Сүрө 44

Духан

O

Түтүн

59 аят |МеккеМекке
Сүрө 44 • Аят 1 / 59 • Пара 256⁄8 • Бет 496
Духан
ﻉ431Бет 496431ﻉ
2
1
حمٓ‮١‬‬‬
Хакимов
Хаа, Миим.[1]

[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.
2
وَٱلْكِتَٰبِ ٱلْمُبِينِ‮٢‬‬‬
Хакимов
Ачык баяндоочу Китепке ант!
3
إِنَّآ أَنزَلْنَٰهُ فِى لَيْلَةٍ مُّبَٰرَكَةٍ ​ۚ إِنَّا كُنَّا مُنذِرِينَ‮٣‬‬‬
Хакимов
Биз аны (Куранды) Ыйык (Кадыр) түнүндө түшүрдүк. Жана Биз (аны менен элдерди) эскертүүчүбүз.
4
فِيهَا يُفْرَقُ كُلُّ أَمْرٍ حَكِيمٍ‮٤‬‬‬
Хакимов
Ал түндө ар бир бекем, өзгөргүс иштер белгиленет.[1]

[1] Рамазан айынын ыйык Кадыр түнүндө Аллах таала Өз алдындагы Тагдыр Китеби Лавхул-Мавхузда белгиленген жана ошол жылы ишке аша турган тагдырларды, ырыскыларды, өмүр жана өлүмдү жана башка иштерди аткаруучу, жазуучу периштелерге дагы бир ирет белгилеп берет.
5
أَمْرًا مِّنْ عِندِنَآ ​ۚ إِنَّا كُنَّا مُرْسِلِينَ‮٥‬‬‬
Хакимов
Биздин буйругубуз болгону себептүү. Чынында, Биз пайгамбарларды жиберүүчүбүз.
6
رَحْمَةً مِّن رَّبِّكَ ​ۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلْعَلِيمُ‮٦‬‬‬
Хакимов
Раббиңден ырайымдуулук иретинде. Чынында, Ал - Угуучу, Билүүчү!
7
رَبِّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَآ ​ۖ إِن كُنتُم مُّوقِنِينَ‮٧‬‬‬
Хакимов
(Жана Ал) эгер ишенсеңер, асмандардын, жердин жана ал экөөнүн ортосундагы (бардык) нерселердин Раббиси!
8
لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ يُحْىِۦ وَيُمِيتُ ​ۖ رَبُّكُمْ وَرَبُّ ءَابَآئِكُمُ ٱلْأَوَّلِينَ‮٨‬‬‬
Хакимов
Эч бир кудай жок, жалгыз Өзү бар! Ал тирилтет жана өлтүрөт. Силердин жана абалкы ата-бабаңардын Раббиси!
9
بَلْ هُمْ فِى شَكٍّ يَلْعَبُونَ‮٩‬‬‬
Хакимов
Жок! Алар (ойлонуунун ордуна) күмөн санап оюнкарактык кылышууда!
10
فَٱرْتَقِبْ يَوْمَ تَأْتِى ٱلسَّمَآءُ بِدُخَانٍ مُّبِينٍ‮١٠‬‬‬
Хакимов
Сен (алардын башына) асман анык түтүн келтирген Күндү күт.[1]

[1] Кыяматта күнөөкөр пенделерди тозокко жакын алып келингенде, аларды тозоктун түтүнү ороп алат. Садий)
11
يَغْشَى ٱلنَّاسَ ​ۖ هَٰذَا عَذَابٌ أَلِيمٌ‮١١‬‬‬
Хакимов
Бул жан ооруткан азап (түтүн) адамдарды (мушриктерди) ороп алат.
12
رَّبَّنَا ٱكْشِفْ عَنَّا ٱلْعَذَابَ إِنَّا مُؤْمِنُونَ‮١٢‬‬‬
Хакимов
(Анан алар): «О, Рабби! Биз ыйман келтирели! Бизден азапты арылта көр!» (дешет).
13
أَنَّىٰ لَهُمُ ٱلذِّكْرَىٰ وَقَدْ جَآءَهُمْ رَسُولٌ مُّبِينٌ‮١٣‬‬‬
Хакимов
Алар кайдан эсине келмек эле! Акыры, аларга (ушуга чейин эле) анык баяндоочу пайгамбар келген.
14
ثُمَّ تَوَلَّوْاْ عَنْهُ وَقَالُواْ مُعَلَّمٌ مَّجْنُونٌ‮١٤‬‬‬
Хакимов
(Бирок) кийин андан жүз үйрүп: «(Куран сага христиан аалымдары тарабынан) үйрөтүлгөн. (Сен) жиндисиң» – дешти.
15
إِنَّا كَاشِفُواْ ٱلْعَذَابِ قَلِيلًا ​ۚ إِنَّكُمْ عَآئِدُونَ‮١٥‬‬‬
Хакимов
Биз, аныгында, силерден азапты бир аз арылттык. Силер болсо (күнөөгө кайра) кайттыңар.
16
يَوْمَ نَبْطِشُ ٱلْبَطْشَةَ ٱلْكُبْرَىٰٓ إِنَّا مُنتَقِمُونَ‮١٦‬‬‬
Хакимов
(Анан) чоң азап менен азапталган күнү[1] Биз силерден өч алдык.

