونَ٩٢
Хакимов
Жана аларга айтылды: «Силер ибадат кылган «кудайыңар» кайда калды?!
93
مِن دُونِ ٱللَّهِ هَلْ يَنصُرُونَكُمْ أَوْ يَنتَصِرُونَ٩٣
Хакимов
Аллахты коюп (ошолорго сыйындыңар эле). Алар (бүгүн) силерге же өздөрүнө жардам бере алабы?!».
94
فَكُبْكِبُواْ فِيهَا هُمْ وَٱلْغَاوُۥنَ٩٤
Хакимов
Анан ага (тозокко биринин үстүнө бири) ташталышат: алар (жалган кудайлар) жана (аларга) азгырылгандар,
95
وَجُنُودُ إِبْلِيسَ أَجْمَعُونَ٩٥
Хакимов
жана Иблистин (адамдардан, жиндерден болгон) бардык аскерлери.[1]
[1] Күнөө, ширк ибадаттарга чакырган бардык адамдар жана жиндер Иблистин аскерлери болуп эсептелет.
96
قَالُواْ وَهُمْ فِيهَا يَخْتَصِمُونَ٩٦
Хакимов
Алар тозокто (бири-бирин айыптап) талашып-тартышып (мындай) дешти:
97
تَٱللَّهِ إِن كُنَّا لَفِى ضَلَٰلٍ مُّبِينٍ٩٧
Хакимов
«Аллахка ант, биз анык адашууда болуптурбуз!
98
إِذْ نُسَوِّيكُم بِرَبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ٩٨
Хакимов
Биз (эй, жалган кудайлар) силерди ааламдардын Раббисине теңештириптирбиз!
99
وَمَآ أَضَلَّنَآ إِلَّا ٱلْمُجْرِمُونَ٩٩
Хакимов
Бизди күнөөкөрлөр гана адаштырды!
100
فَمَا لَنَا مِن شَٰفِعِينَ١٠٠
Хакимов
Эми, бизге шапаатчы (актоочу) жок болуп калды![1]
[1] Бул жерде, Кыяматта болуучу окуялардын сөздөрү өткөн чакта айтылгандыгынын мааниси, албетте ошондой болушун билдирет.
101
وَلَا صَدِيقٍ حَمِيمٍ١٠١
Хакимов
Жана бизге (пайда берчү эч бир) кадырман дос да жок!
102
فَلَوْ أَنَّ لَنَا كَرَّةً فَنَكُونَ مِنَ ٱلْمُؤْمِنِينَ١٠٢
Хакимов
Кана эми, дүйнөгө (артка) кайтарылсак жана ыймандуулардан болуп калсак!».
103
إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةً ۖ وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُم مُّؤْمِنِينَ١٠٣
Хакимов
Албетте бул аяттарда үлгү-сабак бар. Бирок, адамдардын көпчүлүгү ыйман келтиришкен жок.
104
وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ١٠٤
Хакимов
Чындыгында сенин Раббиң (оо, Мухаммад!) бир Өзү гана Кудуреттүү, Мээримдүү.
105
كَذَّبَتْ قَوْمُ نُوحٍ ٱلْمُرْسَلِينَ١٠٥
Хакимов
Нухтун коому дагы пайгамбарларды[1] жалганчыга чыгарды.
[1] Алар бир Нухтун өзүн «жалганчы дегенине карабай, аятта «Пайгамбарларды» деп келгенинин себеби, кайсы бир эл бир гана пайгамбарга ишенбесе, бардык пайгамбарларга ишенбеген болуп эсептелет. Себеби, бардык пайгамбарлар бир гана таалимди-жалгыз Аллахтын Өзүнө ибадат кылуу тавхид) таалимин алып келишкен.
106
إِذْ قَالَ لَهُمْ أَخُوهُمْ نُوحٌ أَلَا تَتَّقُونَ١٠٦
Хакимов
Бир кезде аларга өздөрүнөн болгон Нух (мындай) деди: «(Аллахтан) коркпойсуңарбы?!
107
إِنِّى لَكُمْ رَسُولٌ أَمِينٌ١٠٧
Хакимов
Мен силер үчүн (Аллах тарабынан жиберилген) ишеничтүү элчи боломун.
108
فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ١٠٨
Хакимов
Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!
109
وَمَآ أَسْـَٔلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ ۖ إِنْ أَجْرِىَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ١٠٩
Хакимов
Мен ыйманга чакырганым үчүн силерден (кызмат) акы сурабаймын. Мага сооп-сыйлык берүү ааламдардын Раббисинин иши.
110
فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ١١٠
Хакимов
Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула![1]
[1] Бул аяттын кайталанып келишинин себеби, Нух бул сөздү каапыр элине көп, кайра кайра айткан. Ал тогуз жүз элүү жыл, тынбай элди Аллахтан коркууга, Аллахтын пайгамбарына моюн сунууга чакырган.
