Сүрө 51

Зарият

c

Чачыраттуучулар

60 аят |МеккеМекке
Сүрө 51 • Аят 1 / 60 • Пара 268⁄8 • Бет 520
Зарият
2
1
وَٱلذَّٰرِيَٰتِ ذَرْوًا‮١‬‬‬
Хакимов
(Топуракты) тозгута желген шамалдарга ант!
2
فَٱلْحَٰمِلَٰتِ وِقْرًا‮٢‬‬‬
Хакимов
Көп сууга (жамгырга) кош бойлуу болгон булуттарга ант!
3
فَٱلْجَٰرِيَٰتِ يُسْرًا‮٣‬‬‬
Хакимов
Жеңил сызып жүрүүчүлөргө (кемелерге) ант!
4
فَٱلْمُقَسِّمَٰتِ أَمْرًا‮٤‬‬‬
Хакимов
(Аллахтын тапшырмасы менен ааламдык) иштерди бөлүштүрүүчү периштелерге ант!
5
إِنَّمَا تُوعَدُونَ لَصَادِقٌ‮٥‬‬‬
Хакимов
(Оо, пенделер!) Силерге убада кылынган нерсе[1] – бул чындык!

[1] Аллах бизге Өзунун Китебинде Кыямат болушун, ал Күндө ар бир пенде өзүнүн дүйнөлүк жашоосу жөнүндө жооп беришин убада кылган.
6
وَإِنَّ ٱلدِّينَ لَوَٰقِعٌ‮٦‬‬‬
Хакимов
Жана Кыямат сөзсүз болуучу!
7
وَٱلسَّمَآءِ ذَاتِ ٱلْحُبُكِ‮٧‬‬‬
Хакимов
Кооз-көркөм асманга ант!
8
إِنَّكُمْ لَفِى قَوْلٍ مُّخْتَلِفٍ‮٨‬‬‬
Хакимов
(Эй, мушриктер) силердин айткан-дегениңер аныгында туруксуз (сөздөр).
9
يُؤْفَكُ عَنْهُ مَنْ أُفِكَ‮٩‬‬‬
Хакимов
Андан (Курандан) бурулган адам(ды чындыктан) буруп коюлат.
10
قُتِلَ ٱلْخَرَّٰصُونَ‮١٠‬‬‬
Хакимов
Жалганчыларга өлүм!
11
ٱلَّذِينَ هُمْ فِى غَمْرَةٍ سَاهُونَ‮١١‬‬‬
Хакимов
Алар наадандык толкундарында адашкандар!
12
يَسْـَٔلُونَ أَيَّانَ يَوْمُ ٱلدِّينِ‮١٢‬‬‬
Хакимов
(Сени сынап, жалганчыга чыгаруу үчүн): «Кыямат Күн качан?» - деп сурашат.
13
يَوْمَ هُمْ عَلَى ٱلنَّارِ يُفْتَنُونَ‮١٣‬‬‬
Хакимов
Ал Күнү тозокто азап тартышат!
14
ذُوقُواْ فِتْنَتَكُمْ هَٰذَا ٱلَّذِى كُنتُم بِهِۦ تَسْتَعْجِلُونَ‮١٤‬‬‬
Хакимов
(Анан аларга) «Азабыңарды тарткыла! Силер («качан-качан» деп) шаштырган күнүңөр – ушул» (деп айтылат).
15
إِنَّ ٱلْمُتَّقِينَ فِى جَنَّٰتٍ وَعُيُونٍ‮١٥‬‬‬
Хакимов
(Ал эми) такыба кишилер бейиштерде, булактарда,
16
ءَاخِذِينَ مَآ ءَاتَىٰهُمْ رَبُّهُمْ ​ۚ إِنَّهُمْ كَانُواْ قَبْلَ ذَٰلِكَ مُحْسِنِينَ‮١٦‬‬‬
Хакимов
Раббиси берген сыйлыктарды алышып. (Себеби), алар буга чейин (дүйнө жашоосунда) жакшылык (сооп иш) кылуучу болушкан.
17
كَانُواْ قَلِيلًا مِّنَ ٱلَّيْلِ مَا يَهْجَعُونَ‮١٧‬‬‬
Хакимов
Алар түндөсү бир аз эле укташкан.
18
وَبِٱلْأَسْحَارِ هُمْ يَسْتَغْفِرُونَ‮١٨‬‬‬
Хакимов
Таң мезгилдеринде (намаз окушуп, Раббисинен) кечирим сурашкан.[1]

