Сүрө 37
Саффат
A
Катарга турууччулар
182 аят |
Мекке
Сүрө 37 • Аят 1 / 182 • Пара 232⁄8 • Бет 446
Саффат
2
1
وَٱلصَّٰٓفَّٰتِ صَفًّا١
Хакимов
Сап тартып турган периштелерге ант!
2
فَٱلزَّٰجِرَٰتِ زَجْرًا٢
Хакимов
(Шамалдарды) айдоочу периштелерге ант!
3
فَٱلتَّٰلِيَٰتِ ذِكْرًا٣
Хакимов
(Ар дайым) Зикирди (Куранды) окуп туруучу периштелерге ант!
4
إِنَّ إِلَٰهَكُمْ لَوَٰحِدٌ٤
Хакимов
Силердин кудайыңар чынында Жалгыз!
5
رَّبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا وَرَبُّ ٱلْمَشَٰرِقِ٥
Хакимов
(Ал) асмандардын, жердин жана экөөсүнүн арасындагы (бардык) нерселердин Раббиси. Жана Ал чыгыштардын (жана батыштардын) да Раббиси!
6
إِنَّا زَيَّنَّا ٱلسَّمَآءَ ٱلدُّنْيَا بِزِينَةٍ ٱلْكَوَاكِبِ٦
Хакимов
Чынында, Биз Дүйнө асманын жылдыздар зыйнаты менен кооздодук.
7
وَحِفْظًا مِّن كُلِّ شَيْطَٰنٍ مَّارِدٍ٧
Хакимов
Жана (асмандарды) ар бир бейбаш шайтандан сактадык.
8
لَّا يَسَّمَّعُونَ إِلَى ٱلْمَلَإِ ٱلْأَعْلَىٰ وَيُقْذَفُونَ مِن كُلِّ جَانِبٍ٨
Хакимов
Алар жогорку жамаатты(н сөзүн) уга албайт.[1] (Эгер угууга аракет кылса) ар тараптан (учар жылдыздар менен) атып урулат.
[1] Асмандарда эң жогорку жамаат-периштелер жамааты бар. Алардын арасында Аллах билдирген жана буюрган келечек кабарлары жөнүндө өз-ара сөз болушу табигый. Ал эми, жер бетиндеги жин-шайтандар кээ бир таза эмес адамдар менен байланыш түзүп, аларга келечек кабарларын билдирип турууну убада берет. Ал адамдар - палчылар, көзү ачыктар, бакшылар. Ошентип, бир бакшы-көзү ачык менен байланыш түзгөн жин-шайтандар жогорку асмандардагы жогорку жамааттын сөздөрүн уурдоо үчүн жогорку асманды аңдып, сагалашат. Бирок, «Алар жогорку жамааттын сөзүн) уга албайт».
9
دُحُورًا ۖ وَلَهُمْ عَذَابٌ وَاصِبٌ٩
Хакимов
(Ушинтип) айдап жиберилет. Аларга (тиги дүйнөдө) үзгүлтүксүз азап бар.
10
إِلَّا مَنْ خَطِفَ ٱلْخَطْفَةَ فَأَتْبَعَهُۥ شِهَابٌ ثَاقِبٌ١٠
Хакимов
Ал эми, кимиси (кайып кабарынан) бир гана сөз уурдап алган болсо, ага күйдүрүп жиберүүчү куйруктуу жылдыз кууп жетет (жана өрттөп жиберет).
11
فَٱسْتَفْتِهِمْ أَهُمْ أَشَدُّ خَلْقًا أَم مَّنْ خَلَقْنَآ ۚ إِنَّا خَلَقْنَٰهُم مِّن طِينٍ لَّازِبٍ١١
Хакимов
Сен алардан (мушриктерден) сурачы, аларды жаратуу кыйынга турабы же Биз жараткан (асман, жер, периште сыяктуу) нерселердиби? Биз аларды жабышчаак ылайдан эле жаратып койгонбуз.
12
بَلْ عَجِبْتَ وَيَسْخَرُونَ١٢
Хакимов
Сен (алардын ишенбегенине) таң каласың. Алар (болсо, сени) шылдыңдашат.
13
وَإِذَا ذُكِّرُواْ لَا يَذْكُرُونَ١٣
Хакимов
Эгер эскертилчү болсо, эсине (акылына) келбейт.
14
وَإِذَا رَأَوْاْ ءَايَةً يَسْتَسْخِرُونَ١٤
Хакимов
Эгер бир аят-далил көрүшсө (андан бетер) шылдыңдашат.
15
وَقَالُوٓاْ إِنْ هَٰذَآ إِلَّا سِحْرٌ مُّبِينٌ١٥
Хакимов
Жана: «Бул анык сыйкыр» дешет.
16
أَءِذَا مِتْنَا وَكُنَّا تُرَابًا وَعِظَٰمًا أَءِنَّا لَمَبْعُوثُونَ١٦
Хакимов
(Дагы алар:) «Эгер биз өлүп, сөөк жана топурак болуп калсак, кайрадан тирилебизби?
17
أَوَءَابَآؤُنَا ٱلْأَوَّلُونَ١٧
Хакимов
Илгерки ата-бабаларыбыз дагы (кайра тирилеби)?!» – дешет.
18
قُلْ نَعَمْ وَأَنتُمْ دَٰخِرُونَ١٨
Хакимов
Айткын: «Ооба. Силер (мушрик ата-бабаңар дагы) кор болгон абалыңарда (тирилесиңер).
19
فَإِنَّمَا هِىَ زَجْرَةٌ وَٰحِدَةٌ فَإِذَا هُمْ يَنظُرُونَ١٩
Хакимов
Ал болгону (Исрафил периште тарта турган «Сур» кернейинин) бир гана добушу. Анан алар (тирилип, Кыямат окуяларына) карап турган болушат»
20
وَقَالُواْ يَٰوَيْلَنَا هَٰذَا يَوْمُ ٱلدِّينِ٢٠
Хакимов
Жана: «Оо, бизге кайгы! Бул Кыямат го!» (дешет. Ошондо аларга кайыптан үн угулат:)
21
هَٰذَا يَوْمُ ٱلْفَصْلِ ٱلَّذِى كُنتُم بِهِۦ تُكَذِّبُونَ٢١
Хакимов
«Бул силер «жалган» деген Ажыратуу Күнү!»
