Сүрө 68

Калам

A

Калам

52 аят |МеккеМекке
Сүрө 68 • Аят 1 / 52 • Пара 292⁄8 • Бет 564
Калам
ﻉ498Пара 29 2⁄8498ﻉ
2
1
۞ نٓ ​ۚ وَٱلْقَلَمِ وَمَا يَسْطُرُونَ‮١‬‬‬
Хакимов
Нун.[1] (Оо, Мухаммад), калемге жана ал жазган нерселерге ант ичип (айтамын):

[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.
2
مَآ أَنتَ بِنِعْمَةِ رَبِّكَ بِمَجْنُونٍ‮٢‬‬‬
Хакимов
Сен Раббиңдин нээматы (пайгамбарлык) себептүү акылынан адашкан киши эмессиң.[1]

[1] Пайгамбарыбызга Ислам дини вахий аркылуу бериле баштаганда элдерге алар сыйынып жаткан ар түрдүү кудайлардын жалгандыгын айткан. Ошондо алар «Буга эмне болгон? Ата-бабаларыбыздын динин чанып?! Бул соо эмес го! Мүмкүн муну жиндер азгырып жатса керек!» дешкен. Аллах таала жогорку аяттарда илим-билим жана улук Куран аяттары жазыла турган калем жана ал жазган аяттардын урматына ант ичип, пайгамбарын мушриктер айыптаган сөздөрдөн коргоодо.
3
وَإِنَّ لَكَ لَأَجْرًا غَيْرَ مَمْنُونٍ‮٣‬‬‬
Хакимов
(Пайгамбарлык түйшүгүн көтөргөнүң үчүн) сага түгөнгүс сыйлыктар бар!
4
وَإِنَّكَ لَعَلَىٰ خُلُقٍ عَظِيمٍ‮٤‬‬‬
Хакимов
Жана сен улук ахлактын үстүндөсүң.[1]

[1] Пайгамбарыбыз саллоллоху алайхи ва салламдын адеп-ахлагы жөнүндө сурагандарга Айша энебиз «Анын ахлагы – Куран» деп жооп берген болчу. Мунун мааниси ал ар дайым Куран көргөзгөн адептер менен «сугарылып» турган.
5
فَسَتُبْصِرُ وَيُبْصِرُونَ‮٥‬‬‬
Хакимов
Жакында (Кыямат болуп, чындык ашкереленгенде) көрөсүң, алар да көрүп (билип) алышат -
6
بِأَييِّكُمُ ٱلْمَفْتُونُ‮٦‬‬‬
Хакимов
Кимиңер азгырылган экениңерди.
7
إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعْلَمُ بِمَن ضَلَّ عَن سَبِيلِهِۦ وَهُوَ أَعْلَمُ بِٱلْمُهْتَدِينَ‮٧‬‬‬
Хакимов
Сенин Раббиң, Өзүнүн жолунан ким адашып кеткенин жана ким туура жол тапканын эң жакшы билет.[1]
*
[1]Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам «Аллахтан башка бардык кудайлар жалган. Силердин ата-бабаңар адашкан пенделер болчу» дегенде, жалган «кудайлардын» пенделери ага келип «Кел, эй, Мухаммад сүйлөшүп алалы, сен биздин кудайларга тил тийгизбе, ата-бабаларыбызды адашкан деп айыптаба. Ошондо биз дагы сенин диниңе каршылык кылбайбыз» - дешет. Кийинки аяттарда Аллах Өз пайгамбарына аларга кандай жооп бериш керектигин үйрөткөн.
8
فَلَا تُطِعِ ٱلْمُكَذِّبِينَ‮٨‬‬‬
Хакимов
(Динди) жалган дегендерге моюн сунба!
9
وَدُّواْ لَوْ تُدْهِنُ فَيُدْهِنُونَ‮٩‬‬‬
Хакимов
Сен алар менен макул болсоң, алар да сени менен келишип алууну каалашат.
10
وَلَا تُطِعْ كُلَّ حَلَّافٍ مَّهِينٍ‮١٠‬‬‬
Хакимов
Сен моюн суна бербегин: көрүнгөн эле кадырсыз анткорго,
11
هَمَّازٍ مَّشَّآءٍ بِنَمِيمٍ‮١١‬‬‬
Хакимов
(адамдардын арасын бузуу үчүн) ушак таратып жүрүүчү шылдыңчыларга,
12
مَّنَّاعٍ لِّلْخَيْرِ مُعْتَدٍ أَثِيمٍ‮١٢‬‬‬
Хакимов
чектен чыккан, күнөөкөр, жакшылыкка бут тосуучуларга,
13
عُتُلٍّ بَعْدَ ذَٰلِكَ زَنِيمٍ‮١٣‬‬‬
Хакимов
орой жана андан соң..., атасынын дайыны жок (тексиз) адамдарга![1]