[1] Садий бул аяттагы «таң мезгилдерин» пенденин дубасы сөзсүз кабыл боло турган, түндүн үчтөн экиси өтүп, үчтөн бири калгандагы убакыт дейт. Анткени, пайгамбарыбыз с.а.в) көбүнчө дал ушул убакытта «тахажжуд» намазын окуп, Багымдатка чейин дуба-ибадат менен машгул болгон.
19
وَفِىٓ أَمْوَٰلِهِمْ حَقٌّ لِّلسَّآئِلِ وَٱلْمَحْرُومِ‮١٩‬‬‬
Хакимов
Алардын (адал эмгек менен тапкан) мал-дүйнөсүндө, тилемчилердин жана муктаждардын[1] акысы болгон.

[1] Бул аятта муктаждарды тилемчилерден бөлүп көрсөтүүнүн себеби, кээ бир муктаж момун-мусулмандар жокчулуктан ар канча кыйналса да бирөөдөн бир нерсени сурагандан тартынышат, ыйбаа кылышат. Ал эми, чыныгы бейишке татыктуу байлар ошолордун муктажыдыгын суратпай эле билип, өздөрү алып барып беришет.
20
وَفِى ٱلْأَرْضِ ءَايَٰتٌ لِّلْمُوقِنِينَ‮٢٠‬‬‬
Хакимов
Жерде (андагы жандуу-жансыз макулуктарда) терең ишенген кишилерге (Аллахтын Кудуретине) белгилер бар.
21
وَفِىٓ أَنفُسِكُمْ ​ۚ أَفَلَا تُبْصِرُونَ‮٢١‬‬‬
Хакимов
Силердин өзүңөрдө да (белгилер бар). Карабайсыңарбы?
22
وَفِى ٱلسَّمَآءِ رِزْقُكُمْ وَمَا تُوعَدُونَ‮٢٢‬‬‬
Хакимов
Асманда силердин ырыскыңар[1] жана силерге убада кылынган нерселер бар.

