Аллахтын эң сонун ысымдары

Аль-Каййум

Баарын Кармап Туруучу

القَیُّومُ

Аль-Каййум (Баарын Кармап Туруучу) — муктаж эмес жана бар болушу Өзүндө болгон, кемелдиги убакыттын өтүшү менен же кандайдыр бир себептердин жана шарттардын таасиринен өзгөрбөгөн, өмүрдү жаратып, аны колдоп турган, Анын уруксатысыз эч нерсе мүмкүн болбогон Зат. Бул ысым кудайлык иштерге байланышкан касиеттерди өзүнө бириктирет. Ал баарына өкүм жүргүзүп, баарын башкарат, чечим кабыл алат жана Өзүнүн бийлик эркин ишке ашырат. Эч бир тирүү же жансыз нерсе Анын колдоосусуз жашай албайт, тынчтык жана кыймыл Анын билүүсү жана уруксаты менен гана болот.