Сүрө 56

Вакыа

m

Окуя

96 аят |МеккеМекке
Сүрө 56 • Аят 1 / 96 • Пара 276⁄8 • Бет 534
Вакыа
ﻉ469Пара 27 6⁄8469ﻉ
2
1
۞ إِذَا وَقَعَتِ ٱلْوَاقِعَةُ‮١‬‬‬
Хакимов
(Кыяматтык) окуя болгондо...
2
لَيْسَ لِوَقْعَتِهَا كَاذِبَةٌ‮٢‬‬‬
Хакимов
Анын болгонун эч ким «жалган» дей албайт.
3
خَافِضَةٌ رَّافِعَةٌ‮٣‬‬‬
Хакимов
Ал төмөндөтүүчү, бийиктетүүчү.[1]

[1] Куранда кыяматтын бир нече аталыштары келген. Алардын бири Вакеьа. Кыямат келип калганда, анын белгилерин, коркунучтарын өз көзү менен көргөн бардык акыл-эстүүлєр ага ишенишет. Бирок, ошого чейин эле бул дүйнөдө) Аллaх тааланын сурагынан коркуп, адал жашагандардын кадыры ал күндө бийик болот. Ишенбей, арам жашагандар төмөн, кор жашоого кабылат.
4
إِذَا رُجَّتِ ٱلْأَرْضُ رَجًّا‮٤‬‬‬
Хакимов
Жер катуу силкинип, титирегенде...,
5
وَبُسَّتِ ٱلْجِبَالُ بَسًّا‮٥‬‬‬
Хакимов
Тоолор дагы талкаланып,
6
فَكَانَتْ هَبَآءً مُّن​ۢبَثًّا‮٦‬‬‬
Хакимов
чаң-тозонго айланганда...,
7
وَكُنتُمْ أَزْوَٰجًا ثَلَٰثَةً‮٧‬‬‬
Хакимов
Жана силер (төмөндөгү) үч тайпага бөлүнгөндө:
8
فَأَصْحَٰبُ ٱلْمَيْمَنَةِ مَآ أَصْحَٰبُ ٱلْمَيْمَنَةِ‮٨‬‬‬
Хакимов
Оң тарап ээлери. Оң тарап ээлери кандай (бийик даража)!
9
وَأَصْحَٰبُ ٱلْمَشْـَٔمَةِ مَآ أَصْحَٰبُ ٱلْمَشْـَٔمَةِ‮٩‬‬‬
Хакимов
Жана сол тарап ээлери. Сол тарап ээлери кандай (төмөн даража)!
10
وَٱلسَّٰبِقُونَ ٱلسَّٰبِقُونَ‮١٠‬‬‬
Хакимов
Алдыңкылар – алдыңкылар.
11
أُوْلَٰٓئِكَ ٱلْمُقَرَّبُونَ‮١١‬‬‬
Хакимов
Ошолор (Аллахка) жакын болгондор![1]