[1] Анткени, ырыскы деген асмандан түшөт. Инсаниятка жерден чыккан ырыскылардын себепчиси - жамгыр деле асмандан түшөт.
23
فَوَرَبِّ ٱلسَّمَآءِ وَٱلْأَرْضِ إِنَّهُۥ لَحَقٌّ مِّثْلَ مَآ أَنَّكُمْ تَنطِقُونَ‮٢٣‬‬‬
Хакимов
Асман жана жердин Раббисине ант, (оо, инсандар) албетте ал (Аллахтын Лавхул-Махфуздагы убадасы) силердин сүйлөп жатканыңар сыяктуу эле Акыйкат!
24
هَلْ أَتَىٰكَ حَدِيثُ ضَيْفِ إِبْرَٰهِيمَ ٱلْمُكْرَمِينَ‮٢٤‬‬‬
Хакимов
(Оо, Мухаммад!) сага Ибрахимдин урматтуу конокторунун кабары келди беле?
25
إِذْ دَخَلُواْ عَلَيْهِ فَقَالُواْ سَلَٰمًا ​ۖ قَالَ سَلَٰمٌ قَوْمٌ مُّنكَرُونَ‮٢٥‬‬‬
Хакимов
Бир кезде алар (адам түспөлүндөгү эки периште) ага кирип «Салам» дешти. Ал дагы «салам (эй) бейтааныш кишилер» деди.
26
فَرَاغَ إِلَىٰٓ أَهْلِهِۦ فَجَآءَ بِعِجْلٍ سَمِينٍ‮٢٦‬‬‬
Хакимов
Анан, сездирбей гана үй-бүлөсүнө барып, семиз музоону(н бышкан этин) алып келди.
27
فَقَرَّبَهُۥٓ إِلَيْهِمْ قَالَ أَلَا تَأْكُلُونَ‮٢٧‬‬‬
Хакимов
Аны аларга жакын коюп «Эмнеге жебейсиңер?» деди.
28
فَأَوْجَسَ مِنْهُمْ خِيفَةً ​ۖ قَالُواْ لَا تَخَفْ ​ۖ وَبَشَّرُوهُ بِغُلَٰمٍ عَلِيمٍ‮٢٨‬‬‬
Хакимов
Андан соң алардан кооптоно түштү. «Сен коркпогун» – дешти алар жана ага бир аалым перзенттин куш кабарын беришти.
29
فَأَقْبَلَتِ ٱمْرَأَتُهُۥ فِى صَرَّةٍ فَصَكَّتْ وَجْهَهَا وَقَالَتْ عَجُوزٌ عَقِيمٌ‮٢٩‬‬‬
Хакимов
Анын (Ибрахимдин) аялы (таңыркап) кыйкырган бойдон, бетине шапаттап, айтты: «Мен туубас кемпирмин го?!».
30
قَالُواْ كَذَٰلِكِ قَالَ رَبُّكِ ​ۖ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلْحَكِيمُ ٱلْعَلِيمُ‮٣٠‬‬‬
Хакимов
«Раббиң ушундай деди. Ал Бир Өзү гана Даанышман, Билүүчү» - дешти (периштелер).
31
۞ قَالَ فَمَا خَطْبُكُمْ أَيُّهَا ٱلْمُرْسَلُونَ‮٣١‬‬‬
Хакимов
«Оо, элчилер, эмне жумуш менен?» – деди. (Ибрахим)
32
قَالُوٓاْ إِنَّآ أُرْسِلْنَآ إِلَىٰ قَوْمٍ مُّجْرِمِينَ‮٣٢‬‬‬
Хакимов
(Периштелер) айтты: «Биз күнөөкөр коомго (Лут коомуна) жиберилдик.
33
لِنُرْسِلَ عَلَيْهِمْ حِجَارَةً مِّن طِينٍ‮٣٣‬‬‬
Хакимов
Алардын үстүнө чопо-таштарды жаадырыш үчүн,
34
مُّسَوَّمَةً عِندَ رَبِّكَ لِلْمُسْرِفِينَ‮٣٤‬‬‬
Хакимов
Ал ысырапчылар үчүн Раббиңдин алдында (ар бирине тие турган ташка ысымдары) белгиленип коюлган.
35
فَأَخْرَجْنَا مَن كَانَ فِيهَا مِنَ ٱلْمُؤْمِنِينَ‮٣٥‬‬‬
Хакимов
Биз ыймандууларды (шаардан) чыгардык.
36
فَمَا وَجَدْنَا فِيهَا غَيْرَ بَيْتٍ مِّنَ ٱلْمُسْلِمِينَ‮٣٦‬‬‬
Хакимов
Ал жерде бир гана (Лутка тиешелүү) үйдөн[1] башка мусулмандарды таппадык.

[1] Элдин бардыгы чекеден бузулуп, бачабаз болуп, аялдары да ал ишке кайыл болуп калышкан. Луттун үй-бүлөсүнөн анын аялы бузукларга кошулуп кеткен. Ошондуктан шаардан чыгарылган Луттун үй-бүлөсүнүн арасында ал болгон эмес.
37
وَتَرَكْنَا فِيهَآ ءَايَةً لِّلَّذِينَ يَخَافُونَ ٱلْعَذَابَ ٱلْأَلِيمَ‮٣٧‬‬‬
Хакимов
Жана биз ал жерде катуу азаптан корко турган элдер үчүн (апааттын) белгилер(ин) калтырдык.
38
وَفِى مُوسَىٰٓ إِذْ أَرْسَلْنَٰهُ إِلَىٰ فِرْعَوْنَ بِسُلْطَٰنٍ مُّبِينٍ‮٣٨‬‬‬
Хакимов
Муса(нын окуясын)да дагы (азаптан корко турган элдер үчүн) белгилер бар. Бир кезде Биз аны Фараонго анык далил (дин) менен жибердик эле...
39
فَتَوَلَّىٰ بِرُكْنِهِۦ وَقَالَ سَٰحِرٌ أَوْ مَجْنُونٌ‮٣٩‬‬‬
Хакимов
(Фараон) далысын салып, тескери карады жана: «(Муса) сыйкырчы жана жинди» - деди.
40
فَأَخَذْنَٰهُ وَجُنُودَهُۥ فَنَبَذْنَٰهُمْ فِى ٱلْيَمِّ وَهُوَ مُلِيمٌ‮٤٠‬‬‬
Хакимов
Биз аны жана аскерлерин (азап менен) кармап, толкундардын арасына ыргыттык. Ал айыпталган (күнөөкөр) болчу.
41
وَفِى عَادٍ إِذْ أَرْسَلْنَا عَلَيْهِمُ ٱلرِّيحَ ٱلْعَقِيمَ‮٤١‬‬‬
Хакимов
Жана Аад (окуясын)да (сабак) бар: бир кезде Биз аларга кысыр[1] шамалды жибердик.