[1] Бул – Курайш мушриктеринин башына түшкөн «Бадр» согушундагы жеңилүү күнү.
17
۞۞ وَلَقَدْ فَتَنَّا قَبْلَهُمْ قَوْمَ فِرْعَوْنَ وَجَآءَهُمْ رَسُولٌ كَرِيمٌ‮١٧‬‬‬
Хакимов
Биз алардан мурун Фараон элин сынадык. Аларга улук элчи (Муса) келди.
18
أَنْ أَدُّوٓاْ إِلَىَّ عِبَادَ ٱللَّهِ ​ۖ إِنِّى لَكُمْ رَسُولٌ أَمِينٌ‮١٨‬‬‬
Хакимов
(Жана мындай деди): «Аллахтын пенделерин мага тапшыргыла![1] Мен силерге ишеничтүү пайгамбармын.

[1] Анын милдети Фараондун кол астында кул болгон Исраил урпактарын азаттыкка чыгарып, өздөрүнүн түпкү мекени Палестинага кайтаруу болгон.
19
وَأَن لَّا تَعْلُواْ عَلَى ٱللَّهِ ​ۖ إِنِّىٓ ءَاتِيكُم بِسُلْطَٰنٍ مُّبِينٍ‮١٩‬‬‬
Хакимов
Өзүңөрдү Аллахтан жогору койбогула! Мен силерге анык далилдерди алып келдим.
20
وَإِنِّى عُذْتُ بِرَبِّى وَرَبِّكُمْ أَن تَرْجُمُونِ‮٢٠‬‬‬
Хакимов
Мени ташбараң кылууңардан коргоо тилеп өзүмдүн жана силердин Раббиңерге жалбарамын.
21
وَإِن لَّمْ تُؤْمِنُواْ لِى فَٱعْتَزِلُونِ‮٢١‬‬‬
Хакимов
Эгер ыйман келтирбесеңер, мени жөн койгула»
22
فَدَعَا رَبَّهُۥٓ أَنَّ هَٰٓؤُلَآءِ قَوْمٌ مُّجْرِمُونَ‮٢٢‬‬‬
Хакимов
Анан ал Раббисине: «Алар күнөөкөр элдер экен. (Аларга азап жибер)» – деп дуба кылды.
23
فَأَسْرِ بِعِبَادِى لَيْلًا إِنَّكُم مُّتَّبَعُونَ‮٢٣‬‬‬
Хакимов
(Аллах анын дубасын кабыл алып) «Менин пенделеримди алып түнү менен (Мисирден) чык. Силердин артыңардан кубалашат» - деп, (вахий кылды). (Фараон аларга жетейин деп калганда Аллах таала Мусага «Таягың менен деңизди ур» деп вахий кылат. Буйрукту аткарганда, он эки уруу үчүн деңизден он эки жол ачылат. Муса эли менен аман-эсен өтүп, деңизди дагы баягы калыбына келтирүү үчүн таягын саздап калганда, Аллах таала, алардын артынан келген Фараоун аскерлерин деңиз-жолго киргизүү үчүн, Мусага:)
24
وَٱتْرُكِ ٱلْبَحْرَ رَهْوًا ​ۖ إِنَّهُمْ جُندٌ مُّغْرَقُونَ‮٢٤‬‬‬
Хакимов
«Деңизди жөн кой. Алар чөгүп кетүүчү аскерлер!» – деди.
25
كَمْ تَرَكُواْ مِن جَنَّٰتٍ وَعُيُونٍ‮٢٥‬‬‬
Хакимов
Алар нечендеген бактарды, булактарды,
26
وَزُرُوعٍ وَمَقَامٍ كَرِيمٍ‮٢٦‬‬‬
Хакимов
Эгиндерди, эң мыкты үй-жайларды
27
وَنَعْمَةٍ كَانُواْ فِيهَا فَٰكِهِينَ‮٢٧‬‬‬
Хакимов
Жана ойноп-чардаган (башка көп) нээматтарды (ээсиз калтырып чөгүп кетишти).
28
كَذَٰلِكَ ​ۖ وَأَوْرَثْنَٰهَا قَوْمًا ءَاخَرِينَ‮٢٨‬‬‬
Хакимов
Ошентип, Биз аларды башка коомго (Исраил урпактарына) мурастап бердик.
29
فَمَا بَكَتْ عَلَيْهِمُ ٱلسَّمَآءُ وَٱلْأَرْضُ وَمَا كَانُواْ مُنظَرِينَ‮٢٩‬‬‬
Хакимов
Аларга асман да, жер да ыйлаган жок! Аларга мөөнөт да берилген жок![1]