111
۞۞ قَالُوٓاْ أَنُؤْمِنُ لَكَ وَٱتَّبَعَكَ ٱلْأَرْذَلُونَ١١١
Хакимов
«Сага ыйман келтиребизби?! Сага төмөнкү катмардагы адамдар гана ээрчиген го!» - дешти (кекирейген каапыр бай-манаптар).[1]
[1] Алар Нухка «Эгер ошол кедейлерди айдап жиберсең, биз сен менен сүйлөшүп, балким, келишип алышыбыз мүмкүн» деп шарт коюшкан.
112
قَالَ وَمَا عِلْمِى بِمَا كَانُواْ يَعْمَلُونَ١١٢
Хакимов
(Анда Нух) айтты: «Алардын эмне иш жасап жатканын (байлыгы барбы же жокпу) мен билбеймин.
113
إِنْ حِسَابُهُمْ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّى ۖ لَوْ تَشْعُرُونَ١١٣
Хакимов
Эгер түшүнсөңөр, Алардын эсебин Раббим Өзү билет.
114
وَمَآ أَنَاْ بِطَارِدِ ٱلْمُؤْمِنِينَ١١٤
Хакимов
Ал эми, мен ыйман келтиргендерди кууп жибербеймин.
115
إِنْ أَنَاْ إِلَّا نَذِيرٌ مُّبِينٌ١١٥
Хакимов
Мен болгону бир анык эскертүүчүмүн».
116
قَالُواْ لَئِن لَّمْ تَنتَهِ يَٰنُوحُ لَتَكُونَنَّ مِنَ ٱلْمَرْجُومِينَ١١٦
Хакимов
«Эй, Нух! Эгер үгүтүңдү токтотпосоң, ташбараңга алынасың!» (дешти ачууланган төбөлдөр).[1]
[1] Өздөрүнө насаат айткан пайгамбарга ушундай мамиле жасаган элде эмне жакшылык болсун?! Нух аларды өмүр бою жакшылыкка – Акыреттеги тозок отунан кутулууга чакырса, «токтот, ташбараң кылабыз» дешет! Нух бул элге насаат пайда бербесин билди, өзүнө болгон алардын зулуму, мазактоолору, кежирликтери жанына батты. Анан аларга каргыш дуба кылды.
117
قَالَ رَبِّ إِنَّ قَوْمِى كَذَّبُونِ١١٧
Хакимов
(Нух) айтты: «Оо, Раббим! Коомум мени жалганчыга чыгарды!
118
فَٱفْتَحْ بَيْنِى وَبَيْنَهُمْ فَتْحًا وَنَجِّنِى وَمَن مَّعِىَ مِنَ ٱلْمُؤْمِنِينَ١١٨
Хакимов
Мени менен алардын арасын биротоло ачып кой! (аларга азап жибер) жана мени менен бирге болгон ыймандууларды куткар!».
119
فَأَنجَيْنَٰهُ وَمَن مَّعَهُۥ فِى ٱلْفُلْكِ ٱلْمَشْحُونِ١١٩
Хакимов
Анан Биз (каапырларга топон суу балээсин жиберип, айбанаттар менен) толтурулган кемеде Нухту жана аны менен бирге (ыймандуу) болгондорду куткардык.
120
ثُمَّ أَغْرَقْنَا بَعْدُ ٱلْبَاقِينَ١٢٠
Хакимов
Кийин, калган (каапыр) элдерди чөктүрүп жибердик.
121
إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةً ۖ وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُم مُّؤْمِنِينَ١٢١
Хакимов
Мында (Аллахтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келбей коюшту.
122
وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ١٢٢
Хакимов
Чынында сенин Раббиң Кудуреттүү (жана) Ырайымдуу.[1]
[1] Кудурети менен топон суу жиберип, каапырларды чөктүрүп салды. Ырайымы менен Өзүнө ибадат кылгандарды куткарып калды.
123
كَذَّبَتْ عَادٌ ٱلْمُرْسَلِينَ١٢٣
Хакимов
Аад (коому) дагы пайгамбарларды «жалганчы» - деди.[1]
[1] Аад коому өздөрүнүн арасынан тандалып, өздөрүнө пайгамбар кылып жиберилген Худду жалганчыга чыгарышты.
124
إِذْ قَالَ لَهُمْ أَخُوهُمْ هُودٌ أَلَا تَتَّقُونَ١٢٤
Хакимов
Бир кезде аларга өз тууганы Худ айтты: «(Аллахтан) коркпойсуңарбы?!
125
إِنِّى لَكُمْ رَسُولٌ أَمِينٌ١٢٥
Хакимов
Мен силер үчүн (Аллах тарабынан жиберилген) аманаткөй элчимин.
126
فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ١٢٦
Хакимов
Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!