[1] Куран чындыктарын айттырбай коюу үчүн ислам өкүлдөрү менен келишип алууга умтулган касамкор, атасынын дайыны жок, зынаадан төрөлгөндөр ар бир заманда табылат. Пайгамбарыбыздын заманында ошондой адамдардын бири Валид ибн Мугира деген ашынган каапыр эле. Валид чириген бай жана бала-чакасы көп болгон. Ал мезгилдерде кимдин перзенти көп болсо, ал ошону менен да текеберленчү.
14
أَن كَانَ ذَا مَالٍ وَبَنِينَ‮١٤‬‬‬
Хакимов
Ал бай жана перзенти көп болгондуктан,
15
إِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِ ءَايَٰتُنَا قَالَ أَسَٰطِيرُ ٱلْأَوَّلِينَ‮١٥‬‬‬
Хакимов
ага биздин аяттарыбыз окулганда: «(бул) байыркылардын жөө-жомоктору го» – деди.
16
سَنَسِمُهُۥ عَلَى ٱلْخُرْطُومِ‮١٦‬‬‬
Хакимов
Биз жакында (Кыяматта) аны тумшугунан тамгалап койобуз![1]

[1] Аллах таала исламдын ашынган душмандарын акыретте катуу азапка салганда, азаптын кара белгиси адегенде эле алардын жүздөрүнөн билинет.
17
إِنَّا بَلَوْنَٰهُمْ كَمَا بَلَوْنَآ أَصْحَٰبَ ٱلْجَنَّةِ إِذْ أَقْسَمُواْ لَيَصْرِمُنَّهَا مُصْبِحِينَ‮١٧‬‬‬
Хакимов
Биз аларды бак-бостон ээлерин сынаганыбыз сыяктуу сынадык.[1] Бир кезде (бак ээлери) бакты(н түшүмүн) таңга маал (эч ким тура элек мезгилде) жыйнап алууга ант ичишти.