[1] Фараон деңиз койнунда калып, өлүмү көзүнө көрүнүп калганда, «Мен Мусанын Кудайына ыйман келтирдим!» деп зар какшайт. Бирок, бул ыйман кабыл болбоду жана тообо келтирип башкадан жашоосуна мөөнөт берилбеди.
30
وَلَقَدْ نَجَّيْنَا بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ مِنَ ٱلْعَذَابِ ٱلْمُهِينِ‮٣٠‬‬‬
Хакимов
Биз Исраил урпактарын кордук (кулчулук) азабынан –
31
مِن فِرْعَوْنَ ​ۚ إِنَّهُۥ كَانَ عَالِيًا مِّنَ ٱلْمُسْرِفِينَ‮٣١‬‬‬
Хакимов
Фараондон куткардык. Ал өзүн (Аллахтан да) бийик сезген, чектен чыккан адамдардан эле.
32
وَلَقَدِ ٱخْتَرْنَٰهُمْ عَلَىٰ عِلْمٍ عَلَى ٱلْعَٰلَمِينَ‮٣٢‬‬‬
Хакимов
Биз билген абалда аларды (Исраил урпактарын) ааламдардан (адамдардан) тандап алган элек.
33
وَءَاتَيْنَٰهُم مِّنَ ٱلْـَٔايَٰتِ مَا فِيهِ بَلَٰٓؤٌاْ مُّبِينٌ‮٣٣‬‬‬
Хакимов
Жана аларга анык сыноолорду[1] ичине камтыган моожизаларды бердик.

[1] Бирок, алар сыноодон өтө албай, «тандалган улут» деген наамга ылайык эместигин көргөзүштү. Муса пайгамбарды кыйнап, тажатып «Бизге Раббиңди көргөз» дегенге чейинки каапырчылыкка барышты.
34
إِنَّ هَٰٓؤُلَآءِ لَيَقُولُونَ‮٣٤‬‬‬
Хакимов
Алар (Курайш каапырлары) айтышты:
35
إِنْ هِىَ إِلَّا مَوْتَتُنَا ٱلْأُولَىٰ وَمَا نَحْنُ بِمُنشَرِينَ‮٣٥‬‬‬
Хакимов
«Биринчи өлүмүбүздөн башка өлүм (биринчи жашообуздан башка жашоо) жок. Биз (эч качан) кайра тирилбейбиз.
36
فَأْتُواْ بِـَٔابَآئِنَآ إِن كُنتُمْ صَٰدِقِينَ‮٣٦‬‬‬
Хакимов
Эгер силер (оо, момундар) чынчыл болсоңор,[1] биздин ата-бабабызды (тирилтип) алып келгилечи?!»

[1] «Адам наркы дүйнөдө кайра тирилет» деген сөзүңөрдө.
37
أَهُمْ خَيْرٌ أَمْ قَوْمُ تُبَّعٍ وَٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ ​ۚ أَهْلَكْنَٰهُمْ ​ۖ إِنَّهُمْ كَانُواْ مُجْرِمِينَ‮٣٧‬‬‬
Хакимов
Ушулар (Мекке мушриктери) жакшыбы же болбосо, Тубба[1] коому жакшыбы? (Ал коом) булардан мурун жашаган (сан жагынан да, күч-кубат жагынан да булардан артык болгон) адамдар. Биз ошолорду да кыйраттык. (Себеби) алар күнөөкөр коом эле.

