Аль-Куддус (Ыйык) — кемелдигинде Өзүнө тең да, окшош да эч кимиси жок, эч кандай кемчилиги жок жана улуктоого жана даңазалоого татыктуу эң кемел, улуу жана сонун сапаттарга ээ Зат. Аль-Газали жазат: «Аль-Куддус — сезим органдары менен кабыл алууга, кыял менен элестетүүгө же акыл менен түшүнүүгө боло турган, аң-сезимде пайда болушу же ой жүгүртүүнүн натыйжасы болушу мүмкүн болгон сапаттарга ээ болбогон Зат».