Сүрө 52
Тур
e
Тур тоосу
49 аят |
Мекке
Сүрө 52 • Аят 1 / 49 • Пара 271⁄8 • Бет 523
Тур
2
1
وَٱلطُّورِ١
Хакимов
Тур тоосуна ант![1]
[1] «Тур» - бул Синай тоосунун бир аталышы. Муса алейхис салам ушул тоодо Аллах таала менен сүйлөшкөн.
2
وَكِتَٰبٍ مَّسْطُورٍ٢
Хакимов
Жана жазылган Китепке[1] ант.
[1] Бул аяттагы «Китепти» кээ бир тафсирчилер «Лавхул-Махфуз» деп түшүндүрсө, кээ бирөөлөрү «Куран» дешкен.
3
فِى رَقٍّ مَّنشُورٍ٣
Хакимов
Анык-ачык сахипанын (барактын) жүзүнө,
4
وَٱلْبَيْتِ ٱلْمَعْمُورِ٤
Хакимов
Жана Абад Үйгө[1] ант!
[1] Курандагы ысымы «Байтул-Маамур» болгон бул Абад үй жетинчи асманда болуп, анын ичинде ар күн сайын жетимиш миң периште намаз окуйт. Кезек тийбей тизилип тургандардын саны ушунчалык көп болгондуктан бир жолу анда намаз окуган периште эгер дагы кезекке турчу болсо, Кыяматка чейин кезек келбейт.
5
وَٱلسَّقْفِ ٱلْمَرْفُوعِ٥
Хакимов
Жана бийик тамга (асманга) ант!
6
وَٱلْبَحْرِ ٱلْمَسْجُورِ٦
Хакимов
Жаңы толуп-ташкан деңизге ант!
7
إِنَّ عَذَابَ رَبِّكَ لَوَٰقِعٌ٧
Хакимов
(Оо, Мухаммад) Раббиңдин азабы, албетте болуучу!
8
مَّا لَهُۥ مِن دَافِعٍ٨
Хакимов
Аны (эч бир) кайтаруучу жок!
9
يَوْمَ تَمُورُ ٱلسَّمَآءُ مَوْرًا٩
Хакимов
Ал Күндө (Кыяматта) асман катуу титирейт.
10
وَتَسِيرُ ٱلْجِبَالُ سَيْرًا١٠
Хакимов
Жана тоолор (мейкиндикте учуп) жүрөт.
11
فَوَيْلٌ يَوْمَئِذٍ لِّلْمُكَذِّبِينَ١١
Хакимов
Ал күнү жалганчыларга өлүм болсун!
12
ٱلَّذِينَ هُمْ فِى خَوْضٍ يَلْعَبُونَ١٢
Хакимов
Алар (өз жалгандарында) чумкуп ойногон эле.
13
يَوْمَ يُدَعُّونَ إِلَىٰ نَارِ جَهَنَّمَ دَعًّا١٣
Хакимов
Ал күнү алар тозок отуна түртүп киргизилет (анан аларга айтылат:)
14
هَٰذِهِ ٱلنَّارُ ٱلَّتِى كُنتُم بِهَا تُكَذِّبُونَ١٤
Хакимов
«Силер жалганга чыгарган тозок – ушул!
15
أَفَسِحْرٌ هَٰذَآ أَمْ أَنتُمْ لَا تُبْصِرُونَ١٥
Хакимов
Эмне, бул сыйкыр бекен! Же силер көрбөй жатасыңарбы?
16
ٱصْلَوْهَا فَٱصْبِرُوٓاْ أَوْ لَا تَصْبِرُواْ سَوَآءٌ عَلَيْكُمْ ۖ إِنَّمَا تُجْزَوْنَ مَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ١٦
Хакимов
Ага киргиле! Чыдайсыңарбы, чыдабайсыңарбы, силерге баары бир! Силер, аныгында жасаган ишиңердин гана жазасын аласыңар!».
17
إِنَّ ٱلْمُتَّقِينَ فِى جَنَّٰتٍ وَنَعِيمٍ١٧
Хакимов
Ал эми, (Раббисинен) корккон кишилер бейиштердин жана нээматтардын ичинде.
18
فَٰكِهِينَ بِمَآ ءَاتَىٰهُمْ رَبُّهُمْ وَوَقَىٰهُمْ رَبُّهُمْ عَذَابَ ٱلْجَحِيمِ١٨
Хакимов
Раббилери берген нээматтардан жыргаган абалда. Жана аларды Раббилери тозок азабынан сактайт.
