Сүрө 54
Камар
i
Ай
55 аят |
Мекке
Сүрө 54 • Аят 1 / 55 • Пара 273⁄8 • Бет 528
Камар
2
1
ٱقْتَرَبَتِ ٱلسَّاعَةُ وَٱنشَقَّ ٱلْقَمَرُ١
Хакимов
Кыямат жакындашты жана Ай (экиге) бөлүндү.[1]
[1] Мекке мушриктери пайгамбар саллаллоху алайхи ва салламга «Эгер бир моожиза көргөзсөң – ыйман келтиребиз» дешкенде, ал Аллахка дуба кылат. Аллах асмандагы айга кол жаңсоону буюрат. Буйрукту аткарганда... ай экиге бөлүнөт.
2
وَإِن يَرَوْاْ ءَايَةً يُعْرِضُواْ وَيَقُولُواْ سِحْرٌ مُّسْتَمِرٌّ٢
Хакимов
Алар (Курайш каапырлары) моожизаны көрүп турса да, (чындыктан) жүз үйрүп «Бул – ар дайымкы сыйкыр» - дей баштады.
3
وَكَذَّبُواْ وَٱتَّبَعُوٓاْ أَهْوَآءَهُمْ ۚ وَكُلُّ أَمْرٍ مُّسْتَقِرٌّ٣
Хакимов
Жана (пайгамбарды) жалганчыга чыгарып, өздөрүнүн каалоолорун ээрчиди. Бирок, ар бир иш (Кыяматта) өз ордун табат.
4
وَلَقَدْ جَآءَهُم مِّنَ ٱلْأَنۢبَآءِ مَا فِيهِ مُزْدَجَرٌ٤
Хакимов
Аларга (абалкы каапыр коомдордун) жүрөк үшүткөн кабарлары келген эле.
5
حِكْمَةُۢ بَٰلِغَةٌ ۖ فَمَا تُغْنِ ٱلنُّذُرُ٥
Хакимов
(Аларга келген Куран) далил-даанышмандыктын жеткен чеги эле. Эми аларга эскертүүчүлөр пайда бербейт.
6
فَتَوَلَّ عَنْهُمْ ۘ يَوْمَ يَدْعُ ٱلدَّاعِ إِلَىٰ شَىْءٍ نُّكُرٍ٦
Хакимов
Сен дагы алардан жүз үйрү(п, Кыяматтагы жазаланышын күт)! Ал эми, Чакыруучу (Исрафил периште Сур кернейин тартып) жагымсыз нерсеге (Махшар майданына) чакырган күндө...
7
خُشَّعًا أَبْصَٰرُهُمْ يَخْرُجُونَ مِنَ ٱلْأَجْدَاثِ كَأَنَّهُمْ جَرَادٌ مُّنتَشِرٌ٧
Хакимов
Бардыгы көздөрү жоодураган абалда, башаламан чегирткелердей мүрзөлөрүнөн чыгышат.
8
مُّهْطِعِينَ إِلَى ٱلدَّاعِ ۖ يَقُولُ ٱلْكَٰفِرُونَ هَٰذَا يَوْمٌ عَسِرٌ٨
Хакимов
Чакыруучуга шашылып баратканда каапырлар «Бул өтө оор күн!» дешет.
9
۞۞ كَذَّبَتْ قَبْلَهُمْ قَوْمُ نُوحٍ فَكَذَّبُواْ عَبْدَنَا وَقَالُواْ مَجْنُونٌ وَٱزْدُجِرَ٩
Хакимов
Алардан мурун Нух коому дагы (чындыкты) «жалган», пендебизди «жалганчы», «жинди» деп, (ар кандай сөздөр менен) опузалашкан.