[1] Үч тайпанын биринчиси, амал баракчасы китеби) оң тарабынан берилген оң тарап ээлери, экинчиси амал баракчасы сол тарабынан берилген сол тарап ээлери. Ал эми үчүнчүсү - эң бактылуу адамдар. Алар - алдыңкылар! Алар Жалгыз Аллахка ибадат кылууда ар дайым алдыңкы сапта турган пайгамбарлар, олуялар, салихтер,шейиттер. Алар бейишке да эң алдыңкы болуп киришет.
12
فِى جَنَّٰتِ ٱلنَّعِيمِ‮١٢‬‬‬
Хакимов
Алар «Наим» (нээматы эң көп) бейиштерде болушат.
13
ثُلَّةٌ مِّنَ ٱلْأَوَّلِينَ‮١٣‬‬‬
Хакимов
Мурунку коомдордон болгон көптөгөн жамааттар.
14
وَقَلِيلٌ مِّنَ ٱلْـَٔاخِرِينَ‮١٤‬‬‬
Хакимов
Акыркылардан азыраак жамааттар (түшөт).
15
عَلَىٰ سُرُرٍ مَّوْضُونَةٍ‮١٥‬‬‬
Хакимов
Алар (асыл таштар аралаш) токулган сөрүлөрдө
16
مُّتَّكِـِٔينَ عَلَيْهَا مُتَقَٰبِلِينَ‮١٦‬‬‬
Хакимов
жамбаштап, бири-бирине бетмаңдай (сүйлөшүп) отурушат.
17
يَطُوفُ عَلَيْهِمْ وِلْدَٰنٌ مُّخَلَّدُونَ‮١٧‬‬‬
Хакимов
(Алардын кызматында) түбөлүк жаш жигиттер тегеренип жүрүшөт,
18
بِأَكْوَابٍ وَأَبَارِيقَ وَكَأْسٍ مِّن مَّعِينٍ‮١٨‬‬‬
Хакимов
Таттуу шарап толтурулган, көзөлөрү, кумуралары, чөйчөктөрү менен.
19
لَّا يُصَدَّعُونَ عَنْهَا وَلَا يُنزِفُونَ‮١٩‬‬‬
Хакимов
Ал шараптан алардын баштары оорубайт жана мас болушпайт.
20
وَفَٰكِهَةٍ مِّمَّا يَتَخَيَّرُونَ‮٢٠‬‬‬
Хакимов
(Кызматчы жигиттер, алар) тандаган мөмөлөр менен,
21
وَلَحْمِ طَيْرٍ مِّمَّا يَشْتَهُونَ‮٢١‬‬‬
Хакимов
табити каалаган (ар түрдүү, бышкан) куш эттери менен (тегеренип жүрүшөт).
22
وَحُورٌ عِينٌ‮٢٢‬‬‬
Хакимов
Жана (алар үчүн) бакыраң көз үр кыздар бар.
23
كَأَمْثَٰلِ ٱللُّؤْلُؤِ ٱلْمَكْنُونِ‮٢٣‬‬‬
Хакимов
(Седепте) жашынган бермет сыяктуу!
24
جَزَآءً​ۢ بِمَا كَانُواْ يَعْمَلُونَ‮٢٤‬‬‬
Хакимов
Жасаган (сооп) иштеринин сыйлыгына!
25
لَا يَسْمَعُونَ فِيهَا لَغْوًا وَلَا تَأْثِيمًا‮٢٥‬‬‬
Хакимов
(Бейиштегилер) ал жерде маанисиз жана уят (күнөө) сөздөрдү угушпайт.
26
إِلَّا قِيلًا سَلَٰمًا سَلَٰمًا‮٢٦‬‬‬
Хакимов
Бир гана «салам-салам» (деген) сөздөрдү угушат.
27
وَأَصْحَٰبُ ٱلْيَمِينِ مَآ أَصْحَٰبُ ٱلْيَمِينِ‮٢٧‬‬‬
Хакимов
Оң тарап ээлери. Оң тарап ээлери не деген (бакыт)!
28
فِى سِدْرٍ مَّخْضُودٍ‮٢٨‬‬‬
Хакимов
(Алар) тикенсиз «Сидр»[1] дарагынын арасында,

[1] "Сидр" деген жыпар жыттуу бирок, тикенектүү дарак бар. Ал эми бейиштеги Сидр дарагы ушуга окшогон эле жыпар жыттуу, а бирок тикенексиз болот.
29
وَطَلْحٍ مَّنضُودٍ‮٢٩‬‬‬
Хакимов
Мөмөлүү банан бактарында,
30
وَظِلٍّ مَّمْدُودٍ‮٣٠‬‬‬
Хакимов
Жайылган (кенен) көлөкөлөрдө,
31
وَمَآءٍ مَّسْكُوبٍ‮٣١‬‬‬
Хакимов
(Шар) аккан суулар(дын боюн)да,
32
وَفَٰكِهَةٍ كَثِيرَةٍ‮٣٢‬‬‬
Хакимов
Көп мөмө-жемиштердин ичинде
33
لَّا مَقْطُوعَةٍ وَلَا مَمْنُوعَةٍ‮٣٣‬‬‬
Хакимов
Түгөнбөгөн, үзүлбөгөн[1]

