Сүрө 74

Муддассир

M

Жабылган

56 аят |МеккеМекке
Сүрө 74 • Аят 1 / 56 • Пара 296⁄8 • Бет 575
Муддассир
2
1
يَٰٓأَيُّهَا ٱلْمُدَّثِّرُ‮١‬‬‬
Хакимов
Оо, чүмкөнүп (жатып) алган адам!
2
قُمْ فَأَنذِرْ‮٢‬‬‬
Хакимов
Туруп (элдерге Акыретти) эскерт!
3
وَرَبَّكَ فَكَبِّرْ‮٣‬‬‬
Хакимов
Жана Раббиңдин улуулугун даңазала![1]

[1] Пайгамбарыбыз «Хира» үңкүрүндө Жебирейил периштеден алгачкы вахийди кабыл алганда, адаттан тышкары окуяга кабылганы себептүү катуу коркуп, үйүнө келип, оронуп-чүмкөнүп жатып алат. Ошол убакытта ушул аяттар түшүп, элдерди ыйманга чакыруу вазыйпасы жүктөлөт жана ишенбеген адамдарга акыреттеги тозокту эскертүү буюрулат.
4
وَثِيَابَكَ فَطَهِّرْ‮٤‬‬‬
Хакимов
Жана кийимиңди тазала![1]

[1] Аллах таала – Аруу, Таза. Андан келген дин-ыйман дагы таза. Демек, бул Таза Жолго чакыруу үчүн тазаланыш керек. Бул аятты түз маанисинде «тазаалык даарат)тын шарттарынан бири» деп түшүнүүгө да болот. Бирок, кээ бир уламалар «кийим» дегенден максат инсандын бардык иш – аракеттери, кыял-жоруктары дешет.
5
وَٱلرُّجْزَ فَٱهْجُرْ‮٥‬‬‬
Хакимов
Жана ыпластыктан ыраак бол![1]

[1] Бул аяттагы «ыпластык» сөзүн да уламалар эки түрлүү түшүндүрүшөт. Биринчи тайпалары «ыпластык – бул Аллахтан башка ар түрдүү кудайлар» дешет. Дагы кээ бирөөлөрү «бардык ыплас иштер» дешет.
6
وَلَا تَمْنُن تَسْتَكْثِرُ‮٦‬‬‬
Хакимов
Аз нерсе берип ордуна көп нерсе сураба.[1]

[1] Бул тафсир Имам Куртубийге тиешелүү.
7
وَلِرَبِّكَ فَٱصْبِرْ‮٧‬‬‬
Хакимов
(Көргөн жамандыктарга) Раббиң үчүн сабыр кыл!
8
فَإِذَا نُقِرَ فِى ٱلنَّاقُورِ‮٨‬‬‬
Хакимов
Эми, качан гана (Исрафил периште тарабынан «Сур» деген) керней тартылганда (жана Кыямат башталганда).
9
فَذَٰلِكَ يَوْمَئِذٍ يَوْمٌ عَسِيرٌ‮٩‬‬‬
Хакимов
Мына ушул күн – өтө оор күн!
10
عَلَى ٱلْكَٰفِرِينَ غَيْرُ يَسِيرٍ‮١٠‬‬‬
Хакимов
Каапырларга жеңил болбогон (күн)!
11
ذَرْنِى وَمَنْ خَلَقْتُ وَحِيدًا‮١١‬‬‬
Хакимов
(Оо, Мухаммад) Мен жалгыз жараткан (каапыр) пендени Мага кой.[1]

[1] Бул аяттагы «каапыр пенде», Мекке мушриктеринин бири Валид ибн Мугира аль Махзуумий. Ал пайгамбарыбызга көп душманчылык көргөзүп, өзүнүн байлыгы, бала-чакасы көп адам экени менен мактанаар эле. Аллах таала бул аятта пайгамбарына эки чындыкты айтууда Биринчиси, “аны Мен менен жалгыз кой, жазасын Өзүм беремин” деп пайгамбарынын көңүлүн көтөрүү. Экинчиси, пайгамбарына Валидди тегеректеген балдары, жардамчылары көп болгону менен жаратылганда туулганда) эл катары жалгыз, алсыз туулганын билдирүү.
12
وَجَعَلْتُ لَهُۥ مَالًا مَّمْدُودًا‮١٢‬‬‬
Хакимов
Мен ага эсепсиз дүйнө-мүлк бердим.
13
وَبَنِينَ شُهُودًا‮١٣‬‬‬
Хакимов
Жана (ар дайым кызматына) даяр турган уул перзенттерди бердим.
14
وَمَهَّدتُّ لَهُۥ تَمْهِيدًا‮١٤‬‬‬
Хакимов
Жана ага өтө кененчилик бердим.
15
ثُمَّ يَطْمَعُ أَنْ أَزِيدَ‮١٥‬‬‬
Хакимов
Андан соң ал (каниетсиз, наадан адам) Биз ага (Акыреттик бейишти да) кошумча кылуубузду үмүт кылат.[1]

