Аллахтын эң сонун ысымдары

Аль-Кабир

Улуу, Эң Улуу

الكَبِیرُ

Аль-Кабир (Улуу, Эң Улуу) — Өзүнүн заты, сыпаттары, иштери жана даражасы менен улуу жана улуулугу менен таптакыр баарынан ашып түшкөн Зат. Аль-Азим жана Аль-Кабир ысымдары мааниси боюнча жакын, бирок биринчиси Раббинин жана Анын сыпаттарынын улуулугун жана Анын жогорку даражасын билдирсе, Аль-Кабир ысымында эч ким Аллах менен улуулукта атаандаша албасына басым жасалат.