127
وَمَآ أَسْـَٔلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ ۖ إِنْ أَجْرِىَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ١٢٧
Хакимов
Мен чакырыгым үчүн силерден (кызмат) акы сурабаймын. Менин сооп-сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет.
128
أَتَبْنُونَ بِكُلِّ رِيعٍ ءَايَةً تَعْبَثُونَ١٢٨
Хакимов
Эмне, силер ар кайсы (таш) дөбөгө пайдасыз курулуштарды (бут, айкелдерди ж.б.) ойноп эле кура бересиңерби?!
129
وَتَتَّخِذُونَ مَصَانِعَ لَعَلَّكُمْ تَخْلُدُونَ١٢٩
Хакимов
(Ичинде) түбөлүк жашай тургансып, (бекем, бийик) сарайларды салып жатасыңар!
130
وَإِذَا بَطَشْتُم بَطَشْتُمْ جَبَّارِينَ١٣٠
Хакимов
Эгер (бир алсыз элге) күчүңөрдү көргөзсөңөр, канкордук менен көргөзөсүңөр![1]
[1] Алар күч-кубаттарынан манчыркап, башка элдерге баскын жасап, зулум көргөзүп турушкан.
131
فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ١٣١
Хакимов
Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!
132
وَٱتَّقُواْ ٱلَّذِىٓ أَمَدَّكُم بِمَا تَعْلَمُونَ١٣٢
Хакимов
Силерге өзүңөргө белгилүү жакшылыктарды берген Аллахтан корккула!
133
أَمَدَّكُم بِأَنْعَٰمٍ وَبَنِينَ١٣٣
Хакимов
Ал силерге чарба малдарын жана балдарды берди.
134
وَجَنَّٰتٍ وَعُيُونٍ١٣٤
Хакимов
Бактарды жана булактарды берди.
135
إِنِّىٓ أَخَافُ عَلَيْكُمْ عَذَابَ يَوْمٍ عَظِيمٍ١٣٥
Хакимов
Мен силердин башыңарга улук күндүн (кыяматтын) азабы түшүп калуусунан коркомун!
136
قَالُواْ سَوَآءٌ عَلَيْنَآ أَوَعَظْتَ أَمْ لَمْ تَكُن مِّنَ ٱلْوَٰعِظِينَ١٣٦
Хакимов
(Каапырлар) айтышты: «Бизге сенин насыйкат айтканыңдын да, айтпаганыңдын да эч айырмасы жок.
137
إِنْ هَٰذَآ إِلَّا خُلُقُ ٱلْأَوَّلِينَ١٣٧
Хакимов
Ал эми бул (бай-бардарлык Раббиңден жакшылык эмей эле) абалкылардын салты.
138
وَمَا نَحْنُ بِمُعَذَّبِينَ١٣٨
Хакимов
Жана биз (кыяматта кайрадан тирилбейбиз жана) азапка да тартылбайбыз».
139
فَكَذَّبُوهُ فَأَهْلَكْنَٰهُمْ ۗ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةً ۖ وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُم مُّؤْمِنِينَ١٣٩
Хакимов
(Худ пайгамбарды ушинтип) жалганчыга чыгарышты. Анан Биз аларды (добул шамал менен) кыйратып жоготтук. Мында (кудуретибиздин) белгиси бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыймандуу болушпады.
140
وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ١٤٠
Хакимов
Чынында сенин Раббиң Бир Өзү гана Кудуреттүү, Ырайымдуу.
141
كَذَّبَتْ ثَمُودُ ٱلْمُرْسَلِينَ١٤١
Хакимов
Самуд эли дагы пайгамбарларды[1] жалганчы кылды.
[1] «Пайгамбарлар» деген сөз боюнча 105-123- аяттарды караңыз.
142
إِذْ قَالَ لَهُمْ أَخُوهُمْ صَٰلِحٌ أَلَا تَتَّقُونَ١٤٢
Хакимов
Бир кезде аларга өз тууганы Салих айтты: «(Аллахтан) корксоңор болбойбу?!
143
إِنِّى لَكُمْ رَسُولٌ أَمِينٌ١٤٣
Хакимов
Мен силерге жиберилген аманаткөй пайгамбармын.
144
فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ١٤٤
Хакимов
Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!
145
وَمَآ أَسْـَٔلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ ۖ إِنْ أَجْرِىَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ١٤٥
Хакимов
Мен чакырыгым үчүн силерден акы-сыйлык сурабаймын. Менин сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет.
146
أَتُتْرَكُونَ فِى مَا هَٰهُنَآ ءَامِنِينَ١٤٦
Хакимов
Силер бул жердеги жакшылык-жыргалдардын ичинде (жыргаган бойдон) аман-эсен таштап коюлат бекенсиңер,
147
فِى جَنَّٰتٍ وَعُيُونٍ١٤٧
Хакимов
бактардын, булактардын ичинде?
