Ас-Сами (Баарын Угуучу) — асмандардагы жана жердеги ар кандай үндү уккан, бардык жаратылгандарынын үндөрүн айырмалап, алардын ар кандай тилде айтканын түшүнгөн, дубаларына кулак салып, аларга жооп берген Зат. Ал катуу, шыбырап же ичинен айтылганды да, океандын түбүндө шуулдаганды да, жылдыздардын ичинде кайнаганды да, адамдардын жанында кыймылдаганды да бирдей угат.