[1] Ал жана ага окшогондор Аллахтын бул берешендиги истидраж акырындап, сездирбей жазага кириптер кылуу) экенин түшүнбөй «Аллах мени сүйөт. Бул дүйнөдө берген жакшылыгын Акыретте да берет» деп ойлошот.
16
كَلَّآ ​ۖ إِنَّهُۥ كَانَ لِـَٔايَٰتِنَا عَنِيدًا‮١٦‬‬‬
Хакимов
Жок! (андай болбойт! Себеби) ал Биздин аяттарыбызды (билип, түшүнүп туруп) четке какты!
17
سَأُرْهِقُهُۥ صَعُودًا‮١٧‬‬‬
Хакимов
Мен аны жакында (тозоктогу) аска таштын үстүнө чыгарамын!
18
إِنَّهُۥ فَكَّرَ وَقَدَّرَ‮١٨‬‬‬
Хакимов
Себеби, ал (Куран жөнүндө) пикир кылды жана (аны өзүнүн кыска ченем-өлчөмү менен) өлчөдү![1]

[1] Ыйык Куранды окуган, аяттарынын үстүндө пикир кылган бардык адамдарга хидаят туура жол) боло бербейт. Аны окуп жаткандагы ниет кандай болсо, ошого жараша болот. Куранды өзүнүн кыска акылына ченеп окугандар албетте, адашышат.
19
فَقُتِلَ كَيْفَ قَدَّرَ‮١٩‬‬‬
Хакимов
Өлүмгө жолуккур! Кандай (жаман) өлчөдү!
20
ثُمَّ قُتِلَ كَيْفَ قَدَّرَ‮٢٠‬‬‬
Хакимов
Дагы (бир ирет) өлүмгө жолуккур! Эмне деген (жаман өлчөм менен) өлчөдү!
21
ثُمَّ نَظَرَ‮٢١‬‬‬
Хакимов
Анан (чыгарган тыянагын) байкап көрдү.
22
ثُمَّ عَبَسَ وَبَسَرَ‮٢٢‬‬‬
Хакимов
Кийин (жактырбай) кабак чытып, маңдайын тырыштырды.
23
ثُمَّ أَدْبَرَ وَٱسْتَكْبَرَ‮٢٣‬‬‬
Хакимов
Андан соң (акыйкаттан артка кетенчиктеп) текеберленди.
24
فَقَالَ إِنْ هَٰذَآ إِلَّا سِحْرٌ يُؤْثَرُ‮٢٤‬‬‬
Хакимов
Анан айтты: «Бул байыркыдан калган сыйкыр.
25
إِنْ هَٰذَآ إِلَّا قَوْلُ ٱلْبَشَرِ‮٢٥‬‬‬
Хакимов
Бул - адамдын гана сөзү».
26
سَأُصْلِيهِ سَقَرَ‮٢٦‬‬‬
Хакимов
Мен аны жакында “Сакар” тозогуна киргиземин.
27
وَمَآ أَدْرَىٰكَ مَا سَقَرُ‮٢٧‬‬‬
Хакимов
(Оо, Мухаммад) сен “Сакар” тозогунун кандай экенин билбейсиң.
28
لَا تُبْقِى وَلَا تَذَرُ‮٢٨‬‬‬
Хакимов
Ал (өзүнө ташталган эч бир кылмышкерди) калтырбайт жана жөн койбойт.
29
لَوَّاحَةٌ لِّلْبَشَرِ‮٢٩‬‬‬
Хакимов
(Терини карартып,) өзгөртүп койот!
30
عَلَيْهَا تِسْعَةَ عَشَرَ‮٣٠‬‬‬
Хакимов
Анын үстүндө он тогуз (орой периштелер) бар.[1]