148
وَزُرُوعٍ وَنَخْلٍ طَلْعُهَا هَضِيمٌ١٤٨
Хакимов
Эгинзарларда жана жагымдуу курмалардын ичинде?[1]
[1] Жок силер бул дүйнөгө жөн эле жыргаганы келгениңер жок! Жалгыз Аллахка ибадат кылганы келгенсиңер!
149
وَتَنْحِتُونَ مِنَ ٱلْجِبَالِ بُيُوتًا فَٰرِهِينَ١٤٩
Хакимов
Чеберчилик менен тоолордун боорун оюп (үй куруп) жатасыңар.
150
فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ١٥٠
Хакимов
Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!
151
وَلَا تُطِيعُوٓاْ أَمْرَ ٱلْمُسْرِفِينَ١٥١
Хакимов
Чектен ашкан күнөөкөрлөрдүн буйругуна моюн сунбагыла!
152
ٱلَّذِينَ يُفْسِدُونَ فِى ٱلْأَرْضِ وَلَا يُصْلِحُونَ١٥٢
Хакимов
Алар жер бетин оңдой турган эмес, буза турган адамдар».
153
قَالُوٓاْ إِنَّمَآ أَنتَ مِنَ ٱلْمُسَحَّرِينَ١٥٣
Хакимов
(Каапырлар жооп берип, мындай) дешти: «Сен сыйкырлангандардан (эсин жоготкондордон) болуп калыптырсың!
154
مَآ أَنتَ إِلَّا بَشَرٌ مِّثْلُنَا فَأْتِ بِـَٔايَةٍ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّٰدِقِينَ١٥٤
Хакимов
Сен бизге окшогон эле адамсың! Эгер («мен пайгамбармын» деген сөзүңдө) чынчылдардан болсоң, бизге бир белги (керемет) көргөзчү?».
155
قَالَ هَٰذِهِۦ نَاقَةٌ لَّهَا شِرْبٌ وَلَكُمْ شِرْبُ يَوْمٍ مَّعْلُومٍ١٥٥
Хакимов
(Салих аларга Аллах таштан чыгарып берген төөнү көргөзүп), айтты: «Мына бул төө (силерге керемет болсун. Эми, кудуктан кезек менен) силерге бир күн, ага да бир күн белгилүү суу ичүү күнү болсун.
156
وَلَا تَمَسُّوهَا بِسُوٓءٍ فَيَأْخُذَكُمْ عَذَابُ يَوْمٍ عَظِيمٍ١٥٦
Хакимов
Ага жамандык кылбагыла. Антсеңер, силерди улук күндүн азабы кармайт!».
157
فَعَقَرُوهَا فَأَصْبَحُواْ نَٰدِمِينَ١٥٧
Хакимов
Анан (каапырлар) ал төөнү союп салышты жана (кийин бул иштеринен) бушайман чегип калышты.
158
فَأَخَذَهُمُ ٱلْعَذَابُ ۗ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةً ۖ وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُم مُّؤْمِنِينَ١٥٨
Хакимов
Натыйжада аларды азап (уккан адамдын жүрөгүн жарып жиберчү ач айкырык) кармады. Мында (кудуретибизге) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыймандуулардан болушпады.
159
وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ١٥٩
Хакимов
Албетте, сенин Раббиң бир Өзү гана Кудуреттүү, Мээримдүү.
160
كَذَّبَتْ قَوْمُ لُوطٍ ٱلْمُرْسَلِينَ١٦٠
Хакимов
Лут коому дагы пайгамбарларды жалганчы деди.[1]
[1] Эмне үчүн Лут бир адам болсо дагы Аллах таала «пайгамбарлар» деп көптүк түрдө айтты? Бул маселенин жообу ушул сүрөнүн 105-аятында.
161
إِذْ قَالَ لَهُمْ أَخُوهُمْ لُوطٌ أَلَا تَتَّقُونَ١٦١
Хакимов
Бир кезде аларга тууганы Лут айтты: «(Адал, никедеги аялыңар турганда бири-бириңер менен бачабаздык кылганы Аллахтан) коркпойсуңарбы?!
162
إِنِّى لَكُمْ رَسُولٌ أَمِينٌ١٦٢
Хакимов
Мен силерге аманаткөй пайгамбармын.
163
فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ١٦٣
Хакимов
Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!
164
وَمَآ أَسْـَٔلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ ۖ إِنْ أَجْرِىَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ١٦٤
Хакимов
Мен ал үгүтүм үчүн силерден акы сурабаймын. Менин сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет.
165
أَتَأْتُونَ ٱلذُّكْرَانَ مِنَ ٱلْعَٰلَمِينَ١٦٥
Хакимов
(Оо, коомум!) силер ааламдардын (жаратылган нерселердин) арасынан эркектер менен (жыныстык байланыш) кыласыңарбы?!