22
۞۞ ٱحْشُرُواْ ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ وَأَزْوَٰجَهُمْ وَمَا كَانُواْ يَعْبُدُونَ٢٢
Хакимов
«Залим (каапыр) адамдарды (каапыр) жубайлары менен, сыйынган «кудайларын» кошуп чогулткула!
23
مِن دُونِ ٱللَّهِ فَٱهْدُوهُمْ إِلَىٰ صِرَٰطِ ٱلْجَحِيمِ٢٣
Хакимов
Аллахтан башка(га сыйынышкан эле). Жана тозок жолуна айдагыла!
24
وَقِفُوهُمْ ۖ إِنَّهُم مَّسْـُٔولُونَ٢٤
Хакимов
Жана аларды (Махшар майданында) токтоткула.[1] Алардан суралат:
[1] Жакшылардан ажыратылган жамандар жөнүндө ушундай өкүм кылынат.
25
مَا لَكُمْ لَا تَنَاصَرُونَ٢٥
Хакимов
«Эмне үчүн бири-бириңерден жардам сурабай жатасыңар?!».[1]
[1] Мушриктердин сыйынган «кудайлары», аларга сыйынууга үгүттөгөн жол башчылары көптүн бири катары кор болуп, дүйнөдөгү «пенделерине» жардам бере албай турат. Ошондо аларга ушундай добуш угулат.
26
بَلْ هُمُ ٱلْيَوْمَ مُسْتَسْلِمُونَ٢٦
Хакимов
Жок! Алар бүгүн эрксиз туткундар!
27
وَأَقْبَلَ بَعْضُهُمْ عَلَىٰ بَعْضٍ يَتَسَآءَلُونَ٢٧
Хакимов
(Анан) алар (өз-ара жаңжал-сүрөөн көтөрүп) бирин-бири (күнөөлөп) собол ыргытышат.
28
قَالُوٓاْ إِنَّكُمْ كُنتُمْ تَأْتُونَنَا عَنِ ٱلْيَمِينِ٢٨
Хакимов
(Ээрчигендер башчыларга) айтат: «Силер бизге оң тарап (күч кубат, зордук) менен келгенсиңер (жана бизди ката жолго мажбурлагансыңар)»
29
قَالُواْ بَل لَّمْ تَكُونُواْ مُؤْمِنِينَ٢٩
Хакимов
(Башчылар) айтат: «Жок! Өзүңөр ыйманды кабыл албай койгонсуңар.
30
وَمَا كَانَ لَنَا عَلَيْكُم مِّن سُلْطَٰنٍ ۖ بَلْ كُنتُمْ قَوْمًا طَٰغِينَ٣٠
Хакимов
Силердин үстүңөрдө биздин бийлик жок болчу. Тескерисинче, өзүңөр акыйкатка каршы коом элеңер.
31
فَحَقَّ عَلَيْنَا قَوْلُ رَبِّنَآ ۖ إِنَّا لَذَآئِقُونَ٣١
Хакимов
Эми, Раббибиздин Сөзү (азабы) бардыгыбызга ырас болду. Биз чынында азап тартуучуларбыз.
32
فَأَغْوَيْنَٰكُمْ إِنَّا كُنَّا غَٰوِينَ٣٢
Хакимов
Биз силерди (мажбурлаган жокпуз) азгырганбыз. Өзүбүз деле азгырылган кишилер элек».
33
فَإِنَّهُمْ يَوْمَئِذٍ فِى ٱلْعَذَابِ مُشْتَرِكُونَ٣٣
Хакимов
Эми, алар ушул күнкү азапта дагы окшош-шерик болушат.
34
إِنَّا كَذَٰلِكَ نَفْعَلُ بِٱلْمُجْرِمِينَ٣٤
Хакимов
Биз күнөөкөрлөрдү ушинтебиз!
35
إِنَّهُمْ كَانُوٓاْ إِذَا قِيلَ لَهُمْ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا ٱللَّهُ يَسْتَكْبِرُونَ٣٥
Хакимов
(Дүйнө жашоосунда) аларга «Эч бир кудай жок, бир гана Аллах бар (ошого гана сыйынгыла)» деп айтылганда текеберленишкен.
36
وَيَقُولُونَ أَئِنَّا لَتَارِكُوٓاْ ءَالِهَتِنَا لِشَاعِرٍ مَّجْنُونٍ٣٦
Хакимов
Жана: «Биз өзүбүздүн кудайларыбызды ушул жинди акын (Мухаммад) үчүн таштайт белек?!» дешет (болчу).
37
بَلْ جَآءَ بِٱلْحَقِّ وَصَدَّقَ ٱلْمُرْسَلِينَ٣٧
Хакимов
Жок! (Андай эмес! Мухаммад) акыйкатты алып келген жана пайгамбарларды тастыктаган![1]
[1] Мурунку пайгамбарлар эмнени алып келген болсо Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам дагы дал ошол акыйкатты-тавхид акыйкатын алып келди. Ал жөнүндө Иса, Муса пайгамбарлар алдын ала кабар беришкен. Анын пайгамбар болушу ошол кабарларды тастыктоо болду. Анан дагы, ал мурунку пайгамбарлар жөнүндө эң туура Куран кабарларын алып келип, алардын чыныгы пайгамбар болгонун анык далилдер менен тастыктады.
38
إِنَّكُمْ لَذَآئِقُواْ ٱلْعَذَابِ ٱلْأَلِيمِ٣٨
Хакимов
(Оо, мушриктер!) Силер албетте жан ооруткан азапты татасыңар!
39
وَمَا تُجْزَوْنَ إِلَّا مَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ٣٩
Хакимов
Жасаган (күнөө) ишиңерге жараша жаза аласыңар!
40
إِلَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلْمُخْلَصِينَ٤٠
Хакимов
Ал эми Аллахтын ыкластуу (жалгыз Өзүнө ибадат кылган) пенделери...,
41
أُوْلَٰٓئِكَ لَهُمْ رِزْقٌ مَّعْلُومٌ٤١
Хакимов
Аларга белгиленген ырыскылар бар.
