Аллахтын эң сонун ысымдары

Аль-Мутаали

Эң Бийик

المُتَعَالِي

Аль-Мутаали (Эң Бийик) — жаратылгандардан жогору турган жана бардык бар нерседен күчү, кубаты жана кудурети менен ашып түшкөн Зат. Раббинин бийик сапаттарын билдирген үч ысымдын ичинен аль-Али ысымынын мааниси эң толук, анткени бул сыпат кудайлык затты мүнөздөйт, ал эми Аль-Аъла жана аль-Мутаали ысымдары Жаратуучунун жаратылгандардан чексиз артыкчылыгын билдирет.