Аллахтын эң сонун ысымдары

Аль-Кадир

Баарына Кудуреттүү

القَدِيرُ

Аль-Кадир (Баарына Кудуреттүү) — каалаган нерсесин каалагандай жасоо үчүн абсолюттук бийликке, кудуретке жана билимге ээ Зат. Ал баарына жөндөмдүү, бирок Өзүнүн кудайлык табиятына жана акылмандыгына карама-каршы келбеген жана Анын улуулугуна ылайык келген нерсени гана жасайт. Өзүнүн кудурети аркасында Ал баарына өлчөм белгилеп, Өз ниетин так ишке ашырат.