42
فَوَٰكِهُ ۖ وَهُم مُّكْرَمُونَ٤٢
Хакимов
Мөмө-жемиштер..., жана алар урмат-сый көргөзүлгөн абалда,
43
فِى جَنَّٰتِ ٱلنَّعِيمِ٤٣
Хакимов
Эң жакшы (нээматтуу) бейиштерде,
44
عَلَىٰ سُرُرٍ مُّتَقَٰبِلِينَ٤٤
Хакимов
(Кооз, дарыялар жээгиндеги) сөрүлөрдө бири-бирине бет маңдай (олтурушат).
45
يُطَافُ عَلَيْهِم بِكَأْسٍ مِّن مَّعِينٍ٤٥
Хакимов
Аларга (бейиштеги) агып турган булактан шарап кеселери айлантып турулат.
46
بَيْضَآءَ لَذَّةٍ لِّلشَّٰرِبِينَ٤٦
Хакимов
Алар ап-апак, ичүүчүлөр үчүн таттуу,
47
لَا فِيهَا غَوْلٌ وَلَا هُمْ عَنْهَا يُنزَفُونَ٤٧
Хакимов
Баш айланткан зыяндуулугу жок, (андан) мас болушпайт.
48
وَعِندَهُمْ قَٰصِرَٰتُ ٱلطَّرْفِ عِينٌ٤٨
Хакимов
Жана алардын алдында көздөрүн (өз жубайынан башкаларга) каратпаган бакыраң-көз сулуулар бар.
49
كَأَنَّهُنَّ بَيْضٌ مَّكْنُونٌ٤٩
Хакимов
Алар аздектеп коюлган жумуртка сыяктуу!
50
فَأَقْبَلَ بَعْضُهُمْ عَلَىٰ بَعْضٍ يَتَسَآءَلُونَ٥٠
Хакимов
(Бейиштегилер) бет маңдай отурушуп, бири-бирине суроо берип сүйлөшүшөт.
51
قَالَ قَآئِلٌ مِّنْهُمْ إِنِّى كَانَ لِى قَرِينٌ٥١
Хакимов
Алардан бирөөсү айтты: «Менин бир жакын таанышым бар эле.
52
يَقُولُ أَءِنَّكَ لَمِنَ ٱلْمُصَدِّقِينَ٥٢
Хакимов
Ал (мага): «Сен (кайра тирилүүнү) тастыктоочулардансыңбы?
53
أَءِذَا مِتْنَا وَكُنَّا تُرَابًا وَعِظَٰمًا أَءِنَّا لَمَدِينُونَ٥٣
Хакимов
Эмне, биз өлүп, топурак жана сөөк болуп калсак деле (кайрадан тирилтилип, бул дүйнөдө) жасаган ишибизге жооп беребизби?» – деген. (Бейиши Адам шериктерине:)
54
قَالَ هَلْ أَنتُم مُّطَّلِعُونَ٥٤
Хакимов
«Силер да карап көрбөйсүңөрбү» деди.
55
فَٱطَّلَعَ فَرَءَاهُ فِى سَوَآءِ ٱلْجَحِيمِ٥٥
Хакимов
Карады. Аны тозоктун чок ортосунда (азапта турганын) көрүп (мындай деди:)
56
قَالَ تَٱللَّهِ إِن كِدتَّ لَتُرْدِينِ٥٦
Хакимов
«Аллахка ант! Сен мени өлтүрө жаздаган экенсиң!
57
وَلَوْلَا نِعْمَةُ رَبِّى لَكُنتُ مِنَ ٱلْمُحْضَرِينَ٥٧
Хакимов
Эгер мага Раббимдин (ыйман) нээматы болбогондо, мен дагы (тозок үчүн) даярдалган (бактысыз) кишилерден болуп калмакмын!
58
أَفَمَا نَحْنُ بِمَيِّتِينَ٥٨
Хакимов
Биз өлбөптүрбүзбү?[1]
[1] Экинчи өмүр менен жашаганыбызды көрбөй жатасыңбы?
59
إِلَّا مَوْتَتَنَا ٱلْأُولَىٰ وَمَا نَحْنُ بِمُعَذَّبِينَ٥٩
Хакимов
Биринчи өлүмүбүз менен гана өлдүк. (Анан кайра тирилгенде) азапка салынбадык?
60
إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ ٱلْفَوْزُ ٱلْعَظِيمُ٦٠
Хакимов
Албетте, бул чоң жеңиш.
61
لِمِثْلِ هَٰذَا فَلْيَعْمَلِ ٱلْعَٰمِلُونَ٦١
Хакимов
Амал кылгандар ушундай жеңиш үчүн амал кылышсын!»
62
أَذَٰلِكَ خَيْرٌ نُّزُلًا أَمْ شَجَرَةُ ٱلزَّقُّومِ٦٢
Хакимов
(Оо, адамдар!) ушул (бейиштеги жашоо) жакшыбы же Заккум дарагы жакшыбы?[1]
[1] Бул дарак тикенектүү жана уудан да ачуу! Тозоктогулар курсагы ачканда, ошол дарактан башка тамак таба албайт жана ачуусуна карабай тоюп-тоюп жеп алышат. Анан ичи, оозу күйүп, аябай суусап кыйналышат. Суу жок эмес, бар. Бирок, ал кайнак суу!
63
إِنَّا جَعَلْنَٰهَا فِتْنَةً لِّلظَّٰلِمِينَ٦٣
Хакимов
Биз аны залымдарга сыноо[1] болушу үчүн жараттык.
[1] Мухаммад пайгамбар Мекке мушриктерине «Тозокто Заккум деген дарак бар» дегенде, алар «Эй, келесоо! Тозокто да дарак өсөт бекен!» деп, шылдыңдашкан. Эгер ишенишкенде, сыноодон өтүшмөк.
64
إِنَّهَا شَجَرَةٌ تَخْرُجُ فِىٓ أَصْلِ ٱلْجَحِيمِ٦٤
Хакимов
Ал–тозоктун тереңинен өсүп чыккан дарак.