[1] Мекке мушриктерине Аллах таала өтө көп мөөнөт берип, дүйнөлүк нээматтардан кем кылбай, бирок ошол эле учурда кана, качан ыйман келтиришет экен деп сынап турду. Бирок алар ыйманга кирүүнүн ордуна каапырчылыкта текеберленип кетишти жана өздөрүнүн акыреттерин күйдүрүп алышты. Эмки аяттарда Аллах таала алардын бул жоругун, бак-дарактарынын түшүмүнөн ихсан садака) кылууга кызганган, мунун натыйжасында Аллах алардын бактарына асмандан өрт жиберип, не бактан жок, не акыреттик сооптон жок куржалак олтуруп калган кишилерге окшотот.
18
وَلَا يَسْتَثْنُونَ‮١٨‬‬‬
Хакимов
Алар (ниеттеринде “Аллах кааласа” деген сөздү) эсепке алышпады.
19
فَطَافَ عَلَيْهَا طَآئِفٌ مِّن رَّبِّكَ وَهُمْ نَآئِمُونَ‮١٩‬‬‬
Хакимов
Анан алар уктап жатканда бактын үстүндө Сенин Раббиң тарабынан (жиберилген) бир айлануучу (от) айланып турду (дагы...)
20
فَأَصْبَحَتْ كَٱلصَّرِيمِ‮٢٠‬‬‬
Хакимов
(Күйдүрүп, чычаласын чыгарганда) караңгы түн сыяктуу болуп калды.
21
فَتَنَادَوْاْ مُصْبِحِينَ‮٢١‬‬‬
Хакимов
Анан таң азанда бири-бирин чакырышты:
22
أَنِ ٱغْدُواْ عَلَىٰ حَرْثِكُمْ إِن كُنتُمْ صَٰرِمِينَ‮٢٢‬‬‬
Хакимов
«Эгерде (түшүмүңөрдү) жыйнай турган болсоңор эртерээк барбайсыңарбы».
23
فَٱنطَلَقُواْ وَهُمْ يَتَخَٰفَتُونَ‮٢٣‬‬‬
Хакимов
(Бардыгы үйүнөн чыгып) жолго түшүштү шыбырашып:
24
أَن لَّا يَدْخُلَنَّهَا ٱلْيَوْمَ عَلَيْكُم مِّسْكِينٌ‮٢٤‬‬‬
Хакимов
«Бүгүн силердин үстүңөргө – бактын ичине бир дагы кедей кирип калбасын».
25
وَغَدَوْاْ عَلَىٰ حَرْدٍ قَٰدِرِينَ‮٢٥‬‬‬
Хакимов
Алар эч кимге билдирбей (ушундай катаал, мээримсиз абалда кембагалдарды түшүмдөн) куржалак калтырууга кудуреттүүбүз деп, эрте таңда бара жатышты.
26
فَلَمَّا رَأَوْهَا قَالُوٓاْ إِنَّا لَضَآلُّونَ‮٢٦‬‬‬
Хакимов
Анан..., (кара чычала болуп калган) бакты көрүп: «Биз адашып (башка бакка келип) калыптырбыз» – дешти.
27
بَلْ نَحْنُ مَحْرُومُونَ‮٢٧‬‬‬
Хакимов
“Жок! Биз (бактан) кол жууп калыптырбыз!”
28
قَالَ أَوْسَطُهُمْ أَلَمْ أَقُل لَّكُمْ لَوْلَا تُسَبِّحُونَ‮٢٨‬‬‬
Хакимов
(Ошондо) алардан адилеттүүрөөк бирөөсү: «Мен силерге «Аллахты даңазалагыла» (“Аллах кааласа” деп айткыла) дебедим беле?» – деди.
29
قَالُواْ سُبْحَٰنَ رَبِّنَآ إِنَّا كُنَّا ظَٰلِمِينَ‮٢٩‬‬‬
Хакимов
(Дагы) айтышты: «Раббибиз (кемчилдиктүү сыпаттардан) Аруу-Таза! Биз (өзүбүзгө) зулум кылуучулардан болуп калдык!»
30
فَأَقْبَلَ بَعْضُهُمْ عَلَىٰ بَعْضٍ يَتَلَٰوَمُونَ‮٣٠‬‬‬
Хакимов
Анан бири-бирине карап, бири-бирин айыптай баштады.
31
قَالُواْ يَٰوَيْلَنَآ إِنَّا كُنَّا طَٰغِينَ‮٣١‬‬‬
Хакимов
Жана (мындай) дешти: «Шорубуз курусун! Биз (чындап) чектен чыгып кетиптирбиз!
32
عَسَىٰ رَبُّنَآ أَن يُبْدِلَنَا خَيْرًا مِّنْهَآ إِنَّآ إِلَىٰ رَبِّنَا رَٰغِبُونَ‮٣٢‬‬‬
Хакимов
Раббибиз анын ордуна андан жакшыраагын бергей эле! Биз Раббибизге умтулуучубуз го!».
33
كَذَٰلِكَ ٱلْعَذَابُ ​ۖ وَلَعَذَابُ ٱلْـَٔاخِرَةِ أَكْبَرُ ​ۚ لَوْ كَانُواْ يَعْلَمُونَ‮٣٣‬‬‬
Хакимов
(Азгырылган адамдарга сыноо дүйнөдөгү) азап ушундай! Ал эми, Акырет азабы (мындан) чоңураак, эгер билишсе!
34
إِنَّ لِلْمُتَّقِينَ عِندَ رَبِّهِمْ جَنَّٰتِ ٱلنَّعِيمِ‮٣٤‬‬‬
Хакимов
Албетте, такыба кишилер үчүн Раббисинин алдында эң мыкты бейиштер бар.
35
أَفَنَجْعَلُ ٱلْمُسْلِمِينَ كَٱلْمُجْرِمِينَ‮٣٥‬‬‬
Хакимов
(Эй, Мекке мушриктери!) эмне, биз мусулмандарды (силерге окшогон) күнөөкөрлөр сыяктуу кылат бекенбиз?![1]