[1] Аллах таала тозок периштелерине атайлап ушундай табият берген. Бул дагы тозокуларды кыйноонун бир көрүнүшү. Тозок периштелерин «Забаниялар» деп аталат. Ал эми, бейиштеги кызматчылар өтө жумшакпейил болушат.
31
وَمَا جَعَلْنَآ أَصْحَٰبَ ٱلنَّارِ إِلَّا مَلَٰٓئِكَةً ​ۙ وَمَا جَعَلْنَا عِدَّتَهُمْ إِلَّا فِتْنَةً لِّلَّذِينَ كَفَرُواْ لِيَسْتَيْقِنَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلْكِتَٰبَ وَيَزْدَادَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِيمَٰنًا ​ۙ وَلَا يَرْتَابَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلْكِتَٰبَ وَٱلْمُؤْمِنُونَ ​ۙ وَلِيَقُولَ ٱلَّذِينَ فِى قُلُوبِهِم مَّرَضٌ وَٱلْكَٰفِرُونَ مَاذَآ أَرَادَ ٱللَّهُ بِهَٰذَا مَثَلًا ​ۚ كَذَٰلِكَ يُضِلُّ ٱللَّهُ مَن يَشَآءُ وَيَهْدِى مَن يَشَآءُ ​ۚ وَمَا يَعْلَمُ جُنُودَ رَبِّكَ إِلَّا هُوَ ​ۚ وَمَا هِىَ إِلَّا ذِكْرَىٰ لِلْبَشَرِ‮٣١‬‬‬
Хакимов
Биз тозоктун кожоюндарын периштелерден гана кылдык жана алардын санын, каапыр болгон адамдарды сыноо үчүн, китеп элдери (яхудилер менен христиандар) анык билип алуулары үчүн, жана ыймандуулардын ыйманы дагы (бир нече даражага) көбөйүшү үчүн (он тогуз даана) кылдык. Жана китеп (Тоорат, Инжил) берилген элдер менен момундар (периштелердин саны боюнча) шектенип калбашы үчүн, ал эми, жүрөгүндө кара ниети болгон адамдар (мунаафыктар) менен каапырлар: «Аллах бул мисал менен эмнени каалады экен» деп (шектенип) сүйлөшү үчүн (Аллах тозок периштелеринин санын он тогуз даана кылды). Аллах мына ушинтип, Өзү каалаган пендесин адаштырат жана каалаганын туура жолго салат. (Оо, Мухаммад, периштелерден турган) Раббиңдин аскерлерин(ин санын) бир Өзү гана билет. Жана бул (насааттар) адамдар үчүн эскертүүдөн башка (нерсе) эмес.
32
كَلَّا وَٱلْقَمَرِ‮٣٢‬‬‬
Хакимов
Жок, Мен айга ант (ичип),
33
وَٱلَّيْلِ إِذْ أَدْبَرَ‮٣٣‬‬‬
Хакимов
кайтып кеткен түнгө ант (ичип),
34
وَٱلصُّبْحِ إِذَآ أَسْفَرَ‮٣٤‬‬‬
Хакимов
(агарып) келе жаткан таңга ант (ичип),
35
إِنَّهَا لَإِحْدَى ٱلْكُبَرِ‮٣٥‬‬‬
Хакимов
(Айтамын): Чынында ал (“Сакар” тозогу) чоң балээлердин бири![1]

[1] Аллах таала Өзү жараткан олуттуу нерселер менен ант ичет. Бирок, пенделер Аллахтан башка нерсе менен ант бербеши керек. Ошондуктан, кээ бир адамдардын "жер урсун", көк урсун", "арбак урссун", "нан урсун", "кара түндө турамын", "дасторкондун үстүндө турамын" деген сыяктуу анттары чоң күнөө болуп саналат.
36
نَذِيرًا لِّلْبَشَرِ‮٣٦‬‬‬
Хакимов
(“Сакар” тозогу) адамдарга эскертүү!
37
لِمَن شَآءَ مِنكُمْ أَن يَتَقَدَّمَ أَوْ يَتَأَخَّرَ‮٣٧‬‬‬
Хакимов
Силердин араңардагы, (Аллахтын ыраазычылыгына) умтулууну же болбосо кетенчиктеп кетүүнү каалагандар үчүн
38
كُلُّ نَفْسٍ بِمَا كَسَبَتْ رَهِينَةٌ‮٣٨‬‬‬
Хакимов
Ар бир жан (ээси) өзү жасаган (күнөө) иштердин туткуну.
39
إِلَّآ أَصْحَٰبَ ٱلْيَمِينِ‮٣٩‬‬‬
Хакимов
Оң тарап ээлери гана андай (туткун) эмес.[1]