65
طَلْعُهَا كَأَنَّهُۥ رُءُوسُ ٱلشَّيَٰطِينِ٦٥
Хакимов
Анын бүчүрлөрү шайтандардын башына окшойт.
66
فَإِنَّهُمْ لَـَٔاكِلُونَ مِنْهَا فَمَالِـُٔونَ مِنْهَا ٱلْبُطُونَ٦٦
Хакимов
Алар (тозоктогулар) андан курсактарын толтура-толтура жешет.
67
ثُمَّ إِنَّ لَهُمْ عَلَيْهَا لَشَوْبًا مِّنْ حَمِيمٍ٦٧
Хакимов
Кийин анын үстүнөн аларга (ичкенде бетти, оозду күйдүрүп, ичегилерди үзүп жибере турган даражадагы) кайнак суу ичирилет![1]
[1] Заккумдан жеп суусаганда кайнак суу ичирилди! Уу үстүнө уу! Бирок, алар өлбөйт. Өлгөндөн бетер азапка кабылышат. Өлсө азаптан кутулуп кетпейби…
68
ثُمَّ إِنَّ مَرْجِعَهُمْ لَإِلَى ٱلْجَحِيمِ٦٨
Хакимов
Кийин алар (дагы да терең) тозокко кайтарылышат!
69
إِنَّهُمْ أَلْفَوْاْ ءَابَآءَهُمْ ضَآلِّينَ٦٩
Хакимов
Чынында, алар ата-бабаларын адашкан (Аллахтан башка «кудайларга» сыйынган) абалда табышкан эле.
70
فَهُمْ عَلَىٰٓ ءَاثَٰرِهِمْ يُهْرَعُونَ٧٠
Хакимов
Ошолордун изинен чуркап кетишти.
71
وَلَقَدْ ضَلَّ قَبْلَهُمْ أَكْثَرُ ٱلْأَوَّلِينَ٧١
Хакимов
Алардан мурун, абалкылардан көпчүлүгү дагы адашып кетишкен.
72
وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا فِيهِم مُّنذِرِينَ٧٢
Хакимов
Биз алардын ичине эскертүүчү пайгамбарларды жиберген элек.[1]
[1] Бирок, алар «Ата-бабамдын жолу – ушул» деп, өздөрүнүн ойлорунан чыгарган азгырык жолдорду пайгамбардын жолунан абзел көрүштү. Анан Аллах таала бул эскертилген, бирок моюн сунбаган элдердин башына ар түрдүү балээлерди жиберип, жер бетинен шыпырып таштады!
73
فَٱنظُرْ كَيْفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلْمُنذَرِينَ٧٣
Хакимов
Эми карачы, эскертилген адамдардын акыбет-көргүлүктөрү эмне болгонун!
74
إِلَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلْمُخْلَصِينَ٧٤
Хакимов
Ал эми, Аллахка ыклас менен (жалгыз Өзүнө) ибадат кылган пенделер адашкан жок.
75
وَلَقَدْ نَادَىٰنَا نُوحٌ فَلَنِعْمَ ٱلْمُجِيبُونَ٧٥
Хакимов
(Бир кезде) Бизге Нух бийик добуш менен(«Оо, Раббим! Жер бетинде бир дагы каапырлардын үйүн калтырба!» деп) дуба кылды. Биз эң жакшы жооп берүүчүбүз.
76
وَنَجَّيْنَٰهُ وَأَهْلَهُۥ مِنَ ٱلْكَرْبِ ٱلْعَظِيمِ٧٦
Хакимов
Биз аны менен үй-бүлөсүн (каапыр уулунан башкасын)[1] чоң балээден куткардык.
[1] Себеби, баласы ыйманга келбеген болчу.
77
وَجَعَلْنَا ذُرِّيَّتَهُۥ هُمُ ٱلْبَاقِينَ٧٧
Хакимов
Жана анын урпактарын гана (аман) калуучулардан кылдык.
78
وَتَرَكْنَا عَلَيْهِ فِى ٱلْـَٔاخِرِينَ٧٨
Хакимов
Жана аны(н ысымын) кийинки муундар арасында (даңазалуу) калтырдык.
79
سَلَٰمٌ عَلَىٰ نُوحٍ فِى ٱلْعَٰلَمِينَ٧٩
Хакимов
Нухка ааламдарда (түбөлүк) салам болсун!
80
إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجْزِى ٱلْمُحْسِنِينَ٨٠
Хакимов
Биз (жакшынакай ибадат кылган) мухсиндерди ушинтип сыйлайбыз.
81
إِنَّهُۥ مِنْ عِبَادِنَا ٱلْمُؤْمِنِينَ٨١
Хакимов
Ал Биздин момун пенделерибизден болчу.
82
ثُمَّ أَغْرَقْنَا ٱلْـَٔاخَرِينَ٨٢
Хакимов
Кийин Биз башкаларды чөктүрүп жибердик.
83
۞۞ وَإِنَّ مِن شِيعَتِهِۦ لَإِبْرَٰهِيمَ٨٣
Хакимов
Ибрахим (пайгамбар) дагы анын (Нухтун) жамаатынан (ыймандуу пенделерден) эле.
84
إِذْ جَآءَ رَبَّهُۥ بِقَلْبٍ سَلِيمٍ٨٤
Хакимов
Бир кезде ал Раббисине (ширктен) таза жүрөк менен келди.
85
إِذْ قَالَ لِأَبِيهِ وَقَوْمِهِۦ مَاذَا تَعْبُدُونَ٨٥
Хакимов
(Жана) атасы жана коомуна (мындай) деди: «Эмнелерге эле сыйынып жатасыңар?!
86
أَئِفْكًا ءَالِهَةً دُونَ ٱللَّهِ تُرِيدُونَ٨٦
Хакимов
Аллахтан башка өзүңөр ойлоп тапкан (жасалма) кудайды тандайсыңарбы?!
87
فَمَا ظَنُّكُم بِرَبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ٨٧
Хакимов
Ааламдардын Раббиси (Аллах) жөнүндө кандай ойлойсуңар? (Күндөрдүн биринде чоң элдик майрам болуп, бардыгы майрам талаасына кетип жатышты. Ибрахимди да «жүр» дешкенде ал:)
88
فَنَظَرَ نَظْرَةً فِى ٱلنُّجُومِ٨٨
Хакимов
Жылдыздарга бир карап алып:
89
فَقَالَ إِنِّى سَقِيمٌ٨٩
Хакимов
«Мен ооруп турам» – деди.
