Сүрө 53
Наджм
g
Жылдыз
62 аят |
Мекке
Сүрө 53 • Аят 1 / 62 • Пара 272⁄8 • Бет 526
Наджм
2
1
وَٱلنَّجْمِ إِذَا هَوَىٰ١
Хакимов
Батып бара жаткан жылдызга ант![1]
[1] Физиканын «көзү » менен карасак, жылдыз батпайт. Бирок, Куран жөнөкөй адамдардын аң-сезимине багытталганы себептүү ушул сөз колдонулган. Жөнөкөй адамдар жылдыз өз ордунда турса деле, маселен «жылдыз чыкты», «ай батты» дешет.
2
مَا ضَلَّ صَاحِبُكُمْ وَمَا غَوَىٰ٢
Хакимов
(Эй, Курайш мушриктери!) Силердин жаныңардагы (Мухаммад) адашкан да эмес, азгырылган да эмес.
3
وَمَا يَنطِقُ عَنِ ٱلْهَوَىٰٓ٣
Хакимов
Жана ал абадан (өзүнүн ой-каалоосунан чыгарып) сүйлөбөйт.
4
إِنْ هُوَ إِلَّا وَحْىٌ يُوحَىٰ٤
Хакимов
Алар (ал сүйлөгөн сөздөр - Аллахтан келген) аян-кабарынан башка эмес.
5
عَلَّمَهُۥ شَدِيدُ ٱلْقُوَىٰ٥
Хакимов
Ага (ал кабарды) өтө күч-кубаттуу (Жебирейил периште) үйрөткөн.
6
ذُو مِرَّةٍ فَٱسْتَوَىٰ٦
Хакимов
Көрктүү, кудуреттүү (Жебирейил периште) көтөрүлдү
7
وَهُوَ بِٱلْأُفُقِ ٱلْأَعْلَىٰ٧
Хакимов
жана жогорку асман мейкиндигинде (асыл кыяпаты менен көрүндү)[1]
[1] Бул аятта улук пайгамбарыбыз улук периштени өзүн асыл кыяпат-шекилинде көргөнү айтылат. Ошого чейин ал пайгамбарыбызга адам түспөлүндө көрүнүп жүргөн.
8
ثُمَّ دَنَا فَتَدَلَّىٰ٨
Хакимов
Кийин ага (пайгамбарга) өтө жакын келди.
9
فَكَانَ قَابَ قَوْسَيْنِ أَوْ أَدْنَىٰ٩
Хакимов
Эки жаа бою же андан да жакыныраак.
10
فَأَوْحَىٰٓ إِلَىٰ عَبْدِهِۦ مَآ أَوْحَىٰ١٠
Хакимов
Анан (Аллах анын ортомчулугу менен) Өз пендесине вахий кылды.
11
مَا كَذَبَ ٱلْفُؤَادُ مَا رَأَىٰٓ١١
Хакимов
(Көз) көргөндү көкүрөк тастыктады!
12
أَفَتُمَٰرُونَهُۥ عَلَىٰ مَا يَرَىٰ١٢
Хакимов
(Эй, мушриктер!) Силер ал (Мухаммад) менен, өзү көргөн нерсе жөнүндө талашасыңарбы?[1]
[1] Курайш мушриктери Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын «Мага Куран аяттарын периште алып келет» деген сөзүнө ишенчү эмес. Анан алар периштелерди ата-бабаларынын кыял-фантазиялары боюнча аял сүрөтүндө элестетип жүрүшкөн жана «Периштелер – Аллахтын кыздары» дешкен. Дал ушул ката пикирден улам, өздөрүнүн кудайлары жөнүндө «Алар Аллахтын кыздары. Мурда периште болушкан» деп аларга аял ысымдарын ыйгарышкан. Маселен, алар «Лат» деп аталган кудайларынын атын «Аллах» сөзүн аялдык мүнөзгө женский род) оодарып «Ал-Лат» деп жасап алышкан. Ушул эле ыкма менен Аллахтын «Маннан» деген ысымынан «Манат» деген кудайынын атын, «Азиз» деген ысымын аялчага оодарып, «Узза» деген кудайларынын ысымын жасап алышкан.
13
وَلَقَدْ رَءَاهُ نَزْلَةً أُخْرَىٰ١٣
Хакимов
(Мухаммад) аны (Жебрейилди) экинчи ирет дагы көрдү.
14
عِندَ سِدْرَةِ ٱلْمُنتَهَىٰ١٤
Хакимов
«Сидратул мунтахаанын»[1] алдында.
[1] «Сидратул мунтаха». Мааниси «Эң акыркы дарак». Пайгамбарыбыз дагы Мээражга чыкканда ошол жерден кайткан.
