Ат-Таййиб (Жакшы, Таза) — кемчилиги жок, жакшылыкты гана кылган жана бардык жакшы, таза жана сонун нерсенин башаты болгон Зат. Ибн аль-Араби Ат-Таййиб ар кандай кемчиликтен жогору экенин жазат. Ибн аль-Каййим жазат: «Аллахтын эң жакшы ысымдары бар, Ат-Таййиб — Анын ысымдарынын бири. Андан жакшылык гана чыгат, Ага жакшылык гана көтөрүлөт жана Ага жакшылар гана жакындайт. Ага байланыштуунун баары жакшылыкка толгон».