19
كُلُواْ وَٱشْرَبُواْ هَنِيٓـًٔۢا بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ١٩
Хакимов
(Аларга) «(Сооптуу) иш кылганыңар үчүн (каалаган нерсеңерден) жегиле жана ичкиле, аш болсун!» (деп айтылат).
20
مُتَّكِـِٔينَ عَلَىٰ سُرُرٍ مَّصْفُوفَةٍ ۖ وَزَوَّجْنَٰهُم بِحُورٍ عِينٍ٢٠
Хакимов
(Алар бейиштеги дарыялардын жээгинде) катар тизилген сөрүлөрдүн[1] үстүндө жамбаштап жатышат. Биз аларды бакыраң көз «үр» кыздарга үйлөнтүп койобуз.
[1] Тапчандардын.
21
وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَٱتَّبَعَتْهُمْ ذُرِّيَّتُهُم بِإِيمَٰنٍ أَلْحَقْنَا بِهِمْ ذُرِّيَّتَهُمْ وَمَآ أَلَتْنَٰهُم مِّنْ عَمَلِهِم مِّن شَىْءٍ ۚ كُلُّ ٱمْرِيٕٖ بِمَا كَسَبَ رَهِينٌ٢١
Хакимов
Ал эми, ыйман келтирип, урпактары дагы (аларды) ыйман менен ээрчиген адамдарга (бейиште) урпактарын кошобуз. Бирок, алардын (бабалардын) амалдарынан эч нерсе кемитилбейт. Ар бир адам өз ишинин туткуну.[1]
[1] Демек, бейиштеги бабаларды кубантуу үчүн Аллах таала ыйман менен өткөн урпактарды аларга кошот экен, эгер сооп даражалары бабалардай болбосо да. Бирок, мунун мааниси бабалардын сообунан урпактарга алып берилет экен дегенге жатпайт. Тескерисинче "бабалардын) амалдарынан эч нерсе кемитилбейт". Б.а. сооп алып берилбейт. Анткени, "Ар бир адам өз ишинин туткуну".
22
وَأَمْدَدْنَٰهُم بِفَٰكِهَةٍ وَلَحْمٍ مِّمَّا يَشْتَهُونَ٢٢
Хакимов
Жана Биз аларды (ар түрдүү) мөмөлөр ошондой эле, каалагандай куш эттери менен ырахаттандырабыз.
23
يَتَنَٰزَعُونَ فِيهَا كَأْسًا لَّا لَغْوٌ فِيهَا وَلَا تَأْثِيمٌ٢٣
Хакимов
Алар анда (бейиште шарап толтурулган) чөйчөктөрдү бири-бирине сунушат. Ал шарапта(н) алжыгандык да болбойт, күнөө иштер да болбойт.
24
۞۞ وَيَطُوفُ عَلَيْهِمْ غِلْمَانٌ لَّهُمْ كَأَنَّهُمْ لُؤْلُؤٌ مَّكْنُونٌ٢٤
Хакимов
Аларды(н кызматында седептин ичине) катылган бермет сыяктуу жаш (сулуу) жигиттер айланчыктап турушат.
25
وَأَقْبَلَ بَعْضُهُمْ عَلَىٰ بَعْضٍ يَتَسَآءَلُونَ٢٥
Хакимов
Жана (бейиштегилер) бири-бирине бет маңдай (отуруп) суроо-жооп менен кайрылышты:
26
قَالُوٓاْ إِنَّا كُنَّا قَبْلُ فِىٓ أَهْلِنَا مُشْفِقِينَ٢٦
Хакимов
(Жана мындай) дешти: «Биз илгери (дүйнөдөгү жашообузда) өз элибиздин арасында (Аллах тааладан) коркуучулар элек.
27
فَمَنَّ ٱللَّهُ عَلَيْنَا وَوَقَىٰنَا عَذَابَ ٱلسَّمُومِ٢٧
Хакимов
Анан бизге Аллах (Ислам менен) жакшылык кылды. Жана бизди тозок азабынан сактап калды.
28
إِنَّا كُنَّا مِن قَبْلُ نَدْعُوهُ ۖ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلْبَرُّ ٱلرَّحِيمُ٢٨
Хакимов
Биз мурда ага (ыклас) дуба кылчу элек. Чынында ал жакшылык кылуучу, Ырайымдуу.