[1] Бул дүйнөнүн мөмөлөрү кыш мезгилинде түгөнүп калат. Ал эми бейиште, кыш, суук деген жок. Мөмө-жемиштер эч түгөнбөй бышып турат.
34
وَفُرُشٍ مَّرْفُوعَةٍ‮٣٤‬‬‬
Хакимов
(Жана) балпайган (жумшак, жибек) төшөктөрдө!
35
إِنَّآ أَنشَأْنَٰهُنَّ إِنشَآءً‮٣٥‬‬‬
Хакимов
Биз аларды (бейиштеги үр кыздарды) өзгөчө жаратуу менен жараттык.[1]

[1] Аллах таала аларды ошол турпатында жараткан.Алар дүйнө сулуулары сыяктуу оболу кичинекей секелек болуп, анан чоңоюшкан эмес.
36
فَجَعَلْنَٰهُنَّ أَبْكَارًا‮٣٦‬‬‬
Хакимов
Биз аларды бикир[1] кылып жаратып,

[1] Бикир – күйөөгө тийбеген кыз.
37
عُرُبًا أَتْرَابًا‮٣٧‬‬‬
Хакимов
Бир тегиз куракта жана өтө сүймөнчүк (назик) кылып койдук,
38
لِّأَصْحَٰبِ ٱلْيَمِينِ‮٣٨‬‬‬
Хакимов
Оң тарап ээлери үчүн.
39
ثُلَّةٌ مِّنَ ٱلْأَوَّلِينَ‮٣٩‬‬‬
Хакимов
Алар (оң тарап ээлери) абалкылардан болгон жамааттар.
40
وَثُلَّةٌ مِّنَ ٱلْـَٔاخِرِينَ‮٤٠‬‬‬
Хакимов
Акыркылардан болгон жамааттар.
41
وَأَصْحَٰبُ ٱلشِّمَالِ مَآ أَصْحَٰبُ ٱلشِّمَالِ‮٤١‬‬‬
Хакимов
Жана сол тарап ээлери. Сол тарап ээлери кандай (төмөн даража)!
42
فِى سَمُومٍ وَحَمِيمٍ‮٤٢‬‬‬
Хакимов
Алар «самум» менен «хамимдин!»[1] ичинде