90
فَتَوَلَّوْاْ عَنْهُ مُدْبِرِينَ٩٠
Хакимов
Бардыгы андан бурулуп (талаага) кетишти.
91
فَرَاغَ إِلَىٰٓ ءَالِهَتِهِمْ فَقَالَ أَلَا تَأْكُلُونَ٩١
Хакимов
Анан Ибрахим алардын (ибадатканадагы) «кудайларына» тез жетип келип: «(Алдыңардагы тамактан) жебейсиңерби?»,
92
مَا لَكُمْ لَا تَنطِقُونَ٩٢
Хакимов
Эмнеге сүйлөбөй жатасыңар?!» - деди.
93
فَرَاغَ عَلَيْهِمْ ضَرْبًۢا بِٱلْيَمِينِ٩٣
Хакимов
Анан аларды күч менен уруп (талкалап) салды (жана балтаны чоң «кудайдын» колуна илип койду).
94
فَأَقْبَلُوٓاْ إِلَيْهِ يَزِفُّونَ٩٤
Хакимов
(Эли кечинде) ага чуркап келишти. (Жана аны омуроолоп, кандай жаза берсек экен деп, чуру-чуу түшүп турганда, Ибрахим учурдан пайдаланып дааватын улантып:)
95
قَالَ أَتَعْبُدُونَ مَا تَنْحِتُونَ٩٥
Хакимов
Айтты: «Өзүңөр жонуп жасаган нерселерге ибадат кыласыңарбы?!
96
وَٱللَّهُ خَلَقَكُمْ وَمَا تَعْمَلُونَ٩٦
Хакимов
Силерди да, силердин ишиңерди[1] да Аллах жараткан!
[1] Силер тер төгүп, иштеп, жонуп жасаган мына бул «кудайыңарды».
97
قَالُواْ ٱبْنُواْ لَهُۥ بُنْيَٰنًا فَأَلْقُوهُ فِى ٱلْجَحِيمِ٩٧
Хакимов
(Мушриктер) айтышты: «Ал үчүн (отундан) «үйлөрдү» куруп (жандырып) отко таштагыла!
98
فَأَرَادُواْ بِهِۦ كَيْدًا فَجَعَلْنَٰهُمُ ٱلْأَسْفَلِينَ٩٨
Хакимов
Ага каршы (ушундай) амалды тандашты. Биз аларды(н өзүн) төмөн (жеңилген) кылып койдук.[1]
[1] Ибрахимди чоң жалынга ыргытышып, аны жеңдик, кутулдук деп калышкан. Бирок, Аллахтын амалкерлиги жогору келди. Ал отко «Ибрахимге муздак жана зыянсыз бол!» деп буйрук берди. От дагы Аллахтын бир пендеси. Буйрукка моюн сунду. Ибрахим оттун ичинен аман-эсен чыгып келип, бул кежирленген, таш боор элден, каапыр атадан түңүлүп, баш алып кетүүнү каалады.
99
وَقَالَ إِنِّى ذَاهِبٌ إِلَىٰ رَبِّى سَيَهْدِينِ٩٩
Хакимов
(Ибрахим) айтты: «Мен Раббиме кетемин! Ал мени туура жолго баштайт!» (Ибрахим Шам жерине кетип, ошол жакта жашап калды. Өмүрү бир кыйла өтүп калса да, перзент көрбөгөндөн улам Раббисине дуба кылды:)
100
رَبِّ هَبْ لِى مِنَ ٱلصَّٰلِحِينَ١٠٠
Хакимов
«Оо, Раббим! Мага салих (таза) инсандардан (боло турган бир перзент) берчи?!».
101
فَبَشَّرْنَٰهُ بِغُلَٰمٍ حَلِيمٍ١٠١
Хакимов
Анан Биз ага бир жумшак пейил перзент (көрүшү) менен сүйүнчү кабар бердик.
102
فَلَمَّا بَلَغَ مَعَهُ ٱلسَّعْىَ قَالَ يَٰبُنَىَّ إِنِّىٓ أَرَىٰ فِى ٱلْمَنَامِ أَنِّىٓ أَذْبَحُكَ فَٱنظُرْ مَاذَا تَرَىٰ ۚ قَالَ يَٰٓأَبَتِ ٱفْعَلْ مَا تُؤْمَرُ ۖ سَتَجِدُنِىٓ إِن شَآءَ ٱللَّهُ مِنَ ٱلصَّٰبِرِينَ١٠٢
Хакимов
Качан ал перзент (сүймөнчүк болуп) Ибрахим менен бирге жүрүү курагына жеткенде, (ага) «Оо, балакайым! Мен түшүмдө сени курман чалып жатканымды көрүптүрмүн. Ойлонуп көр, эмне дейсиң?! деди. «Атакем, – деди ал, – буюрулганды аткара бериңиз. Аллах кааласа мени сабыр кылуучулардан экенимди көрөсүз».
103
فَلَمَّآ أَسْلَمَا وَتَلَّهُۥ لِلْجَبِينِ١٠٣
Хакимов
Экөөсү (Аллахтын буйругуна) моюн сунуп, атасы аны маңдайы менен жерге жаткырганда…
104
وَنَٰدَيْنَٰهُ أَن يَٰٓإِبْرَٰهِيمُ١٠٤
Хакимов
«Оо, Ибрахим! – деп добуш кылдык.
105
قَدْ صَدَّقْتَ ٱلرُّءْيَآ ۚ إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجْزِى ٱلْمُحْسِنِينَ١٠٥
Хакимов
Сен түшүңдү (анда берилген буйрукту) ырас билип аткардың. Биз жакшы амал кылуучу адамдарды ушинтип сыйлайбыз».
106
إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ ٱلْبَلَٰٓؤُاْ ٱلْمُبِينُ١٠٦
Хакимов
Чынында, бул анык сыноо болгон.
