Аллахтын эң сонун ысымдары

Аль-Азиз

Кудуреттүү, Улуу

العَزِیزُ

Аль-Азиз (Кудуреттүү, Улуу) — күчтө жана кудуретте Өзүнө тең эч кимиси жок, эркине каршы туруу мүмкүн болбогон, жеңүүгө же басып алууга болбогон, улуулукка жана даңкка ээ Зат. Адамдар жана башка жаратылгандар күчтүү жана кудуреттүү болушу мүмкүн, бирок бул сапаттар Аллахка гана өзгөрбөс түрдө жана эң кемел абалда мүнөздүү.