[1] «Самум» – бул тозоктогу ысык шамал, ал эми «хамим» – кайнаган суу
43
وَظِلٍّ مِّن يَحْمُومٍ‮٤٣‬‬‬
Хакимов
жана кап-кара түтүндүн «көлөкөсүндө»!
44
لَّا بَارِدٍ وَلَا كَرِيمٍ‮٤٤‬‬‬
Хакимов
Анын салкыны да жок, көркү да жок.
45
إِنَّهُمْ كَانُواْ قَبْلَ ذَٰلِكَ مُتْرَفِينَ‮٤٥‬‬‬
Хакимов
Алар мурда(гы жашоосунда) арамкор адамдар эле.
46
وَكَانُواْ يُصِرُّونَ عَلَى ٱلْحِنثِ ٱلْعَظِيمِ‮٤٦‬‬‬
Хакимов
Алар үзгүлтүксүз, чоң күнөөлөрдү жасашкан.
47
وَكَانُواْ يَقُولُونَ أَئِذَا مِتْنَا وَكُنَّا تُرَابًا وَعِظَٰمًا أَءِنَّا لَمَبْعُوثُونَ‮٤٧‬‬‬
Хакимов
Жана «Биз өлүп топурак жана (чириген) сөөк болуп калсак деле кайра тирилет бекенбиз?
48
أَوَءَابَآؤُنَا ٱلْأَوَّلُونَ‮٤٨‬‬‬
Хакимов
Ата-бабаларыбыз дагы (кайра тирилет бекен?)» – дешкен.
49
قُلْ إِنَّ ٱلْأَوَّلِينَ وَٱلْـَٔاخِرِينَ‮٤٩‬‬‬
Хакимов
(Аларга айт): «Чынында, абалкылар дагы, акыркылар дагы,
50
لَمَجْمُوعُونَ إِلَىٰ مِيقَٰتِ يَوْمٍ مَّعْلُومٍ‮٥٠‬‬‬
Хакимов
Белгиленген күндүн убадасына чогултулат.
51
ثُمَّ إِنَّكُمْ أَيُّهَا ٱلضَّآلُّونَ ٱلْمُكَذِّبُونَ‮٥١‬‬‬
Хакимов
Кийин, эй, акыретти «жалган» деп адашкандар,
52
لَـَٔاكِلُونَ مِن شَجَرٍ مِّن زَقُّومٍ‮٥٢‬‬‬
Хакимов
«Заккум» дарагын(ын ачуу, тикенектүү «мөмөсүн») жейсиңер!
53
فَمَالِـُٔونَ مِنْهَا ٱلْبُطُونَ‮٥٣‬‬‬
Хакимов
Аны менен курсагыңарды толтуруп,
54
فَشَٰرِبُونَ عَلَيْهِ مِنَ ٱلْحَمِيمِ‮٥٤‬‬‬
Хакимов
Үстүнөн кайнак суу ичесиңер.
55
فَشَٰرِبُونَ شُرْبَ ٱلْهِيمِ‮٥٥‬‬‬
Хакимов
Суусаган төө сыяктуу (жуткунуп) ичесиңер!»
56
هَٰذَا نُزُلُهُمْ يَوْمَ ٱلدِّينِ‮٥٦‬‬‬
Хакимов
Алардын Кыяматтагы «сыйтамагы» – ушул!
57
نَحْنُ خَلَقْنَٰكُمْ فَلَوْلَا تُصَدِّقُونَ‮٥٧‬‬‬
Хакимов
(Оо, инсандар!) Силерди биз жаратканбыз, ишенгиле!
58
أَفَرَءَيْتُم مَّا تُمْنُونَ‮٥٨‬‬‬
Хакимов
Өзүңөр агызган бел суу жөнүндө ойлоп көрдүңөрбү?
59
ءَأَنتُمْ تَخْلُقُونَهُۥٓ أَمْ نَحْنُ ٱلْخَٰلِقُونَ‮٥٩‬‬‬
Хакимов
Аны (адам кылып) өзүңөр жаратып аласыңарбы же биз жаратабызбы?
60
نَحْنُ قَدَّرْنَا بَيْنَكُمُ ٱلْمَوْتَ وَمَا نَحْنُ بِمَسْبُوقِينَ‮٦٠‬‬‬
Хакимов
Силердин араңардагы өлүмдү да Биз тагдыр кылганбыз жана Биз алсыз эмеспиз,
61
عَلَىٰٓ أَن نُّبَدِّلَ أَمْثَٰلَكُمْ وَنُنشِئَكُمْ فِى مَا لَا تَعْلَمُونَ‮٦١‬‬‬
Хакимов
Силерге окшогондорду (кыйратып башка элге) алмаштырууга жана (Кыяматта) силерге белгисиз абалда кайра жаратууга.
62
وَلَقَدْ عَلِمْتُمُ ٱلنَّشْأَةَ ٱلْأُولَىٰ فَلَوْلَا تَذَكَّرُونَ‮٦٢‬‬‬
Хакимов
Билесиңер го, (Аллах жасаган) абалкы жаратууну. Эсиңерге келбейсиңерби?![1]

