Аль-Хайй (Тирүү) — эң кемел жана толук өмүр менен тирүү болгон, бар болушу эч кандай себепке жана шартка көз каранды болбогон, башы да, аягы да жок Зат. Анын өмүрүнүн кемелдиги — Анын эч качан сергектигин жоготпогонунда, чарчабаганында, үргүлөбөгөнүндө жана уктабаганында. Анын мүмкүнчүлүктөрү убакыт өткөн сайын түгөнбөйт жана Ал күч топтоо үчүн эс алууга муктаж эмес. Анын өмүрүнүн толуктугу — Анын абсолюттук кудуретке, угууга, көрүүгө, билимге жана башка кудайлык сапаттарга ээ болуп, каалаган нерсесин жасай алганында.