15
عِندَهَا جَنَّةُ ٱلْمَأْوَىٰٓ١٥
Хакимов
«Маьваа» бейиши ошол дарактын алдында.
16
إِذْ يَغْشَى ٱلسِّدْرَةَ مَا يَغْشَىٰ١٦
Хакимов
Капыстан (Аллахтын буйругу менен) «Сидрат» дарагын бир улук нерсе ороп калды.[1]
[1] Эмне орогонун бир Аллах билет.
17
مَا زَاغَ ٱلْبَصَرُ وَمَا طَغَىٰ١٧
Хакимов
(Мухаммаддын) көз(ү) четке бурулбады жана (буюрулган нерсени көрүүдөн) четтебеди.
18
لَقَدْ رَأَىٰ مِنْ ءَايَٰتِ رَبِّهِ ٱلْكُبْرَىٰٓ١٨
Хакимов
Ал (Мээраж түнүндө) Раббисинин (Кудуретинин) чоң белгилерин анык көрдү.
19
أَفَرَءَيْتُمُ ٱللَّٰتَ وَٱلْعُزَّىٰ١٩
Хакимов
«Лат» менен «Уззага» карабайсыңарбы?
20
وَمَنَوٰةَ ٱلثَّالِثَةَ ٱلْأُخْرَىٰٓ٢٠
Хакимов
«Манатка» дагы, алардын үчүнчүсү.[1]
[1] Бул «кудайлар» силерге пайда же зыян жеткире алабы?!
21
أَلَكُمُ ٱلذَّكَرُ وَلَهُ ٱلْأُنثَىٰ٢١
Хакимов
Өзүңөргө уул, Ага кыз перзентпи?![1]
[1] Бул аятты кененирээк түшүнүү үчүн 12-аяттын түшүндүрмөсүнө кайрылыңыз.
22
تِلْكَ إِذًا قِسْمَةٌ ضِيزَىٰٓ٢٢
Хакимов
Анда бул бөлүштүрүү абдан чоң ката!
23
إِنْ هِىَ إِلَّآ أَسْمَآءٌ سَمَّيْتُمُوهَآ أَنتُمْ وَءَابَآؤُكُم مَّآ أَنزَلَ ٱللَّهُ بِهَا مِن سُلْطَٰنٍ ۚ إِن يَتَّبِعُونَ إِلَّا ٱلظَّنَّ وَمَا تَهْوَى ٱلْأَنفُسُ ۖ وَلَقَدْ جَآءَهُم مِّن رَّبِّهِمُ ٱلْهُدَىٰٓ٢٣
Хакимов
Алар өзүңөр жана ата-бабаңар (оюнан чыгарып) атап алган ысымдардан башка эмес. Аллах аларга далил түшүрбөгөн. Алар күмөндү жана напси каалаган нерселерди гана ээрчип жатышат. Аларга Раббиси тарабынан туура жол келген болчу.
24
أَمْ لِلْإِنسَٰنِ مَا تَمَنَّىٰ٢٤
Хакимов
Же инсан каалаганын жасай береби?!
25
فَلِلَّهِ ٱلْـَٔاخِرَةُ وَٱلْأُولَىٰ٢٥
Хакимов
Акырет дагы Дүйнө дагы Аллахга таандык.
26
۞۞ وَكَم مِّن مَّلَكٍ فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ لَا تُغْنِى شَفَٰعَتُهُمْ شَيْـًٔا إِلَّا مِنۢ بَعْدِ أَن يَأْذَنَ ٱللَّهُ لِمَن يَشَآءُ وَيَرْضَىٰٓ٢٦
Хакимов
Асмандарда канча периште болсо, Аллах Өзү каалаган жана ыраазы болгон пендесине уруксат бермейинче, алардын шапаатынан эч пайда жок!
27
إِنَّ ٱلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِٱلْـَٔاخِرَةِ لَيُسَمُّونَ ٱلْمَلَٰٓئِكَةَ تَسْمِيَةَ ٱلْأُنثَىٰ٢٧
Хакимов
Чынында, акыретке ыйман келтирбеген адамдар периштелерди аял аттары менен аташат.
28
وَمَا لَهُم بِهِۦ مِنْ عِلْمٍ ۖ إِن يَتَّبِعُونَ إِلَّا ٱلظَّنَّ ۖ وَإِنَّ ٱلظَّنَّ لَا يُغْنِى مِنَ ٱلْحَقِّ شَيْـًٔا٢٨
Хакимов
Алардын илими жок. Күмөндү гана ээрчишет. Ал эми, күмөн деген эч качан акыйкаттын ордун баса албайт.
