Аллахтын эң сонун ысымдары

Аль-Карим

Берешен

الكَرِیمُ

Аль-Карим (Берешен) — сансыз жакшылыктарды берген жана мол белек кылууну жакшы көргөн, бардык асыл сапаттарга жана жогорку касиеттерге ээ, бардык иштери жана чечимдери сонун жана мактоого татыктуу Зат. Ас-Суюти жазат: «Бул — кечире алса, кечирген, убада берсе, аткарган, берсе, күтүүгө боло тургандан да көп берген, канча жана кимге бергенине маани бербеген Зат; башка бирөөгө өтүнүч менен кайрылганда Ал ыраазы болбойт, ал эми Андан качса, жемелейт, бирок чектен чыкпайт; Ал Өзүнөн коргоо жана башпаанек издеген адамды таштабайт жана аны каражаттарга жана ортомчуларга муктаждыктан куткарат».