Сүрө 86
Тарик
k
Түнкү келүүчү
17 аят |
Мекке
Сүрө 86 • Аят 1 / 17 • Пара 304⁄8 • Бет 591
Тарик
2
1
وَٱلسَّمَآءِ وَٱلطَّارِقِ١
Хакимов
Мен Асманга жана түндөсү келүүчүгө ант ичемин.
2
وَمَآ أَدْرَىٰكَ مَا ٱلطَّارِقُ٢
Хакимов
(Оо, Мухаммад) сен түндө келүүчү (Таарик) эмне экенин билбейсиң.
3
ٱلنَّجْمُ ٱلثَّاقِبُ٣
Хакимов
Ал (нуру менен караңгылыкты) тешүүчү жылдыз.
4
إِن كُلُّ نَفْسٍ لَّمَّا عَلَيْهَا حَافِظٌ٤
Хакимов
Бардык адам(дар)дын үстүндө сактоочу периште бар.
5
فَلْيَنظُرِ ٱلْإِنسَٰنُ مِمَّ خُلِقَ٥
Хакимов
Эми, инсан өзүнүн эмнеден жаралганына байкоо салсын!
6
خُلِقَ مِن مَّآءٍ دَافِقٍ٦
Хакимов
Атырылган (бел) суудан жаратылган.
7
يَخْرُجُ مِنۢ بَيْنِ ٱلصُّلْبِ وَٱلتَّرَآئِبِ٧
Хакимов
(Ал суу) омуртка жана көкүрөк кабынын арасынан (бөлүнүп) чыгат.
8
إِنَّهُۥ عَلَىٰ رَجْعِهِۦ لَقَادِرٌ٨
Хакимов
Ал (Аллах) аны (экинчи ирет дагы жашоого) кайтарууга кудуреттүү!
9
يَوْمَ تُبْلَى ٱلسَّرَآئِرُ٩
Хакимов
Сырлар ашкереленген (Кыямат) күндө.
10
فَمَا لَهُۥ مِن قُوَّةٍ وَلَا نَاصِرٍ١٠
Хакимов
(Ал күнү) ага эч бир кудурет, эч бир жардам берүүчү болбойт.[1]
[1] Бул дүйнөдө инсан кылмыш жасаса акчанын, тааныштын жана аброюнун кудурети менен жазадан кутулуп кете алат. Акыреттечи? Анда ал тек гана Аллахтын өкүмү астында болот.
11
وَٱلسَّمَآءِ ذَاتِ ٱلرَّجْعِ١١
Хакимов
Асманга ант, кайра-кайра жааган жамгырлуу!
12
وَٱلْأَرْضِ ذَاتِ ٱلصَّدْعِ١٢
Хакимов
Жерге ант, жарып чыккан өсүмдүктүү:
13
إِنَّهُۥ لَقَوْلٌ فَصْلٌ١٣
Хакимов
Ал (Куран) аныгында (акыйкат менен жалганды) ажыратуучу Сөз!
14
وَمَا هُوَ بِٱلْهَزْلِ١٤
Хакимов
Азил-тамаша (сөз) эмес!
15
إِنَّهُمْ يَكِيدُونَ كَيْدًا١٥
Хакимов
Алар (каапырлар динге каршы) айла амалдарды жасашат.
16
وَأَكِيدُ كَيْدًا١٦
Хакимов
Мен дагы амалкерлик кыламын.
17
فَمَهِّلِ ٱلْكَٰفِرِينَ أَمْهِلْهُمْ رُوَيْدًۢا١٧
Хакимов
Эми, сен (Оо, Мухаммад) каапырларды койо тур. Аларга бир аз гана мөөнөт бер.[1]
[1] Каапырлар айлакерлик жасашат. Аллах алардан амалдуурак же ошол учурдун өзүндө жазалайт же болбосо, аларга дагы эле кенен ырыскы, узун өмүр - мөөнөт берет. Алар көөп, күнөө үстүнө күнөө жасап, тозок азабына дагы да көбүрөөк ылайык болушат.