Аллахтын эң сонун ысымдары

Аль-Хакам

Адилет Сот

الحَكَمُ

Аль-Хакам (Адилет Сот) — Өз эркин ишке ашыруу үчүн абсолюттук бийликке ээ, адилет мыйзамдарды чыгарып, адилет сот жүргүзгөн, буйруктары акылмандыкка толгон жана зулумдук менен адилетсиздикке эч кандай тиешеси жок Зат. Бул ысымдын маанисин ачып, ас-Саади мындай деп жазат: «Бул — пенделерге бул дүйнөдө да, акыретте да адилет жана калыс өкүм чыгарган; эч кимге бир чаңчанын салмагындай да адилетсиздик кылбаган жана адамдарга башкалардын күнөөсү үчүн жоопкерчилик жүктөбөгөн; пенделерди өздөрү кылган күнөөлөрү үчүн гана жазалаган жана укуктары тартып алынгандарга аларды кайтарган, укугу тебеленген ар бир адам өзүнө тиешелүүнүн баарын сөзсүз алган; чечимдери жана тагдыр белгилөөсү адилет Зат».