[1] Аллахка моюн сунган адамдар менен каапырлардын акыбети эч качан окшош болбойт.
36
مَا لَكُمْ كَيْفَ تَحْكُمُونَ‮٣٦‬‬‬
Хакимов
Силерге эмне болгон?! Кандай өкүм чыгарып жатасыңар?!
37
أَمْ لَكُمْ كِتَٰبٌ فِيهِ تَدْرُسُونَ‮٣٧‬‬‬
Хакимов
Же силердин алдыңарда аны сабак кылып окуган (Ыйык) Китеп бар беле?!
38
إِنَّ لَكُمْ فِيهِ لَمَا تَخَيَّرُونَ‮٣٨‬‬‬
Хакимов
(Же) Ал (китептин ичинде) силер үчүн өзүңөр каалаган нерсе (бар бекен)?!
39
أَمْ لَكُمْ أَيْمَٰنٌ عَلَيْنَا بَٰلِغَةٌ إِلَىٰ يَوْمِ ٱلْقِيَٰمَةِ ​ۙ إِنَّ لَكُمْ لَمَا تَحْكُمُونَ‮٣٩‬‬‬
Хакимов
Же болбосо, силер үчүн Биздин мойнубузда Кыямат күнүнө чейин жете турган «Силер каалаган (бардык) нерсе(лер) силер үчүн мүмкүн» деген ант-убада бар бекен?!
40
سَلْهُمْ أَيُّهُم بِذَٰلِكَ زَعِيمٌ‮٤٠‬‬‬
Хакимов
(Оо, Мухаммад), алардан сурачы, кимиси буга кепил боло алат?!
41
أَمْ لَهُمْ شُرَكَآءُ فَلْيَأْتُواْ بِشُرَكَآئِهِمْ إِن كَانُواْ صَٰدِقِينَ‮٤١‬‬‬
Хакимов
Же алардын (каалоо тилектерин орундатып бере турган Аллахтан башка) кудайлары барбы?! Эгер чынчыл болушса, (ошол) кудайларын алып келишсин!
42
يَوْمَ يُكْشَفُ عَن سَاقٍ وَيُدْعَوْنَ إِلَى ٱلسُّجُودِ فَلَا يَسْتَطِيعُونَ‮٤٢‬‬‬
Хакимов
(Кыямат) күнү Балтыр ачылып, (бардык элдер) сажда кылууга чакырылганда, алар (мушриктер сажда кылууга) жарабай калышат.[1]

[1] Бул аят Кыяматтагы оор абал жөнүндө кабар берет. Абу Саид Худрий разияллоху анху мындай хадис риваят кылган يوم القيامة يشتد الأمر ويصعب هوله, ويأتي الله تعالى لفصل القضاء بين الخلائق، فيكشف عن ساقه الكريمة التي لا يشبهها شيء, قال صلى الله عليه وسلم "يكشف ربنا عن ساقه, فيسجد له كل مؤمن ومؤمنة, ويبقى مَن كان يسجد في الدنيا؛ رياء وسمعة, فيذهب ليسجد, فيعود ظهره طبقًا واحدًا" رواه البخاري 4919 “ Мен Расулуллах саллаллоху алайхи ва салламдын мындай дегенин уктум “Кыяматтагы оор күндө) Раббибиз калк-калайыкка өкүм кылуу үчүн келет жана Өзүнүн эч нерсеге окшобогон) Балтырын ачат. Анан Ага ар бир ыймандуу эркек-аял саждага жыгылат. Ошондо бул дүйнөдө эл көрсүнгө гана ийилип жүргөндөр жана тап-такыр сажда кылбагандар) дагы сажда кылуу үчүн барышат. Бирок, алардын омурткалары катып саждага жарабай) калат.” Бухарий 4919-хадис. Муслим 183-хадис)
43
خَٰشِعَةً أَبْصَٰرُهُمْ تَرْهَقُهُمْ ذِلَّةٌ ​ۖ وَقَدْ كَانُواْ يُدْعَوْنَ إِلَى ٱلسُّجُودِ وَهُمْ سَٰلِمُونَ‮٤٣‬‬‬
Хакимов
Көздөрү жерге кадалып, аларды кордук орогон абалда (турушат). Алар (дүйнө жашоосунда) сак-саламат болуп (сажда кылууга жарап) турганда саждага чакырылышкан эле.
44
فَذَرْنِى وَمَن يُكَذِّبُ بِهَٰذَا ٱلْحَدِيثِ ​ۖ سَنَسْتَدْرِجُهُم مِّنْ حَيْثُ لَا يَعْلَمُونَ‮٤٤‬‬‬
Хакимов
(Оо, Мухаммад!) Сен бул Сөздү (Куранды) жалган дегендерди Мага кой! Биз аларды билбеген тарабынан эч билгизбей азапка салабыз![1]