29
فَذَكِّرْ فَمَآ أَنتَ بِنِعْمَتِ رَبِّكَ بِكَاهِنٍ وَلَا مَجْنُونٍ٢٩
Хакимов
(Оо, Мухаммад! Үммөтүңө) эскерткин! Сен Раббиңдин нээматы себептүү бакшы (көзү ачык) да эмессиң, жинди да эмессиң.
30
أَمْ يَقُولُونَ شَاعِرٌ نَّتَرَبَّصُ بِهِۦ رَيْبَ ٱلْمَنُونِ٣٠
Хакимов
Же болбосо, алар (мушриктер: «Бул) акын. Анын өлүмүн күтө туралы» - дешеби?
31
قُلْ تَرَبَّصُواْ فَإِنِّى مَعَكُم مِّنَ ٱلْمُتَرَبِّصِينَ٣١
Хакимов
Айткын: «Күтө бергиле. Мен да силерге кошулуп (Аллах силерге азап берүүсүн) күтөмүн».
32
أَمْ تَأْمُرُهُمْ أَحْلَٰمُهُم بِهَٰذَآ ۚ أَمْ هُمْ قَوْمٌ طَاغُونَ٣٢
Хакимов
Же болбосо алардын «акылдары» ушуга (Куранды жалганга чыгарууга) буюрабы?! Же алар чектен чыккан элби?!
33
أَمْ يَقُولُونَ تَقَوَّلَهُۥ ۚ بَل لَّا يُؤْمِنُونَ٣٣
Хакимов
Же болбосо, «(Мухаммад) аны (Куранды) оюнан чыгарып сүйлөгөн» - дешеби? Жок! Алар ыйман келтиришпейт!
34
فَلْيَأْتُواْ بِحَدِيثٍ مِّثْلِهِۦٓ إِن كَانُواْ صَٰدِقِينَ٣٤
Хакимов
Эгер («Куранды инсан ойлоп чыгарган» деген сөздөрүндө) чынчыл болушса, ага окшогон бир гана сөз алып келишсин?!
35
أَمْ خُلِقُواْ مِنْ غَيْرِ شَىْءٍ أَمْ هُمُ ٱلْخَٰلِقُونَ٣٥
Хакимов
Же болбосо, алар эч нерсесиз (жаратуучусу жок эле) жаралып калышканбы? Же өздөрү жаратуучубу?[1]
[1] Эгер жаратуучусу жок эле, өзүнөн-өзү жаралып калбаган болсо, жана өздөрү ааламдардын жаратуучусу болбосо, үчүнчү пикир – аларды жалгыз Аллах гана жаратканы чындык болот. Анда эмне үчүн ошол Жаратуучунун Өзүнө сыйынбай жатышат!
36
أَمْ خَلَقُواْ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ ۚ بَل لَّا يُوقِنُونَ٣٦
Хакимов
Же болбосо, асмандар менен жерди алар жаратышты беле? Жок! Алар ишенбейт.
37
أَمْ عِندَهُمْ خَزَآئِنُ رَبِّكَ أَمْ هُمُ ٱلْمُصَۜيْطِرُونَ٣٧
Хакимов
Же болбосо, Раббиңдин казына-мүлкү алардын колундабы? Же алар (ошол казына-мүлккө) кожоюнбу?[1]
[1] Пайгамбарыбызга түшкөн Куран - Аллах тааланын казына-мүлкүнөн берилген. Алар "Мухаммад пайгамбар эмес" дешет. Эмне, Аллахтын казына-мүлкү алардын колунда болуп, алар бөлүштүрүүчү бекен?!
38
أَمْ لَهُمْ سُلَّمٌ يَسْتَمِعُونَ فِيهِ ۖ فَلْيَأْتِ مُسْتَمِعُهُم بِسُلْطَٰنٍ مُّبِينٍ٣٨
Хакимов
Же болбосо, алардын колунда аны менен (асмандагы кайып кабарларды) уга турган шатысы барбы? (Эгер бар болсо) анык далил менен, уккан кишисин алып келишсин!
39
أَمْ لَهُ ٱلْبَنَٰتُ وَلَكُمُ ٱلْبَنُونَ٣٩
Хакимов
Же болбосо, Ага (Аллах таалага) кыз перзенттер, өздөрүнө уул перзенттерби?![1]
[1] Мушриктер «Периштелер Аллахтын кыздары» дешип, ошол эле учурда өздөрү кыз перзенттерди жаман көрүшкөн. Бул аят алардын ошол ишенимдерине сокку урат.