166
وَتَذَرُونَ مَا خَلَقَ لَكُمْ رَبُّكُم مِّنْ أَزْوَٰجِكُم ۚ بَلْ أَنتُمْ قَوْمٌ عَادُونَ١٦٦
Хакимов
Раббиңер силер үчүн жаратып койгон аялдарыңарды таштайсыңарбы?! Жок! Силер чектен чыккан коом болуп калыпсыңар!».
167
قَالُواْ لَئِن لَّمْ تَنتَهِ يَٰلُوطُ لَتَكُونَنَّ مِنَ ٱلْمُخْرَجِينَ١٦٧
Хакимов
«Эй, Лут! – дешти (каапырлар) – эгер токтотпосоң, (шаардан) чыгарып жиберебиз!».
168
قَالَ إِنِّى لِعَمَلِكُم مِّنَ ٱلْقَالِينَ١٦٨
Хакимов
(Лут) айтты: «Мен силердин ишиңерден жийиркенем!
169
رَبِّ نَجِّنِى وَأَهْلِى مِمَّا يَعْمَلُونَ١٦٩
Хакимов
Оо, Раббим! Мени жана үй-бүлөмдү алардын ишинен Өзүң сакта!».
170
فَنَجَّيْنَٰهُ وَأَهْلَهُۥٓ أَجْمَعِينَ١٧٠
Хакимов
Анан Биз Лут менен анын бардык үй-бүлөсүн куткардык.
171
إِلَّا عَجُوزًا فِى ٱلْغَٰبِرِينَ١٧١
Хакимов
Бир гана азаптын арасында калып кеткен кемпирди (Луттун аялын) куткарбадык.
172
ثُمَّ دَمَّرْنَا ٱلْـَٔاخَرِينَ١٧٢
Хакимов
Кийин (ошол кемпирге кошуп) башкаларды да кыйраттык.
173
وَأَمْطَرْنَا عَلَيْهِم مَّطَرًا ۖ فَسَآءَ مَطَرُ ٱلْمُنذَرِينَ١٧٣
Хакимов
Жана алардын үстүнө (таштарды) жамгырдай жаадырдык. Эскертүү берилгендердин «жамгыры» кандай жаман![1]
[1] Аларга «Эгер эсиңерге келип, арам ишиңерди таштап, жалгыз Аллахтын Өзүнө сыйынууга, Анын гана буйруктарын аткарууга кайтпасаңар, башыңарга катуу азап түшөт» деп эскертилген болчу.
174
إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةً ۖ وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُم مُّؤْمِنِينَ١٧٤
Хакимов
Мында (Аллахтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келтирүүчү болушпады.
175
وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ١٧٥
Хакимов
Чынында сенин Раббиңдин Өзү гана Кудуреттүү, Ырайымдуу!
176
كَذَّبَ أَصْحَٰبُ لْـَٔيْكَةِ ٱلْمُرْسَلِينَ١٧٦
Хакимов
Калың бак-дарак элдери да пайгамбарларды «жалганчы» дешти.[1]
[1] Бул - Хижаз менен Палестинанын аралыгындагы Мадян элдери. Мадян калың бак-дарактуу жер болгон. «Пайгамбарлар» деген сөз боюнча 105-аятка караңыз.
177
إِذْ قَالَ لَهُمْ شُعَيْبٌ أَلَا تَتَّقُونَ١٧٧
Хакимов
Бир кезде аларга Шуайб (пайгамбар) айтты: (Аллахтан) коркпойсуңарбы?!
178
إِنِّى لَكُمْ رَسُولٌ أَمِينٌ١٧٨
Хакимов
Мен силерге жиберилген аманаткөй пайгамбармын.
179
فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ١٧٩
Хакимов
Эми, Аллахтан корккула жана мага моюн сунгула!
180
وَمَآ أَسْـَٔلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ ۖ إِنْ أَجْرِىَ إِلَّا عَلَىٰ رَبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ١٨٠
Хакимов
Мен үгүтүм үчүн силерден акы сурабаймын. Менин сыйлыгымды ааламдардын Раббиси берет.
181
۞۞ أَوْفُواْ ٱلْكَيْلَ وَلَا تَكُونُواْ مِنَ ٱلْمُخْسِرِينَ١٨١
Хакимов
(Оо, коомум) өлчөөнү толук кылгыла! Кемитип тартуучулардан болбогула!
182
وَزِنُواْ بِٱلْقِسْطَاسِ ٱلْمُسْتَقِيمِ١٨٢
Хакимов
Туура тараза менен тарткыла!
183
وَلَا تَبْخَسُواْ ٱلنَّاسَ أَشْيَآءَهُمْ وَلَا تَعْثَوْاْ فِى ٱلْأَرْضِ مُفْسِدِينَ١٨٣
Хакимов
Адамдардын нерселерин кемитпегиле![1] Жер бетинде бузукулук таратып жүрбөгүлө!