[1] Аллах силерди экинчи ирет ошондой эле жарата алат.
63
أَفَرَءَيْتُم مَّا تَحْرُثُونَ‮٦٣‬‬‬
Хакимов
Өзүңөрдүн эгиндериңерге карабайсыңарбы:
64
ءَأَنتُمْ تَزْرَعُونَهُۥٓ أَمْ نَحْنُ ٱلزَّٰرِعُونَ‮٦٤‬‬‬
Хакимов
Аны өзүңөр өндүрдүңөрбү же Биз өндүрдүкпү?
65
لَوْ نَشَآءُ لَجَعَلْنَٰهُ حُطَٰمًا فَظَلْتُمْ تَفَكَّهُونَ‮٦٥‬‬‬
Хакимов
Эгер кааласак Биз аны кууратып коймокбуз. Анан силер таңыркаган бойдон кайгырып:
66
إِنَّا لَمُغْرَمُونَ‮٦٦‬‬‬
Хакимов
«Чынында биз зыянга баттык!
67
بَلْ نَحْنُ مَحْرُومُونَ‮٦٧‬‬‬
Хакимов
(Ырыскыдан) кол жууп калдык!» - демексиңер.
68
أَفَرَءَيْتُمُ ٱلْمَآءَ ٱلَّذِى تَشْرَبُونَ‮٦٨‬‬‬
Хакимов
Ичип жаткан сууңарга карабайсыңарбы:
69
ءَأَنتُمْ أَنزَلْتُمُوهُ مِنَ ٱلْمُزْنِ أَمْ نَحْنُ ٱلْمُنزِلُونَ‮٦٩‬‬‬
Хакимов
Аны булут арасынан силер түшүрдүңөрбү же Биз түшүрдүкпү?!
70
لَوْ نَشَآءُ جَعَلْنَٰهُ أُجَاجًا فَلَوْلَا تَشْكُرُونَ‮٧٠‬‬‬
Хакимов
Эгер кааласак Биз аны туздуу кылып коймокбуз. Шүгүр кылбайсыңарбы?!
71
أَفَرَءَيْتُمُ ٱلنَّارَ ٱلَّتِى تُورُونَ‮٧١‬‬‬
Хакимов
Өзүңөр жагып жаткан отко байкоо салдыңарбы?
72
ءَأَنتُمْ أَنشَأْتُمْ شَجَرَتَهَآ أَمْ نَحْنُ ٱلْمُنشِـُٔونَ‮٧٢‬‬‬
Хакимов
Анын (отун болгон) дарагын өзүңөр жаратып алдыңарбы же Биз жаратып бердикби?
73
نَحْنُ جَعَلْنَٰهَا تَذْكِرَةً وَمَتَٰعًا لِّلْمُقْوِينَ‮٧٣‬‬‬
Хакимов
Биз жаратканбыз аны, (Кыяматтагы тозок отунан) эскерме иретинде жана мусапырлар пайдаланышы үчүн.
74
فَسَبِّحْ بِٱسْمِ رَبِّكَ ٱلْعَظِيمِ‮٧٤‬‬‬
Хакимов
Эми (оо, Мухаммад) Улук Раббиңдин ысымын (кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула!
ﻉ471Пара 27 7⁄8471ﻉ
75
۞۞ فَلَآ أُقْسِمُ بِمَوَٰقِعِ ٱلنُّجُومِ‮٧٥‬‬‬
Хакимов
Мен жылдыздардын (баткандагы жана чыккандагы) орду менен ант ичемин.
76
وَإِنَّهُۥ لَقَسَمٌ لَّوْ تَعْلَمُونَ عَظِيمٌ‮٧٦‬‬‬
Хакимов
Бул өтө улук ант, эгер билсеңер.
77
إِنَّهُۥ لَقُرْءَانٌ كَرِيمٌ‮٧٧‬‬‬
Хакимов
Ал – Улук Куран!
78
فِى كِتَٰبٍ مَّكْنُونٍ‮٧٨‬‬‬
Хакимов
Сакталган-жашыруун Китепте![1]

[1] Бул китеп Лавхул Махфуз. Ал периштелердин колунда сакталган жана инсаният менен жиндерден жашыруун болгон Тагдыр Китеби.
79
لَّا يَمَسُّهُۥٓ إِلَّا ٱلْمُطَهَّرُونَ‮٧٩‬‬‬
Хакимов
Аны (Куранды) таза адамдар гана кармайт.[1]