40
أَمْ تَسْـَٔلُهُمْ أَجْرًا فَهُم مِّن مَّغْرَمٍ مُّثْقَلُونَ٤٠
Хакимов
Же болбосо, Сен алардан (дин үйрөткөнүң үчүн) акы сурап жатасыңбы? (Анан) Алар (ошол акыны) төлөөдөн кыйналып калышканбы?
41
أَمْ عِندَهُمُ ٱلْغَيْبُ فَهُمْ يَكْتُبُونَ٤١
Хакимов
Же болбосо, алардын алдында кайып (илими) бар бекен жана алар аны жазып алышыптырбы?!
42
أَمْ يُرِيدُونَ كَيْدًا ۖ فَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ هُمُ ٱلْمَكِيدُونَ٤٢
Хакимов
Же болбосо, алар (сага каршы бир) амалкөйлүк ойлоп жатышкандыр! Каапырлардын амалдары өздөрүнө зыян болуп кайтат.
43
أَمْ لَهُمْ إِلَٰهٌ غَيْرُ ٱللَّهِ ۚ سُبْحَٰنَ ٱللَّهِ عَمَّا يُشْرِكُونَ٤٣
Хакимов
Же болбосо, алардын Аллахтан башка кудайлары барбы? (Жок!) Аллах алар кошкон ширктен Таза!
44
وَإِن يَرَوْاْ كِسْفًا مِّنَ ٱلسَّمَآءِ سَاقِطًا يَقُولُواْ سَحَابٌ مَّرْكُومٌ٤٤
Хакимов
Эгер алар асмандан (өздөрүнүн башына) түшүп келе жаткан (балээнин) бир бөлүгүн көрсө да, (анын балээ экенин ойлоп да койбостон) «бул түрмөктөлгөн булут» дешет.[1]
[1] Каапырлар ушундай кенебес болушат. Байыркы заманда Аад коомунун үстүнө Аллах асмандан балээ жибергенде да алар «Бул кара булут, эми бизге жамгыр жаайт» - деп сүйүнгөн. Себеби, алар Аллахтан балээ келет деп күтүшкөн эмес. Эгер Курайш каапырларынын башына да Аллах ошондой балээ жиберчү болсо,алар да ошентишмек.
45
فَذَرْهُمْ حَتَّىٰ يُلَٰقُواْ يَوْمَهُمُ ٱلَّذِى فِيهِ يُصْعَقُونَ٤٥
Хакимов
(Оо, Мухаммад!) Сен аларды кыйрап калчу күндөрүнө (Кыяматка) жолукканга чейин жөн кой.
46
يَوْمَ لَا يُغْنِى عَنْهُمْ كَيْدُهُمْ شَيْـًٔا وَلَا هُمْ يُنصَرُونَ٤٦
Хакимов
Ал күнү аларга айлакерликтери пайда бербейт жана аларга жардам да берилбейт.
47
وَإِنَّ لِلَّذِينَ ظَلَمُواْ عَذَابًا دُونَ ذَٰلِكَ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ٤٧
Хакимов
Жана заалым (каапыр) болгон адамдарга мындан (тозоктон) башка азаптар[1] да бар. Бирок алардын көпчүлүгү (муну) билишпейт.
[1] «Тозоктон башка азап» каапырларга ушул дүйнөдө жеткирилген азаптар же болбосо Барзах – мүрзө жашоосундагы азаптар.
48
وَٱصْبِرْ لِحُكْمِ رَبِّكَ فَإِنَّكَ بِأَعْيُنِنَا ۖ وَسَبِّحْ بِحَمْدِ رَبِّكَ حِينَ تَقُومُ٤٨
Хакимов
Эми, Раббиңдин өкүмүнө сабыр кыл! Сен Биздин көз алдыбыздасың. Жана (беш убак намазга) турганда, Раббиңе мактоо жана тасбих айт!
49
وَمِنَ ٱلَّيْلِ فَسَبِّحْهُ وَإِدْبَٰرَ ٱلنُّجُومِ٤٩
Хакимов
Түндүн (бир бөлүгүндө) жана да жылдыздар кеткен (таң) мезгилинде дагы Ага тасбих айт!