[1] Таразадан алдоо бирөөнүн чөнтөгүнө «түшүү» метрден үнөмдөп калуу, уурулук, карактоо..., ушулардын баары тоноочулук болуп саналат.
184
وَٱتَّقُواْ ٱلَّذِى خَلَقَكُمْ وَٱلْجِبِلَّةَ ٱلْأَوَّلِينَ١٨٤
Хакимов
Силерди жана абалкы муундарды жараткан Аллахтан корккула!
185
قَالُوٓاْ إِنَّمَآ أَنتَ مِنَ ٱلْمُسَحَّرِينَ١٨٥
Хакимов
(Каапырлар) айтышты: «Сен (эй, Шуайб) сыйкырланып калгансың го!
186
وَمَآ أَنتَ إِلَّا بَشَرٌ مِّثْلُنَا وَإِن نَّظُنُّكَ لَمِنَ ٱلْكَٰذِبِينَ١٨٦
Хакимов
Сен биз сыяктуу эле адамсың! (Кантип тамак жеп, базарда жүрө турган жөнөкөй адам пайгамбар болсун?!) Биз, сени анык эле жалганчылардын бири деп ойлойбуз.
187
فَأَسْقِطْ عَلَيْنَا كِسَفًا مِّنَ ٱلسَّمَآءِ إِن كُنتَ مِنَ ٱلصَّٰدِقِينَ١٨٧
Хакимов
Эгер чынчыл болсоң, биздин башыбызга асмандын бир бөлүгүн түшүрүп жиберчи? (Мына ушинтип шылдыңдашты каапырлар Шуайб пайгамбарды. Үгүт пайда бербей, кайра өзүнө кордук көргөзүлгөн соң)
188
قَالَ رَبِّىٓ أَعْلَمُ بِمَا تَعْمَلُونَ١٨٨
Хакимов
(Шуайб мындай) деди: «Силердин ишиңерди(н жазасын) Раббимдин Өзү гана билет.[1]
[1] Мен болгону Акыйкат сөздү жеткирүүчүмүн. Силердин башыңарга азап түшүрүүнү мен билбеймин, Раббим билет. Ал Өзү каалаган учурда силерге азап түшүрүүгө Кудуреттүү.
189
فَكَذَّبُوهُ فَأَخَذَهُمْ عَذَابُ يَوْمِ ٱلظُّلَّةِ ۚ إِنَّهُۥ كَانَ عَذَابَ يَوْمٍ عَظِيمٍ١٨٩
Хакимов
Аны (дагы) жалганчыга чыгарышты эле, аларды (капыстан) көлөкөлүү күндүн азабы кармады![1] Бул улук күндүн азабы болчу.
[1] Ошондо, Аллах Күндү аябай ысык кылган. Каапырлар көлөкө таппай, ысыктан кыйналып калганда, Аллах чоң бир кара булут жиберген. Муну көргөн каапырлар, Аллахтын амалкерлиги экенин ойлоп да коюшпай, анын астына чогулушканда..., булуттун арасынан от чыгып, бардыгын күлгө айланткан!
190
إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَـَٔايَةً ۖ وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُم مُّؤْمِنِينَ١٩٠
Хакимов
Албетте мында үлгү-сабак бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыймандуу болушпады.
191
وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ١٩١
Хакимов
Чынында сенин Раббиң, Бир Өзү гана Кудуреттүү, Ырайымдуу.
192
وَإِنَّهُۥ لَتَنزِيلُ رَبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ١٩٢
Хакимов
«Ал (Куран) ааламдардын Раббиси тарабынан түшкөн».
193
نَزَلَ بِهِ ٱلرُّوحُ ٱلْأَمِينُ١٩٣
Хакимов
Аны аманаткөй Рух (Жебирейил периште) алып келди,
194
عَلَىٰ قَلْبِكَ لِتَكُونَ مِنَ ٱلْمُنذِرِينَ١٩٤
Хакимов
сенин жүрөгүңө, эскертүүчүлөрдөн (пайгамбарлардан) болууң үчүн.
195
بِلِسَانٍ عَرَبِىٍّ مُّبِينٍ١٩٥
Хакимов
(Ал) ачык-айкын араб тилинде (түшкөн).
196
وَإِنَّهُۥ لَفِى زُبُرِ ٱلْأَوَّلِينَ١٩٦
Хакимов
Албетте, ал абалкылардын ыйык китептеринде да эскертилген.
197
أَوَلَمْ يَكُن لَّهُمْ ءَايَةً أَن يَعْلَمَهُۥ عُلَمَٰٓؤُاْ بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ١٩٧
Хакимов
Аны Исраил урпактарынын (яхудилердин) ичиндеги уламалар билиши аларга далил болбойбу?[1]
[1] Араб мушриктери үчүн яхуди уламаларынын сөзү далил болгон. Бир нерседе талашып калчу болушса дароо аларга чуркап барышып, «Тооратты карагылачы, паландай маселеде эмне айтылган экен деп турушкан. Ал эми, Куран маселесинде да ынсаптуу еврей аалымдары Тооратта Куран жана Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам жөнүндө айтылганын маалымдашкан. Бирок, кежирленген мушриктер бул далилге да муюбай коюшту.