10
فَدَعَا رَبَّهُۥٓ أَنِّى مَغْلُوبٌ فَٱنتَصِرْ١٠
Хакимов
Анан ал Раббисине дуба кылып: «Оо, Раббим! Мен алсыз калдым, мага жардам бер!» - деп дуба кылды.[1]
[1] Ошол дубасында Нух алейхис-салам { رَبِّ لَا تَذَرْ عَلَى الْأَرْضِ مِنَ الْكَافِرِينَ دَيَّارًا } «Оо, Раббим! Жер бетинде бир дагы каапыр үй калтырбагай элең!» деген сөздү да айткан болчу.
11
فَفَتَحْنَآ أَبْوَٰبَ ٱلسَّمَآءِ بِمَآءٍ مُّنْهَمِرٍ١١
Хакимов
Кийин Биз асман эшиктерин нөшөр жамгырга ачып жибердик.
12
وَفَجَّرْنَا ٱلْأَرْضَ عُيُونًا فَٱلْتَقَى ٱلْمَآءُ عَلَىٰٓ أَمْرٍ قَدْ قُدِرَ١٢
Хакимов
Жерден дагы атырылган булактарды чыгардык. Анан...(Аллах тарабынан) тагдыр кылынган ишти болтуруу үчүн эки суу кошулду.[1]
[1] Асман жамгыры менен жеден атырылган булактар кошулуп топон суу болду жана Аллахтын тагдыр кылганы боюнча каапырларды каптады.
13
وَحَمَلْنَٰهُ عَلَىٰ ذَاتِ أَلْوَٰحٍ وَدُسُرٍ١٣
Хакимов
Биз аны (Нухту) тактайлар жана мыктар менен куралган нерсе(кеме)де (суу үстүнө) көтөрдүк.
14
تَجْرِى بِأَعْيُنِنَا جَزَآءً لِّمَن كَانَ كُفِرَ١٤
Хакимов
Ал (кеме) Биздин көз алдыбызда, каапырлар тарабынан четке кагылган кишиге сыйлык болуп желип баратты.
15
وَلَقَد تَّرَكْنَٰهَآ ءَايَةً فَهَلْ مِن مُّدَّكِرٍ١٥
Хакимов
Биз аны(н окуясын кудуретибизге) далил кылып калтырдык. Эми (мындан) сабак алаар жан бар бекен?
16
فَكَيْفَ كَانَ عَذَابِى وَنُذُرِ١٦
Хакимов
Менин азабым жана эскертүүм кандай болуптур?!
17
وَلَقَدْ يَسَّرْنَا ٱلْقُرْءَانَ لِلذِّكْرِ فَهَلْ مِن مُّدَّكِرٍ١٧
Хакимов
Биз Куранды эскергенге[1] жеңил кылдык. Кана, ким эскерет?
[1] Окуганга, жаттаганга жана маанисин түшүнгөнгө.
18
كَذَّبَتْ عَادٌ فَكَيْفَ كَانَ عَذَابِى وَنُذُرِ١٨
Хакимов
Аад (коому) дагы «жалганчы» деген эле (Худ пайгамбарды). Анан Менин (аларга көргөзгөн) азабым жана эскертүүм кандай болду!
19
إِنَّآ أَرْسَلْنَا عَلَيْهِمْ رِيحًا صَرْصَرًا فِى يَوْمِ نَحْسٍ مُّسْتَمِرٍّ١٩
Хакимов
Алардын үстүнө каргашалуу күндө (жети түн, сегиз күн бурганактаган) токтоосуз катуу бороон жибердик.
20
تَنزِعُ ٱلنَّاسَ كَأَنَّهُمْ أَعْجَازُ نَخْلٍ مُّنقَعِرٍ٢٠
Хакимов
Ал адамдарды омкорулган курма дарагы сыяктуу (турган жеринен) жулуп алды (жана башы менен жерге чапты!)
21
فَكَيْفَ كَانَ عَذَابِى وَنُذُرِ٢١
Хакимов
(Каапырларга) Менин азабым жана эскертүүм кандай экен?!
