Аллахтын эң сонун ысымдары

Аль-Аъла

Эң Бийик, Эң Жогорку

الأَعْلَیٰ

Аль-Аъла (Эң Бийик, Эң Жогорку) — бар нерселердин баарынан жогору, жаратылгандардан чексиз бийик жана ошол эле учурда абсолюттук жана баарын камтыган бийликке ээ Зат. Жаратылгандардын арасында да башкалардан жогору турган, бийликке, күчкө жана билимге ээ болгондор бар, бирок алардын асыл сапаттары Раббинин кудайлык сыпаттары менен эч салыштырууга келбейт. Ал ар кандай салыштыруудан жогору, Анын улуулугун, кудуретин, күчүн элестетүүгө да, сөз менен сыпаттоого да, билим менен камтууга да мүмкүн эмес.