[1] Б.а. Куранды ширктен таза жана даараттуу адамдар гана кармайт.
80
تَنزِيلٌ مِّن رَّبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ‮٨٠‬‬‬
Хакимов
Ал – ааламдардын Раббиси тарабынан түшүрүлгөн.
81
أَفَبِهَٰذَا ٱلْحَدِيثِ أَنتُم مُّدْهِنُونَ‮٨١‬‬‬
Хакимов
Силер бул (Улук) Сөздү баалабайсыңарбы?!
82
وَتَجْعَلُونَ رِزْقَكُمْ أَنَّكُمْ تُكَذِّبُونَ‮٨٢‬‬‬
Хакимов
Аны «жалган» деп, четке кагууну өнөр-ырыскы кылып аласыңарбы?!
83
فَلَوْلَآ إِذَا بَلَغَتِ ٱلْحُلْقُومَ‮٨٣‬‬‬
Хакимов
(Эгер бир жакыныңардын) жан(ы) алкымга келсе,
84
وَأَنتُمْ حِينَئِذٍ تَنظُرُونَ‮٨٤‬‬‬
Хакимов
Ошондо (колуңардан эч нерсе келбей) карап каласыңар.
85
وَنَحْنُ أَقْرَبُ إِلَيْهِ مِنكُمْ وَلَٰكِن لَّا تُبْصِرُونَ‮٨٥‬‬‬
Хакимов
(Анткени), аларга (илим-кудуретибиз жана периштелерибиз менен) силерге караганда Биз жакыныраакпыз. Бирок, силер (аларды) көрбөйсүңөр.
86
فَلَوْلَآ إِن كُنتُمْ غَيْرَ مَدِينِينَ‮٨٦‬‬‬
Хакимов
Эгер силер (өлбөс жана) эсеп бербес болсоңор,
87
تَرْجِعُونَهَآ إِن كُنتُمْ صَٰدِقِينَ‮٨٧‬‬‬
Хакимов
(Алкымына келген) жанды кайтаргылачы кана, эгер чынчыл болсоңор?!
88
فَأَمَّآ إِن كَانَ مِنَ ٱلْمُقَرَّبِينَ‮٨٨‬‬‬
Хакимов
Эми эгер (жаны алкымга келген) адам алдыңкылардан болсо,
89
فَرَوْحٌ وَرَيْحَانٌ وَجَنَّتُ نَعِيمٍ‮٨٩‬‬‬
Хакимов
(Ага наркы дүйнөдө) ырахат, жыргал жана «Наим» бейиши даяр!
90
وَأَمَّآ إِن كَانَ مِنْ أَصْحَٰبِ ٱلْيَمِينِ‮٩٠‬‬‬
Хакимов
Ал эми ал оң тарап ээлеринен бири болсо,
91
فَسَلَٰمٌ لَّكَ مِنْ أَصْحَٰبِ ٱلْيَمِينِ‮٩١‬‬‬
Хакимов
Анда сага (эй жаны алкымына келген пенде), оң тарап ээлеринин саламы болсун!
92
وَأَمَّآ إِن كَانَ مِنَ ٱلْمُكَذِّبِينَ ٱلضَّآلِّينَ‮٩٢‬‬‬
Хакимов
Эгерде ал адашкан жана (Куранды) «жалган» дегендерден болсо,
93
فَنُزُلٌ مِّنْ حَمِيمٍ‮٩٣‬‬‬
Хакимов
Ага кайнак суудан «сыйтамак» берилип,
94
وَتَصْلِيَةُ جَحِيمٍ‮٩٤‬‬‬
Хакимов
Тозокко ташталат!
95
إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ حَقُّ ٱلْيَقِينِ‮٩٥‬‬‬
Хакимов
Чынында бул (айтылгандар) эч күмөнсүз Акыйкат.
96
فَسَبِّحْ بِٱسْمِ رَبِّكَ ٱلْعَظِيمِ‮٩٦‬‬‬
Хакимов
Демек, Улук Раббиңдин ысымын аруулагын (ар убак)!