[1] "Кысыр" деген сөз бул жерде "пайдасы жок" деген мааниде. Адатта, шамал булуттарды адап келип. жамгыр жаап, пайда келтирет. Ал эми, Аллахтын Аад коомунун үстүнө жиберген шамал аларга зыян алып келди.
42
مَا تَذَرُ مِن شَىْءٍ أَتَتْ عَلَيْهِ إِلَّا جَعَلَتْهُ كَٱلرَّمِيمِ‮٤٢‬‬‬
Хакимов
Ал эмнеге тийген болсо, баарын чириген сөөк сыяктуу кылып койду.
43
وَفِى ثَمُودَ إِذْ قِيلَ لَهُمْ تَمَتَّعُواْ حَتَّىٰ حِينٍ‮٤٣‬‬‬
Хакимов
Жана Самуд (элинин окуясын)да (белги) бар. Бир кезде аларга: «Убактысы келгенге чейин (үч күн дүйнө жыргалынан) пайдаланып калгыла» деп айтылды.[1]

[1] Самуд коому өздөрүнө жиберилген Салих пайгамбарга моюн сунбай, кайра азап жөнүндө эскертүү берсе, "ошол азабың каан келет?" деп келекелешти. Аллахтын буйругу менен аларга "үч күн ичип-жеп, жыргап-куунап алгыла" деп айтылды.
44
فَعَتَوْاْ عَنْ أَمْرِ رَبِّهِمْ فَأَخَذَتْهُمُ ٱلصَّٰعِقَةُ وَهُمْ يَنظُرُونَ‮٤٤‬‬‬
Хакимов
Алар Аллахтын буйругуна каршы чыгышты. Анан (капыстан) аларды, карап турган абалдарында ач айкырык кармады![1]