22
وَلَقَدْ يَسَّرْنَا ٱلْقُرْءَانَ لِلذِّكْرِ فَهَلْ مِن مُّدَّكِرٍ٢٢
Хакимов
Биз Куранды эскерүүгө жеңил кылдык, эскерүүчү барбы?
23
كَذَّبَتْ ثَمُودُ بِٱلنُّذُرِ٢٣
Хакимов
Самуд (коому) дагы (аяттарды) жалганга чыгарып:
24
فَقَالُوٓاْ أَبَشَرًا مِّنَّا وَٰحِدًا نَّتَّبِعُهُۥٓ إِنَّآ إِذًا لَّفِى ضَلَٰلٍ وَسُعُرٍ٢٤
Хакимов
(Мындай) дешти: «(Биз көп болсок), өз арабыздагы жалгыз адамга ээрчийбизби? Анда биз анык адашабыз, жиндиликте калабыз!
25
أَءُلْقِىَ ٱلذِّكْرُ عَلَيْهِ مِنۢ بَيْنِنَا بَلْ هُوَ كَذَّابٌ أَشِرٌ٢٥
Хакимов
Вахий-кабар ушуга берилеби арабыздан (адам куруп калгансып)?! Жок! Бул жеткен жалганчы, эң жаман адам!
26
سَيَعْلَمُونَ غَدًا مَّنِ ٱلْكَذَّابُ ٱلْأَشِرُ٢٦
Хакимов
Эртең эле (азап түшсө) билишет, ким жалганчы, жаман адам экенин!
27
إِنَّا مُرْسِلُواْ ٱلنَّاقَةِ فِتْنَةً لَّهُمْ فَٱرْتَقِبْهُمْ وَٱصْطَبِرْ٢٧
Хакимов
(Оо, Салих!) Биз аларды сынаш үчүн (аска таштан) бир төө чыгарып бердик. Эми аларга назар салып, сабыр кылып тур.
28
وَنَبِّئْهُمْ أَنَّ ٱلْمَآءَ قِسْمَةُۢ بَيْنَهُمْ ۖ كُلُّ شِرْبٍ مُّحْتَضَرٌ٢٨
Хакимов
Жана аларга кабар бер, суу (ичүү кезеги) бөлүнгөнүн, ар бир ичүү(гө кезек ээси) даяр турганын.[1]
[1] Булактан суу ичүү кезеги төө менен аларга жана айбандарына бөлүштүрүдү. Төөнүн кезеги келгенде алар ичпейт, алардыкы келгенде, төө ичпейт.
29
فَنَادَوْاْ صَاحِبَهُمْ فَتَعَاطَىٰ فَعَقَرَ٢٩
Хакимов
Анан алар (келишимди бузуп), өздөрүнүн бир (мыкаачы) шеригин чакырышты. Ал болсо, (төөнү) кармады жана союп жиберди.
30
فَكَيْفَ كَانَ عَذَابِى وَنُذُرِ٣٠
Хакимов
(Карагыла) Менин азабым жана эскертүүм кандай болгонун:
31
إِنَّآ أَرْسَلْنَا عَلَيْهِمْ صَيْحَةً وَٰحِدَةً فَكَانُواْ كَهَشِيمِ ٱلْمُحْتَظِرِ٣١
Хакимов
Биз аларга бир чаңырык[1] жибердик эле, короо курган(чабан)дын куурайындай болуп (төгүлүп) калышты.
[1] Бул чаңырык Аллахтын буйругу менен келген Жебрейил периштенин катуу добушу эле.
32
وَلَقَدْ يَسَّرْنَا ٱلْقُرْءَانَ لِلذِّكْرِ فَهَلْ مِن مُّدَّكِرٍ٣٢
Хакимов
Биз Куранды эскерүүгө жеңил кылдык, эскерүүчү барбы?
33
كَذَّبَتْ قَوْمُ لُوطٍ بِٱلنُّذُرِ٣٣
Хакимов
Лут (коому) дагы (аяттарды) жалганга чыгарышты.