198
وَلَوْ نَزَّلْنَٰهُ عَلَىٰ بَعْضِ ٱلْأَعْجَمِينَ١٩٨
Хакимов
Эгер Биз аны араб эмес адамдардын кээ бирине түшүрсөк
199
فَقَرَأَهُۥ عَلَيْهِم مَّا كَانُواْ بِهِۦ مُؤْمِنِينَ١٩٩
Хакимов
жана аларга (ошол тилде) окуп берсе да ыйман келтиришмек эмес.[1]
[1] Анда «Эч нерсени түшүнбөй жатабыз. Бул эмне өзү?» дешмек.
200
كَذَٰلِكَ سَلَكْنَٰهُ فِى قُلُوبِ ٱلْمُجْرِمِينَ٢٠٠
Хакимов
Биз ошондой эле (Куранды) күнөөкөр адамдардын жүрөктөрүнө (Куранга болгон жалган менен каапырлыкты) жолдодук.
201
لَا يُؤْمِنُونَ بِهِۦ حَتَّىٰ يَرَوُاْ ٱلْعَذَابَ ٱلْأَلِيمَ٢٠١
Хакимов
Алар жан ооруткан азапты көрмөйүнчө ага ыйман келтиришпейт.
202
فَيَأْتِيَهُم بَغْتَةً وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ٢٠٢
Хакимов
Азап болсо аларга капыстан келет. Алар аны туйбай-сезишпей калышат.
203
فَيَقُولُواْ هَلْ نَحْنُ مُنظَرُونَ٢٠٣
Хакимов
Анан алар: «Мөөнөт берилгендерден болоор бекенбиз» деп калышат.
204
أَفَبِعَذَابِنَا يَسْتَعْجِلُونَ٢٠٤
Хакимов
Биздин азапты шаштырып жатышабы?
205
أَفَرَءَيْتَ إِن مَّتَّعْنَٰهُمْ سِنِينَ٢٠٥
Хакимов
Айтчы (оо, Мухаммад!) эгер Биз аларды бир нече жылдар (мөөнөт берип, дүйнө жыргалдарынан) пайдалантырсак,
206
ثُمَّ جَآءَهُم مَّا كَانُواْ يُوعَدُونَ٢٠٦
Хакимов
Андан кийин аларга убада кылынган нерсе (азап) келсе,
207
مَآ أَغْنَىٰ عَنْهُم مَّا كَانُواْ يُمَتَّعُونَ٢٠٧
Хакимов
ошол пайдалантырылган нерселердин аларга пайдасы тиймек эмес!
208
وَمَآ أَهْلَكْنَا مِن قَرْيَةٍ إِلَّا لَهَا مُنذِرُونَ٢٠٨
Хакимов
Биз кайсы шаарды(н элин) кыйраткан босок, (ошого чейин) алардын эскертүүчүсү болгон.
209
ذِكْرَىٰ وَمَا كُنَّا ظَٰلِمِينَ٢٠٩
Хакимов
(Бул) - эскертүү үчүн. Биз (эч качан) зулум кылуучулардан болбодук.[1]
[1] Эгер эскертүү бербей кыйратса, анда зулум болмок.
210
وَمَا تَنَزَّلَتْ بِهِ ٱلشَّيَٰطِينُ٢١٠
Хакимов
Аны (Куранды) жин-шайтандар түшүргөн эмес.
211
وَمَا يَنۢبَغِى لَهُمْ وَمَا يَسْتَطِيعُونَ٢١١
Хакимов
Аларга (Куран түшүрүү) ылайык эмес. Жана буга алардын кудуреттери да жетпейт.[1] (Анткени:)
[1] Мушриктердин Куранга, пайгамбарга койгон дооматтарынын кезектегиси - алардын «Куранды Мухаммадга жин-шайтандар шыбыраса керек» деген сөздөрү. Бул аят ошол дооматка жооп. Шайтандар - ыпылас. Билген-кылган иштери азгырык. Ал эми Куран таза жана турган бүткөнү хидаят туура жол). Демек, шайтан буга ылайык эмес. Анан шайтандар жогорку Арштан Куран аяттарын алып келебиз деп аракет кылган күндө деле, кудуреттери жетпейт.
212
إِنَّهُمْ عَنِ ٱلسَّمْعِ لَمَعْزُولُونَ٢١٢
Хакимов
Алар аны угуудан тосулуп коюлган.[1]
[1] Жин-шайтандар түшө турган Куран аяттарын же болбосо башка бир кайып кабарларын уурдап алуу үчүн эң жогорку асмандарга сагаласа, аларга жылдыздар атырылып, күйдүрүп жиберчү болгон. Анын үстүнө Куран аяттарын Кудуреттүү периште Жебирейил коргоп, сактап алып түшөт. Аллах таала башка бир аятта «Зикирди Куранды) Биз түшүрдүк жана аны Өзүбүз сактоочубуз» деген.