29
فَأَعْرِضْ عَن مَّن تَوَلَّىٰ عَن ذِكْرِنَا وَلَمْ يُرِدْ إِلَّا ٱلْحَيَوٰةَ ٱلدُّنْيَا٢٩
Хакимов
Эми сен Биздин зикирибизден жүз бурган жана дүйнө жашоосун гана каалаган адамдардан түңүл.
30
ذَٰلِكَ مَبْلَغُهُم مِّنَ ٱلْعِلْمِ ۚ إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعْلَمُ بِمَن ضَلَّ عَن سَبِيلِهِۦ وَهُوَ أَعْلَمُ بِمَنِ ٱهْتَدَىٰ٣٠
Хакимов
Алардын илимден жеткен чеги – ушул. Раббиң Өзүнүн Жолунан ким адашып кеткенин жана ким туура жол тапканын билип турат.
31
وَلِلَّهِ مَا فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ لِيَجْزِىَ ٱلَّذِينَ أَسَٰٓـُٔواْ بِمَا عَمِلُواْ وَيَجْزِىَ ٱلَّذِينَ أَحْسَنُواْ بِٱلْحُسْنَى٣١
Хакимов
Күнөө жасагандарды кылмышына жараша жазалоо жана сооп иш жасагандарды анысынан жакшыраак (бейиш) менен сыйлоо үчүн асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллахка таандык.
32
ٱلَّذِينَ يَجْتَنِبُونَ كَبَٰٓئِرَ ٱلْإِثْمِ وَٱلْفَوَٰحِشَ إِلَّا ٱللَّمَمَ ۚ إِنَّ رَبَّكَ وَٰسِعُ ٱلْمَغْفِرَةِ ۚ هُوَ أَعْلَمُ بِكُمْ إِذْ أَنشَأَكُم مِّنَ ٱلْأَرْضِ وَإِذْ أَنتُمْ أَجِنَّةٌ فِى بُطُونِ أُمَّهَٰتِكُمْ ۖ فَلَا تُزَكُّوٓاْ أَنفُسَكُمْ ۖ هُوَ أَعْلَمُ بِمَنِ ٱتَّقَىٰٓ٣٢
Хакимов
Майда күнөөлөрдөн башка өтө бузук жана чоң күнөөлөрдөн сактанган кишилер үчүн Раббиңдин кечирими кенен.[1] Ал силерди жерден жараткан кезди да, энеңердин курсагындагы ымыркай кезиңерди да эң жакшы билет. Өзүңөрдү актабай эле койгула. Аллах такыбаларды да эң жакшы билет.
[1] «Бузук жана чоң күнөө» - бул Куранда жаза берүү белгиленген күнөөлөр.
33
أَفَرَءَيْتَ ٱلَّذِى تَوَلَّىٰ٣٣
Хакимов
Сен (акыйкаттан) бурулуп кеткендерди көрбөй жатасыңбы?
34
وَأَعْطَىٰ قَلِيلًا وَأَكْدَىٰٓ٣٤
Хакимов
Алар аз гана (садака) беришет жана токтоп калышат.
35
أَعِندَهُۥ عِلْمُ ٱلْغَيْبِ فَهُوَ يَرَىٰٓ٣٥
Хакимов
Же алардын алдында көрүп турган кайып илими барбы?![1]
[1] Б. а. алар «Эгер көп садака кылсам кемип каламын» деп ойлошобу? Келечек – кайып. Аны Аллахтан башка эч ким билбейт.
36
أَمْ لَمْ يُنَبَّأْ بِمَا فِى صُحُفِ مُوسَىٰ٣٦
Хакимов
Же ага Мусанын (Тоорат) сахипасындагы кабарлар жетпегенби?
37
وَإِبْرَٰهِيمَ ٱلَّذِى وَفَّىٰٓ٣٧
Хакимов
(Аллахтын буйругуна) опаа кылган Ибрахимдин (барактарынын) кабарычы?
38
أَلَّا تَزِرُ وَازِرَةٌ وِزْرَ أُخْرَىٰ٣٨
Хакимов
(Аларда) «Эч бир жан башканын күнөөсүнө жооп бербейт
39
وَأَن لَّيْسَ لِلْإِنسَٰنِ إِلَّا مَا سَعَىٰ٣٩
Хакимов
Жана ар бир инсанга өз аракетинен башка(нын сообу) болбойт» (деп жазылган).
40
وَأَنَّ سَعْيَهُۥ سَوْفَ يُرَىٰ٤٠
Хакимов
Анын арекети жакында (Кыяматта) көргөзүлөт.
41
ثُمَّ يُجْزَىٰهُ ٱلْجَزَآءَ ٱلْأَوْفَىٰ٤١
Хакимов
Кийин өзүнө ылайык жазасы (же сыйлыгы толук) берилет.