[1] Бул аяттагы «Оң тарап ээлери» ким экенин түшүндүрүүдө ар кандай пикирлер айтылган. Али разияллоху анху “алар – бөбөктөр” деген болсо, Ибн Аббас “алар – периштелер” деп түшүндүргөн. Анткени, бөбөктөр менен периштелер тап-такыр күнөөсүз болушат. Тафсиру Табарий) Тафсирчи аалымдардын арасында “алар – амал китеби оң тарабынан берилип, бейишке өкүм кылынган ыкластуу мусулмандар” дегендери да бар. Тафсийру Куртубий) Эң туурасын Аллах билүүчү.
40
فِى جَنَّٰتٍ يَتَسَآءَلُونَ‮٤٠‬‬‬
Хакимов
Алар бейиштерде туруп сурашат -
41
عَنِ ٱلْمُجْرِمِينَ‮٤١‬‬‬
Хакимов
(тозоктогу) кылмышкерлерден:
42
مَا سَلَكَكُمْ فِى سَقَرَ‮٤٢‬‬‬
Хакимов
«Силерди «Сакар» тозогуна эмне түшүрдү?»
43
قَالُواْ لَمْ نَكُ مِنَ ٱلْمُصَلِّينَ‮٤٣‬‬‬
Хакимов
Алар айтышат: «Биз намаз окуучулардан болбодук.
44
وَلَمْ نَكُ نُطْعِمُ ٱلْمِسْكِينَ‮٤٤‬‬‬
Хакимов
Жана бей-бечараларды тамактандырбадык.
45
وَكُنَّا نَخُوضُ مَعَ ٱلْخَآئِضِينَ‮٤٥‬‬‬
Хакимов
(Күнөө деңизине) чөмүлгөндөр менен бирге чөмүлдүк.
46
وَكُنَّا نُكَذِّبُ بِيَوْمِ ٱلدِّينِ‮٤٦‬‬‬
Хакимов
Жана Акырет күндү жалган дедик.
47
حَتَّىٰٓ أَتَىٰنَا ٱلْيَقِينُ‮٤٧‬‬‬
Хакимов
Башыбызга өлүм келгенге чейин»
48
فَمَا تَنفَعُهُمْ شَفَٰعَةُ ٱلشَّٰفِعِينَ‮٤٨‬‬‬
Хакимов
Эми аларга (тозокуларга) эч бир шапаатчынын шапааты пайда бербейт.[1]

[1] Акыретте Аллах таала Өзү каалаган пенделерине шапаатчылык күнөөлөрдү сурап алуучулук, ортомчулук) укугун берет. Мына ошол шапаатчылардын бирөө жарымы эгер тозоктогу өзүнө жакын ыймансыз кылмышкердин күнөөсүн кечирүүнү Аллахтан сурачу болсо, Аллах аны кабыл кылбайт.
49
فَمَا لَهُمْ عَنِ ٱلتَّذْكِرَةِ مُعْرِضِينَ‮٤٩‬‬‬
Хакимов
Аларга (каапырларга) эмне болду, насааттан (Курандан) жүз буруп качышат?
50
كَأَنَّهُمْ حُمُرٌ مُّسْتَنفِرَةٌ‮٥٠‬‬‬
Хакимов
Жапайы эшектерге окшоп,
51
فَرَّتْ مِن قَسْوَرَةٍ‮٥١‬‬‬
Хакимов
арстандан үркүп качкан?
52
بَلْ يُرِيدُ كُلُّ ٱمْرِيٕٖ مِّنْهُمْ أَن يُؤْتَىٰ صُحُفًا مُّنَشَّرَةً‮٥٢‬‬‬
Хакимов
Жок, алардын ар бири (жеке өзүнө гана, атайын арналган) ачык китептер берилишин каалашат![1]

[1] Каапырлар ушундай текебер болушат. Алар Курандын акыйкат экенин жокко чыгаруу үчүн ар кандай айла-амалдарды жасап, ар кандай доомат сөздөрдү айтышты. Эч бир майнап чыкпаган соң, Абу Жахл баш болгон мушриктер пайгамбарыбызга келип “Эй, Мухаммад, эгер сен чын пайгамбар болсоң, Раббиңе айткын, биздин ар бирибизге бирден китеп жиберсин жана анда “Мен чыны менен Мухаммадды силерге элчи кылып жибергенмин” деген жазуу болсун” деп талап кылышты. Куртубий).
53
كَلَّا ​ۖ بَل لَّا يَخَافُونَ ٱلْـَٔاخِرَةَ‮٥٣‬‬‬
Хакимов
Жок, андай эмес! (Чынында) алар Акыреттен коркушпайт!
54
كَلَّآ إِنَّهُۥ تَذْكِرَةٌ‮٥٤‬‬‬
Хакимов
Жок, андай эмес! Чынында, бул (Куран эң чоң) эскерме-насаат!
55
فَمَن شَآءَ ذَكَرَهُۥ‮٥٥‬‬‬
Хакимов
Ким кааласа андан сабак алат.
56
وَمَا يَذْكُرُونَ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُ ​ۚ هُوَ أَهْلُ ٱلتَّقْوَىٰ وَأَهْلُ ٱلْمَغْفِرَةِ‮٥٦‬‬‬
Хакимов
Бирок, (андан) Аллах каалаган пенделер гана насаат ала билишет. (Анткени), Ал (Аллах таала) гана коркууга жана кечирим суроого татыктуу!