34
إِنَّآ أَرْسَلْنَا عَلَيْهِمْ حَاصِبًا إِلَّآ ءَالَ لُوطٍ ۖ نَّجَّيْنَٰهُم بِسَحَرٍ٣٤
Хакимов
Биз аларга (таш) бороонун жибердик. Бир гана Луттун үй-бүлөсүн таң убактысында куткардык.
35
نِّعْمَةً مِّنْ عِندِنَا ۚ كَذَٰلِكَ نَجْزِى مَن شَكَرَ٣٥
Хакимов
Өзүбүздөн жакшылык иретинде. Шүгүр кылгандарды ушинтип сыйлайбыз.
36
وَلَقَدْ أَنذَرَهُم بَطْشَتَنَا فَتَمَارَوْاْ بِٱلنُّذُرِ٣٦
Хакимов
(Лут) аларга Биздин азапты эскерткен эле. Бирок, алар эскертүүдөн шектеништи.
37
وَلَقَدْ رَٰوَدُوهُ عَن ضَيْفِهِۦ فَطَمَسْنَآ أَعْيُنَهُمْ فَذُوقُواْ عَذَابِى وَنُذُرِ٣٧
Хакимов
Жана анын мейманын[1] (бачабаздык үчүн чыгарып берүүнү) талап кылышты. Биз алардын көзүн сокур кылып койдук. Эми, Менин эскертүүм жана азабымды(н даамын) татышсын![2]
[1] Ал меймандар сулуу жигит кейипиндеги периштелер болчу.
[2] Аллах Лут коомун жазалоо үчүн сулуу жигит кейипиндеги эки периштени жиберет. Алар Луттун үйүнө келгенде анын бузукуларга жан тарткан аялы дароо бузуктарга чуркап, кабарды жеткирет. Бачабаз коом келип, жигиттерди чыгарып берүүсүн Луттан талап кылат. Ошондо периштелердин бири алардын көзүн сокур кылып койот жана Лут менен анын үй-бүлөсүнө «Таңга маал шаардан чыгып кеткиле, биз таш бороонун жаадырабыз» деп кетип калышат. Лутка «Аялыңды өзүң менен алба» деген вахий келгендиктен аялы шаарда калып, бузукулардын катарында жексен болот.
38
وَلَقَدْ صَبَّحَهُم بُكْرَةً عَذَابٌ مُّسْتَقِرٌّ٣٨
Хакимов
Жана аларга таң мезгилинде үзгүлтүксүз азап (таш бороону) келди.
39
فَذُوقُواْ عَذَابِى وَنُذُرِ٣٩
Хакимов
Эми, Менин эскертүүмдү(н) жана азабымды(н даамын) татышсын!
40
وَلَقَدْ يَسَّرْنَا ٱلْقُرْءَانَ لِلذِّكْرِ فَهَلْ مِن مُّدَّكِرٍ٤٠
Хакимов
Биз Куранды эскерүү үчүн жеңил кылдык, эскерүүчү барбы?
41
وَلَقَدْ جَآءَ ءَالَ فِرْعَوْنَ ٱلنُّذُرُ٤١
Хакимов
Жана Фараон адамдарына дагы эскертүүлөр келген.
42
كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا كُلِّهَا فَأَخَذْنَٰهُمْ أَخْذَ عَزِيزٍ مُّقْتَدِرٍ٤٢
Хакимов
(Бирок), бардык аят-моожизаларыбызды жалганга чыгарышты. Кийин Биз аларды Жеңилгис, Кудуреттүүнүн азаптаганы сыяктуу азаптадык.
43
أَكُفَّارُكُمْ خَيْرٌ مِّنْ أُوْلَٰٓئِكُمْ أَمْ لَكُم بَرَآءَةٌ فِى ٱلزُّبُرِ٤٣
Хакимов
(Оо, Курайш эли!) Силердин араңардагы каапырлар абалкы каапырлардан жакшыбы? Же абалкы ыйык китептерде («Курайш каапырларына азап келбейт» деген) актооңор барбы?
