Аллахтын эң сонун ысымдары

Аль-Азим

Улуу

العَظِیمُ

Аль-Азим (Улуу) — чыныгы жана чексиз улуулукка ээ, Ал үчүн таптакыр мүмкүн эмес эч нерсе жок, сыпаттары жана иштери улуу, даңазаланууга жана улукталууга татыктуу Зат. Алар өз улуулугунда акылга сыйгыс жана акылга сыйбастыгында улуу, адам аларды кандай элестетпесин, алар баары бир анын элестетүүсүнөн жогору.