Сүрө 89

Фаджр

q

Таң

30 аят |МеккеМекке
Сүрө 89 • Аят 1 / 30 • Пара 305⁄8 • Бет 593
Фаджр
ﻉ531Бет 593531ﻉ
2
1
وَٱلْفَجْرِ‮١‬‬‬
Хакимов
Таңга ант!
2
وَلَيَالٍ عَشْرٍ‮٢‬‬‬
Хакимов
Он түнгө ант!
3
وَٱلشَّفْعِ وَٱلْوَتْرِ‮٣‬‬‬
Хакимов
Жуп менен такка ант!
4
وَٱلَّيْلِ إِذَا يَسْرِ‮٤‬‬‬
Хакимов
Жана өтүп жаткан түнгө ант![1]

[1] Бул аяттардагы “таң”- Курбан айт күндүн таңы, “он түн”- Зул-Хижжа айынын алгачкы он түнү, “жуп”- бул Зул-Хижжанын онунчу күнү, “так”- тогузунчу – Арафат күнү. Ал эми, “өтүп жаткан түн”- бул Курбан айттын түнү. Чынында Аллах таала ант үчүн тандаган бул төрт нерсенин улуулугу, орчундуулугу акылдуу адамды канааттандырат.
5
هَلْ فِى ذَٰلِكَ قَسَمٌ لِّذِى حِجْرٍ‮٥‬‬‬
Хакимов
Ушул(айтылганд)арда акылдуу адам үчүн (канааттандырарлык) ант бар болсо керек эле?!
6
أَلَمْ تَرَ كَيْفَ فَعَلَ رَبُّكَ بِعَادٍ‮٦‬‬‬
Хакимов
Раббиң Аад коомун эмне кылганын көрбөдүңбү?!
7
إِرَمَ ذَاتِ ٱلْعِمَادِ‮٧‬‬‬
Хакимов
Түркүктүү Ирамды[1] (эмне кылганынчы?)

[1] Бул аяттагы "Ирам"ды кээ бир тафсирчилер шаар дешет. Бирок, Ирам деген ошол мезгилде жашаган уруулардын бири экенине далил көбүрөөк.
8
ٱلَّتِى لَمْ يُخْلَقْ مِثْلُهَا فِى ٱلْبِلَٰدِ‮٨‬‬‬
Хакимов
Ага окшогон (курулуш) эч бир өлкөдө жаратылбаган эле.[1]