107
وَفَدَيْنَٰهُ بِذِبْحٍ عَظِيمٍ١٠٧
Хакимов
Жана Биз Ысмайылдын ордуна улук курмандык бердик.[1]
[1] Ал курмандыктын «улук» деп аталганынын себеби, аны улук пайгамбар, улук баласынын ордуна курман чалды. Ал «улук курмандык» Аллах бейиштен жиберген кочкор эле.
108
وَتَرَكْنَا عَلَيْهِ فِى ٱلْـَٔاخِرِينَ١٠٨
Хакимов
Биз аны(н ысымын) кийинки муундардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык.
109
سَلَٰمٌ عَلَىٰٓ إِبْرَٰهِيمَ١٠٩
Хакимов
Ибрахимге (Аллахтын) салам(ы) болсун!
110
كَذَٰلِكَ نَجْزِى ٱلْمُحْسِنِينَ١١٠
Хакимов
Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз.
111
إِنَّهُۥ مِنْ عِبَادِنَا ٱلْمُؤْمِنِينَ١١١
Хакимов
Чынында, ал Биздин ыймандуу пенделерибизден болгон.
112
وَبَشَّرْنَٰهُ بِإِسْحَٰقَ نَبِيًّا مِّنَ ٱلصَّٰلِحِينَ١١٢
Хакимов
Жана Биз ага Исхак жөнүндө куш кабар бердик. (Исхак) салих пайгамбарлардын бири.
113
وَبَٰرَكْنَا عَلَيْهِ وَعَلَىٰٓ إِسْحَٰقَ ۚ وَمِن ذُرِّيَّتِهِمَا مُحْسِنٌ وَظَالِمٌ لِّنَفْسِهِۦ مُبِينٌ١١٣
Хакимов
Биз ага (Ибрахимге) Жана Исхакка (көп) берекеттерди бердик. Ал экөөсүнүн урпактарынын арасынан жакшы(лар) да, өзүнө анык зулум кылган(дар) да чыкты.
114
وَلَقَدْ مَنَنَّا عَلَىٰ مُوسَىٰ وَهَٰرُونَ١١٤
Хакимов
Биз Муса менен Харунга да жакшылык кылдык.
115
وَنَجَّيْنَٰهُمَا وَقَوْمَهُمَا مِنَ ٱلْكَرْبِ ٱلْعَظِيمِ١١٥
Хакимов
Жана ал экөөсү менен алардын коомун чоң балээден куткардык.
116
وَنَصَرْنَٰهُمْ فَكَانُواْ هُمُ ٱلْغَٰلِبِينَ١١٦
Хакимов
Жана (душмандарына каршы) аларга жардам бердик. Натыйжада экөө жеңүүчүлөрдөн болушту.
117
وَءَاتَيْنَٰهُمَا ٱلْكِتَٰبَ ٱلْمُسْتَبِينَ١١٧
Хакимов
Жана ал экөөсүнө анык баяндалган Китеп (Тоорат) берип,
118
وَهَدَيْنَٰهُمَا ٱلصِّرَٰطَ ٱلْمُسْتَقِيمَ١١٨
Хакимов
Туура жолго баштадык.
119
وَتَرَكْنَا عَلَيْهِمَا فِى ٱلْـَٔاخِرِينَ١١٩
Хакимов
Жана аларды акыркы муундардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык.
120
سَلَٰمٌ عَلَىٰ مُوسَىٰ وَهَٰرُونَ١٢٠
Хакимов
Муса менен Харунга салам болсун!
121
إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجْزِى ٱلْمُحْسِنِينَ١٢١
Хакимов
Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз.
122
إِنَّهُمَا مِنْ عِبَادِنَا ٱلْمُؤْمِنِينَ١٢٢
Хакимов
Чынында, экөө тең Биздин ыймандуу пенделерибизден.
123
وَإِنَّ إِلْيَاسَ لَمِنَ ٱلْمُرْسَلِينَ١٢٣
Хакимов
Иляс дагы пайгамбарлардан эле.[1]
[1] Иляс пайгамбар Шам жериндеги бир элге жиберилген. Анын коому «Баьл» деген чоң бутка сыйынган.
124
إِذْ قَالَ لِقَوْمِهِۦٓ أَلَا تَتَّقُونَ١٢٤
Хакимов
Бир кезде ал коомуна (мындай) деди: «(Аллахтан) коркпойсуңарбы?!
125
أَتَدْعُونَ بَعْلًا وَتَذَرُونَ أَحْسَنَ ٱلْخَٰلِقِينَ١٢٥
Хакимов
Эң мыкты Жаратуучуну (Аллахты) таштап, «Баьлга» дуба кыласыңарбы?!
126
ٱللَّهَ رَبَّكُمْ وَرَبَّ ءَابَآئِكُمُ ٱلْأَوَّلِينَ١٢٦
Хакимов
Силердин да, абалкы ата-бабаңардын да Раббиси Аллах эле го?!»
127
فَكَذَّبُوهُ فَإِنَّهُمْ لَمُحْضَرُونَ١٢٧
Хакимов
Бирок, коому аны жалганга чыгарды. Натыйжада (азапка) даярдалгандардан болушту.
128
إِلَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلْمُخْلَصِينَ١٢٨
Хакимов
Ал эми, Аллахтын мухлис (Өзүнө гана ибадат кылган) пенделери (андай эмес).
129
وَتَرَكْنَا عَلَيْهِ فِى ٱلْـَٔاخِرِينَ١٢٩
Хакимов
Жана Биз аны(н ысымын) акыркылардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык.
130
سَلَٰمٌ عَلَىٰٓ إِلْ يَاسِينَ١٣٠
Хакимов
Иляска (Аллахтан) салам болсун!
131
إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجْزِى ٱلْمُحْسِنِينَ١٣١
Хакимов
Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз.
132
إِنَّهُۥ مِنْ عِبَادِنَا ٱلْمُؤْمِنِينَ١٣٢
Хакимов
Ал Биздин ыймандуу пенделерибиздин бири.
133
وَإِنَّ لُوطًا لَّمِنَ ٱلْمُرْسَلِينَ١٣٣
Хакимов
Лут дагы элчи-пайгамбарлардан эле.
