Аль-Малик (Падыша, Өкүмдар) — асмандарда жана жерде толук бийликке ээ, бийлигин ишке ашыруу үчүн жардамчыларга муктаж эмес, буйруктары талашылбаган жана эркине каршы туруу мүмкүн болбогон Зат. Ал Өз жаратылгандарынын үстүнөн чексиз бийликке ээ жана алардан моюн сунууну жана момундукту талап кылат. Ал алардын тагдырын каалагандай чечет, каалаганын көтөрүп, каалаганын кордойт. Ал Өз жаратылгандарына муктаж эмес, алардын көтөрүлүшү Ага улуулук кошпойт, ал эми алардын кордолушу Анын даңкын жана кудуретин азайтпайт.