44
أَمْ يَقُولُونَ نَحْنُ جَمِيعٌ مُّنتَصِرٌ٤٤
Хакимов
Же болбосо алар «Биз жеңилгис жамаатпыз» дешеби?!
45
سَيُهْزَمُ ٱلْجَمْعُ وَيُوَلُّونَ ٱلدُّبُرَ٤٥
Хакимов
Жакында жеңилишет жана аркасына (карабай) качышат.[1]
[1] Бул дагы моожиза аяттардын бири. Анткени, бул аят Меккеде мусулмандар алсыз болгон маалда түшкөн. Арадан көп өтпөй алар Мединага хижрат кылып, кубаттуу үммөткө айланышат. Алар менен Курайш каапырларынын ортосунда болгон «Бадр» согушунда каапырлар жеңилип, аркасына карабай качышат.
46
بَلِ ٱلسَّاعَةُ مَوْعِدُهُمْ وَٱلسَّاعَةُ أَدْهَىٰ وَأَمَرُّ٤٦
Хакимов
Жок! (Алар муну менен кутулбайт!) Кыямат – аларга (азап) убада кылынган Күн! Кыямат(тын азабы) улуу жана ачуураак!
47
إِنَّ ٱلْمُجْرِمِينَ فِى ضَلَٰلٍ وَسُعُرٍ٤٧
Хакимов
Чынында, күнөөкөрлөр адашуучулукта жана азапта.
48
يَوْمَ يُسْحَبُونَ فِى ٱلنَّارِ عَلَىٰ وُجُوهِهِمْ ذُوقُواْ مَسَّ سَقَرَ٤٨
Хакимов
Жүзү менен отко сүйрөлгөн күнү (аларга): «Тозок азабын таткыла!» (деп айтылат).
49
إِنَّا كُلَّ شَىْءٍ خَلَقْنَٰهُ بِقَدَرٍ٤٩
Хакимов
Биз бардык нерсени тагдыр-өлчөм менен жаратканбыз.
50
وَمَآ أَمْرُنَآ إِلَّا وَٰحِدَةٌ كَلَمْحٍ بِٱلْبَصَرِ٥٠
Хакимов
Биздин буйругубуз көз ирмем сыяктуу бир гана («Бол!» деген сөздөн турат).[1]
[1] Б.а. " Эгер Биз бир нерсени жасоону кааласак, бир гана "Бол!" деген сөз жетиштүү. Айтылаар замат көз ирмемде ар кандай иш болуп калат.
51
وَلَقَدْ أَهْلَكْنَآ أَشْيَاعَكُمْ فَهَلْ مِن مُّدَّكِرٍ٥١
Хакимов
Биз силерге окшогондорду(н көбүн) кыйратканбыз. Эстеген бирөө барбы?
52
وَكُلُّ شَىْءٍ فَعَلُوهُ فِى ٱلزُّبُرِ٥٢
Хакимов
Алардын бардык иштери (периштелер жазган) китептерде бар.
53
وَكُلُّ صَغِيرٍ وَكَبِيرٍ مُّسْتَطَرٌ٥٣
Хакимов
Жана бардык чоң-кичине (нерселер) жазылган.
54
إِنَّ ٱلْمُتَّقِينَ فِى جَنَّٰتٍ وَنَهَرٍ٥٤
Хакимов
Чынында, такыба адамдар бейиштерде жана дайралард(ын боюнд)а.
55
فِى مَقْعَدِ صِدْقٍ عِندَ مَلِيكٍ مُّقْتَدِرٍ٥٥
Хакимов
Кудуреттүү Падышанын алдындагы чыныгы (бардык ырахат-жыргалы бар) мажилисте.