[1] «Тубба» - бул байыркы Йемен падышаларынын аты.
38
وَمَا خَلَقْنَا ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَا لَٰعِبِينَ‮٣٨‬‬‬
Хакимов
Биз асмандарды, жерди жана экөөсүнүн арасындагы нерселерди эрмек үчүн (беймаксат) жаратканыбыз жок.
39
مَا خَلَقْنَٰهُمَآ إِلَّا بِٱلْحَقِّ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ‮٣٩‬‬‬
Хакимов
Ал экөөсүн (жана ортосундагы нерселерди) Акыйкат менен жараттык. Бирок, (муну) алардын көпчүлүгү билбейт.
40
إِنَّ يَوْمَ ٱلْفَصْلِ مِيقَٰتُهُمْ أَجْمَعِينَ‮٤٠‬‬‬
Хакимов
Чынында, (акыйкат менен жалган) ажыратыла турган (Кыямат) Күн бардык адамдардын эсеп берчү убактысы.
41
يَوْمَ لَا يُغْنِى مَوْلًى عَن مَّوْلًى شَيْـًٔا وَلَا هُمْ يُنصَرُونَ‮٤١‬‬‬
Хакимов
Ал күндө дос (өзүнүн) досуна эч нерсени жардам бере албайт жана өздөрү да (эч кимден) жардам ала албайт.
42
إِلَّا مَن رَّحِمَ ٱللَّهُ ​ۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ‮٤٢‬‬‬
Хакимов
Бир гана Аллах ырайым кылган кишилерге (Аллах тарабынан жардам берилет). Ал Кудуреттүү жана Ырайымдуу.
43
إِنَّ شَجَرَتَ ٱلزَّقُّومِ‮٤٣‬‬‬
Хакимов
(Тозоктогу) «Заккум» дарагы –
44
طَعَامُ ٱلْأَثِيمِ‮٤٤‬‬‬
Хакимов
Күнөөкөр адамдардын тамагы.
45
كَٱلْمُهْلِ يَغْلِى فِى ٱلْبُطُونِ‮٤٥‬‬‬
Хакимов
Ал курсактарда кайнаган ириң (же зайтун майы) сыяктуу!
46
كَغَلْىِ ٱلْحَمِيمِ‮٤٦‬‬‬
Хакимов
Кайнак суунун кайнаганы сыяктуу!
47
خُذُوهُ فَٱعْتِلُوهُ إِلَىٰ سَوَآءِ ٱلْجَحِيمِ‮٤٧‬‬‬
Хакимов
«Аны (күнөөкөр адамды) кармагыла (жана) тозоктун ортосуна сүйрөгүлө!»
48
ثُمَّ صُبُّواْ فَوْقَ رَأْسِهِۦ مِنْ عَذَابِ ٱلْحَمِيمِ‮٤٨‬‬‬
Хакимов
Кийин башынан ылдый кайнак суу азабын куйгула!»
49
ذُقْ إِنَّكَ أَنتَ ٱلْعَزِيزُ ٱلْكَرِيمُ‮٤٩‬‬‬
Хакимов
(Эй, кылмышкер, мушрик! Азабыңды) тарт! Сен «улук-урматтуу» эмес белең!
50
إِنَّ هَٰذَا مَا كُنتُم بِهِۦ تَمْتَرُونَ‮٥٠‬‬‬
Хакимов
Бул – силер ишенбеген азаптар!
51
إِنَّ ٱلْمُتَّقِينَ فِى مَقَامٍ أَمِينٍ‮٥١‬‬‬
Хакимов
Ал эми, такыба кишилер тынч-бейпил жерлерде,
52
فِى جَنَّٰتٍ وَعُيُونٍ‮٥٢‬‬‬
Хакимов
Бейиштерде, булактарда,
53
يَلْبَسُونَ مِن سُندُسٍ وَإِسْتَبْرَقٍ مُّتَقَٰبِلِينَ‮٥٣‬‬‬
Хакимов
«Истабрак» жана «Сундус» (деген) жибек кийимдерден кийип, бет-маңдай (сүйлөшүп) отурушат.
54
كَذَٰلِكَ وَزَوَّجْنَٰهُم بِحُورٍ عِينٍ‮٥٤‬‬‬
Хакимов
Ошондой эле, Биз аларды жал-жал көз сулууларга үйлөнтүп койобуз.
55
يَدْعُونَ فِيهَا بِكُلِّ فَٰكِهَةٍ ءَامِنِينَ‮٥٥‬‬‬
Хакимов
Алар анда эч кайгысыз абалда, ар түрдүү мөмөлөрдөн чакырышат.
56
لَا يَذُوقُونَ فِيهَا ٱلْمَوْتَ إِلَّا ٱلْمَوْتَةَ ٱلْأُولَىٰ ​ۖ وَوَقَىٰهُمْ عَذَابَ ٱلْجَحِيمِ‮٥٦‬‬‬
Хакимов
Ал жерде биринчи (дүйнөдөгү) өлүмдөн башка өлүмдү(н даамын) татышпайт. (Аллах) аларды тозок азабынан сактаган.
57
فَضْلًا مِّن رَّبِّكَ ​ۚ ذَٰلِكَ هُوَ ٱلْفَوْزُ ٱلْعَظِيمُ‮٥٧‬‬‬
Хакимов
(Бул) – Раббиңден болгон пазилет! Бул – чоң жеңиш!
58
فَإِنَّمَا يَسَّرْنَٰهُ بِلِسَانِكَ لَعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ‮٥٨‬‬‬
Хакимов
(Оо, Мухаммад!) Биз аны (Куранды) эскерме алышаар бекен деп, сенин тилиңе жеңил кылып койдук.
59
فَٱرْتَقِبْ إِنَّهُم مُّرْتَقِبُونَ‮٥٩‬‬‬
Хакимов
Эми сен (Аллах алардын жазасын беришин) күт. Алар да (сага бир зыян келишин) күтүшүүдө.