[1] Бул аятта Аллах Мекке мушриктерин, каапыр болоор замат азапка салбай, акырындык менен, мөөнөт берип, бир аз - бир аздан нээмат жана өмүр берип, даражама - даража алып барып, качан алар эч нерсени капарына илбей, “Аллах бизге кайра нээмат берип жатат го. Демек, бир нерсебиз Аллахка жаккан окшойт” деп бейкапар болуп калгандан кийин гана азап жиберүү жөнүндө айтып жатат.
45
وَأُمْلِى لَهُمْ ​ۚ إِنَّ كَيْدِى مَتِينٌ‮٤٥‬‬‬
Хакимов
Мен аларга мөөнөт беремин. Менин амалкерлигим бекем!
46
أَمْ تَسْـَٔلُهُمْ أَجْرًا فَهُم مِّن مَّغْرَمٍ مُّثْقَلُونَ‮٤٦‬‬‬
Хакимов
Же болбосо (оо, Мухаммад) сен алардан (өзүңдүн дааватың үчүн) акы сурап, алар болсо төлөөдөн кыйналып жатышабы?
47
أَمْ عِندَهُمُ ٱلْغَيْبُ فَهُمْ يَكْتُبُونَ‮٤٧‬‬‬
Хакимов
Же алардын алдында кайып (ааламындагы Тагдыр Китеби) барбы (жана) алар (ошондон окугандарын) жазышабы?[1]

[1] Эгер Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам дин үйрөткөнү үчүн алардан акы сурабаса же алар кайыптагы тагдыр китеби – Лавхул Махфузду окуп, андагы келечек кабарларды жазып жүрбөгөн болсо, тагыраак айтканда, өздөрүнүн тозокко түшпөөсү жөнүндө кайыптан кабар алышпаган болсо, эмне үчүн акыйкатка ушул даражада назарсыз болушат?! Эмне үчүн динге душман болуп пайгамбарга руханий-денелик зыяндарды жеткиришет?!
48
فَٱصْبِرْ لِحُكْمِ رَبِّكَ وَلَا تَكُن كَصَاحِبِ ٱلْحُوتِ إِذْ نَادَىٰ وَهُوَ مَكْظُومٌ‮٤٨‬‬‬
Хакимов
Эми (оо, Мухаммад) сен Раббиңдин өкүмүнө сабыр кыл! Балыктын «ээси» (Юнус пайгамбар) сыяктуу (элиңе сабырсыз) болбо! Бир кезде ал (балыктын ичине) жутулган бойдон (капкараңгы курсакта отуруп) Раббисине дуба кылган болчу.[1]

[1] Юнус пайгамбардын толугураак баяны менен таанышуу үчүн “Анбия”, “Саффат” жана “Юнус” сүрөлөрүнө кайрылыңыз.
49
لَّوْلَآ أَن تَدَٰرَكَهُۥ نِعْمَةٌ مِّن رَّبِّهِۦ لَنُبِذَ بِٱلْعَرَآءِ وَهُوَ مَذْمُومٌ‮٤٩‬‬‬
Хакимов
Эгерде ага Раббисинин нээматы (жакшылыгы) жетпегенде, жек көрүлгөн абалда жайдак жерге (кароосуз) таштап коюлмак.[1]

[1] Бирок, андай болбоду. Аллах анын дубасын угуп, кечирип, ырайым кылганы себептүү, балык аны жайдак, ысык, жалаң жерге оозунан чыгарып таштаар замат ал жерге ашкабак дарагын өстүрүп, анын алсызданган денесин илахий көлөкө менен ырахаттандырды.
50
فَٱجْتَبَٰهُ رَبُّهُۥ فَجَعَلَهُۥ مِنَ ٱلصَّٰلِحِينَ‮٥٠‬‬‬
Хакимов
Анан Раббиси аны (кайрадан пайгамбарлык үчүн) тандап, салих (жакшы) инсандардан кылды.
51
وَإِن يَكَادُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَيُزْلِقُونَكَ بِأَبْصَٰرِهِمْ لَمَّا سَمِعُواْ ٱلذِّكْرَ وَيَقُولُونَ إِنَّهُۥ لَمَجْنُونٌ‮٥١‬‬‬
Хакимов
(Оо, Мухаммад) каапыр болгон адамдар зикирди (Куранды) уккан мезгилде (ичи өрттөнүп) сени көздөрү менен оодара сала жаздашат жана: «Ал жинди!» – дешет.
52
وَمَا هُوَ إِلَّا ذِكْرٌ لِّلْعَٰلَمِينَ‮٥٢‬‬‬
Хакимов
Ал (Куран) бүт ааламдар үчүн (эң даанышман) насаат-эскермеден башка нерсе эмес!