134
إِذْ نَجَّيْنَٰهُ وَأَهْلَهُۥٓ أَجْمَعِينَ١٣٤
Хакимов
Бир кезде Биз аны жана анын үй-бүлөсүнүн бардыгын (асмандан жааган таш балээсинен) куткарганбыз.
135
إِلَّا عَجُوزًا فِى ٱلْغَٰبِرِينَ١٣٥
Хакимов
Бир гана кемпир(и) азапта калуучулардын арасында калды. (Себеби ал ыймандуу болбогон).
136
ثُمَّ دَمَّرْنَا ٱلْـَٔاخَرِينَ١٣٦
Хакимов
Анан Биз башкаларды кыйраттык.
137
وَإِنَّكُمْ لَتَمُرُّونَ عَلَيْهِم مُّصْبِحِينَ١٣٧
Хакимов
(Эй, Мекке мушриктери!) Силер алардын (кыйраган элдин чалдыбарларынын) үстүнөн ары-бери өтөсүңөр го, эрте менен
138
وَبِٱلَّيْلِ ۗ أَفَلَا تَعْقِلُونَ١٣٨
Хакимов
жана кечинде. Акылыңарды иштетпейсиңерби?!
139
وَإِنَّ يُونُسَ لَمِنَ ٱلْمُرْسَلِينَ١٣٩
Хакимов
Чынында, Юнус дагы элчи-пайгамбарлардан бири.
140
إِذْ أَبَقَ إِلَى ٱلْفُلْكِ ٱلْمَشْحُونِ١٤٠
Хакимов
Бир кезде ал (элине таарынып, жеринен) качып чыгып, толуп калган кемеге отурду.[1]
[1] Бирок, жолдо добул туруп, кеме чайпалып баштаганда кемедегилер чучукулак тартышып, кимге түшсө, аны ыргытууга макулдашышат.
141
فَسَاهَمَ فَكَانَ مِنَ ٱلْمُدْحَضِينَ١٤١
Хакимов
Анан чүчүкулак тартышты эле, ал жеңилгендерден болуп калды.
142
فَٱلْتَقَمَهُ ٱلْحُوتُ وَهُوَ مُلِيمٌ١٤٢
Хакимов
Анан ал (башкалар тарабынан) жемеленип турганда чоң балык жутуп жиберди.
143
فَلَوْلَآ أَنَّهُۥ كَانَ مِنَ ٱلْمُسَبِّحِينَ١٤٣
Хакимов
Эгер ал (Аллахты) аруулагандардан болбогондо,
144
لَلَبِثَ فِى بَطْنِهِۦٓ إِلَىٰ يَوْمِ يُبْعَثُونَ١٤٤
Хакимов
Балыктын курсагында кайра тирилген күнгө чейин калып кетмек.
145
۞۞ فَنَبَذْنَٰهُ بِٱلْعَرَآءِ وَهُوَ سَقِيمٌ١٤٥
Хакимов
Анан аны (жээктеги) жалаң жерге ыргытып жибердик. Ал ооруп калган эле.[1]
[1] Аллах китке буюрганда, жээкке бүркүп жиберди. Юнус бир нече күн наар албай, караңгы курсакта болгондуктан, чала жан болуп, козголгонго да алы келбей сулап калды.
146
وَأَنۢبَتْنَا عَلَيْهِ شَجَرَةً مِّن يَقْطِينٍ١٤٦
Хакимов
Биз анын үстүнө ашкабак өсүмдүгүн өстүрүп (көлөкөсү менен калкалап) койдук.[1]
[1] Себеби, анын жалбырагы чоң жана ашкабак бар жерге чымын-чиркей келбейт экен.
147
وَأَرْسَلْنَٰهُ إِلَىٰ مِاْئَةِ أَلْفٍ أَوْ يَزِيدُونَ١٤٧
Хакимов
Юнусту жүз миң же андан көбүрөөк элге пайгамбар кылган элек.
148
فَـَٔامَنُواْ فَمَتَّعْنَٰهُمْ إِلَىٰ حِينٍ١٤٨
Хакимов
Анан алар (тообо кылып) ыйман келтиришти. Биз аларды (белгилүү) мөөнөткө чейин (өмүр нээматы менен) пайдалантырдык.
149
فَٱسْتَفْتِهِمْ أَلِرَبِّكَ ٱلْبَنَاتُ وَلَهُمُ ٱلْبَنُونَ١٤٩
Хакимов
(Оо, Мухаммад!) Сен алардан (периштелерге сыйынган мушриктерден) сурачы, Раббилерине кыз перзенттерди, өздөрүнө уул перзенттерди ыраа көрүшөбү?[1]
[1] Курайш мушриктери периштелерди Аллахтын кыздары, алар Аллах менен жиндердин никесинен туулган деген каапырчылык пикирде болушкан.
150
أَمْ خَلَقْنَا ٱلْمَلَٰٓئِكَةَ إِنَٰثًا وَهُمْ شَٰهِدُونَ١٥٠
Хакимов
Же болбосо, Биз периштелерди ургаачы кылып жаратканыбызды көрүшүптүрбү?!
151
أَلَآ إِنَّهُم مِّنْ إِفْكِهِمْ لَيَقُولُونَ١٥١
Хакимов
Уккула, Алар ойдон чыгарылган жалгандарында (мындай) дешет:
152
وَلَدَ ٱللَّهُ وَإِنَّهُمْ لَكَٰذِبُونَ١٥٢
Хакимов
«Аллахтын баласы бар». Алар – жеткен жалганчылар!
153
أَصْطَفَى ٱلْبَنَاتِ عَلَى ٱلْبَنِينَ١٥٣
Хакимов
(Аллах) уулдардын ордуна кыздарды тандап алыптырбы?!
154
مَا لَكُمْ كَيْفَ تَحْكُمُونَ١٥٤
Хакимов
Силерге эмне болгон?! Кандай гана (жаман) өкүм чыгарып жатасыңар!
155
أَفَلَا تَذَكَّرُونَ١٥٥
Хакимов
(Аллахтын баласы болбостугун) эстебейсиңерби?!
156
أَمْ لَكُمْ سُلْطَٰنٌ مُّبِينٌ١٥٦
Хакимов
Же (колуңарда) анык далил барбы? (Же силерге Курандан башка ыйык китеп түштүбү?)
