Аль-Хамид (Мактоого Татыктуу, Эң Даңктуу) — затынын, сыпаттарынын жана иштеринин кемелдиги үчүн бардык мактоолорго татыктуу, даңкы асмандарды, жерди жана алардын ортосундагылардын баарын толтурган, бардык тирүү жана жансыз нерсе даңазалаган Зат. Аль-Хаттаби мындай деген: «Аль-Хамид — даңазаланган жана Өз иштери үчүн мактоого татыктуу Зат. Аны кубанычта да, кайгыда да, муктаждыкта да, молчулукта да мактоо керек, анткени Ал акылман, ката кетирбейт жана эч нерсени көз жаздымда калтырбайт. Аны ар кандай абалда мактоо керек».