[1] Асмандан кулакты тундуруп, жүрөктү жарган ач айкырык келди.
45
فَمَا ٱسْتَطَٰعُواْ مِن قِيَامٍ وَمَا كَانُواْ مُنتَصِرِينَ‮٤٥‬‬‬
Хакимов
(Жаткан, олтурган орундарынан) турганга да үлгүрбөй (кыйрап) калышты! Алар жардам берилгендерден болушпады.
46
وَقَوْمَ نُوحٍ مِّن قَبْلُ ​ۖ إِنَّهُمْ كَانُواْ قَوْمًا فَٰسِقِينَ‮٤٦‬‬‬
Хакимов
Биз андан мурун Нух(тун каапыр) коомун да (кыйраткан элек). Алар бузуку коом болгон.
47
وَٱلسَّمَآءَ بَنَيْنَٰهَا بِأَيْيْدٍ وَإِنَّا لَمُوسِعُونَ‮٤٧‬‬‬
Хакимов
Биз асманды Күч-Кудурет менен курдук жана Биз аны кеңейтүүчүбүз.
48
وَٱلْأَرْضَ فَرَشْنَٰهَا فَنِعْمَ ٱلْمَٰهِدُونَ‮٤٨‬‬‬
Хакимов
Жерди болсо (төшөк кылып) жазып (жашоого даярдап) койдук. Биз эң жакшы даярдоочубуз!
49
وَمِن كُلِّ شَىْءٍ خَلَقْنَا زَوْجَيْنِ لَعَلَّكُمْ تَذَكَّرُونَ‮٤٩‬‬‬
Хакимов
Жана Биз ар бир нерсени жубу менен жараттык. Кана эми, эскерсеңер!
50
فَفِرُّوٓاْ إِلَى ٱللَّهِ ​ۖ إِنِّى لَكُم مِّنْهُ نَذِيرٌ مُّبِينٌ‮٥٠‬‬‬
Хакимов
(Бардык күнөөдөн) Аллахка гана качкыла! Мен силерге Андан (жиберилген) анык эскертүүчүмүн!
51
وَلَا تَجْعَلُواْ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَ ​ۖ إِنِّى لَكُم مِّنْهُ نَذِيرٌ مُّبِينٌ‮٥١‬‬‬
Хакимов
Аллах менен бирге (өзүңөргө) башка кудай тутпагыла! Мен силерге Андан (жиберилген) анык эстетүүчүмүн!
52
كَذَٰلِكَ مَآ أَتَى ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِم مِّن رَّسُولٍ إِلَّا قَالُواْ سَاحِرٌ أَوْ مَجْنُونٌ‮٥٢‬‬‬
Хакимов
Ошентип, алардан (Мекке мушриктеринен) мурунку элдерге да (качан) бир пайгамбар келсе, «сыйкырчы» же болбосо «жинди» дешкен.
53
أَتَوَاصَوْاْ بِهِۦ ​ۚ بَلْ هُمْ قَوْمٌ طَاغُونَ‮٥٣‬‬‬
Хакимов
Алар бири-бирине («пайгамбарды укпагыла» деп) осуят калтырышты беле? Жок! (Андай эмес. Болгону) алар(дын бардыгы Аллахка) каршы чыккан элдер.
54
فَتَوَلَّ عَنْهُمْ فَمَآ أَنتَ بِمَلُومٍ‮٥٤‬‬‬
Хакимов
(Оо, Мухаммад), сен алардан жүзүңдү бур! (Алардын күнөөгө батканы үчүн) сен айыптуу эмессиң.
55
وَذَكِّرْ فَإِنَّ ٱلذِّكْرَىٰ تَنفَعُ ٱلْمُؤْمِنِينَ‮٥٥‬‬‬
Хакимов
Ал эми, (ыймандууларга Раббисин) эстет! Чынында, эскертүү ыймандууларга пайда берет.
56
وَمَا خَلَقْتُ ٱلْجِنَّ وَٱلْإِنسَ إِلَّا لِيَعْبُدُونِ‮٥٦‬‬‬
Хакимов
Мен жин жана инсанды Бир Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым.[1]

[1] Ошондуктан тарыхта өткөн бардык пайгамбарлар адегенде эле «Аллахка гана ибадат кылгыла! Силерге Андан башка кудай жок» деп даават кылышкан. Бардык пайгамбарлардын каапыр коом менен болгон келишпестиктери ушул эле маселенин үстүндө болгон.
57
مَآ أُرِيدُ مِنْهُم مِّن رِّزْقٍ وَمَآ أُرِيدُ أَن يُطْعِمُونِ‮٥٧‬‬‬
Хакимов
Мен алардан ырыскы сурабаймын. Мени тамактандырууларын да сурабаймын.[1]

[1] Аллах бизден бир гана нерсени – Өзүнө ыклас менен ибадат кылууну гана сурайт. Ал эми өз кезегинде, биздин ибадаттарыбыздан Аллахка эмес, өзүбүзгө гана пайда кайтат.
58
إِنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلرَّزَّاقُ ذُو ٱلْقُوَّةِ ٱلْمَتِينُ‮٥٨‬‬‬
Хакимов
Чынында, Аллахтын Өзү бекем кубат Ээси болгон Ырыскы Берүүчү.
59
فَإِنَّ لِلَّذِينَ ظَلَمُواْ ذَنُوبًا مِّثْلَ ذَنُوبِ أَصْحَٰبِهِمْ فَلَا يَسْتَعْجِلُونِ‮٥٩‬‬‬
Хакимов
Эми, зулум кылган (каапыр) адамдарга болсо, өздөрүнүн (мурунку замандардагы) шериктеринин азабына окшош (түбөлүк) азап бар. (Ал азапты) шаштырбай турушсун!
60
فَوَيْلٌ لِّلَّذِينَ كَفَرُواْ مِن يَوْمِهِمُ ٱلَّذِى يُوعَدُونَ‮٦٠‬‬‬
Хакимов
Каапыр адамдар үчүн аларга убада кылынган күндө (Кыяматта) өлүм болсун!