Аллахтын эң сонун ысымдары

Аль-Барр

Жакшылык Кылуучу, Боорукер

البَرُّ

Аль-Барр (Жакшылык Кылуучу, Боорукер) — Өз пенделерине боорукер жана аларга жакшылык каалаган, жакшылыкты жакшы көргөн жана жакшылык кылуудан токтобогон, убадасын бузбаган жана өзгөртпөгөн Зат. Аль-Хаттаби жазат: «Аль-Барр — Өз пенделерине боорукер жана аларга жакшылык кылган Зат. Анын боорукердиги бардык жаратылгандарын камтыйт жана Ал аларга жакшылык берүүдөн сараңдык кылбайт. Ал Өзүнө жакын пенделерин өзгөчө бөлүп, Өзүнө ибадат кылууга тандаганда, жакшылык кылгандардын сыйлыгын көбөйткөндө жана күнөөкөрлөрдү жазалабай, кечиргенде боорукердик көрсөтөт».