[1] Аад коому кумдуу чөлдө жашаганына карабай, түркүктүү чатырлардан Ирам деген шаар кура алган аябай чоң келбеттүү, бакубат эл болгон. Алар пайгамбарлары Худ алейхи саламга кордук көргөзгөндө Аллах таала катуу шамал жиберип бардыгын кыйраткан.
9
وَثَمُودَ ٱلَّذِينَ جَابُواْ ٱلصَّخْرَ بِٱلْوَادِ‮٩‬‬‬
Хакимов
Жана өрөөндө (үй куруу үчүн) аска зоолорду ойгон Самуд коомун (Раббиң эмне кылганын көрбөдүңбү?)
10
وَفِرْعَوْنَ ذِى ٱلْأَوْتَادِ‮١٠‬‬‬
Хакимов
Аскерлердин ээси Фараонду (кандай жазалаганын көрбөдүңбү?)
11
ٱلَّذِينَ طَغَوْاْ فِى ٱلْبِلَٰدِ‮١١‬‬‬
Хакимов
Алар (ар кайсы) өлкөлөрдө чектен чыгып кетишкен.
12
فَأَكْثَرُواْ فِيهَا ٱلْفَسَادَ‮١٢‬‬‬
Хакимов
жана бузукулукту көбөйтүшкөн болчу.
13
فَصَبَّ عَلَيْهِمْ رَبُّكَ سَوْطَ عَذَابٍ‮١٣‬‬‬
Хакимов
Раббиң алардын башына ар түрдүү азаптарды жаадырды.
14
إِنَّ رَبَّكَ لَبِٱلْمِرْصَادِ‮١٤‬‬‬
Хакимов
Чынында, Раббиң көзөмөлдөп туруучу.
15
فَأَمَّا ٱلْإِنسَٰنُ إِذَا مَا ٱبْتَلَىٰهُ رَبُّهُۥ فَأَكْرَمَهُۥ وَنَعَّمَهُۥ فَيَقُولُ رَبِّىٓ أَكْرَمَنِ‮١٥‬‬‬
Хакимов
Раббиси инсанды (байлык менен) сынап, ага жоомарттык көргөзсө жана нээмат берсе “Раббим мени урматтады” дейт.
16
وَأَمَّآ إِذَا مَا ٱبْتَلَىٰهُ فَقَدَرَ عَلَيْهِ رِزْقَهُۥ فَيَقُولُ رَبِّىٓ أَهَٰنَنِ‮١٦‬‬‬
Хакимов
Ал эми, аны (кембагалдык менен) сынап, ырыскысын ченеп берсе, “Раббим мени кордоду” дейт.
17
كَلَّا ​ۖ بَل لَّا تُكْرِمُونَ ٱلْيَتِيمَ‮١٧‬‬‬
Хакимов
Жок! Силер жетимди ызааттабайсыңар!
18
وَلَا تَحَٰٓضُّونَ عَلَىٰ طَعَامِ ٱلْمِسْكِينِ‮١٨‬‬‬
Хакимов
Кедейди тамактандырууга (бири-бириңерди) үгүттөбөйсүңөр!
19
وَتَأْكُلُونَ ٱلتُّرَاثَ أَكْلًا لَّمًّا‮١٩‬‬‬
Хакимов
Жана (жетимге тиешелүү) мурасты суктук менен жейсиңер!
20
وَتُحِبُّونَ ٱلْمَالَ حُبًّا جَمًّا‮٢٠‬‬‬
Хакимов
Жана мал-дүйнөнү жан-дилиңер менен сүйөсүңөр!
21
كَلَّآ إِذَا دُكَّتِ ٱلْأَرْضُ دَكًّا دَكًّا‮٢١‬‬‬
Хакимов
Жок! Качан (Кыямат башталып) жер катуу титирегенде
22
وَجَآءَ رَبُّكَ وَٱلْمَلَكُ صَفًّا صَفًّا‮٢٢‬‬‬
Хакимов
жана Раббиң менен периштелер сап-сап болуп келгенде...,
23
وَجِاْىٓءَ يَوْمَئِذٍ بِجَهَنَّمَ ​ۚ يَوْمَئِذٍ يَتَذَكَّرُ ٱلْإِنسَٰنُ وَأَنَّىٰ لَهُ ٱلذِّكْرَىٰ‮٢٣‬‬‬
Хакимов
Ошол күнү тозок жакын алып келингенде, дал ошол күнү гана (каапыр) инсан (бул дүйнөдөгү каталарын) эстейт. Бирок, эми (бул) эстөө ага пайда берсе кана!
24
يَقُولُ يَٰلَيْتَنِى قَدَّمْتُ لِحَيَاتِى‮٢٤‬‬‬
Хакимов
(Ошондо ал) “Кана эми, (Акыреттеги) жашоомо (кандайдыр сооп) алып келген болсом!” дейт.[1]

[1] Ага Аллахтын жазасы буйрулат колу-бутун кишендер менен байланып азапка салынат.
25
فَيَوْمَئِذٍ لَّا يُعَذِّبُ عَذَابَهُۥٓ أَحَدٌ‮٢٥‬‬‬
Хакимов
Ал күнү Аллах азаптагандай эч ким азаптай албайт.
26
وَلَا يُوثِقُ وَثَاقَهُۥٓ أَحَدٌ‮٢٦‬‬‬
Хакимов
Аллах байлагандай эч ким байлай албайт![1]

[1] Ал күндө ыймансыздардын жаны туйлап, толгонуп, дүйнөдө татыксыз жашаганы себептүү бушайман чегип турган болсо, ыймандуулардын жаны тынч, бейпил жана ыраазы болуп турат.
27
يَٰٓأَيَّتُهَا ٱلنَّفْسُ ٱلْمُطْمَئِنَّةُ‮٢٧‬‬‬
Хакимов
Оо, тынч – бейпил жан!
28
ٱرْجِعِىٓ إِلَىٰ رَبِّكِ رَاضِيَةً مَّرْضِيَّةً‮٢٨‬‬‬
Хакимов
(Менден) ыраазы болгон жана (Мени) ыраазы кылган абалда Раббиңе кайткын.
29
فَٱدْخُلِى فِى عِبَٰدِى‮٢٩‬‬‬
Хакимов
Менин (жакшы) пенделериме кошулгун.
30
وَٱدْخُلِى جَنَّتِى‮٣٠‬‬‬
Хакимов
жана Менин бейишиме киргин!