Аль-Мухсин (Жакшылык Кылуучу) — баарын эң сонун ойлоп, жараткан, Өз жаратылгандарына мол жакшылык кылган жана жакшылык кылгандарды жакшы көргөн Зат. Бул ысым Куранда айтылбайт, бирок ишенимдүү хадистерде кездешет. Ат-Табарани Анас ибн Маликтин сөзүнөн пайгамбар (ага Аллахтын салаваты жана саламы болсун) мындай деп айтканын жеткирген: «Чынында, Аллах — Аль-Мухсин жана жакшылык кылганды жакшы көрөт. Ошондуктан өкүм чыгарганда адилет болгула, ал эми мал союп жатканда, муну жакшы аткаргыла» [Аль-Муъжам аль-аусат 5735, Ас-Силсила ас-сахиха 469].