42
وَأَنَّ إِلَىٰ رَبِّكَ ٱلْمُنتَهَىٰ٤٢
Хакимов
Чынында, (бардык калк-калайык) акыры Раббиңе кайтат.
43
وَأَنَّهُۥ هُوَ أَضْحَكَ وَأَبْكَىٰ٤٣
Хакимов
Күлдүргөн да, ыйлаткан да Анын Өзү.
44
وَأَنَّهُۥ هُوَ أَمَاتَ وَأَحْيَا٤٤
Хакимов
Өлтүргөн да, тирилткен да Анын Өзү.
45
وَأَنَّهُۥ خَلَقَ ٱلزَّوْجَيْنِ ٱلذَّكَرَ وَٱلْأُنثَىٰ٤٥
Хакимов
Эркек-аял – эки жупту жараткан да Анын Өзү.
46
مِن نُّطْفَةٍ إِذَا تُمْنَىٰ٤٦
Хакимов
(Жатындарга) атырылган бел суудан!
47
وَأَنَّ عَلَيْهِ ٱلنَّشْأَةَ ٱلْأُخْرَىٰ٤٧
Хакимов
Экинчи ирет (кайрадан) жаратыш да Анын иши.
48
وَأَنَّهُۥ هُوَ أَغْنَىٰ وَأَقْنَىٰ٤٨
Хакимов
Жана (каалаганын) беймуктаж, бай кылган да Анын Өзү.
49
وَأَنَّهُۥ هُوَ رَبُّ ٱلشِّعْرَىٰ٤٩
Хакимов
(Мушриктер сыйынган) Шиъранын[1] Раббиси да Анын Өзү.
[1] «Шиъра» - «Сириус» жылдызы. Ушул гана жылдыздын мисалында асмандагы бардык нерселер Аллахтын мүлкү экени айтылууда.
50
وَأَنَّهُۥٓ أَهْلَكَ عَادًا ٱلْأُولَىٰ٥٠
Хакимов
Абалкы Аад коомун кыйраткан да Анын Өзү.
51
وَثَمُودَاْ فَمَآ أَبْقَىٰ٥١
Хакимов
Самудду дагы (эч кимисин) калтырбай.
52
وَقَوْمَ نُوحٍ مِّن قَبْلُ ۖ إِنَّهُمْ كَانُواْ هُمْ أَظْلَمَ وَأَطْغَىٰ٥٢
Хакимов
Буга чейин Нух коомун да кыйраткан. Себеби алар чектен чыккан залым коом болушкан.
53
وَٱلْمُؤْتَفِكَةَ أَهْوَىٰ٥٣
Хакимов
«Муьтафика» (деп аталган Лут коомунун шаарларын астын-үстүн) оодарган да (Бир Өзү).
54
فَغَشَّىٰهَا مَا غَشَّىٰ٥٤
Хакимов
Анан аларды орогон нерсе (таш бороону) ороп алды!
55
فَبِأَىِّ ءَالَآءِ رَبِّكَ تَتَمَارَىٰ٥٥
Хакимов
Эми (эй, инсан) Раббиңдин кайси ишинен шектенесиң?
56
هَٰذَا نَذِيرٌ مِّنَ ٱلنُّذُرِ ٱلْأُولَىٰٓ٥٦
Хакимов
Бул (Мухаммад) абалкы эскертүүчүлөрдүн бири.[1]
[1] Себеби ал эч кандай жанылык алып келген жок. Ошол эле пайгамбарлардай Аллахка ширк келтиргендерди тозок менен эскертүүдө.
57
أَزِفَتِ ٱلْـَٔازِفَةُ٥٧
Хакимов
Жакындашуучу (Кыямат) жакын калды.
58
لَيْسَ لَهَا مِن دُونِ ٱللَّهِ كَاشِفَةٌ٥٨
Хакимов
Аны(н качан болушунун сырын) Аллахтан башка эч ким ача албайт.
59
أَفَمِنْ هَٰذَا ٱلْحَدِيثِ تَعْجَبُونَ٥٩
Хакимов
Силер (эй, мушриктер) бул Сөздөн (Курандан) таң калып жатасыңарбы?!
60
وَتَضْحَكُونَ وَلَا تَبْكُونَ٦٠
Хакимов
(Аны укканда жүрөгүңөр ээрип) ыйлагандын ордуна (мыскылдап) күлүп жатасыңарбы?!
61
وَأَنتُمْ سَٰمِدُونَ٦١
Хакимов
Силер (ага) көңүл бурбадыңар.
62
فَٱسْجُدُواْ لِلَّهِ وَٱعْبُدُواْ ۩۩٦٢
Хакимов
Эми (ынсапка келип) Аллахка сажда жана ибадат кылгыла!