213
فَلَا تَدْعُ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَ فَتَكُونَ مِنَ ٱلْمُعَذَّبِينَ٢١٣
Хакимов
(Оо, Мухаммад!) Аллахка кошуп башка «кудайларга» дуба кылбагын. Анткенде, азапталуучулардан болуп каласың.
214
وَأَنذِرْ عَشِيرَتَكَ ٱلْأَقْرَبِينَ٢١٤
Хакимов
Жана (эң оболу) жакын туугандарыңды (тозок азабынан) эскерт!
215
وَٱخْفِضْ جَنَاحَكَ لِمَنِ ٱتَّبَعَكَ مِنَ ٱلْمُؤْمِنِينَ٢١٥
Хакимов
Өзүңө ээрчиген ыймандууларды канатыңа калкала!
216
فَإِنْ عَصَوْكَ فَقُلْ إِنِّى بَرِىٓءٌ مِّمَّا تَعْمَلُونَ٢١٦
Хакимов
Эгер сага (кимдир бирөөсү) каршы чыкса, (анда): «Мен силердин (күнөө) ишиңерден алысмын» - дегин.
217
وَتَوَكَّلْ عَلَى ٱلْعَزِيزِ ٱلرَّحِيمِ٢١٧
Хакимов
Жана Кудуреттүү, Ырайымдууга тобокел кыл.
218
ٱلَّذِى يَرَىٰكَ حِينَ تَقُومُ٢١٨
Хакимов
Ал сенин (намазда) турганыңды көрөт.
219
وَتَقَلُّبَكَ فِى ٱلسَّٰجِدِينَ٢١٩
Хакимов
Жана сажда кылуучулардын арасында (намаздын бир амалынан экинчисине) көчүп турганыңды (дагы көрөт).
220
إِنَّهُۥ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلْعَلِيمُ٢٢٠
Хакимов
Ал чынында (бардыгын) Угуучу, Билүүчү.
221
هَلْ أُنَبِّئُكُمْ عَلَىٰ مَن تَنَزَّلُ ٱلشَّيَٰطِينُ٢٢١
Хакимов
(Сен аларга мындай дегин): «Шайтандар кимге түшүшүн силерге кабар берейинби?
222
تَنَزَّلُ عَلَىٰ كُلِّ أَفَّاكٍ أَثِيمٍ٢٢٢
Хакимов
Алар жеткен дооматчы, күнөөкөр адамдарга түшөт.
223
يُلْقُونَ ٱلسَّمْعَ وَأَكْثَرُهُمْ كَٰذِبُونَ٢٢٣
Хакимов
Алар (аны) угушат. Алардын көпчүлүгү жалганчылар.
224
وَٱلشُّعَرَآءُ يَتَّبِعُهُمُ ٱلْغَاوُۥنَ٢٢٤
Хакимов
Ал эми акындарга болсо, адашкан кишилер ээрчийт.[1]
[1] Албетте, көпчүлүк акындар сезимтал кишилер. Алар ырдын ар кайсы өрөөнүндө жүрө беришет. Конум токтоолук) деген болбойт. Бүгүн бирөөнү мактап, көкөлөтсө, эртең эле жети кат жердин түбүнө киргизе жамандап жибериши мүмкүн. Акындарга өздөрү сыяктуу сезимтал акылынан сезими бийик) адамдар ээрчийт. Ким акылдан сезимди жогору койсо - ал адашат.
225
أَلَمْ تَرَ أَنَّهُمْ فِى كُلِّ وَادٍ يَهِيمُونَ٢٢٥
Хакимов
Сен алардын (акындардын) ар кайсы өрөөндөрдө тентип жүргөнүн көрбөгөн белең?
226
وَأَنَّهُمْ يَقُولُونَ مَا لَا يَفْعَلُونَ٢٢٦
Хакимов
Чынында, алар жасабаган иштерин сүйлөшөт (жазышат).
227
إِلَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ وَذَكَرُواْ ٱللَّهَ كَثِيرًا وَٱنتَصَرُواْ مِنۢ بَعْدِ مَا ظُلِمُواْ ۗ وَسَيَعْلَمُ ٱلَّذِينَ ظَلَمُوٓاْ أَىَّ مُنقَلَبٍ يَنقَلِبُونَ٢٢٧
Хакимов
Ыйман келтирип, жакшы иштерди жасап, Аллахты көп эскерип, зулумдук көргөндөрүнөн кийин жеңишке жеткен (акын) адамдар (жогорудагы акындардай эмес). Ал эми, залым (каапыр) адамдар жакында кайсы жайга барышаарын билип алышат.