157
فَأْتُواْ بِكِتَٰبِكُمْ إِن كُنتُمْ صَٰدِقِينَ١٥٧
Хакимов
(Анда) алып келгиле, китебиңерди, эгер чынчыл болсоңор!
158
وَجَعَلُواْ بَيْنَهُۥ وَبَيْنَ ٱلْجِنَّةِ نَسَبًا ۚ وَلَقَدْ عَلِمَتِ ٱلْجِنَّةُ إِنَّهُمْ لَمُحْضَرُونَ١٥٨
Хакимов
Алар Аллах менен жиндердин арасында (өздөрүнчө) тууганчылык бар дешет. (Андай эмес). Жиндер өздөрүнүн (суракка) даярдалганын билишет!
159
سُبْحَٰنَ ٱللَّهِ عَمَّا يَصِفُونَ١٥٩
Хакимов
Аллах алар сыпаттаган (кемчилдиктүү) сыпаттардан Аруу-Таза!
160
إِلَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلْمُخْلَصِينَ١٦٠
Хакимов
Ал эми, Аллахтын жакшы амал кылган пенделери (Аллахты кемчилдиктүү сыпаттар менен сыпаттабайт).
161
فَإِنَّكُمْ وَمَا تَعْبُدُونَ١٦١
Хакимов
(Оо, мушриктер!) Силер дагы, силер сыйынган «кудайыңар» дагы
162
مَآ أَنتُمْ عَلَيْهِ بِفَٰتِنِينَ١٦٢
Хакимов
эч кимди адаштыра албайсыңар!
163
إِلَّا مَنْ هُوَ صَالِ ٱلْجَحِيمِ١٦٣
Хакимов
(Эзелки Тагдыр Китебинде) тозокко кирүүчү (болуп жазылган) адамдарды гана (адаштыра аласыңар).
164
وَمَا مِنَّآ إِلَّا لَهُۥ مَقَامٌ مَّعْلُومٌ١٦٤
Хакимов
(Периштелер айтат:) «Биздин бардыгыбыздын белгилүү орун-даражаларыбыз бар.
165
وَإِنَّا لَنَحْنُ ٱلصَّآفُّونَ١٦٥
Хакимов
Жана биз (Аллахтын кызматында) сап тартып туруучуларбыз.
166
وَإِنَّا لَنَحْنُ ٱلْمُسَبِّحُونَ١٦٦
Хакимов
Жана биз, чынында (Аллахка) тасбих айтуучуларбыз!» (Кийинки аяттарда мушриктердин жалганчылыгы ашкереленет).
167
وَإِن كَانُواْ لَيَقُولُونَ١٦٧
Хакимов
Алар айтышат:
168
لَوْ أَنَّ عِندَنَا ذِكْرًا مِّنَ ٱلْأَوَّلِينَ١٦٨
Хакимов
«Эгер биздин алдыбызда абалкылардын зикири (баяндалган Ыйык Китеп) болсо...,
169
لَكُنَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلْمُخْلَصِينَ١٦٩
Хакимов
Биз деле мухлис (Аллахтын Өзүнө сыйынган) пенделери болмокпуз».
170
فَكَفَرُواْ بِهِۦ ۖ فَسَوْفَ يَعْلَمُونَ١٧٠
Хакимов
Анан ага (өздөрү самаган Китепке) каапыр болушту. Эми тез арада (адашкандыктарын) билип алышат.
171
وَلَقَدْ سَبَقَتْ كَلِمَتُنَا لِعِبَادِنَا ٱلْمُرْسَلِينَ١٧١
Хакимов
Элчи-пайгамбар кылып жиберилген пенделерибиз үчүн (Тагдыр Китебинде төмөндөгүчө) сөзүбүз жазылган:
172
إِنَّهُمْ لَهُمُ ٱلْمَنصُورُونَ١٧٢
Хакимов
«Чынында алар гана жардам берилген адамдар!
173
وَإِنَّ جُندَنَا لَهُمُ ٱلْغَٰلِبُونَ١٧٣
Хакимов
Чынында Биздин аскерибиз гана жеңүүчүлөр!»
174
فَتَوَلَّ عَنْهُمْ حَتَّىٰ حِينٍ١٧٤
Хакимов
Сен алардан (мушриктерден) белгилүү убакытка чейин жүзүңдү бур!
175
وَأَبْصِرْهُمْ فَسَوْفَ يُبْصِرُونَ١٧٥
Хакимов
Жана аларды(н акыбетин) карап тур! Өздөрү да тез эле көрүп калышат!
176
أَفَبِعَذَابِنَا يَسْتَعْجِلُونَ١٧٦
Хакимов
Алар Биздин азабыбызды шаштырып жатышабы?![1]
[1] Пайгамбарыбыздын «Шашпай тургула!» деген сөзүнө алар «Качан келет ошол азаптуу күнүң?» деп мыскылдап жооп беришкен.
177
فَإِذَا نَزَلَ بِسَاحَتِهِمْ فَسَآءَ صَبَاحُ ٱلْمُنذَرِينَ١٧٧
Хакимов
Эгер азап алардын турак-жайларына түшчү болсо, эскертилген адамдардын таңы жаман (өтө караңгы) болуп калат!
178
وَتَوَلَّ عَنْهُمْ حَتَّىٰ حِينٍ١٧٨
Хакимов
Сен белгилүү убакытка чейин алардан жүзүңдү бур!
179
وَأَبْصِرْ فَسَوْفَ يُبْصِرُونَ١٧٩
Хакимов
Жана аларды(н акыбетин) карап тур. Өздөрү да тез эле көрүп калышат!
180
سُبْحَٰنَ رَبِّكَ رَبِّ ٱلْعِزَّةِ عَمَّا يَصِفُونَ١٨٠
Хакимов
Кудуреттүүлүк Ээси болгон Раббиң алардын (кемчилдиктүү) сыпаттоолорунан Таза!
181
وَسَلَٰمٌ عَلَى ٱلْمُرْسَلِينَ١٨١
Хакимов
Пайгамбарларга салам болсун!
182
وَٱلْحَمْدُ لِلَّهِ رَبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ١٨٢
Хакимов
Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун!