Аллах — бул Кудайдын өздүк ысымы. Ал — жалгыз чыныгы Бар Болуучу, ааламдын Жаратуучусу жана Ээси, эң кемел сыпаттарга ээ, Өзү аркылуу бар болгон, Өзү жараткан ааламдан тышкары жана андан көз карандысыз. Бул ысым менен башка эч ким түз мааниде да, өтмө мааниде да аталбайт, ошондой эле башка эч ким кудай боло албайт жана ибадатка татыктуу эмес. Аллах Таала мындай деди: «(Же) сен ага ысымында бир теңдеш бар экенин билесиңби?!» (Сүрө 19 «Марьям», Аят 65).